Жазуучулар жазуучулук жөнүндө - 3

  • 06.11.2020
  • 3664

Сэмюэль Жонсон: Эгер жазуучу жаңыны көнүмүш катары көрө алса, көнүмүштөн жаңылыкты байкаса ал – таланттуу.

Олдос Хаксли: Оңой сатылган китептерди жазыш үчүн оңой сатылган мээ болушу керек.

Жоан Дидион: Жазуучу дайыма кимдир-бирөөлөрдү сатыкка койот.

Варгас Льоса: Стилдин туура же туура эместиги маанилүү эмес, маанилүүсү – баяндалып жаткан окуядагы чындыкты элестүү жана ишенимдүү чагылдырып берүү милдетин так аткаруу.

Иван Бунин: Скрипач же пианист ар бир күндү текке кетирбей бир нече сааттап машыккандай эле, акын да ар бир күнү ыр жазышы керек. Болбосо анын таланты көптөн бери суу алынбаган кудуктай болуп бүксүп кетет, соолуйт же жаңы ойлор менен толукталбайт.

Найджел Воттс: Жазуучу болуш үчүн биринчиден чыныгы адам болуу керек...

Пол Теру: Жазуучулук – нервге ойной турган жагымдуу оюн.

Рамон Гелас де ла Серна: Ойлонуш оңой, жазыш кыйын.

Сирил Коннодли: Окурман үчүн жазып өзүңдү жоготкондон көрө, өзүң үчүн жазып окурманды жоготкон жакшы.

Миньон Маклафлин: Ар бир адам жаза билет, бирок жазуучулар жазгандан башка эч нерсени билбейт.

Томас Манн: Жазуучу – бул башка адамдарга караганда жазышы кыйынчылык жараткан киши.

Жюль Ренар: Жазуу – бул сүйлөп жатканыңда сөзүңдү эч ким бөлбөгөн сүйлөшүүнүн өзгөчө ыкмасы.

Кристиан Фридрих Гебель: Ар бир чыгарма жаратуучу өз өмүр баянын жазат, муну канчалык аңдаган сайын анын жазгандары ошончолук өз өмүр таржымалы жөнүндө кеп салат.

Томас Эдисон: Жазуучулук – бул бир пайыз эргүү, токсон тогуз пайыз тер төгүү.

Пётр Павленко: Жазуучу бул лакылдап соккон чоң жүрөктөй. Андыктан токтоо адамдардан жазуучу сейрек чыгат.

Артур Кестлер: Жазуучуга фанат болуу жана ага жолугуу – бул каздын боорун жакшы көрүп калган соң  өзүн көргөн сыяктуу.

Урсула ле Луин: Балдар үчүн жазуу – бул бала төрөө сыяктуу эле эң жөнөкөй кубулуш болушу керек.

Фридрих Шлегель: Жазуучулук жүргүзүлгөнүнө жараша шермендечилик, бузукулук, чарбачылык, кесипчилик, көркөм өнөрчүлүк жана жакшылык кылуучулук болушу мүмкүн.

Никола Буало: Ким тунук ойлонсо, ал өз оюн даана берет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз