Ийгилик сырын ачкан акылман ойлор

  • 02.11.2020
  • 3934

Өз кыялыңарды ишке ашыргыла, болбосо кимдир-бирөө өз кыялын ишке ашыруу үчүн жалдап алат.
(Фарра Грей) 

Ийгиликке жетүүнүн чыныгы критерийи – өзүң жасаган иш менен өзүңдүн жасар ишиңди салыштыруу.
(Пол Мейер) 

Эң коркунучтуусу – бул “кайра дагы болбой калды” эмес. Эң коркунучтуусу – “экинчи ушул ишти жасагым келбей калды” деген сөз.
(Роберт Орбен) 

Байкуш, жолу жок, бактысыз жана оорулуу, – бул “эртең” деп көп айткан адамдын бейнеси.
(Роберт Кийосаки) 

Жаңылыштык кетирбей жашаган адам, демек толук кандуу жашоо өткөзбөгөн адам.
(Стив Жобс) 

Ийгилик – бул утулуштун артынан утулушка туш болсо да кайрат-күчүн, ишенимин жоготпоонун.
(Уинстон Черчилль) 

Эгерде кыял-максатыңыз, каалооңуз жана өжөрлүгүңүз болсо – асфальтты да жарып чыгасыз.
(Барни Уэльс) 

Төшөктө жаткан адам чалынып жыгылбайт.
(Жапан макалы) 

Өзүңүз татыктуумун деп эсептеген нерседен аз алууга макул болгон мүнөттө, макул болгон нерседен да аз аласыз.
(Морин Дауд) 

Дүйнө кайда барарын жакшы билген адамга эшигин ачат.
(Браун) 

Азгырык күчтүү адамдарга жеңиштен алда канча мурда эле багынып берет.
(Кытай макалы) 

 Кыраан куштар шамалга каршы учканда гана бийиктикке көтөрүлөт.
(Уинстон Черчилль) 

Колунан келген адам жасайт, колунан келбегендер сындайт.
(Чак Паланик) 

Жээкти көрбөй калгандан корксоң, эч качан океандын ары жагына сүзүп өтө албайсың.
(Христофор Колумб) 

Жашоо – велосипед тепкендей кеп. Тең салмактуулукту сактап жыгылбас үчүн, кыймылдаш керек, эй.
(Альберт Эйнштейн) 

Бакыт бул дайыма каалаганыңды жасоо эмес, а жасаган нерсеңди дайыма жасагың келип турганыңда.
(Лев Толстой) 

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз