Балаңызды кудай менен коркутпаңыз

Көпчүлүк ата-эне балдары укпаганда колдонгон амалдары, баланы коркутуучу нерселер же окуялар менен коркутуп мажбурлоо болуп эсептелет. Мисалы, тамак жебеген баласын “тамак жебесең карышкырлар келет” деп коркутуу же кечинде жатпаган баланы “эрте жатпаган баланын төшөгүнүн алдынан мокочо чыгат” деп уктатууга аракет кылуу, бул акылсыз тарбия ыкмасы болуп саналат. Аң-сезимдүү ата-энелердин эч качан жасабай турган мындай терс ыкмалары, балдардын акыл жана руханий саламаттыгын олуттуу кыйынчылыктарга дуушар кылат.

Ата-энелердин кээси баланы башынан тарбиялоо үчүн “мокочолорду” колдонгонундай эле, айрымдары балдары адеп-ахлактуу болуш үчүн “Кудайды” колдонушат, бул өтө чоң катачылык. Мисалы, 6 жаштагы бир баланын кандайдыр бир темада жалган айтканы ата-энеге билинип калса, баласы дагы бир жолу жалган айтпоосу үчүн: “Сенин жалган сөзүң үчүн Кудай сага ачууланды, эми эч качан жалган айтпа!” – деген болсо, ал аракет баланын ыйманын гана уулантат.

Кудай – бала тарбиялоодо көпүрө эмес, тескерисинче, бала тарбиялоо – Жаратканга жетүү үчүн көпүрө. Ата-энелер Жаратканга ишенген маданияттуу балдарды өстүрөбүз деп, керектүү жана туура ыкмаларды колдонгондун ордуна, Жаратканды колдонгондору канчалык ойго салат.

Тентектик кылган балага “Азыр Жараткан сага каарданды” же “Жараткан сени көрдү, периштелер күнөө дептерине жазды. Сен өлгөндөн кийин эсебиңди берет, тобо кыл!”- деп тарбиялоо – ал баланы кыжаалатка салуу. А чынында бала “Жараткан” дегенде акылында бейиштин жыпар жыттуу жытын эстеши керек. Жараткан деген ата-энесинен да көп сүйгөн мээримге толгон руху менен курчап турат эмеспи! Эмнеликтен ата-энелер тарбия маселесинде мындай коркунучтуу жолго барып, Жаратканды коркунучтуу көргөзүп, бул терс пикирди балдардын мээсине куюп жатат, мындай жорукту түшүнүүгө эч мүмкүн эмес.

Тарбиялоодо адашкан ата-энелер туура эмес жүрүш-туруштары менен балдарын тозоктун отунда күйөөрүн айтып коркутушат, баланы минтип тарбиялоо эч качан туура эмес. 12 жаштан кичинекей балдарга кандай шартта болсо да Жараткандын каары, тозоктун азабы сыяктуу жаза берилер темалар сөз кылынбашы керек. Анткени, акыл-эси толук калыптана элек бала, мындай акыл-насааттардан чочулайт, келечекте мындай насааттарды жек көрүп калат. Эгерде ата-эне балдарын такыба өстүргүсү келсе, колдонгон ар бир сөзгө туура маани бериши зарыл. Анткени, туура эмес насааттар баланын ички дүйнөсүн жалган сыйкырдын таасирине киргизип, баёо жана ишенүү сезимин майып кылып, жабырлантып салат.

Балдардын жүрөгүндө Жаратканга сүйүүсү толтура болгонун каалаган ата-эне, балдарын Жараткан менен коркутуунун ордуна, Жаратканды ар бир мүмкүнчүлүк болгон сайын сүйүүгө үндөшү керек. Жараткандан корккон бала Жаратканды сүйбөйт. Ким эле коркуткан адамды чын жүрөктөн сүйө алат?

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз