Түмөнбай Колдошов: Жүрөктөгү портрет (1-баян)

Каныбек Исаковдун бейнесине сүртүмдөр

Адамдын адам катары калыптанып, адам болуп жашашы үчүн ага үй-бүлөдөгү ата-энесинин жана сырткы чөйрөнүн таасири чоң. Жаш наристе дүйнөнү тааныгандан баштап ар кимден ар нерсени үйрөнө баштайт, билинбеген менен таасирленет, боюна сиңдирет. Ал эр жеткиче көп адамдан акыл угат, тарбия көрөт, ошентип жакшы адам болууга багыт алат.

Жашоодо мени дагы жакшы адам болсо экен деп тарбиялаган устаттарым көп. Алардын ар бирин жазсам болмок, бирок бүгүнкү күн үчүн маанилүүсүн бүгүн, эртеңкисин эртең жазам. Ошондо туура болот.

Бүгүн сөз кыла турган инсан бир эле мага эмес, бир топ кыргыздын балдарына аталык кылып, устаттык милдетин аткарып жүргөн Каныбек Исаков. Агайдын ректор болуп турган учурунда бул макаламды жазуу мага бир топ ыңгайсыздыкты жараткан эле. Бирөөлөр туура десе, дагы бирөөлөр кошоматтанып жазыптыр дейт, күңкүлдөгөн бирөө өзүң жөнүндө макала жаздыруу үчүн сөзсүз ректор болуш керек экен дегендер чыгат, дагы бирөөлөр заказ кылып жаздырганга үлгүрүптүр дешет. Мен жашоодо өзүм билген мыйзам менен жашайм, ким кандай түшүнсө ошондой түшүнсүн. Себеби, бүгүнкү күн үчүн Каныбек Исаков маанилүү деп эсептедим жана ушул макаламды жазып баштадым. Анда сөз устат менен жолугушкан алгачкы күндөн башталсын. Азиз окурманымды зериктирбей жазганга аракет кылайын.

*     *     *

2009-жылы ОшМУнун филология факультетин аяктаар жылы Кыял Акматов деген акебиз (студент кезде агай дечүбүз, кийин бир туугандай жакын болуп калгандан кийин аке деп калганбыз) Эмил Абдибалиев экөөбүздү чакырып, силерди Каныбек агай чакырып жатат, барып келгиле деп калды (Мен агайды угуп жүргөнүм менен тааныш эмес элек, себеби мен Ала-Букадагы институттан 4-курста ОшМУга которулуп келгем). Экөөбүз ээрчишип ОГПИге барсак, агай белгилүү адабиятчы К.Бобуловдун адабий кечесин өткөрмөкчү болуп, ал кишинин ырларын көркөм окууга чакырган экен. Адабий кече ОшТУнун жыйындар залында жогорку деңгээлде өттү, кечеден кийин агай бизди кайра ОГПИге алып келип, бир пиала чай үстүндө мындай деди:

- Эми экөөңөр окууну бүткөндөн кийин ОГПИге келгиле. Экөөңөрдүн ордуңар ушул жерде. ОшМУ эч качан таланттуу, дээринде бар адамдарды ишке албайт, алган да эмес. Айрымдарга дилгир адистен көрө эч нерсени билбеген, бирок акчасы бар адамдар өтө керек. Силерди да ошентишет, ОшМУга татыктуу адам жетекчи болмоюнча бул илдет улана берет (ал мезгилде ОшМУда ректор башка киши болчу).

Ошол бойдон окууну бүткөндөн кийин Эмил экөөбүз тең агайга бардык. Ошол кездеги декандын мени факультетке алып калам деген сөзүнөн улам болсо керек, Каныбек агай “ОшМУга баргыла, ишке алса иштегиле, ишке албаса анан келгиле, эртең мага ОшМУда иштейт элем деп ыкшоолонбогула” деп кайра жолго салды.

Кыскасы, жаңы окуу жылынан Эмил Кыргыз-Россия факультетинин деканы Т.Жороёвдин тарбия иштери боюнча орун басары, ал эми мен ОГПИнин Жаштар комитетинин төрагасы болуп иштей баштадык. Мурда мектепте иштеген менен баары бир жаңы окуу жайда бир аз жүдөдүк. Дердеңдеп жүргөнүбүздү көрүп, кези келгенде катуу-катуу талаптарды коюп, андай эмес мындай деп үйрөтүп жүрүп, адам катары, адис катары калыптандырды. Көрсө, агай бизди өтө эле жөнөкөй нерседен баштап тарбиялаган экен, “силерди камырдай ийлеп, адамдар менен мамилени үйрөтпөсөм болбойт” дейт эле. Аны мен бүгүн түшүнүп, ошол күндөрдүн баркына жетүүдөмүн.

*     *     *

2010-жылдын 13-декабры. Мен ОГПИнин Жаштар комитетинин төрагасы элем, ошол күнү окуу жайдын Окумуштуулар Кеңешинде отчёт бердим. Агай Окумуштуулар Кеңешинин төрагасы болгондуктан менин айрым каталарымды оңдоп-түзөп жан тартып турду. Аны мен эмес башкалар да сезип турса керек. Эртеси күнү 14-декабрда агай менен Бишкек шаарына докторлук ишинин авторефератын чыгарууга жөнөп кеттик. Каныбек агай жолдо жүргөндө дайым анекдот айтып, өткөн-кеткендер жөнүндө сүйлөп зериктирбей, шоопурду уктатпай жүрчү. Жолдо баратып: “Сени бышырыш керек, расса эзиш керек. Ошондо сенден жакшы жетекчи чыгат”, – деди.

*     *     *

2011-жылдын 19-январында агай «Кыргыз тамсилинин табияты, башаты жана калыптануу процесси» деген темадагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Биз агайдын бир топ шакирттери агайга күйөрмандык кылып, докторлук илимий иш кантип корголорун көрүүгө барган элек. Бизден башка да достору, Бишкектеги курсташтары, шакирттери, баары агайдын илимий ишинин ийгиликтүү коргоп алганына кубанып турду.

*     *     *

2012-жылдын 28-майы, Кытай, Монголия, Индия, Пакистан дагы башка жыйырмадан ашык өлкөдөн айыл чарбасы боюнча адистер ОшМУга келишти. Ал жолугушууда Кыргызстан жөнүндө К.Исаков:

- Түркия мамлекетинде Стамбул, Орусияда Ленинград кандай орунду ээлесе, Кыргызстан үчүн да Ош шаары ошондой өзгөчө орунда турат. Бишкек шаары Кыргызстандын башы болсо, Ош шаары жүрөгү. Анткени адамдагы ыйман, сезим дегендер жүрөктө жашайт. Ошол Кыргызстандын жүрөгү болгон Ош шаарында үч ыйык нерсе бар. Алар: биринчиси ыйык Сулайман тоо, экинчиси Ак-Буура дарыясы, үчүнчүсү Ош мамлекеттик университети. Сиздер Сулайман тоого чыгып, жакшы тилегиңиздерди айтыңыздар, Ак-Буурага барып жүзүңүздөрдү чайып, кочуштап суу ичиңиздер, ал эми сиздер кыялданып жүргөн нерселерди ишке ашырчу жер бул – ОшМУ болуп эсептелинет, - деди.

*     *     *

2012-жылдын 8-июну. Бишкек шаарынан ОшМУга аттестациялык комиссия келди. Аларды акыркы күнү эс алуу жайына алып барып сыйладык. Агай ал кичи отурушту өзү алып барды. Улам сөз келгенде, ырга кезек келгенде үн күчөткүчкө келип, притча айтып, коноктордун көңүлүн алды. Сөз арасында мындай деди:

- Ректор өзү алып баруучу болуп алды, жеңил-желтек окшойт дебеңиздер, мен башкаларга алып баруучулукту тапшырсам, көңүлдөгүдөй алып баралбаса кыйналып кетем. Анан калса алып баруучулук бул менин бир өмүрлүк кесибим.

Коноктор каткырып-күлүп калышты. Ошол кезде комиссия төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Мусаев Абдылда Инаятович кол чабуу, күлкүлөр тыйылгандан кийин, “Өзү ректорлор алып баруучу болушат да. Мен дагы БГУда Окумуштуулар Кеңешин, жолугушууларды, чогулуштарды өткөрөм, анан албетте, автоматтык түрдө мен алып баруучуга айланам”, – деди.

*     *     *

ОшМУнун башкы корпусунда агайдын жардамчысы Артур, Улукбек болуп үчөөбүз сүйлөшүп турсак, агай каанасынан чыгып калды. Анан түз эле кабылдаманын оозундагы орундуктардын бирине отуруп, биз менен маектешти. Биздин тушубузда ОшМУнун ректорлорунун портреттери илинип турат эле (Аны билбеген адам болбосо керек). Алгачкы ректорлор 130-каанадан тартып бери карай илинип келип, акыркы ректордун портрети эшигинин жанына туш келип калыптыр. Ошону карап:

- Эшиктин оозуна өз портретин койгондорго таң калам, мынчалык эмне күч келди ушунча такап алып келбесе. Нары жагында эки адамдык орун турат, - деп күлүп калды. Анан биз дагы жөн турбай сиздин сүрөтүңүздү качан илебиз десек:

- Мен сүрөтүмдү эшигимдин оозуна илбейм. Мен сүрөтүмдү адамдардын ар биринин жүрөгүнө илип чыгам. Жасап жаткан жакшы ишим, жакшылыктарым менен, мына ОГПИнин мугалими болобу, студенти болобу – азыр баары жылуу пикирде. Менин жашоодогу максатым ошол.

*     *     *

Мени ар ким келип башка ректорлордон эмне айырмаң бар, эмнени жыргатмак элең дешет. Аларга “менин жүрөгүмдө ОшМУну өнүктүрөйүн деген эбегейсиз чоң каалоом, университеттин алдында окуу жайдын студенти катары карызым, университетке таза кызмат кылайын деген ниетим бар”, - деп жооп берем.

*     *     *

К.Исаков ОГПИде (2009), ОшМУда (2011) КР Жогорку Кеңешинин депутаты, эл акыныбыз Эгемберди Эрматовдун чыгармачылык кечесин жогорку деңгээде уюштуруп өткөргөн. Акын Э.Эрматов уюштурулган кечеге абдан ыраазы болуп, алкышын айтып кеткени эсибизде. Ошол күндөрдүн биринде ректор К.Исаков бүгүнкү кыргыз билим берүүсү кандай абалда, канткенде бул абалдан чыгууга болот деп өз ойлорун айтканда, Э.Эрматов унчукпай угуп отуруп, “Каныбек, сен ОшМУга, керек болсо бул идеяларың менен Ошко батпай калыпсың, сенин ой жүгүртүүң республикалык деңгээлге жетиптир, мен муну депутат катары айтып жатам. Сени тез арада көтөрбөсөк болбойт, жетекчиликке сендей дили таза, ой жүгүртүүсү мыкты адистер келиш керек, антпесек элибиз өнүкпөйт”, - деген эле.

*     *     *

К.Исаков 2012-жылы ырчы Айпери Кулбаеванын 8-Март аялдардын Эл аралык күнүнө карата өткөргөн “Музыка жан дүйнөмдү козгоп турат” деген отчёттук концертинде мындай деп сүйлөдү: “Мен ОшМУга ректор болуп келгенге чейин бир нече факультеттер жоюлуп, башка факультеттер менен бириктирилген экен. Алардын бири Искусство факультети болгон. Бул адистикке студенттер аз тапшырат, контрактык төлөм аз, бюжеттик орун көп, факультеттин кирешеси өзүн актабайт деген чечим менен Педагогика факультетине бөлүм кылып кошуп койгон. Мен ректор болуп келгенден кийинки биринчи ишим Искусство факультетин кайрадан түзүү болду. Мейли, бул факультет өзүн-өзү финансылык жактан каржылабаса каржылабай эле койсун. Бирок ар беш жылда Айпери Кулбаевадай талантты тарбиялап чыгарса ошол жетет. Мындай үндүү, ажарлуу талантты миллиондоп контракт төлөгөн факультеттер тарбиялай алышпайт. Таланттуу студенттер биздин ОшМУнун эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жүзү. Ошон үчүн коркпой Искусство факультетин кайрадан түзүп, материалдык базасын чыңдап, окутуучуларына стимул берип жатабыз. Ал эми Айпери Кулбаеванын мукамдуу үнүн долларларга сатып алып угууга болбойт, ага суктанып, музыкасына ыракаттануу менен угуу керек”.

*     *     *

Ректор К.Исаков менин 2012-жылдын 18-апрелинде Ош улуттук драма театрында өткөн “Сагындыңбы?.. Мен да сагындым...” деген тушоо кесүү концертиме катышып, алгач концертти баштап жатып мындай деди: “Урматтуу ыр күйөрмандары, баарыбыз сыйлап урматтап, талантына таазим кылып жүргөн, чыгаан жигиттерибиздин бири Түмөнбай Колдошовдун музыкасын сыйлап келген агайын-туугандар! Мына бүгүн Ош улуттук драма театрында ажайып, керемет бир кечеге күбө болуп отурабыз. Анткени, бүгүнкү кыргыз музыкасында жеңил-желпи ырлар да, обону да, сөзү да өзүмдүкү деген обончулар жер жайнап кеткенде кыргыздын чыгаан акыны А.Осмонов баш болгон, дүйнөлүк деңгээлдеги акын А.С.Пушкиндин ырларына обон жазган бул кыргыздын жигити Түмөнбай болот. Түмөнбай жеңил желпи, күн өткөндө унутулуп кетер музыканын ээси эмес, бул кадимки Рыспай баштаган, Асанкалыйлар уланткан кыргыздын классикалык обондорун өзүнө үлгү тутуп, ошолордун салмактуу жана салаваттуу обондорун улап бараткан таланттардын бири. Тагдыр ушундай болду, мен кыргыздын таланттуу улан-кыздарын көрсөм, алар менен болгонго, алардын жакшылыктарына себепчи болуп, кеп-кеңешимди айтканга дайыма аракет кылган адам катары Түмөнбай менен биз турмушта жарышып бараткан күлүктөрдөй бири-бирибизге ага-ини, устат-шакирт болдук. Түмөнбайга айттым, сени кудай Ала-Буканын эң алыскы райондун борборунан 90 км. алыстагы Көк-Ташта жаратып, ошол жердеги эл үмүтүн, максатын, алардын көкүрөгүндө жаткан аруу ойлорун айтсын деп сени жаратыптыр, ошон үчүн сенин көөдөнүңө үн бериптир, ошон үчүн сен ырдагын. Ырдасамбы же илимге кетсемби деген учурлар болду, Түмөнбайдын табийгый таланты ага жол бербеди, мына өзүңөр көрүп турасыңар, боюнун узундугу да биздин Рыспай Абдыкадыровго окшоп кетет.

Түмөнбайдын атын карап туруп бир кызык нерсеге дуушар болдум, түмөн деген сөз бул көп дегенди түшүндүрөт, ата-энеси бирөө болсо да көп болуп жүрсүн, элдин алдында ырдап жүрсүн деп атын Түмөнбай койсо керек. Анан фамилиясын карасам Колдошов экен, демек, Түмөнбайды КОЛДОШ керек экен деп ойлоп калдым. Мен ОГПИдеги миссиям бүтүп, ОшМУга келгенден кийин Түмөнбайды бул жакка чакырдым. Анткени Рыспай Абдыкадыров жүргөн жерде жүрсүн, талантынын жаңы кырларын ачсын дедим.

Эми, сахнанын артында турган шакирттерим Айпери, Надира, Эмил, Улук, Кутман ж.б. бириңден бириң өтүп, бири-бириңерди колдоп, кыргыз маданиятын ушул түштүктөн чыккан таланттар бир чоң тепкичке көтөрө турган жаштарыбыздын бир руханий деңгээли болуп калдыңар. Урматтуу ыр күйөрмандары, азыр руханий бир чоң толкун келатат, ошол толкунга биз эч болбогондо жылуу сөзүбүздү айтып, колдоп кубаттап турган болсок, кыргыздын музыкасы, кыргыздын таланттары өсөт!” – деген эле.

*     *     *

2013-жыл, 22-февраль. ОшМУнун ректоратында иштеген эжекелер агайларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап концерттик программа, сый тамак уюштурушуптур. Ал жерге ырчылардан экөө-үчөөбүз барган элек. Эжекелер агайларды ырдатып, анекдот айттырып, бийлетишти. Алып баруучу ар бир агайга бирден суроо жазылган билеттерди таратып, суроолорго туура жана кызыктуу жооп бергендерге белектер бар деп эскертти. Алгач ректор К.Исаков суроого жооп бере баштады. “Өзүңүздүн жакшы сапаттарыңызды айтыңыз” деген суроо экен. Агай жооп берип жатып, акырында “Мен кыялкечмин жана ошол эңсеген кыялдарымды ишке ашырган адаммын” деп сөзүн аяктады. Баары тыптынч боло түшүп, анан кайра шатырата кол чаап жиберишти. Бул агайдын көкүрөгүндөгү чындыгы болчу.

*     *     *

2012-жылы ректор К.Исаков Туркияга барып, ОшМУнун алдында Ыйман лицейин ачуу боюнча келишимге кол коюп келди. Ошол келишим боюнча Туркияга барганда, Кастомону университетинде тосуп алышып, сый көрсөтүшүп, жолугушуу уюштурат. Ректор жолугушууда трибунага чыгып, сүйлөй баштаса, ары жактан бир казак кыз казакча которо баштайт. Муну байкаган К.Исаков аудиторияга кайрылат: “Урматтуу түрк боордоштор, мен сиздерге кыргыз тилинде сүйлөп жатам, а бул кызыбыз казакча которуп жатат, ал эми угуучулар түрк боордоштор. Келгиле, мен түз эле эне тилимде сүйлөй берейин, билем, сиздер жарымын акыл-эс аркылуу сөзүмдөн түшүнөсүздөр, ал эми жарымын жүрөктөн туясыздар, мага ошол туйганыңыздар жетиштүү.

Биз бир эненин эмчегин эмген, бир төшөктө жаткан бир туугандар элек, саясат ушундай болду, силер Европага, ал эми биз Ата Журтта калып калдык. Азиялык кыргыз түрктөр ушул туугандык байланыш түзүлө турган улуу күндү 70 жыл күттүк. Биз түрк боордоштор менен коюн-колтук алышып, көкүрөк тирешип кучакташып, жытташкан күндү эңсеп жүрдүк. Мына бүгүн ошол максаттарга, ойлорго жетип отурабыз. (Түрктөр толук түшүнбөсө да, дуулдап колдоп кол чабышты, анткени, менин эмоциямдан баарын түшүнүп турушту. К.И.)

Мына Ош мамлекеттик университетинин сиздер менен болгон байланышы 20 жылдан бери теология факультети аркылуу болуп жатат. Сиздер студенттерге билим, тарбия, стипендия ж.б. берип, окуу корпусун да ремонттоп келатасыздар. Сиздерге рахмат, бир нерсени эске салгым келип турат, сиздер бизди каржылап жатсаңыздар, биз сиздерге бир туугандык сезимде студенттерибиздин бүгүнкү тагдырын, келечегин байлап бердик, дүйнөдө адам тагдырынан өткөн баалуулук жок. Сиздер акчабыз кетип жатат деп кыжалат болбой койсоңуздар болот, анткени, биздин да өзүбүзчө эсептешпеген баасыз эсебибиз бар”.

*     *     *

ОшМУга жаңы которулуп барып, жамаатка жаңыдан аралашып жүргөнүмдө, ректор чакырып калды. “ОГПИдеги накыл сөздөр эсиңдеби? Ошол сөздөрдү, дагы башка ошондой маанилүү афоризмдерди чогулт. ОГПИнин жамаатындагы ынтымактын ушул деңгээлге жетишине ошол накыл сөздөрдүн таасири бар деп ойлойм. ОшМУнун жамаатынын ынтымагы үчүн, студенттерибиздин ыймандуу, адеп-ахлактуу, акыл-эстүү болушуна түрткү болор сөздөрдү ар бир окуу корпусуна, коридорлорго жазып коюшубуз керек. Бул нерсе көп кечикпей аткарылыш зарыл”, - деди. Баары даярдалгандан кийин басма сөз катчы ар бир структуранын жетекчилерине берип, окуу жайдын көрүнүктүү жерлерине илинди. Мен дайым экинчи кабатка көтөрүлүп жатып, маңдайда илинип турган “Адептүүлүк саламдашуудан башталат” деген нускалуу сөздү окуйм, кайра түшүп келатып, “Жүрөгүңдө ыйманың, жүзүңдө уятың болсун” деп окуп коём.

*     *     *

2013-жылы ректор К.Исаков Кытай Эл Республикасы менен биргеликте ОшМУнун алдында Конфуций институтун ачуу үчүн келишимге кол коёт. Аларга ОшМУ тараптан эмне керек болсо баарын жасап, Кытайлыктардын аракетин күтүп калат, бирок алардан аракет болбогондуктан, агай баарын чакырып, ачуусу менен мындай дептир: “Бизде ОшМУнун алдында Конфуций институтун ачууга болгон өтө чоң каалоо бар, бирок ал каалообуз күндөн-күнгө жоголуп, сабырыбыз түгөнүп баратат. Биз тараптан эмне керек болсо баарын жасадык, а силер убакытты өткөрүп жатасыңар, айтып коёюн, Улуу Кытай Конфуций институтун ачалбаса, анда Кыргызстан сөзсүз ачат. Ушуну билип койгула, менин башка сөзүм жок”. Бул сөздү уккандан кийин эртеси күнү Конфуций институтун ачуу боюнча келген өкүлдөр директору баш болуп, маселени тездетүү үчүн Кытайга биринчи рейсте учуп кетиптир.

*     *     *

2013-жылдын 5-апрелинде Германиядан медицина боюнча 45 профессор, Бишкек шаарынан дагы бир нече илимпоз ОшМУга келип, эл аралык конференция өткөрүлдү. Алар кетеринде атайын сый тамак уюштурулуп, сөз ректор К.Исаковго берилди: “Урматтуу коноктор, адамдар менен жолугушуу кандай жакшы, ал эми ажырашуу, коштошуу бул өтө кыйын. Мына биз эки-үч күндөн бери бири-бирибизге жүрөктөрдү ачып коюп, сыр бөлүштүк, конференцияга катышып, жакшы мамиледе болуп, пикир алыштык. Бул Ош шаары акыркы жылдары эки жолу кандуу окуяны башынан өткөрдү. Ошондой оор кырдаалдарда коомчулукка биздин жамаат жакшы сөзүн айтты. Ош шаарында жашаган элдин 10 пайызын биздин окуу жайдын окутуучулары, студенттери түзөт. Бул шаарда кандай жакшылык иш болсо, анда ага биздин салымыбыз бар. Айта кетүү керек, кечээги оор күндөрдөн кийинки болгон иш-аракеттерге күбө болдуңуздар, сиздерден бир эле суранычым бар, урматтуу коноктор, ал сураныч өзүңүздөр көргөн же күбө болгон нерселерди барган жериңиздерде айта жүрүңүздөр. Кулак менен укканды эмес, өз көзүңүздөр менен көргөндү айтып, айланада болуп жаткан жакшы иштерге пикириңиздерди айтыңыздар. Ош десе эле бир илим-билимден алыста калган адамдар жашачудай мамиле болот, өзүңүздөр көргөндөй, бүгүн Ош шаары гүлдөп, биздин окуу жай саат сайын өзгөрүүгө жол алып, глобалдашууга карай кол узатууда. Бүгүн Ошто адамдар өзүн-өзү чыйралтып, өзүн-өзү өнүктүрүүгө ички күч таап, өзгөрүүдө, өнүгүүдө. Коомдо иш кылганда, кылбаганда бирдей бааланган мезгилде сиздердин туура пикириңиздер зарыл деп ойлойм. Анда эмесе, дагы бир жолу Ош шаарына, ОшМУга куш келипсиздер, сиздер менен иштешүүгө чын көңүлдөн ынтызарбыз”, – деди.

*     *     *

Агай менен дайым Ош-Ноокат жолундагы бөксө тоолорго чыгып, эс алуу биз үчүн адатка айланган. Дайым барганда көп нерселер жөнүндө сүйлөшүп, жеңилдеп келебиз. Бул жолу агай өзүнүн балалык кездеги кыялдарын айта баштады. “Орустарда “голубая мечта” деген сөз бар, менин да балачагымда көп кыялдарым бар эле. Студент мезгилде гезитке редактор болууну каалачумун. Кийин 1992-жылдары ОшМУнун студенттик “Нур” гезитин негиздеп редактор болдум. 2006-жылы ОГПИге, 2012-жылдан бери ОшМУга ректор болуп иштеп жатам. Мына бүгүн акын Ж.Мамытовдун поэзия кечесин өткөрүп жатабыз, студенттерге режиссёр, сценарист болуп жүрөм. Кызык балалыктагы Р менен башталган кыялдарым, Р менен башталып, Р менен бүткөн редактор, ректор, режиссёр деген кызматтар менен байланышып өмүрүмдү коштоп келатат” – дейт, колун артына алып басып баратып. “Жетекчи катары ревизор да болдум”, – деп күлүп койду.

2013-жылдын 5-апрели.

*     *     *

Биз агып жаткан дайрабыз. Качан революция болсо ошого активдүү катышып, качан бийликке келгенде иштейм дегенден алыс болуубуз зарыл. Анткени, бир революция менен экинчи революция адамдардын 5-10 жылдык өмүрүн алууда, биз кандай тоскоолдук болбосун аны бузуп өтүүбүз керек. Ал тоскоолдукту жиреп өтүү атуулдук парз. Биз жашашыбыз керек, иштешибиз керек, Кыргызстан үчүн, ОшМУ үчүн күйүп-жанып иштей турган мезгил келди. Кийинки муунга жаркын келечек калтыра албасак, анда биз эмне кылып жүрөбүз?!

2013-жылдын 8-апрели.

*     *     *

Бүгүнкү кыргыз интеллигенттери, саясат жөнүндө сөз болуп калды. Анда агай: “Коомдо интеллигенттерге чоң жүк жүктөлүүдө. Бирок кыргыз интеллигенциясы эми гана калыптанууда. Үч муунуң интеллигент болмоюнча нукура интеллигент боло албайсың. Интеллигент болуу үчүн генде болуу керек. Чоң атадан болгон аракет, баласынан улантылса анда неберени чыныгы интеллигент десе болот. Бул узак процесс.

Бир күчтүү пианист кыз профессор атасына келип:

- Ата, бир чыгарма ойноп бериңизчи, - десе, атасы макул болуп пианиносун ойноп баштаптыр, аны карап турган кызы чыдабай кетип:

- Ата, андай эмес, бул чыгарма мындай ойнолушу керек, - деп өзү ойноп көрсөтөт. Анда атасы күлүп:

- Кызым, мен бир айылдагы чабандын уулу болсом, ушундай ойнойм да, а сен профессордун кызысың, - деген экен.

2013-жылдын 8-апрели.

*     *     *

Бир жолу ректор менен түштөнүп отурсак, өтүп бараткан тааныштардын бири токтоп учурашып жатып: “Жалаң жаштар менен чай ичип калыпсыз?” - деп тийишип калды. “Азыр кабинетте, көчөдө, кыскасы, каерге кимди ээрчитпе, ар ким өз проблемасын айтат. Эч ким жардам берейин, мындай кылалы, тигиндей жасайлы дебейт. Жок дегенде чайды проблемасы жок ичейин деп буларды ээрчитип алдым. Баары эле меники туура, мени уккун дешет, эч ким сенин сөзүңдү угайын дебейт. Сөзүмдү ким угат экен деп калат экенсиң”, - деп жооп берди.

*     *     *

ОшМУнун Искусство факультетинин студенти Эламан Жалаловдун отчёттук концерти болуп, ректор куттуктоо сөзүн сүйлөп, андан кийин элге мындай деди: “Мындан кийин ар бир факультетке искусствонун бир жанрын тапшырайын деп жатам. Мисалы, БИМге 30-40 студенттен турган хорду, Кыргыз филологиясына 100 комузчу, Медициналык колледжге бий ж.б. Ошондо университеттик деңгээлдеги майрамдарда дайым катышкандар катышпай, жаңы таланттарга мүмкүндүк жаратат экенбиз. Ушинтип коомду тарбиялабасак болбой калды”.

*     *     *

Агайдын дайым айтчу тилеги: “Кудай дилибизге жакшы ойлорду салсын. Дилдеги жакшы ойлор тилге чыгат. Тил менен айтылган сөздөр эртеби-кечпи сөзсүз ишке ашат”.

*     *     *

2013-жылдын 27-апрелинде ОшМУнун ректораты факультеттер менен жолугушуу өткөрүп, кезек медицина факультетине келет. Ал жерде футболдук аянтта ойноп жаткан командалардын оюну бүткөндөн кийин жеңүүчүлөрүн сыйлап жатып ректор К.Исаков мындай дейт: “Мен сиздерге өз чөнтөгүмдөн акчалай сыйлык коюп жатам, неге экенин билесиздерби? Сиздер кечинде үйгө барганда жатарда аялыңыздардын кулагына “ОшМУ өнүгүп жатат” деген чындыкты айтып коюңуздар, себеби, чындыкты, жакшылыкты башка бирөөгө туура жеткирүү да, көйгөйгө айланып кетти деп ойлойм”. Элдин баары каткырып күлүп калышты.

*     *     *

2013-жылдын октябрь айында К.Исаков достору менен бир жерде чогулуп калышты. Каалоо тилектер сүйлөнүп, аккордеондун коштоосунда классикага айланган ырлар ырдалды. Сөз кезеги Болот акенин үй-бүлөсүнө келгенде, Зымырат эже “Бүгүн биз Ош мамлекеттик университетине рахмат айтышыбыз керек. Себеби, биз балдарыбызды берсек, булар бизге адис кылып тарбиялап берип жатат. Мына биздин чоң уулубуз Бишкектеги белгилүү бир мейманканада иштеп жатат. Муну менен эмне демекчимин, урматтуу Каныбек Абдуваситович, сиз дайым жаштарды колдоп, жаштар менен иштеген, миңдеген студенттерге билим берген адамсыз, бир сөз менен айтканда “вечный студент Каныбек Исаковсуз”. Бүгүн ОшМУнун алдына чыга турган окуу жай жок, андыктан сизге жана сиздин жамаатыңызга ийгиликтерди каалайбыз”, – деди.

*     *     *

2013-жылдын 18-октябрь күнү Билим берүү министринин орун басары, профессор Н.Ишекеев келип жамаат менен жолугушуу өткөрүп калды. Жолугушуудан кийин конокту сыйладык, мен чай куюп этекте отурат элем. Анан агай бир нерсе сураганынан сырттан таппай келсем, ошондо агай мындай деди: “Бизде чарба иштери боюнча проректор Жапар деген жигит бар. Ал кишиде жок деген сөздүн өзү жок. Эмне айтсаң таап келет. Мен Б.Мурзубраимовдун тушунда проректор болуп жүрдүм, ошол кишинин тарбиясын алдым. Мен дагы агай айткан нерсени жок экен десем, урушуп каяктан болсо да таптырчу. Көрсө, улууларга жок деген жарабайт экен, жок болсо алыстан болсо да таптырып, алдыруу керек тура. Кийин түшүнүп калдым, агайдын кашынын кыймылынан эмне дээрин билип, айттырбай жасачу болдум. А биздин балдарды өзүң издеп таап айтасың, анысы да көңүлдөгүдөй болбой калат. Эми бир адамды тарбиялоо үчүн үч-төрт жыл керектелет”, – деди. Бул сөздөр түз эле менин адресиме келип түштү. Ичимден мунусу сабак болду, кийинкиде катырамын деп отурдум.

Сөз дистанттык окуу жана мамлекеттик тил боюнча проректор, доцент О.Шаимкуловго келгенде, ректор жөнүндө мындай деди: “Каныбек Абдуваситович ректор болуп келгенден бери бир топ иштер жасалды жана жасалып жатат. Адамдарды акындык сезим менен кабыл алып, түшүнүп, жамаатыбызды ректор катары баштап, жетектеп келатат, бул жакшы нерсе”, – деди. Баарыбыз күлдүк.

*     *     *

“Адамдардын жан дүйнөсү ушунчалык катуу тарыды, кээде сени бул дүйнөгө жаралып калганың үчүн да күнөөлөшөт”.

*     *     *

“Бүгүн ден соолук, энергия бар кезде, колдон келип турганда бир мүнөт тынбай жакшы иштерди жасашыбыз керек. Балким, эртең ушундай мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн”.

17.10.2013.

*     *     *

2013-жылдын 6-ноябры. Ректордун жардамчысы Артур Тургунбаев үйлөнүү тоюн “Каныкей” ресторанында өткөрдү. Адаттагыдай, Ата журт, тага журт жамааты сүйлөп бүткөндөн кийин, сөз бирге иштешкен кесиптештерине келди. Жалпы ОшМУнун жамааты чыгып куттуктоо сөзүн айтышты. Той ортолоп калганда обончу Э.Талипов “Үмүт” фольклордук тобу менен эки ыр аткарышты. Бир убакта Каныбек агай чыгып, “Урматтуу коноктор, Эгемберди Талипов бул тойго жөн келбеди, анткени, Артурдун келинчеги Бегимай да ушул күнгө чейин “Үмүт” тобунда ырдап келген. Ошондуктан, мен Бегимайдан суранат элем, келип А.Өмүркановдун сөзүнө жазылган Э.Талиповдун “Апам, ай” деген ырын апаларга арнап ырдап берсин”. Тойдогу элдин баары биринчи түшүнбөй турушкан, кийин дуулдап кол чаап жиберишти. Артур менен Бегимай келип “Апам, айды” апаларынын кучагында жандуу ырдап беришти. Тойдун эң кульминациясы ошол болду. Ырдайм деп барган ырчы кыздардын баары “биз дагы тоюбузда ушинтип ырдайбыз” деп тамшанып калышты. Бул элдин көңүлүн көтөргөн окуя К.Исаковдун кезектеги импровизацияларынын бири болчу.

*     *     *

Ош окуясында бейкүнөө шейит кеткен ОГПИнин ага окутуучусу Айша Маматисакованы эскерүү кечесин өткөрө турган болуп калдык. Ош окуясы болгондо Каныбек Исаков ОГПИде ректор, мен Жаштар комитетинин төрагасы болуп иштечүбүз. Эженин көзү өткөндөн кийин окуу жайда куран окутуп, жамааттын атынан уулуна жардам берилген. Ошондо агай эженин атын өзү жашаган көчөгө коёбуз деп демилге көтөргөн. Агай Ош шаардык Кеңешке сунуштап, эки жылдан кийин депутаттардын колдоосу менен 2-Кара-Суу көчөсү Айша Маматисакова атындагы көчө болуп өзгөргөн.

Ошондон тартып эженин жаркын элесин унутпоо үчүн агай эскерүү кечелерин өткөрүп келебиз. Бул жолу дагы А.Маматисакованын сиңдиси Элизанын жардамы менен эскерүү кечени биз уюштуруп өткөрдүк. 15-ноябрга белгиленген күнү Жогорку Кеңештен депутаттар келип калып, агай өзү баралбай калды. Эртең менен мени чакырып, “өзүң уюштуруп, жакшы алып баргын. Менден кечирим сурап кой, анан ичкериден “Шуулдаба, терегим, теректеримден” жыйырманы ал, туугандарына таратасың” – деди. Агайдын өзүнүн каанасына кирип, китептеринин арасынан “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген эскерүү китепчесин издеп жатып, Т.Жусупова экөө чыгарган “Ч.Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” деген китепти көрүп калдым. Анын сырты көк экен, калган жыйырма китеп ак түстө. Агай көрүп калса, Айтматовун 85 жылдыгына керек дейм, көрбөсө унчукпайм деп чыксам, агай бир карап көрүп койсо, тиги көк эмне китеп деп калды. Сөзүмдү даярдаганым менен кызара түштүм, уурулук колумдан келбейт экен. “Менде жок эле, эртең Айтматовдун 85 жылдыгына пайдаланам деп алдым” десем, “жөн жүрбөйсүңөр, бар, жакшы өткөрүп келгиле” деп кечеге жөнөттү.

*     *     *

2013-жылдын 29-ноябрында акын Тазагүл Закированын 65 жылдык мааракесине карата “Мекенимдин эшиги” аттуу адабий-музыкалуу кече уюштурдук. Негизги уюштуруучу ректор К.Исаков өзү болуп, жардамчысы мен болдум. Кечеге КР эл сүрөтчүсү Б.Жалиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Т.Кенжеев баш болгон акын-жазуучулар, шаардык облустук жетекчилер келишип, жакшы ырлар окулуп, куттуктоолор айтылды. Сөз сүйлөйм дегендер көбөйүп кеткенде агай чыдабай кетип, “туугандар жазга барып, дагы бир акындын поэзия кечесин өткөрөбүз. Азыр айтып коёюн, ошондо сүйлөйм деп келбегиле. Кимдин сүйлөгүсү келсе, ошол акындын ырынан жаттап келип окуп берсин. Мындан кийин поэзия кечелерде сөз сүйлөгөндү азайтып, анын ордуна ар бирибиз ыр окуйбуз”, - деп залга кайрылды.

Аксакалдар аягында уюштуруучу катары К.Исаковго “Биздей акын-жазуучулардын кечелерин өткөрүп жатасың, сени кудай колдосун!” - деп баталарын беришти.

Агай ооруп тургандыктан конокторду жөнөтүп коюп, “жүр, кичине басалычы” дегенинен экөөбүз университеттин алдындагы аллеяда бир топко чейин басып жүрдүк. “Университетти кара, бизге чейин кимдер гана иштеп кетпеген... Эми биз иштеп жатабыз. Бул имарат түбөлүк турат, а биз эртең же бүрсүгүнү кетебиз. Ошон үчүн бүгүнкүдөй жакшы иштерди аткарып, адамдардын көңүлүн алышыбыз керек. Кимдир каалайт, кимдир бирөө каалабайт, бирок ар бир адамдын көңүлүн таап, дүйнөнү жакшы адамдар сактап турганын түшүндүрүү керек.

Мен кудайга шүгүр кылам, ушундай чоң университетке ректор болдум. Мага дагы эмне керек, туурабы. Мен өзү ОшМУга ректор болушум керек деп Кудайдан сураган эмесмин, илимдин доктору болом деп да ойлобогом. Бирок илимдин кандидаты болууну каалаганым чын. Кудай баарын берди, ак ниет, адал эмгек менен жашап жатабыз”.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин “өткөндө бирөө мени түшүндө көрүптүр: Каныбек сен Кыргызстандагы бардык банктардын сейфтерин топтоп алып, акчаларга көмүлүп жатыпсың, бир болсо президент болот окшойсуң, - деди. Анан түшүңдө акча көрсөң бул кыжалатчылык дечү илгеркилер, президенттикти кой, ушул жагы деле жетет дедим. Анан кечээ мен өзүм дагы кызык түш көрдүм. Кудаш (Кудайберди Кожобеков), сен үчөөбүз бир бийик тоонун үстүндө жүрөбүз. Анан эле тик зоодон ээрчишип түшөбүз, кайра чыгабыз, дагы түшөбүз. Силер жүгүрүп түшүп кетесиңер, мен болсо аларга окшоп жеңил болбосом аярлайын деп акырын түшөм. Ошентип жатып ойгонуп кеттим. Тоо жакшы деп, жакшылыка жоруп койдум”, - деди.

*     *     *

Акын Т.Закированын поэзия кечесинде эженин чыгармачылыгы жөнүндө жалпы экскурс жасоо үчүн кимди айтсак экен деп сүйлөшүп отурганбыз. Агай “Эже, жаш илимпоз катары Түмөнбай сиздин элегияларыңыз жөнүндө айтып бербейби, эмне дейсиз?” - дегенинен, Тазагүл эже жакшы болот деп баш ийкеди. Кечеде агай өзү алып баруучу болгондуктан мен жөнүндө мындай деди: “ОшМУда илимпоз катары калыптанып келаткан жаш жигитибиз бар Түмөнбай Колдошов деген. Аны баарыңыздар жакшы обончу, ырчы катары тааныйсыздар, Түмөнбай жакында өз кесиби адабиятчы болгондуктан кыргыз элегиялары боюнча кандидаттык ишин коргоонун алдында турат. Анда Т.Закированын элегиялары боюнча илимий доклад жасоо үчүн Түмөнбайды чакырууга уруксат этиңиздер”.

Ошентип, биринчи жолу жалпы элдин алдында “Т.Закирова жана элегия” деген темада илимий доклад окудум. Агай мени обончу катары калыптанып баратканыма сүйүнгөнү менен илимпоз катары элдин кабыл алуусу да маанилүү экенин билет эле. Ошондуктан, мени жалаң уюштуруу ишине эмес, илимпоз катары да тарбияланып жатканымды коомчулукка биринчи жолу жарыялады деп ойлоп калдым.

*     *     *

“Адам баласы өтө алсыз. Качан кандай кырсыкка кабылышын билбей жашайт. Адам баласынын башына түшкөн кырсык өз убагында жана жеңил өтүп кетишин тилей берем. Ал нерсе адам жүрөгүнө бир өмүргө изин салбасын дейм”.

*     *     *

Бир күнү агайга айылдан классташтары телефон чалышып, “Сен айылга көп жардам бердиң, мектептин спорт залынын бүтүшүнө да жардам берсең. Анан сенин атыңды мектепке койсок деген сунуш бар”, - дешет. Бир жагынан сүйүнгөнүм менен ачуум келип кетти. Менин атымды азыр эмес, мен өлгөндөн кийин да эч качан мектепке, көчөгө койбогула, тирүүмдө жакшы сөзүңөрдү айтып, көңүлүңөрдө болсо сыйлап алгыла. Өлгөндөн кийин атымды ар жерге койгонуңар менен баары бекер. Көчөгө, мектепке адам атын берген менен бир нерсе өзгөрмөк беле! - деп айттым деген эле.

*     *     *

Каныбек Исаков менен устат-шакирт, жетекчи-кызматкер, ага-ини катары жылуу мамиледе болгонубузга көп болбосо да, менин жашоомдогу көз караштарымдын өзгөрүүсүнө, адамдык позициямдын калыптанышына зор салым кошту. Мактоосун да, урушун да уктум. Өзү айткандай “турмуш жолунда жарышкан күлүктөрдөй” бирге ийиндешип иштеп, кеп-кеңешин угуп келдим. Дагы көп нерселер жөнүндө жазуу мүмкүн эле, бирок ал нерселер бүгүн жазылса өз баасын албай калат деп ойлойм. Жүзүмдөн жасалган шарап канчалык көп сакталган сайын күчүнө киргендей, менин да айта турган сөздөрүм, өзүм күбө болуп, көзүм менен көргөн чындыктар бир аз убакыт дилимде жашап, “күчүнө” кирип турсун.

Агай бир жолу “И.Раззаков, А.Масалиевдер таза иштеген, элдин акысынан бир тыйын да алган эмес деген түшүнүк баарыбыздын мээбизге орношуп калган. Туура, алар элдин ырыскысына тийген эмес, себеби, ошол учурдагы коомдук шарт ошондой болчу. Ага карабай элдин чөнтөгүнө кол салган жетекчилер болуп келген, алар бүгүн коомдон өз ордун таппай, ийинине башын катып жүрүшөт. Көрсө, баарына убакыт өкүмдарлык кылат экен, тарых таразалайт тура.

Азыр алдым-жуттумдун заманы болуп жатат. Карышкырдын жесе жебесе оозу кан болуп турган учур. Айлананы көрүп, билип турасыңар, элге деп жарыялап, өз чөнтөгүнө салгандар көбөйдү. Ушундай кыйчалыш заманда дагы таза жашоого боло турганын, дүйнөдө жакшы адамдар көп экенин далилдешибиз керек. Мен бүтүндөй акмын, таза иштедим дей албайм, бирок салыштырмалуу таза болгонго, эртеңки күнү абийир сотунун алдында жүзүм жарык болушу үчүн аракет кылып жатам. Мыйзам, сот дегендер адам баласынын өзүнүн абийир сотунун алдында түккө турбас нерселер, ошондуктан жаш туруп, паракорлукка, өз кызыкчыгың үчүн башкаларды курмандыкка чалуу сыяктуу нерселерден алыс болгула. Бул дүйнө акчалуунун, бийлиги бардын эмес, дили таза, акылы тунук, ден соолугу чың адамдын энчиси экенин эсиңерден чыгарбагыла”, - деген эле.

Биз устатыбыз айткандай жашаганга дилгирленип жүргөн жаштарбыз. Сүлүк курттай бирөөнүн эсебинен эмес, өз бешене тер менен нан тапканга аракет кылып жүрөбүз. Ылайым ушул ниетибиз өмүрүбүздүн аягына чейин жолдош болсун!

*     *     *

Качан экени эсимде жок, агайдын маанайы жакшы болчу. Силерге эч кимге айтпаган бир сырымды айтайын деп көкүрөгүндө аздектеп жүргөн кыялы менен бөлүшкөн. Ал кыял мындай болчу: “Мен пенсияга чейин профессор болуп, аман-эсен иштесем деген оюм бар, анан дароо эле өргүүгө чыгам да чыгармачылык менен иштейм. Кудай ден соолукту, өмүрдү берип турса жетимиш, сексен жашка келгенде бир пьеса жазам. Ал пьесанын каармандары Асан Кайгы, Жээренче чечен, Толубай сынчы, Токтогул ырчы жана Жаныбек хан болот. Каармандар ортосунда достук, көралбастык, сүйүү, конфликттер болот. Пьеса аягына чыкканда көрүүчүлөр ордуларынан туруп, кол чабуулар менен сахнага роль ойногон катышуучулар, режиссёр чыкканда залдан гүлдөр ыргытылып ушундай бир сонун шаң болсо. Ошол учурда “Анда эмесе сахнага ушул пьесанын автору Каныбек Исаковду чакырабыз” дегенде аппак сакалым менен элдин алдына чыксам. Менин дүйнөдөгү эң кымбат тилегим ушул. Мындан өткөн бакыт жок мага, ошол күнгө жетсем арманым жок эле”.

Агай, мен кыялдар орундалат деген сөзгө ишенип жашайм. Эмнени көбүрөк кыялдансам ошол кыялым ишке ашат. Сиздин ушул наристедей таза кыялыңызды мен дагы сиз менен кошо кыялданайын деп турам. Ошондо эки адамдын кыялы сөзсүз эки адамдык кыял менен ишке ашат деп ойлойм. Мен дагы кыялданайын дегеним, сизди ээрчип жүрүп кыялыбыз, ойлорубуз дагы окшошуп бараткандай сезилет. Ошол сиз жазчу пьесаны окугум келди. Күнү бүгүнкүдөй ал пьесаны мен даярдап, бир күн мурун сизди чакырып көрсөтүп, кемчиликтерин оңдоп, эртеңки көрүүчүлөр гүл ыргыткан ыйык сахнага сиз менен кошо чыгууну каалап турам...

Ойлонуп көрсөм, ал бактылуу көз ирмемге али көп жыл бар экен...

*     *     *

Агай, кудай берген өмүрдү жакшы жашап келатасыз, устат көрүп, шакирт тарбияладыңыз, кыз өстүрүп, уул чоңойттуңуз. Коом алдында жүзүңүз жарык, максатыңыз айкын. Кыргыздын уул-кызы ыймандуу болсун деп, “Ыйман” лицейин, окутуунун кыргызча моделинде окусун, мекенчил болуп тарбиялансын үчүн “Билим” лицейин ачтыңыз. Эң башкысы – элдин саламаттыгы деп университеттин алдында клиника куруп жатасыз. Ден соолуктан эл кызыкчылыгын, жамааттын ынтымагын өйдө коюп эмгектенген учуруңуз. Ушул аракеттердин үзүрү кайтсын!

Эмнегедир сөзүмдүн аягына чекит коё албай, сүйлөмдөрүм багыныңкы анан тең байланыштагы сүйлөмгө айланып, акырында татаал сүйлөм болуп аягына чыкпай жатат. Чамасы, сиз жөнүндө көп жазат окшойм...

Ылайым, Жараткан сизге ден соолукту, узун өмүрдү берсин, азыркыдай жаштарга адамгерчиликтин үлгүсүн, максаттуу жашоонун жолун көрсөткөн УСТАТ болуп жүрө бериңиз.

Өзүңүз айткандай түз болбосо дагы кыйыр түрдө устаттык кылган жаман шакиртиңиз Түмөнбай Колдошов.

2012-2013-жылдар аралыгында жазылды.

Бүгүн 2013-жылдын 14-декабры, түнкү саат 12.34 өттү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз