Рух оорусунан бүтүндөй бир эл жок болот

  • 26.11.2020
  • 9190

Григорий Спридонович Петров (1866—1925) деген орус православ чиркөөсүнүн кызматкери — 1917-жылдагы революцияга чейинки доордо эле Орусиянын өтө билимдүү жана белгилүү адамдарынын бири, коомдук ишмер, публицист, журналист болгон.

Анын 1923-жылы жарык көргөн "Финляндия, ак лилия гүлүнүн өлкөсү" («Финляндия, страна белых лилий») атуу китеби дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде басылып чыккан. Петров дүйнөдөн өткөндөн кийин бул китеп кайра-кайра жарык көрүп турган. Маселен, ал болгар тилинде 14, түрк тилинде 16 жолу басылган.

Антон Павлович Чехов учурунда Г.С.Петров тууралуу «Болгону арак саткан буфетчинин уулу болгон, бала кезинде сөгүнгөндөн бөлөк эч нерсени уккан эмес, ылжыганча мас болгондордон бөлөк эч кимди көргөн эмес», – деп жазса;

ал эми Максим Горький Антон Чеховго жазган катында:

«Бул китеп — жөн китеп эмес, бул бир укмуштай жаны бар китеп, мында ушунчалык даана, ушунчалык терең ишеним жатат… Аны поп жазган, билесиңби, поптор эч качан минтип китеп жазган эмес, жаза албайт дагы», – деп суктанган.

*      *      *

Айтылуу орус философу Василий Васильевич Розанов:

«Бир аз жылдар мурун Орус бош убактысы боло калса эле аракканага чуркап, ылжыганча мас болуп алып тамагы айрылганча ырдап олтурчу эле. А азырчы?!... Азыр аракканага эмес, Петровдун дарсына чуркап калды… эки сааттап укчу болду… олтуруп укканга орун таппай туруп укчу болду… Шашпай, кунт коюп, үн чыгарбай, дым чыгарбай укчу болду… Кечээ эле жуулбаган жүн чачы батташып, сакалынан самогон куюлган, сөгүнүп-сагынганын дүйнөдөгү эрдиктердин эрдиги санаган Орус бир заматта эле эмне балээ болуп соолуга түштү? Көрсө, Петров барып сүйлөп атыптыр... Көрсө, ал сүйлөгөндө дарсында, сөзүндө өтө эле «адабиятташкан» куу чирендиги жок, өтө эле «интеллигенттешкен» кербездиги жок, өтө эле акылдуу көрүнүп «билимдүүсүнгөн» арамзалыгы жок, башты айланткан, сырты жалтырак түшүнүктөрү жок, жөнөкөй, жердей, суудай карапайым калктын жалпак тили менен сүйлөйт экен, ошон үчүн Орус аны тузсураган койдой ээрчип алат экен», – деп жазган.

*      *      *

Г.С.Петров орус элинин аракечтигине кейип: «Ичпегенден дүйнөдө ушул кезге дейре эч кимдин көз жашы төгүлгөн эмес, эгерде арактын айынан төгүлгөн көз жашты орус аялдарынын көкүрөгүнөн агыза турган болсок, анда бүтүндөй Орус эбак эле аракечтиктин айынан аккан көз-жаштын деңизинин түбүндө калмак», – деп айткан.

*      *      *

Петровдойлор бизде жокпу? Бизде да бар. Мен жаштарга атактуу дин кызматкери, кѳп окуган, даанышман пайгамбарлардан тартып Сагымбай, Саякбайга чейин жат билген, хадистерди башына сактаган, маркум Чубак ажы суктанган, Чубак ажы жактырган талантуу жазуучу Нуралы Капаровдун быйыл басмадан чыккан “Досума кат” деген китебин таап окугула деп кеңеш бере элем.

Талантуу акын жана прозаик Нуралы Капаровдун жазгандарын окуп баратып ага баш-отуң менен кантип кирип кеткениңди билбей каласың. Анын жазган аңгемелериинин жана ырларынын таңгаларлыктай улуулугу--анын тилинин ушунчалык таттуулугу, чалгы чыңап, чаң кечкен айылдык кыргыздан тартып, Жогорку окуу жайларынын студенттерине адабият теориясынан дарс окуган профессорго чейин тамшантып суктанткан тереңдиги менен чынчылдыгында, далайлардын чарчаганын басып, жанын ыракатка бѳлѳгѳн жетимдүүлүгүндѳ, кычууңду кандырган сѳздѳрүнүн керемети менен ойлорунун бышыктыгында, акылмандыгы менен түбѳлүктүүлүгүндѳ, кыргыздын тоолорундай боор-этиңе жакын ынактыгында жатат. Капаровду окуган сайын килейген китептерин жазып, курулай жер чапчып жүргѳн кайсы бир калемдештеримдин китептерин, алардын каармандарынын карандай кара турмуштан эмес ойдон чыгарылган, сѳздү жѳн сүйлѳй албай “тамтаңдаган”, диалогдорундагы бир жак кѳзү түндүктү караса, бир жак кѳзү түштүктү караган “кыйшык” сүйлѳмдѳрүн, сүйлѳшкѳн тилинин жасалма жана жансыздыгын аячу болдум. Жазуучулугун аячу болдум.

*      *      *

“Москва бир күндө курулган эмес” деп орустар айтса, “Көч бара бара түзөлөт” деп кыргыздар айткан. Кудайга шүгүр дейли, кээ бирде пендечилик кылып кейий бергенибиз акылга сыйбай кетет.

Бир аз ой токтотуп: “Кечээ кандай элек? Бүгүн кандай болдук?” деп ойлонуп көрбөй эле: “Аларың келжирей берет!” деп бакырып, баса калчу болдук.

Айрым жаштарыбыз өткөндөгү “Көчмөндөр оюунун” көрүп алышып, “Биздин кыргыздар илгери жыргап эле жүргөн турбайбы?” дешет. Ооба, балдар, биздин элдин жыргаган да, жылас болуп куураган да жылдары болгон. “Көчмөндөр оюну” деген көркөмдөлгөн турмуш, көркөмдөлгөн каада-салт, көркөм оюн-зоок... алтургай сырттан келгендерге тарткан сый тамак-ашыбыздан бери көркөмдөлгөн, кооздолгон, жашоо-турмуштан, шарт-жагдайдан пайда болгон азык-түлүгүбүздү бүгүнкү замандын талабына ыңгайлаганыбыз, көздүн жоосун алган кагаздарга ороп сунган куруттарыбыз, чапталган “айнек” желимдердеги эжигейлерибиз азыркы ой-кыялдын эргүүсүнөн пайда болуп, бүгүнкү ой-кыялдын туундусунан табылып, анан жасалып, кооздолуп, шөкөттөлүп тартууланган “дасторкон”.

Ким эле үйүнө Жер шарынын ар кайсыл бурчунан мейман чакырып алып, элинин жаман жагын көрсөтсүн. Ким эле эл катары мактангысы келбесин. Манастагы ”Көкөтөйдүн ашында” да ушундай болсо керек. Тамак-аштын таттуусун жасап, кийимдин жакшысын кийип, кыздардын сулуусуна кымыз сунгузуп, жигиттердин мыктысына ат мингизген эмеспи!...

“Көчмөндөр оюну” деген кыргыздын ошол бөлөк-бөтөн элдерге даңазалай турган сый-урматынын бир жак эле бети... А берки жак бетичи? Чындап келгенде биз жаңкы телевизордон көрсөткөн Ооганстандагы “Памирлик кыргыздардан” анча деле айырмабыз жок жашап келгенбиз...

Бүгүн ушул чындыкка моюн сунбай, кай бирде ала-чакмактап, ээ-жаа бербей аңкилдеп кеткен ой-сезимибизди тизгиндей албай жатпайбызбы!

“Күн эл болгонбуз, Нур эл болгонбуз!” дейбиз. Анда эмне себептен КҮНЭЛ деген Күндөй мээримдүү, НУРЭЛ деген нурдай жагымдуу, Күн сыяктуу Жер үстүндөгү адам тургай жансыз да, жандуу нерселердин баарына жарыгын бирдей чачкан тегиз, Нур сыяктуу Жер үстүндөгү адам тургай айбандардын баарына мээримин бирдей төккөн жагымдуу, кагынбаган, сөгүнбөгөн, билегинин күчүнөн билимди бийик санаган айкөл Эл болгонун ойлонгонго жарабай келет?

*      *      *

Былтыр жайда Кочкордо болдум. Райондун борборунда колунан көөрү төгүлгөн Болот деген фермер бар. Чакадагы кайнап турган сууга бутун малып алып ылжырап, эзилип түшкөн кызынын этин доктурдан даба таппаганда Кочкордун чычырканагынын ашынан май жасап, ошону сыйпап жүрүп, так калтырбай айыктырып алган, канча бир гектар жерге дүйнөнүн өспөйт деген жер-жемишинин түрүн өстүрүп, багып келаткан... Нарын суусунун дыйкандарга бир кенедей пайдасы тийбей агып кетип жатканына, Кочкордун шамалы менен күнүнүн элине пайдасы тийбей өтүп кетип жатканына жаны ооруган...

Анткени биз пайдалана албай жүргөн Күн менен Шамалдын энергиясы Кыргызстанда чындап эле Кочкор менен Балыкчыда мол экен.

*      *      *

Эми кайрадан Финляндияга келели. СССР кулаганда анын кармагындагы 15 союздук республикалар эле эмес СССРдин курамына кирбеген, бирок аны менен чектеш жашап турган Финляндияга да кыйын болгон.

1917-жылы декабрда Финляндия өзүн Орусиядан эгемен жарыялаган. Большевиктик Орусия анын эгемендигин ошол жылы 18-декабрда тааныган токтом кабыл алган.

XX кылымдагы оош-кыйыштуу тарыхта фин-совет согушу (1939—40), финдердин Гитлердин нацисттик режими тарабында болушу (1941—44) сыяктуу барактар да катталды.

Андан соң жалпысынан бул капиталисттик өлкө СССР менен дурус карым-катнашта болуп келди.

Беш жарым миллион калкы бар Финляндиянын жеринин көпчүлүк бөлүгүн токой ээлеп, токойсуз бош аймактарынын көбүн саз басып жатат. Биздин Кыргызстандыкындай бейиш жер эмес. (Илгери негизги байлыгы - жыгач болчу). Бирок өлкөнүн кышы биздин Кыргызстандын кышы катаал деген аймактарынан да катаал. Кышкысын мындай жердеги шаарлар менен кыштактарды жылытуу оңой эмес.

Финляндия дагы ал кезде СССРдин башка элдери сыяктуу эле нефть менен газды Советтер Союзунан алып турган.

Советтер Союзуна ал убакта Финляндиянын тышкы соодасынын 20 пайызы туура келген, машина жана кеме куруу, курулуш жана токой өнөржайы жана башкалар боюнча көптөгөн кызматташуу келишимдери болгон.

Өлкөнүн эң башкы импортточусу да коңшу Орусия болгон.

Чынында эле СССРдин кыйрашы менен Финляндия дагы алгач коллапска түшүп калган. Анткени 1991-жылга чейин өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 23 пайызы, бардык соода-сатыктын 15 пайызы советтик рынок менен байланыштуу болгон.

Бүгүн финдер 1991-93-жылдадагы убактылуу кризистин каатчылыгын ичиркене эстешет.

*      *      *

Айрым адистер Финляндиянын экономикалык секирик жасаганга шарт-жагдайы ошол кезде (1991-жылы) Орусия менен Украинага салыштырганда алда канча эсе төмөн болгондугун, анткени Финляндия - өнүккөн Европа өлкөлөрүнөн өтө эле алыс жайгашкандыгы, негизги деген рыноктук (базардык) «дарбазаларынын» андай мамлекеттерге жабыктыгы, ички соода-сатык рыногунун тардыгы болгондугун айтышат. Чынында эле Финляндиянын калкынын саны биригип келсе да Москва шаарынын тургундарынын санынан аз болгон.

Бирок алар Финляндиянын деңиз жолу аркылуу дүйнөгө чыгаар мүмкүнчүлүгүн, Скандинавия өлкөлөрү жана Батыш Европа менен илгертеден эле тыгыз байланышта экендигин, эркин базар мамилелеринин тамыры илгертеден өнүккөнүн, өлкө СССРдеги коммунисттик саясий-экономикалык эксперименттерден эркин болгонун аңдай беришпейт.

*      *      *

1990-жылдардын башында Финляндия терең кризисти башынан өткөргөн.

Фин булактары муну согуштан кийинки экономикага салыштырып жүрүшөт.

Алгач, 1991-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 7 пайызга чейин төмөндөгөн, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9 пайызга түшүп калган, негизги капиталга жеке салым – 23 пайыз гана болгон.

Жалпысынан, 1990-жылдардагы кризистин учурундагы Финляндиянын ички дүң өнүмү 13 пайызга түшкөн, жумушсуздук 3,5 пайыздан 18 пайызга чейин өскөн. Ал эми 1994-жылы Финляндиянын курулуш өнөр жайында жумушсуздук "жетер жерине" чейин, б.а. 36 пайызга өсүп жеткен. Экономикалык кризистин артынан банктар менен турак-жай тармактары олтуруп калган. 1980-жылдары өсүп кеткен турак жайлардын баасы 1990-жылдардын эки жылынын ичинде болуп көрбөгөндөй түшүп кеткен.

*      *      *

Мындан 100 жыл мурда Финляндия чынында эле Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгон.

Жаратылыш ресурстарынан бул өлкөдө токойдон бөлөк эч нерсе жок деп санагандар арбын эле. Финляндиянын Орусиядагы элчиси Микко Хаутала мындай деген: «Эгер кар сатыла турган болсо, биз аны сатып да пайда көрөт элек, бирок тилекке каршы дүйнөдө андай рынок жок экен», - деп айткан экен.

Ал эми заманбап дүйнөлүк рейтинг боюнча:

Финляндия – эң туруктуу өлкө.

Финляндия – эң көз карандысыз өлкө.

Финляндия – эң коопсуз өлкө.

Финляндияда сот тармагы – эң эле көз карандысыз тармак.

Финляндия – эң мыкты билим тармагы бар өлкө.

Финляндия – эң эле билимдүү өлкө.

Мурдагы Совет өлкөсүнөн баргандардан «Финляндия кандай экен?» деп сурашса, бирөөсү тамашага чалып: «Финляндия дегениң эң эле көңүлсүз, ызы-чуусуз өлкө экен, бир ай жүрүп бир кенедей кылмыш кылган фактыны көрө албай койдук», – деген экен.

Элчи айтып жатпайбы:

«Биздин болгону 5, 5 миллион гана элибиз бар. Биз үчүн ар бир кишини жоготуу оор. Ошондуктан ар бир финдин жакшы жашоосу үчүн, ар бир финдин узак жана ден соолукта жашашы үчүн, ар бир финдин азап-тозоксуз жашашы үчүн мамлекет бардык камкордугун көрөт» , – деп.

*      *      *

1992-жылы Финляндия Европалык Биримдикке кабыл алууну суранып кайрылган. 1995-жылдын 1-январында Финляндия Евробиримдикке жана Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Парламенттик республика болгон Финляндия демократиялык Батыш өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтыкка умтулду, алдыңкы технологияны өнөр жай жана башка тармактарга ургаалдуу тартты, базар экономикасынын артыкчылыктарын колдонду, айкындуулукту күчөтүү аркылуу жемкорлукту ушунчалык төмөндөтүүгө жетишти.

2013-жылкы Евробиримдиктин изилдөөсүнө караганда, Финляндия бул ынтымактагы жемкорлуктун аздыгы боюнча эң алдыңкы сапка чыккан өлкөлөрдөн деп таанылган.

"Transparency International" уюмунун 2019-жылды жыйынтыктаган көрсөткүчүн карасак, жемкорлукту кабыл алуу индекси боюнча Финляндия дүйнөдө 180 өлкөнүн арасынан 3-орунда, Кыргызстан 126-орунда жайгашкан.

1990-жылдардын ортосунан тартып өлкөнүн экономикасында дүркүрөгөн өсүш башталган. 1993-жылдан кийинки 7 жылга, же 2000-жылга чейин ички дүң өнүмү орточо алганда жыл сайын 3 пайызга өсүп турган.

Анын башкы кыймылдаткыч күчү - ички суроо-талап жана жеке менчик тармактардын базар экономикасы кырдаалындагы эркин ишмердиги болгон.

Турак-жайлардын пайызы арзан болгондуктан баасы кымбаттаган, үй чарбасынын кирешелери өскөн сайын чоң шаарларда кыймылсыз мүлктөргө болгон суроо-талаптар жогорулаган. Мындан сырткары чекене соода менен узакка колдонуучу импорттук товарлардын көлөмү өскөн. 2000-жылдары мамлекеттик менчиктин кирешесинин жалпы мамлекеттик кирешедеги үлүшү кыйла кыскарып, 2002-жылы 6,7 пайызды, 2006-жылы 3,1 пайызды гана түзгөн.

*      *      *

Ошентип өлкө тез эле акыл-эсин жыйды дагы, мурдагы кылчактаган авторитардык коммунист коңшусу (СССР) жок, эми Европа Биримдигине жана Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирип, өз базарынын каалгасын европалык жана дүйнөлүк базарга ачты. Өнөр жайдын таптакыр жаңы тармактары негизделди.

2000-2012-жылдары дүйнө жүзүн тамшанткан уюкфондордун ошол кездеги уюктук байланыш технологиясына ылайык сапаттуу түрүн өндүргөн "Нокиа" корпорациясын (Nokia Corporation) да финдер негиздеген. 2006-жылы бул компания АКШнын сыртындагы дүйнө жүзүндөгү телефон байланыш компанияларынын ичинен 4-орунду (АКШны кошкондо 20-орунду) ээлегенин "Форчун" журналы жазып чыккан.

Ачык базар мамилелери шартындагы экспортко багытталган экономика Финляндияны кризистен тез эле сууруп чыкты. Азыр Финляндия өзүнөн өндүрүп чыккан товарлардын 80 пайызын дүйнө жүзүнө экспорттоп турган өлкө. Кагаз чыгаруу өндүрүшү боюнча дүйнөдө 1-орунда турат. Типографиялык кагаздарды дүйнөгө экспорттоонун 20 пайызы да ушул фин өлкөсүнө туура келет.

*      *      *

Өлкөдө бардык иштер калктын жыргалчылыгы үчүн гана жасалат. Дүкөндөрдүн ичин аралай баштагандан тартып чыкканга чейин, улам бир жерине токтоп, нан, сүт, дагы ушул сыяктуу керектүү оокаттарыңды сатып алып кайра сыртка чейин, эгер бала менен жүрсөң, атайын кол арабаны түртүп жүргөнгө ылайыкталган жолу, балаң жылжытып салса, анын жалаягын чайкап кургатып ала койчу «кургаткыч бөлмөсү» даяр.

Эгер токойго барып эс алгың келсе, бара турган токойдун ичиндеги жолдорго атайлып таарынды себелеп койгону…

Айтор, бул өлкөдө жашаганыңан баскан-турганыңа чейин мамлекет жана анын тармакташкан калайыкты тейлөө кызматы камкордукка алган.

*      *      *

Пенсионерлер шаардын ичиндеги автобустар менен шаар аралык поюздар үчүн жолкиренин 50 пайызын гана төлөшөт, бассейндер менен атайын ден соолукту чыңоочу жайларда кыйла жеңилдиктер каралган.

Пенсияга чыккандан кийин жыйнап жүргөн акчаң болсо Испания же башка өлкөдөн там сатып алып, кааласаң көчүп кетсең болот. Өңчөй пенсионерлер үчүн атайылап салынган, бардык шарты камсыз кылынган бүтүндөй айылдар бар. Дүйнө жүзү боюнча эң жогорку пенсия да дал ушул Финляндияда. Тактап айтканда орточо пенсия 1900 доллар же 1344 евро, пенсиядан тышкары да карылар үчүн биртоп жеңилдиктер каралган.

*      *      *

Мындан 9 жыл мурда Американын "Ньюсвик" журналы дүйнөдөгү эң мыкты жашаган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Ошого ылайык:

1. Финдердин орточо айлыгы—4 миң доллардан ашуун болгон,

2. Финдердин орточо пенсиясы орус рубли менен эсептегенде - 116 миң рубль, ооба, дал ушундай.

3. Дүйнө жүзү боюнча эң жогорку пенсия - финдердин пенсиясы, же 1900 долларды түзөт. (жогоруда да айтылды)

4. Финляндия - коррупциясы жок өлкөлөрдүн ичинде дээрлик 1-орунда турган.

5. Мамлекеттин ичинде коопсуз жашоо деңгээлинин жогорулугу жана кылмыштуулуктун жоктугу боюнча да ал 1-орунда турат. Полицейлер фин элинин анык коргоочусу жана эң ишенимдүү досуна айланган. Бир жакшы жери, бул жерде эч ким эчкимди уурдабайт. Алтургай дүкөнгө же дагы бир жакка кеткенде үйлөрүн бекитпей эле кете беришет. Бир кызыгы, кайсыл бир жылы ачык турган үйгө кирген ууру кармалып, аны иликтей келгенде, анысы - коңшу өлкөлөрдүн биринен келген шумпай, андан да ал - мурда ошол өлкөсүндө күч органдарынын биринде иштеген майда аткаминер болуп чыккан.

6. Дүйнөдөгү эң эле бакубат жашаган улуттардын рейтинги боюнча финдер кээде 1-же 2-орунда, бирок дайыма ардактуу 3-орундан түшпөй келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.

7. Бир кездеги токойчулардын урпактары болгон фин эли бүгүн дүйнөдөгү эң эле билимдүү деген калктардын бирине айланган. Финляндия калкынын 96 пайызы интернет менен камсыз болгон. Бул көрсөткүч Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдикке кирген өлкөлөргө салыштырганда алда канча жогору турат дегендик.

Эмне үчүн СССР кулагандан кийин украиндер, белорустар, молдовандар менен армяндар финдер жасаганды жасай албай келатышат. Анын үстүнө украиндер менен беларус, молдован, армян жеринин климаты - финдердикиндей катаал эмес, жумшак эмеспи. Ресурстарга да бай.

Эмне үчүн Балтика боюндагы мурдагы советтик өлкөлөр (Эстония, Латвия жана Литва) Финляндияга дээрлик окшогон терең өзгөрүүлөргө жетише алышты? Алар жөн гана Евробиримдикке умтулуу менен чектелиштиби?

*      *      *

Эми кайрадан Григорий Петровдун китебине келели.

Петров фин эли, Финляндия тууралуу жазат. 5 жарым миллион калкы бар, Финдер аябагандай эле шордуу эл болгонун, 600 жыл бою шведдердин кол алдында эзүүдө жашап, 1809-жылы падышалык Орусиянын кармагына өткөнүн баяндаган.

Орустардын карамагында болуу финдерди өз маданиятын көтөрүүгө кыйла мүмкүнчүлүктөрдү берди. Канчалык артта калган, караңгы эл болгон күндө дагы элдин ичинен бир күнү элим деп күйгөн эр азаматтар чыкпай койбойт тура.

Ошондойлордун бири Юхан (Йохан) Вилгелм Снелман (шведче Johan Vilhelm Snellman, 12.5.1806, Стокгольм, Швеция — 4.7.1881, Киркконумми, Финляндия) баштаган айдың жаштар болгон.

Бирок ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Снелман биздин айрым кыргыздарга окшоп бийликке, мансапка умтулган эмес. Ал фин интеллигенциясын түзүүнү көздөп, элдин арасынан мугалимдерди, укуктук билими бар адамдарды, мамлекеттик кызматта иштеп калган чиновниктерди, дин устаттарын чогултуп, «элибизди жакшылыкка тарбиялайлы, үй-бүлөлөрдүн бакубат, ынтымак, ырыс-кешик менен жашашына жетишели, күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн сыйлоого жетишели, балдарга билим, таалим-тарбия берүүгө жетишели, элибизди жалкоолуктан эмгекке үндөйлү, оройлуктан, түркөйлүктөн, кыз-келиндерибиздин аңкылдап көрүнгөн менен айтышып, ар кайсыл жерде ажылдап, ичип жүргөнүнөн арылалы, аларды аялзатына Кудай тартуу кылган назиктикке, энелик мээримге, сулуулукка, айбандарга да энелик жүрөк менен кароого кайрылып келүүгө үндөйлү, жаштарыбызды тартипке, айбийрдүүлүккө, башкалардын укуктарын сыйлоого, чынчылдыкка, калыстыкка үйрөтөлү, деп айткан. Анын "фенноман" (фин тилинин эне тил катары коомдогу ролун чыңдоону талап кылган) жактоочулары ушул эрежелерди сиңирүү үчүн шаарлар тургай, алыскы кыштактарды жөө кыдырып, кары-картаңдардан тартып, жаштарга, балдарга чейин таалим-тарбия, билим таратышкан.

*      *      *

Кытайдан билим алып келген мыкты жаштар Кытайды, Европа менен АКШдан билим алып келген мыкты жаштар Европа менен АКШны мактап, бир пикирге келише албай талаша берүүнүн ордуна, бүгүн башты да, башка жыйнаган билимдерин да бир жерге уютуп, билим-илимден артта калган Кыргызстанды, кыргыз жаштарын, улуулар менен кичүүлөрдү накта билим менен агартууга айыл-кыштактарга аттануулары аба менен суудай керек болуп турат.

Бизде мечиттердин да мезгили өттү. Алар колунан келишинче таалим-тарбия берди, бирок эмнегедир жүрөктөргө бирдей ыйман нурун себе албады...

Биздин эл саясатты да көрдү. Бийликтердин алмашуусун да көрдү. Саясаттан кыргыздарды кыргыз кыла турган эч жакшылык чыккан жок... Дагы чыгаарын Кудай билет. Чыкканча эл жок болуп кетиши мүмкүн...

*      *      *

“Бүтүндөй бир Финляндияны бөлүп жаргандар элдин душмандары, элдин саткындары экендиги эсиңерде болсун. Фин элин бир үй-бүлө деп түшүнөлү. Элибиздин караңгылыгы, оройлугу, түркөйлүгү, уят-сыйытты билгиси келбеген аракечтиги, жаман-жакшы эмне экенин ойлонбой бирөөлөрдү ээрчип кете берген оомалыгы же карөзгөй фанаттыгы, уурулугу менен жакырлыгы биздин элибизди башка элдерге, биздин Финляндиябызды башка өлкөлөргө уят кыла турган жаман нерсе. Биз ушулардан арылалы”, - деп Снелман фин элине кайрылган.

Анан ал кышкысын лыжа (чаңгы) менен, жайкысын кайык менен, же жөө жер кезип, бүтүндөй Финляндияны аралап, ар бир киши менен жолугуп, маектешип, окуй алгандарына китептерди берип, кат тааныгандары менен кат жазышып турду.

*      *      *

Снелман ошондой эл аралап келгенден кийин: «Мен Финляндиянын эң эле артта калган айылдарына чейин барып, үйлөрүндө шамы жокторго шам жагып келдим. Мындан да жарыгыраак күйсүн деп чырактарына май куюп келдим», - деп айтчу.

*      *      *

Ал бир жол минтип айтты:

- Мен силерди күнөөлөш үчүн келгеним жок. Мен силерге оорукчан киши дарыгерге келгендей өз каалоом менен келип олтурам. Силерге мен эл орой, эл кара мүртөз, эл саткын, эл калпычы, эл кошоматчы, эл бүгүн келгендерге бирди сүйлөп, эртеси башка бирөө келсе ага башканы сүйлөгөгөн эки жүздүү болуп кетти. Эл бүгүн эчкимди сыйлабай калды, эч кимге ишенбей калды. Ким болбосун шектенүү менен карачу болду. Элдин руху катуу ооруп турат. Бул өтө коркунучтуу оору. Бул бир кезде бүтүндөй эл-журттарды кырып кеткен кара тумоодон да коркунучтуу илдет.

