Түмөнбай Колдошов: Замандашка кайрылуу

… Балким, сен азыр бир кыйла өзгөргөндүрсүң. Турмуш мыйзамына баш ийип, ар кимибиз өз арабабызды тартып жүргөн мезгил. Бирибиз окуп билим алып жатсак, дагы бирибиз базарда сатармандык менен жан багуудабыз. Бул иш колунан келбегендер иш издеп чет жерге барып эптеп акча таап бай болбосо да, муктажы жок жашоого маңдайын тердетүүдө. Бир аз ирденгени адегенде эле машина алып, өзүнө эки-үч сыйра кийим кылган соң, ошол тапкандарын эл көзүнө мактанганына маашыр. Жалданып иштегенин жашырып, баланча деген фирмада, баланча деген жерде иштедим дешет. Катуу айтсам кечирип кой, досум, мына ошол ала көөдөндөрдүн бири сенсиң.

Жаратканым өз пенделерин байлык берип, бийлик берип сынап көрөрүн билер белең?.. Билбесең билип ал, сен тапкан бул акчалар, алган машинаң, деги койчу маңдай терим менен таптым деген арзыбаган байлыгың бүгүн бар да, эртең жок. Ооз көптүрүп сүйлөп, улуулардын сөзүн укпай, өз билгениңди кыласың, бул аракеттериңдин арты кайрымдуу болоруна же болбосуна сен азыр көңүл бурбайсың. Сен өзүңдүн жаман кыялдарыңда бир күндөрү бийликке да келем дейсиң. Унутпай эсиңе сала жүр: бийлик – бул учкан куштай. Ал бүгүн сенин энчиң болуп, ийниңде конуп турса түбөлүк экен деп ишенип алба. Күтүлбөгөн жерден сени таштап ыраактап учуп кетиши мүмкүн. Бийлик кетсе байлыгым бар дээрсиң. Байлыгың тонгон муздай, кичине эле күн жылмыңдаса ал муз эрип жерге сиңип кетет. 

Эй, досум! Бүгүн өз теңиңе албай жүргөн досторуңа көңүл үчүн болсо да салам айта жүр. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт болуп, бүгүн сен күлсөң кошоматтанып кошо күлүп, сенин көлөкөңө баш урган досторуң башыңа иш түшкөндө, оомат сенден кете баштаганда балким алар куйругун карматпайт… Ал мындай, сен тигиндей деп чанып жүргөн досторуң кези келсе сага жардам колун сунуп калышы ыктымал. Анда алардын жүзүн уялбай кантип карайсың? Бүгүн түз сүйлөп, туура жүргөн досторуңду чаңга бөлөп, жанынан зуулдап машинаңды айдап өтөсүң. Эй, досум! Ушундай күндөр болот, ал досторуң үстүнө ак кымкаптан тон жамынып, жорго салдырып баратса, сен анын алдында жылаңайлак басалбай «ташыркап» жүргөн болосуң. «Жоор» болоруңа да кайыл болуп, атына учкаштырып алуусун өтүнөсүң. Ооба, досум, Ушундай болот, муну кайтар дүйнө дейт.

Көчөнүн дейди итиндей болуп, түндүн бир убагында үйүңө келесиң. Атаңдын тур дегенине болбой күн түштөн оогончо жатасың. Уйкудан турган соң үйүңдөгүлөргө кол кабыш кылбай, кургак оозуңду жаланып, үтүрөңдөп, денеңе жабышкан чучуктай тар кийимиңди кийип дагы көчөгө кетесиң. Өзүңдөй жан дүйнөсү жакыр, бүгүнкүсүн гана ойлогон жеңил ой селкилерди машинаңа салып кафеден кафеге кечке жүрөсүң.

Эй, досум! Түбөлүктүүдөй сезилген бул жыргалчылык көз ирмемчелик экенин кантип сезбейсиң? Сенин келер жолуңду эрте-кеч караган ата-энеңдин жүрөгүндө коркуу, көздөрүндө жаш. Машинаңдын жарыгы үйгө кирип келип, моторунун үнү өчкүчө ал экөө кирпик какпай аман-эсен келериңди күтүшөт. Алардын тарткан азабын, Теңирден өзүнүн эмес сенин амандыгыңды сурап жалбарганын туйбасаң да керек. Эй, досум! Киндиги көрүнгөн кыска кийимчен, шиш такалуу сулууларыңдын ордуна чачтарын бубак баскан атаңды, апаңды салып, тууган-уруктарды кыдыртып зыярат кылдырсаң болбойбу? Тууган уруктун казаны башка болгону менен; кайгысы, кубанычы бир болорун унутпай акылыңа бекем түй. Сенин бул темир арабаңа ата-энең бир жолу түшсө түшкөндүр, а балким түшпөгөн да чыгаар…

Эй, досум! Мага акыл айтчу киши сенсиңби деп шылдыңдап, жакамдан аларсың. Менин бул айткандарым көңүлүңдү жибите албаса, сага окшоп башы бек караңгы жолдо бараткан кимдир-бирөөлөргө аз катып (пайдасы тийип) калар. Убактылуу азгырыкка азгырылып, алтындай убактыбызды текке кетирбейли. Өткөн күндөрүбүздү эстеп кемчиликтерин толуктайлы, келечегибизди ойлоп анын пайдубалын бүгүндөн баштайлы. Кел, досум! Көзү ачык, көкүрөгү сокур болбойлу. Жакшы үмүт менен чоңойткон ата-энебизге татыктуу уул, устаттарга татыктуу шакирт, муктаждарга кайрымдуу инсан болгонго аракеттенели.

23.06.2009.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз