Нурбаев – саясатчы эмес, саясый ишмер

  • 04.11.2020
  • 3398

“Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат”.

Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ

Бийликке умтулган саясый партиялардын арасындагы адамдардын кулк-мүнөзүн эки топко бөлүүгө болот. Биринчи топто: мансапкор, керт башынын кызыкчылыгын коргоого келгенде алдына эч кимди салбас шылуундар. Алар абыдан арбын. Ал эми экинчи топко киргендер – мыйзамдуулуктуу коргоо, либералдык балуулуктар менен инновациялык өрнөк-дөөлөтөрдү жайылтар аракетин парламент аркылуу турмушка ашыруу максатын көздөгөн азчылык.

Бизде бир өтө парадоксалдуу көрүнүш бар: дүйнө кайсыл тарапты беттеп өзгөрүүдө? Албетте, либералдык жана инновациялык баалуулуктарга беттеп. Бирок бизде андай саясатчылардын өтө аздыгы таңгалтырат! Өлкөнү мыйзамдуу жолго салып, адам укугун коргоо, өз алдынча бизнес жүргүзгөн жеке секторлордун өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү демилгесин коргогон күчтөр бизде өтө саналуу.

Алардын арасынан өзгөчө бөлүп карай турган өрнөктүү инсан – Абдывахап Нурбаев. Саясат айдыңында жүргөн көптөрдүн арасынан бул ысымды мен саясатчы катары эмес, саясый ишмер, мамлекеттик ишмер, коомдук ишмер катары кеп кылгым бар. Арийне, менин дуңку түшүнүгүмдө – саясатчы деген сөз шылуун деген эле сөздүн синониминдей туюлат. Андыктан Абдывахап мырзанын көп багыттуу ишмердиги туурасында азын-оолак сөз уламакчымын. Анын бейнесин кеп кылуудагы курулай сөз эмес бул. Аныгында бизде аткарган иши менен сөзү ачакей келген жел колтук саясатчылар толтура.

Кезинде элибиздин каймагы саналган Төлөмүш Океев, Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков аксакалдар кейиштүү маанайда кеп куруп, биз улуттук деңгээл, мамлекеттик масштабдагы ой өрүштү ташынган азаматтарга чукак экенибизди басма сөз беттеринде дамамат кеп кылышар эле. Улуттук, мамлекеттик маселеге баш ооруткан саясый ишмерлер жетилип чыкмайын, келечегибиз бүдөмүк жолунда далай адашарын 90-жылдардын башында эле кеп кылышкан. Андан бериге кеменгерлик керээти жетилген азаматтар өтө эле аз чыкты арабыздан. Жамы журттун жалпы трагедиясы ушундадыр мүмкүн.

Саясый топторго илээшип жүргөндүн баарын эле сөздүн толук маанисинде саясый ишмер, мамлекеттик ишмер деп атоого ооз барбайт. Баары саясатчы. Бу жерде саясатчы жана саясый ишмер деген түшүнүккө атайы акцент кылганымдын себеби: туруксуз көз караш, туруксуз позиция жана популисттик кулк-мүнөзү менен таанылгандарды саясатчы десек жарашар. Ал эми адеп-ахлагы, жүрүм-туруму, жогорку трибунада сүйлөгөн сөзү жүйөлүү, орундуу демилге көтөрүп чыккандарды саясый ишмер катары тааныганыбыз эптүү болор беле дейм...

Жеке менин баамыма урунган 6-чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн арасынан Абдывахап Нурбаевди саясый ишмер катары өзгөчө бөлүп караганым да ошондон. Буга анын илим-билим приоритетин качан болсо алдыга койгон аракети. Парламент трибунасынан да билим берүү тармагына бөлүнгөн финансыларга көзөмөл салып келген бирден бир эл өкүлү болду десем жаңылышпастырмын.

Билим берүү тармагына бөлүнгөн финансы-каражаттар туура багытта коротулуп жатабы, жокпу – бул маселени беш жыл бою аткаруу бийлигинен такылдап талап кылып келди. Бул көйгөйгө башка депутаттар тийди-качты мамиле кылса (популисттик мүнөздө), А.Нурбаев дайыма туруктуу, ырааттуу көзөмөл жүргүзүп келгендиги менен башкалардан кескин айырмаланды.

Билим жаатындагы маселелерди Жогорку Кеңеш трибунасынан гана көтөрбөстөн, жеке турмушунда деле буга чейин билимге колдоо көрсөтүп келген иштерин айтсак: Ош облусу боюнча беш мектептин окуучуларын тесттен өткөрүп, лидерлик сапатка ээ балдарды атайы университетке даярдоо курсун ачканы бар. Анын натыйжасында, ошол карапайым үй-бүлөдөн чыккан балдардын эң биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн алды Америкага билим алууга кетсе, калгандарынын 90%ти бюджеттик окууга кабыл алынганы – демек анын билим берүү жаатындагы эң алгачкы ийгилик жараткан эксперименти десек болот.

Ал тургай “Призма”, “Секом” аталышындагы эки окуу жайды ачууну өзү демилгелеп, аталган окутуу борборлорунун мугалимдери менен кызматташууда түштүк жергесинде ЖРТга даярдоо курсун ачканын эске алсак, учурда саясый топтордун арасында А.Нурбаевдей билимге камкордук көргөн кимиси бар?

Көпчүлүк саясатчылар булчуңу бууранын санындай спорт чөйрөсүндөгүлөр үчүн клубдарды, залдарды ачканы менен, алардын далайы каратүнөк кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп чыга келүүдө.

Саясый топторду жандап жүргөн албан-субандай жигиттер жансакчы болуп жеке адамды кайтарыкка алып, жеке адамга кызмат кылып жүрүшкөнү пайдалуубу же илим-билимге баш койгон келечек муундун өкүлдөрүн тарбиялап, коомдогу жалпы кызыкчылыктарды өстүргөнү маанилүүбү бизге?!

Арийне, “билими күчтүү – миңди жыгат, билеги күчтүү – бирди жыгат” накылына келсек, өлкөбүздүн келечегин булчуң эти бууранын санындай жаштарга калтырганыбыз оңбу же мээ булчуңу илим-билимге каныккан жаштарга калтырганыбыз ийгиби? Мына ушуга келгенде А.Нурбаевдин келечекке саресеп сала билген артыкчылыгынан улам мен аны коом агартуудагы тилектешим, санаалашым дээр элем...

Жогоруда дүйнөнүн улуу ойчулдарынын бири К.А.Гельвеций: “Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат” – накылын эпиграф катары колдонгонумдун себеби: А.Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен жыл сайын мектеп окуучулары арасында “тили жатык, ою жетик келечек муун” долбоорунун негизинде дилбаяндар конкурсун уюштуруп келебиз.

Аталган конкурстун максаты – жалпы республика боюнча мектеп окуучуларынын өз алдынча ой өрүшүн өнүктүрүп, ой-кыялын, фантазиясын көркөм формада туюнта билер дилбаяндар сынагын жаздыруу. Арийне, ушул күнгө чейин мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө да иш кагаздарды эне тилинде жүргүзүү салтын калыптай албай келатканыбыз кейиштүү. Андыктан келечек муундагы кадрларды даярдоо өрнөгү мектептерден башталарын эске алсак, мындай гуманитардык долбоорлордун келечеги баба дыйкандын эрте жазда жерге сепкен үрөнү сымал; өз мөөнөтү келгенде түшүмүн бербей коймокпу...

Бул өрнөгүнөн сырткары да лидерлик сапатка ээ мектеп окуучуларын атайы университетке даярдоо курсун ачканынын натыйжасында, бүгүнкү күндө канчалаган идиректүү жаштарыбыз Америка, Европа, Сингапур, Турция, Жапония, Кытайдын эң алдыңкы окуу жайларынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетүүдө. Ушул өңүттөн алганда Абдывахап мырзанынын коомдогу жалпы кызыкчылыкты жараткан көрөсөндүгүнөн улам, мен аны бүгүнкү заманыбыздын эң алдыңкы саясый ишмери, мамлекеттик ишмери, коомдук ишмери деп тааныйм!

Олжобай ШАКИР

Комментарий калтырыңыз