Биз рухубузду Элибиздин эл болушуна, Финляндиянын гүлдөп-өсүшүнө байлашыбыз керек. Жакшылыкка байланбаган рух бир күнү бузулуп, чирип жок болот. Анын менен эл да жок болот. Мамлекет да жок болот. Коом да болбойт. Булар жок болсо үй-бүлө да болбойт, мени угуп турган силер да жок болосуңар.

Кудай алдында, өз элиңердин алдында таза болгуңар келсе, анда күнөөнү айлана-тегерегиңерден, силер жактырган, силер жакшы көргөн же силер жактырбаган, силер жаман көргөн адамдардан издебегиле? Күнөөнү өзүңөрдөн издегиле! Элди ыйманга чакыруудан мурда ар бириңер өзүңөрдү ыйманга чакыргыла. Кудайды башкалардан эмес, өзүңөрдөн издегиле!

Көкүрөгүңдө Кудайга орун болбосо, анда сенде элге-жерге деген сүйүү да жок, намыс да жок экенин бил!" - деп сүйлөгөн.

*      *      *

Бүгүн мен өзүбүздүн жаштарга дал ушул Снелмандын айткандарын окугула дээр элем.

Кечээ социалдык түйүндөрдөн Роза Исаковна Отунбаеваны жамандаган ыплас сөздөрдү окуп жаман болдум. “Минтип бири-бирибизди жамандап олтуруп кайда барабыз? Ушунчалык уяты жок, ушунчалык наркы жок, наадан эл эмес элек го? Эмне болуп кетти? Кыргызга ким бирөөлөрдүн көзү тийдиби?” деп ойлодум.

Жээнбеков “жоголуп” кеткенде биз тургай дүйнө лидерлери эмне кыларын билбей, “акыл-кеңешибизди кыргыздын кимисине айтабыз?” деп турганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы, дүйнө мамлекеттеринин баары бирдей сыйлаган бирден бир адам Антониу Гутерриш Кыргызстандан жападан жалгыз Роза Отунбаевага чалып сүйлөштү го: “Эмне эле болуп атасыңар?” деп...

Отунбаевадан бөлөк бир да кишибизге чалган жок го? Жанагы “баарын билген” “бут-колу жок тоголок жазармандарга” чалган жок го? Ал “Билип бергилечи? Коңшуңар эмне болуп жатат?” деп Рахмонго же Мирзиёевго, же бизди бизден жакшы билген Владимир Путинге чалган жок го?!

Көрсө, Кыргызстанда дүйнө сыйлаган адамыбыз бар экен да! Дүйнө сүйлөшө ала турган кишибиз бар экен да! Ал Роза Отунбаева экен да! Биз—кыргыздар, акыл-эсибиз ордунда болсо, ушун үчүн эле сыймыктанышыбыз керек эле го?! Тилдеп, жаман сөздөр менен сөгүнгөндүн ордуна! Жалган жалааларды жапкандын ордуна!

Бир аз ойлонуп көрсөк болот эле го: “Эмне үчүн БУУнун Башкы катчысы түрмөдө олтурган мага телефон чалбай, Отунбаевага чалат?” деп.

Ушул бүгүн Адахан Мадумаровду, Бакыт Калмаматовду, Клара Сооронкулованы, Элвира Сурабалдиеваны, Сания Токтогазиеваны, Садык Шерди, Жанар Акаевди, Рыскелди Момбековду, жакындан бери Өмүрбек Текебаевди жана башкаларды “бузулган, ыплас, ыймансыз” сөздөрү менен ашатып аткан, сөгүп аткандарды мен элдин катарына кошпойт элем. Кыргыздын жигиттери качан ушундай ким көрсө эле кабаанак иттей баса калып алкынып, жулкунуп турчу эле?

Кыргыздын кыз-келиндери качан өйүз-бүйүз туруп алып, этегин түрүп алып кыйкырып турчу эле?

Кошуна элдер эмне дейт? Дүйнө элдери эмне дейт? Мындай “телибай-тентектерге” ким башчы болот? Мындай “телибай-тентектери бар” элдин башчысы Манас болсо да, кийин кайсыл эл мамиле түзүп иштегиси келет?

Эртең эле алар: “Силер кайдан чыккан элсиңер? Ыйман көргөн, таалим-тарбия көргөн, маданият көргөн, Ата-Эне көргөн эл да ушундай болобу?" - десе эмне дейбиз? “Жалаң эле бандиттерден туруп калган элсиңерби?” десе эмне кылабыз?

Биз деген бөлөк планетада жашаган эл эмеспиз да, “урганым жок!” деп көчүп кете бергендей. Баарыбыз Жер төгөрөгүндө, бир планетада, “бир үйдө” жашап турабыз го? Бир үйдө жашап тургандан кийин, алакандай элибизди бөлүп-жарганды, элибизди “кемирип-кесип, жеп бараткан” жаман нерселерди токтотпойлубу?

Эсиңердеби? Каркыраны алып калабыз деп барып, маркум Дооронбек Садырбаев Түп аймагында өзүн жумуртка менен койгулаган аялдарга жаны кейип: “Калк эмес экенсиңер!” деп боздогону? Эсиңердеби Каркыраны сактайм деп барып маркум Болот Шердин ошол ажаан аялдардан “муш” жеп сыздаганы...

Элибиз жакшылык көрүш үчүн дагы канча жолу азап тартышы керек? Эмне үчүн өткөндөрдөн сабак албай койдук? Же бул атайылап кыргыз элин тукум-курут кылыш үчүн бирөөлөрдүн тымызын жасап жатканыбы? Эсибиз бар кезинде этегибизди жыйбайлыбы?!

*      *      *

Өткөн кылымдын 90-жылдарында же СССР империясы кулагандан кийин, ага дейре бири бирине байланып турган өлкөлөрдүн баары адегенде ата-энесиз калган жетим баланын кейпин кийгендей боло түшкөн. Ошол кездери Кыргызстан да ошондой болгон.

Биздин эсибизде көп нерселер сакталып калды. Мен анда Кыргызстандагы алгачкы эркин гезиттердин бири болгон «АСАБАда» иштеп жүрчүмүн. Гезиттин редактору Эшимканов Мелистин бир тууган иниси, маркум болуп кеткен таланттуу журналист Эрнис Асек уулу да агезде бизде иштечү. Ошол айтып калды:

- Ат-Башыга барып келдим, - деп.

- Ии, кандай экен? - дедик.

- Бардак… Баягыдай эмес, эл эмне кыларын билбей калыптыр. Жердин, малдын баарын жеке менчикке таратып жатыптыр. Ишенесиңерби, бир койду бир бөтөлкө аракка алмашып ичип жүргөндөрдү көрдүм, - деген эле.

Ошондо чын эле ошондой болгон. Айдап келаткан койлор короосун таппай, туманга кирип адашкан сыяктуу, агезде кандай кыларыбызды билбей биз да адашканбыз. Ага чейин мамлекети болбогон элдин башчылары кулаган үйдү жөлөп-таяп кайра тургузганга эмес, жалаң талап-тоноп алганга, өзүнө жана өзүнүн жакындарына көбүрөөк үлүш алып калганга гана басым жасады...

*      *      *

Дагы бир окуяны айта кетейин. Илгери айтылуу Алай өрөөнүндө улуу-кичүү калк чогулуп, калктын ичинен ак сакалдуу карыя чыгып:

- Оо, эл-журт! Бул эл башкарам, эл багам деп арабыздан далай эр азаматтар чыкты. Макул дедик. Бирок ушул кезге дейре бирөө дагы жарыткан жок. Баары элди эзип, элди ичип-жеп туруп алды. Айлабыз кетти. Эми эркектерден эмес, башкадан койбосок болбой калды. Араңарда эл баштай турган ургаачы затынан барбы? - деп кайрылат.

Ошондо топтун ичинен орто бойлуу, кара сурдун сулуусу суурулуп алдыга чыгып:

- Айланайын ата, эгер мени “ургаачы канчык” дебесеңиз, арстан болуп берчү ургаачы менмин! - деген экен.

Ошол кадимки датка энебиз Курманжан болуптур...

... Кыргызстан өз алдынча өлкө болгонунан бери дээрлик 30 жыл өттү.

Бирде туман тарап, тарай калганда элибиздин башы көрүнө калып, кайра туман каптап, туманга киргенде эл тургай элди башкарабыз дегендерибиз көрүнбөй... Эптеп-септеп жөөлүп келаткан эл болдук.

Далайлар тумандан чыгып, Финляндиядагы жана Балтика боюндагы элдердей өз алдынча жашап кетти. Оңуп кетти. Биз тумандан чыгабызбы, чыкпайбызбы, билбейм...

Эгер мындан ары карай да ушинтип тиреше берсек, эл экиге, эл үчкө бөлүнө берсек, акыры кайран кыргыз эли тургай жеринен жок болуп кетерин эстегиле?!

Руху ооруп турган элди биротоло өлтүрүп албайлы!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз