Далай-ламанын акылман ойлорунан

  • 26.11.2020
  • 3781
  • Бирөөнү сыноодон мурда, анын бут кийимин кийип сапарга чык, анын көз жашы менен ыйлап, анын оорусун сез. Ал чалынган таштарга чалын. Ошондон кийин гана сен анын кандай жашаганын билем деп айт.
  • Жашоодо үч эрежени сакта: өзүңдү сыйла, башкаларды урматта, өзүңдүн кылган ишиңе жоопкерчиликтүү бол.
  • Каалаганыңа жетпей калуу, бул – кээде ийгиликтин башталышы.
  • Колуңардан келсе жардам бергиле. Жардам бере албасаңар жок дегенде зыян кылбагыла.
  • Эсиңерде болсун, ар дайым эле силер каалаган нерселер, дайыма эле силерге керектүү нерсе эмес.
  • Эгерде көйгөйдү чечүүгө мүмкүн болсо – ал жөнүндө тынчсызданбай эле койсо болот. Эгерде чечилбей турган көйгөй чыкса – ал тууралуу тынсыздануу пайдасыз.
  • Кээ бир учурларда аябай печенье жегим келет, а бирок жегенге болбойт. Мен ойлоном. Кудай эмнени каалайт? Далай-ламанын бактылуу болгонунбу? Же, жегенге эмне уруксат болсо ошол нерсени гана жегенимдиби? Ошондо мен печенье жейм.
  • Адам эң татаал абалга туш болгон учурда да, анын абалга жараша аракет кылууну тандап алуу эркиндиги ар дайым бар.
  • Адам ден-соолугун акча табам деп жүрүп жоготот. Анан акчасын ден-соолугун оңдош үчүн жумшайт. Ал келечектин камын жеп жүрүп, учурдагы турмуштун жыргалын татпайт; жыйынтыгында – учурда да, келечекте да жашоонун кызыгын көрбөйт. Ал эч качан өлбөчүдөй жашайт, анан чыныгы жашоону көрбөй өлүп калат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз