Бери караң: Бакыт издеп жүргөндөр үчүн кеңеш

  • 01.07.2020
  • 4169

Адамга бактылуу болуш үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Ал үчүн тибет кечилинин ою боюнча төмөндөгү кыска сүйлөмдөр менен айтылган акылман кеңештерди сактай билүү керек экен.

1. Сага жакса – жакканын айт.

2. Жакпаса – жакпаганын айт.

3. Бирөөнү сагынсаң – ага телефон чал.

4. Түшүнбөсөң – сура.

5. Бирөөгө жолуккуң келсе – аны чакырып ал.

6. Бирдеме керекпи – сура.

7. Эч качан талашпа.

8. Сени түшүнсүн десең – түшүндүр.

9. Күнөөлүү болсоң мойнуңа ал, актанба.

10. Эсиңде болсун, ар кимдин өз чындыгы бар, көпчүлүк учурда ал сеники менен дал келбейт.

11. Өзүңө жагымсыз адамдар менен байланышпа.

12. Жашоодогу эң негизги нерсе – бул сүйүү, калганын бардыгы – көйрөңдүк.

13. Көйгөйлөрдүн бардыгы адамдардын баштарында.

14. Айланадагылар жакшы да эмес, жаман да эмес – алар болгону эле ошондой.

15. Ар бир көз ирмемден ыракат ал.

16. Эсиңде болсун, ушул жерде, бүгүн жаша.

17. Эсиңде болсун, сен эч кимге карыз эмессиң.

18. Эсиңде болсун, сага эч ким, эч нерсе карыз эмес.

19. Өзүңө ишен.

20. Өзүңдүн сезимдериңе ишен.

21. Жаман маанайың кетерин унутпа.

22. Бүгүн жашап ал, анткени кечээги күн кайрылбайт, эртеңки күнгө жетериң арсар.

23. Бүгүн кайсы ишти баштайм десең да эң жакшы күн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз