Персиянын улуу акыны Жалаладдин Руминин асыл ойлорунан

  • 25.11.2023
  • 4177
  • Мен кудайды христиандардан көпкө издедим, бирок алардын чиркөөсүнөн Аны таба алган жокмун. Мен индустардын храмында болдум жана буддистердин монастрларын кыдырдым, бирок ал жерлерден Анын изин да көргөнүм жок. Каабага бардым, бирок ал жерде да Кудай жок экен. Ошондо мен өз жүрөгүмө үңүлдүм. Мына ушул жерден гана башка жактардан издеп таппаган Кудайды таптым...
  • Жалгыздыктын эң жаманы – сени түшүнбөгөндөрдүн арасында калуу.
  • Эгерде качандыр бир убакта чоң кырсыкка кабылсаң Кудайга: “Оо Кудай, мен кырсыкка кабылдым!” – деп кайрылба. Кырсыкка: “Мени Кудайым колдойт”, – деп айт.
  • Кырсык биринен сала бири басып, сени адам чыдагыс абалга жеткизсе да багынып бербе! Анткени, окуянын нугу бурулар чекке жеттиң.
  • Же сени кармап кала тургандай жакын жерде тур, же унутуп калгыдай алыс жактарга кет.
  • Жымжырттык – Кудайдын тили, калган нерсенин баары – начар котормолор.
  • Сен издеп жүргөн нерсе, сени да издеп жүрөт.
  • Тилиңди тарбиялоодон мурда жүрөгүңдү тарбияла. Анткени, сөз жүрөктө жаралып, тил менен чыгат.
  • Кимде чоң сүйүү болсо, аны чоң сыноо күтөт.
  • Сенден бактысын тапкан адам – ал сеники. Калгандардын бардыгы – коноктор.
  • Акылдуулар менен достошкула, анткени кем акылдар кээде акылдуу душмандардан да коркунучтуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз