Жалган абийирдин ууландырылышы

  • 16.09.2023
  • 5184

Белгилүү немис психологу Ханс Зуллигердин “Бала абийири жана биз” аттуу чыгармасында “балдар коркуу менен зулумдук эмне экенин билбегенде, жалганчылык эмне экенин да билишмек эмес” дегени бар... Ооба, жалганчылык – адамга жарашпаган жүрүш-туруштун бузуктугу, ошого карабастан азыркы убакта аздыр-көптүр ар бир адамга кичине болсо да жалганчылык ооруусу жуккан абалда жашап жатабыз... Бактылуулуктун эң жакшы убактары балалык жылдары деп айтар болсок, жалган айтуу “жөндөмүнүн” да башталган жылдары балалык чакка туура келери чындык.

Чындыгында балдар жалган айтпайт, бирок жалган айтууга мажбур кылган эң алгачкы аргасыздык кийин жалган айтууну адатка айлантат.

Жалган айтуу адамгерчилик сапатын коргоо аракетинен пайда болот

Мисалы, абдан жакшы деген апанын колунда тарбияланып, өз адамгерчилигин сактаганга аракет кылган эки бир тууган жөнүндө сөз кылалы.

Бул эки бир тууган бөлмөлөрүндө ойноп жатканда кокустан ызы-чуу чыкты. Ызы-чуудан улам үстөл үстүндөгү ваза сынды. Бөлмөдө сынган буюмдун үнүнөн улам апа балдардын бөлмөсүнө ачууланып, чуркап келип, бири-бири менен урушуп жаткан эки бир тууганды, экинчи жактан баалуу ваза сынганын көрүп: “Бул вазаны ким сындырды? Тез айткыла!”- десе, анда балдардын психологиясы кандай болот?

Эгерде вазаны сындырган бир тууганы: “Апа, мен сындырдым вазаны”,- десе, каарданган апасынан кутулуу ага оңойго турбайт. Мындай маанайда баласын тарбиялаган апа, күнөөсүн жабыш үчүн аракеттенген баласына аргасыз бара турган жаңылыш жолду көрсөтөт. Бала вазаны сындырса да апасынан корккондуктан, “мен сындырган жокмун!” - дейт. Баланын мындай дегени анын начар жүрүш-турушунан кабар берип жатса да, бала психологиялык басымдан улам, “ар-намысына”, “аброюна” сөз тийбей кутулуш үчүн ушундай “жалган” айтууга барат, анын алгачкы жалган айтуусу – “аброй” жана “ар-намысын” коргоо үчүн жасаган аракети.

Башында өзүн коргоо үчүн жалган айтканга аргасыз бала, кийин мындай шылтоолордун жакшы ишке жарай тургандыгын үйрөнүп алып, жашоонун ар кандай кырдаалдарында жалган айтуу анын адатына айланат. Жалган айтканга мажбурланган бала, кийин мындай шылтоолордун жакшы ишке жарарын үйрөнүп алып, жашоонун ар кандай кырдаалдарында жалган айтууну адат кылат.

“Ваза бир жолу эле сынбай, миң жолу сынып” маанилүү болуп жатабы, же “баланын жалган айтууга мажбур болушу” андан маанилүүбү? – деген суроону алдыбызга коё келгенде, алгачкы жалган айтуу менен баланын жан дүйнөсүндө кандай уунун үрөнү себилип жатканын билген ата-эне, эч качан колун бөйрөгүнө таянып, “бул вазаны ким сындырды?” деген ачуулуу суроосун бербейт болчу.

Ооба, баланын жалган айтуусунун эң негизги себеби – анын ар-намыс жана аброюн коргоо зарылчылыгы. Кайсы жашта болбосун, 3 же 5 жаш, айырмасы жок... Эгерде бала өзүнө “таш боордук” менен басмырлантуу жасалса, зулумдукка баш ийбөө үчүн, өзүн коргош үчүн “жалган” айтканга барат.

Көптөгөн ата-эне балдарын тарбиялоодо “асыл” адамда боло турган жүрүш-турушту үйрөтүү менен: “Кандай болсо да эч качан уулум (кызым), жалган айтпа”,- деп акыл айтып, ошол эле баланын көз алдында тилекке каршы, ошол “асыл” жүрүш-турушту өздөрү көрсөтө алышпайт. Ал эми өздөрүнө ыңгайлуу учурда жалган айтууга барып, балдары алардан күткөн адептүүлүктөн кыйгап өтүшөт.

Рухий жана психологиялык басынтуудан улам “адам” болууга аракет кылган балдардын көпчүлүгү жалганчы болуп калышат. Жалган айтууда уста болуп калган өспүрүмдөрдүн балалык чагын караганыбызда, баарынын эле жоруктары көз алдыбызда окшош. Мунун башкы себеби, балалык жылдарында психологиялык жана руханий жапа чеккендиги.

Эгерде ата-эне чоңойтуп, үйлөндүрүп, коомго чыгарган баласынын жалган айтуусунан уялгысы келбесе, ага басым жасабасын.

Бирок азыркы убакта бала тарбиялоодо ата-энелер балдарына басым жасашканын ачык эле көрүп келебиз. Басым жасалып чоңойгон бала басымдан кутулуу үчүн жалган айтуу адатын калыптандырып жатканын ата-энелери сезишпей, анын үстүнө кайрадан: “Эгер жалган айтсаң сага көргөзөм!”- деп коркутуп, адамгерчилик сапатын качырат. Анткени бир жагынан басынтуудан, үстөмдүктөн коркушса, экинчиден, мындан кутулуш үчүн жалган айтууга аргасыз барышып, эки тараптуу жапа чегүүгө кабылышат.

Жалганчылык – калыптанган жүрүш-туруш

Жалганчылык жөн гана зулумдук менен басмырлоодон чыккан ар-намыс жана аброюн коргоо үчүн жасалган жүрүш-туруш эмес. Жалганчылык – ошол эле убакта калыптанган жүрүш-туруш. Бала ойлогон ишинин жакшы болбой жатканын ата-энесинен үйрөнөт. Эгерде ата-эне өздөрүнүн алсыздыктарынан жалган кылыктарына “ыңгайлуу жалганчылык” деген атты берип, аны түркүн-түстүү шарлар менен кооздоп, баласына берген күндө да, жалган деген жалган. Бала жалган сөз кантип айтыларын эч качан ата-энесинен үйрөнбөшү керек. Мындай ата-эненин жалган иштери балага залакасы болгондой эле, арадан убакыттар өтүп, кийин өстүргөн баласынын жалган айткан адатын көрүүсү ата-эне үчүн да чоң кайгы...

Мисалы, сабагына даярданбастан мектепке барган баласын актап: “Уулум кечээ кечинде тапшырмасын аткарды, бирок үйдөн шашылыш чыкканда үстөлүндө калыптыр, эртең алып келсе болобу, эжей?” - деп уулун коргоого аракет кылган апа, баласынын абийирин канчалык уулаганын, бул жорук баланы келечекте кандай балээге кептээрин билип, өз баласына алдамчылыкты кантип үйрөтүп жатканын сезсе, анда жалган айткандын ордуна, өз жаңылыштыгынан жыландан корккондой коркот болчу. Жалгандыкты үйрөткөн ата-эненин жүрүш-турушу мына ушул. Жалгандыктын кандай кезде ишке жараганын жана кандай абалда уялбай туруп жалган айтууну ата-энесинен ушинтип үйрөнөт балдар.

Ата-энеде аброй болот. Ата-энелик ар-намыс болот. Эч бир бала ата-энесинин жалган айтышын каалабайт, эч бир бала ата-эненин мындай жүрүш-турушуна сыймыктанбайт.

Бала тарбиялоо өзгөчө кылдаттыкты талап кылат. Тарбиялоо аракетинде белгилүү бир нарк-насилдерди билүү жана аларды бийик тутуу эң маанилүү.

Баланын дүйнөсү жана жалган

Жалгандык чоңдор тарабынан кысымга алуунун кесепетинен пайда болгон, ошол эле убакта аны калыптанган жүрүш-туруш десек да, балдардын жан дүйнөсүндө жалганчылыкка жатпаган кылык-жоруктары болот, бул туурасында ата-энелер кенен маалыматка ээ болуулары керек.

Бул жагынан алып караганда, 6 жашка чейинки балдардын кээси чындыктан сырткаркы сөздөрүн “жалган” деп айта албайбыз. Анткени, 6 жаштан кичинекей балдар кыял дүйнөсү менен чыныгы жашоону толук ажырата албагандыктан, кыялында ойлоп тапкандарына өздөрү ишенип, чындыктай кабыл алып, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө айта башташат. Мындай учурда ата-энелер ызы-чуу кылгандын кереги жок. Анткени, балдардын ушул жаштагы сөздөрү, биздин түшүнүгүбүзгө караганда жалган эмес.

Мисалы, 3 жаштагы бала кээде кыялдары менен мектепке барат. Мектепте (болбогон) мугалими менен сүйлөшөт, ал эмес мугалими ага калемди белекке берет. Бала мугалиминин белегин чыныгы эжесинин сумкасынан уруксатсыз алып колдонушу мүмкүн. Бул балага эжеси: “Ал менин калемим, калемимди бер”, десе, бала эжесине көгөрүп: “Бул калемди мага мугалимим белек кылды”,- деп өзүн коргошу мүмкүн. Мындай учурда ата-эне эч качан “Сен калп айтпа, бер эжеңдин калемин, сен мектепте окуй элексиң”,- деп баланы капа кылбай, кыялындагыларын жокко чыгарбоо керек.

Калп айткан баланы эмне кылуу керек?

Балдарда 6-7 жаштан кийин калп айтуу адаты көбөйсө, ошол убакта ата-эне биринчи кезекте өзүлөрүнө, анан баласынын чөйрөсүнө, баланын өзүнө көңүл буруусу керек. Анткени, калп айта баштаган баланын сөзсүз түрдө аны үйрөнгөн бир жери бар. Бул үйрөнгөн жери кээде сыналгыдагы берүүлөр болуп калат. Кээде мектепте чогуу окуган классташы, же ата-эне, кээде үйдөн чыккан пайдасыз чыр-чатак таасир бериши мүмкүн.

Кандай себеп менен болсо да, бала 6-7 жаш курагынан өткөндө деле калп айта берсе, биз аны “жүрүш-туруштун кемчилиги” дейбиз. Анда ата-эне чара колдонушу керек. Калп айткан балага: “Эми эч качан калп айтпа, калпты айтсаң сага катуу чара көрөм”,- деп айтуу туура чечим эмес. Себеби, эгерде бала коркконунан калп айтса, калп айтууда такшалган абалга келет.

Бара-бара бала өзүн “туура жалганчы” сезип, калпычылык менен баштаган жүрүш-турушундагы бул кемчилигин “адамгерчилик сапат” катары кабыл ала баштайт. Бала кандай акыбалда болбосун, эч качан мындай “адамгерчиликсиздикти” кабыл албашы керек жана аны өзүнө адат кылып албашы зарыл.

Жалган айткан балага бош убакта же кечинде, жатаар алдында бул теманы камтыган аңгемелерди айтып берүү керек. Бул аңгемеде калп айткандар жүрүш-турушу начар адамдар экени, алардын мындай жоруктары эч жакшылыкка алып келбестигин айтып берүү таасирдүү. Бала жалган айтуунун канчалык жаман адат экенин аңгемелерден үйрөнгөнү жакшы. Бул жерде айрыкча көңүл буруучу нерсе: бала менен аңгемедеги каарманды салыштырган окуялардан алыс болуу абзел. Мисалы, бала 7 жашта болсо, аңгемедеги калпычы жана андагы башка каармандар да эч качан ошол курактагы бала болбошу керек. Бала аңгемедеги адамды өзү экен деп кабыл алышы мүмкүн, ошондуктан ата-эне баласына андай эмес экендигин айтуусу зарыл.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз