Түмөнбай Колдошов: Акын кетти, жүрөктөгү бороон басылды

  • 03.10.2020
  • 5430

Жашоо ар ким өз чындыгын айта турган сахна сыяктуу. Сага берилген убакыт соңуна чыкканга дейре, айтаар сөзүңдөн жаңылбай, башаламандыкка жол бербей, максаттуу сүйлөгөнгө жетишүү керек. Анткени, белгиленген убакыт – бул сенин өмүрүң. Аны кандай пайдаланасың – өз эркиңде!

Жашоо сахнасында кимдир-бирөөлөр эркин, кимдир-бирөөлөр сүрдөйт, кебин жоготуп кыйналат, алар өздөрүн токтотуп, оюн жыйганча убакыт соту коңгуроосун кагат. Мына ошондой жашоо сахнасында эргип сүйлөп, омоктуу ойлорун күпүлдөтүп поэзия менен айтып жаткан Зайырбек Ажыматовдун убактысы аяктады...

Ширелүү поэзиянын даамы таңдайыбызда калды, мөмө берген багы кулады... Андан бери айлар алмашты, биз акынды сагындык, жүрөк титиреткен поэзиясын сагындык... “Мени издесең ырларымдан табасың” деп Эгемберди Эрматов айткандай, Зайырбек Ажыматовду ырларынан издеп, поэзиясынан жоктоп калдык...

З. Ажыматовдун 2019-жылдын сентябрь айында 15 басма табактан турган “Жүрөктөгү бороон” аттуу тандалма ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ыр жыйнак окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, октябрь айында кайрадан экинчи жолу басылды. Эл руханий кризисте турган кез, мындай шартта көркөм поэзиянын миң нуска менен эки жолу басылып чыгышы көңүл жылытат. Жыйнак ырлар, котормолор, “Нөлү көп жылдар” ыр жыйнагынан, “Жалгыздык” жана “Мелмил” ыр жыйнактарынан кайрыктар деген төрт бөлүмдөн турат. Коомдогу оош-кыйышка, адилетсиздикке болгон ички каршылыктары, мекен темасы, адам жалгыздыгы, уул-кыздарына сүйүүсү, махабат, достукту даңазалоо, жашоодогу кубаныч менен кайгысы ырларында калды.

Акындын “Жүрөктөгү бороон” китеби адегенде эле “Келечек штрихтери” деген ыры менен башталат. Ыр бүгүнкү учурга арналып, кымгуут жашообуздагы баалуулуктарды жаңы технологиялар ээлеп, адам баласы маңкурт болуп баратканы айтылат. Акын сезими жок, программа менен башкарылган АдамФонддор, СмартАдамдар туш-туштан каптап келатканына тынчсызданат. Адамдар байлык талашып, таасир талашып, мансаптан бакыт издеп, бири-бири менен жарышып, мурдагыдай жай турмуш жок. Жылуу мамилеге, сыйга, бейкапар турмушка бүлүк салган робот Адамдар дүйнөнү ээлеп, алсыздарды муунтуп, басынтып, ыйык сезимдерди тебелеп жатат.

Гаджеттерден шири кийип Адамзат,
Каяккадыр бара жатат карайлап.
Жаң-жуңдардын жаңы мууну, оо, бүгүн,
Жаратканга тең атадай жалаңдайт.

Бүгүнкү робот Адамдар мурдагыдан күчтөнүп, элдин ишенимин ээлеп, интеллекти бийик, гени тазадай, өздөрүнүн сырткы келбети менен ыймандуусунуп, бири бейиштин, бири космостун “буйругун” аткарып жаткандай жүрүшөт. “Керектүү адамдарды” утурумдук кызыкчылык үчүн колдонуп, ушак сөздөр менен уулап, “Бөлүп-жарып баарыбызды бир күнү, \ Таштандыга ыргытууга жөнөшөт”. Акындын жан дүйнөсү жанчылып, жел өпкө дүйнөдөн көңүлү сууп, бийик адамдык касиеттин жоголуп баратканына кейийт. СмартАдамдар, АдамФонддор ааламды бийлеп турганда адамдан адам туулбай, бүт баарысы жасалма болуп, дүйнөнү сенектик каптап кетерине, ушул күндөр Күн алдындагы эң акыркы жыргал жашоо деген бүтүмгө келет.

Балдар болот төрөлбөгөн атадан,
Жаралбаган, жаратпаган. Жасаган.
Биз акыркы кишилербиз, а мүмкүн,
Бул дүйнөдө жөн адамдай жашаган...

Акындын поэзиясына үңүлсөк: жаштыгындагы өксүктөр, турмушундагы жетишпестиктер, тынч албаган сезимдери дайым биринчи планга чыгат. Адамдан адам издеп, жан дүйнөлүү кишилер күн санап аздап баратканына кейип, бирде көңүлү калып, кайра кубанып, ой менен жашады.

Ырында АдамФонддор, СмартАдам деген жаңы терминдерди колдонуп, адам баласынын эркин ой жүгүртө албай, өз алдынча чечим кабыл алалбаган, көз каранды бир макулукка айланып баратканына чыдабай кетет. Биздин кийинки муун сүйүүнү билбей калабы? Жакшы көрүү сезими болбойбу? Адамдын кыялдары, ойлору чектелеби? Ааламды бир алкакка байлап, программалоо башталабы? Бул суроолорго жооп барбы?

Жашоого келүүнүн өзү бул бир мүмкүнчүлүк. Бирок аны баары түшүнүп жетпейт. Жарыкчылыктын мааниси эмне экенин билбей өмүр өтүүдө, адамдын артында жасаган иши менен сөзү каларын билгендер аз, көпчүлүгүбүз максатсыз эле жашап жатабыз. Акын "Өмүр” деген ырында балалыктын шашып өткөнүн, жаштыктын жарк деп өчкөнүн, адам баласы дүйнөгө келелек жатып кеткенин айтат.

Ушубу пенде көрөрү,
Ууланган сазга чөгөбү?
Жарышып издеп көр оокат,
Жашабай жүрүп өлөбү?

“Ушубу пенде көрөрү” – деп, жашаган күнүнө тойбой, өмүрдүн узак болушун каалайт. Бирок баары чектелүү эмеспи?! Акын өзү айткандай эртеби-кечпи “ууланган сазга” чөгөбүз... Көз ирмемдик өмүрдө бир тутам бакыт издеп, көр оокаттын айынан эмнелерди гана кылбайбыз да, эмнелерди гана көрбөйбүз... Жем издеген куштай болуп, канат талыгыча учабыз деп, өмүрүбүздү түгөтөбүз. Тынымы жок жашоо, бир көргөн түштөй жер окшойт, керемет дүйнөгө “Келгенмин, мүмкүн келбегем...” Акындын өмүргө тамшанып, дагы бир уурттам болсо деген тилеги ишке ашпай калды. Аны өзү сезгендей эле, ырын төмөндөгүчө жыйынтыктайт:

Өзүмдү-өзүм таба албай,
Өрттөнүп келдим жанардай.
Өчөшүп мага ансайын,
Өмүрүм учту шамалдай...

Зайырбек Ажыматовдун жан дүйнөсү, жашоосу дайым тынч жашатпады. “Бороон улуйт көңүлдө узак-уза-ак” деп бир ырында айтканы бар. Жазганына канааттанбай, качан көрсөң адамдардан мээрим издеп, жаны жай албады. Чыгармачылыгы, бир жагынан көр тирилик, жумуш, эч бирине көңүлү тойбой, эркиндикти каалап жумуштан бошойт, үйүндө жата бергенге түтпөй дагы башка жумушка киришет. Кээде туруп, баарына кол шилтеп кетсемби деп көп ойлонду. Акындын жалбырактай дилдирек сезими кир дүйнөдөн тажаганда, тумчугуп калар эле. Кырктын кырында Асан кайгыланып бүт баарына кейип-кепчип, ойлорунун аягына чыга албай, өзүнө болгон ишенимин жоготуп алды көрүнөт. Жетимдиктин азабы, өмүр өткүчө жүрөгүн өйүп, мизин майтарып, ашыкча кейип, аны аяп, муну аяп жүрүп, өзүн аяй албады го!

Жалгыз-жарым чыккам бир кез боз жолго,
Жаным дебе, болбойт жанды кошконго.
Жарытылуу тууган болбойм тууганга,
Жарытылуу дос эмесмин досторго...

Жалгандыктар мүмкүн мени аксатты,
Жалтак кылып, жабыктырып, чарчатты.
Жасалма окшойт түпкүрүндө бул турмуш,
Жакшы көргөн байлык, бийлик, мансапты.

Жан адамга тийбей балким керегим,
Жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.
Ыйманымды ченегиси келишсе,
Ырда калат тайыздыгым, тереңим...
 

Өзүнүн бейнеси жакшы ачылган ушул ырында, чын эле ушинтип башкалардан өзүн кемсинтип, кичирейе берет эле кайран акын. Натурасы ушундай жөнөкөй, жасалмасыз, жупуну, карапайым болчу. Колунда болсо жолуккан кишиге чачып, жок болсо досторунан качып, ууру кылгандай басына берет. Бу мерез турмуш акынды “Жалтак кылып, жабыктырып, чарчатты” окшойт. “Ыйманымды ченегиси келишсе” дептир, акындын ыйманын ким ченейт? Кимдин ыйман-ынсабы, напсиси акындыкынан жогору же күчтүү? Аны эч ким айталбайт, ал бир гана Жаратуучунун эркиндеги маселе. Акын, журналист, мекенчил инсан катары жашоосунда эмнени билип, эмнени туйган болсо ошонун баарын ырларында айтты. Аны акыл чөйчөгүбүзгө жараша кабыл алып, анализдеп, рухубузду азыктандыруу өзүбүздөн көз каранды.

Акындын жүрөгүндөгү бороону басылбай, өмүргө тойбой жашаганга, өлүмдөн коркпой жазганга мажбурлады окшойт. Бир жакшы ыр жазсам деген тилек менен сөз издеп, ой кубалап, эргүү күтүп, кыялданып “Өксүп-өксүп өтүп кетемби / Өмүр жетпей өчпөс бир ырга..?” деген беймаза сезим менен алышып жүрдү. Жазган ырларына канааттанбай, мурдагысын чанып, жаңысын бапестеп күтүп, дагы мыктысын жазам деген жоруктар көп акындарда кездешет. Зайырбек Ажыматов башкалардан айырмаланып, ырды кадыр-барк үчүн жазбады, таштап койбоду, өмүр өткүчө “... Тим койчу мага калемди / тилимде жазар жалын бар” – деди.

Өмүрдүн эң акыркы коңгуроосу кагылып, жашоо сахнасынан Зайырбек Ажыматов алыстады. Жүрөктөгү бороон күчөдү, Мекенди, элди сүйгөн, албуут сезимдүү акын дүйнө салды. Анын “Көтөр башты улутташым, кандашым!” деген жүлүн аралаган өктөм үнү дайым кыргыз элинин жүрөгүндө жашай берет. Ал бир келген өмүрүн элине, жерине арнады, поэзияга, сүйүүгө, доско арнады...

Акын кетти, жүрөгүндөгү бороон да басылды...

03.10.2020.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз