Виктор Подволоцкий: Рей Бредберинин жашоо жана өлүм жөнүндө ойго салган накылдары

  • 30.11.2020
  • 3202

Жазуучу Рей Брэдбери өз өмүрүндө жүздөгөн аңгемелерди, көп сандаган макалаларды жана ырларды, бир нече роман-бестселлерлерди жазган. Анын эң белгилүү чыгармаларына – антиутопия “Фаренгейт боюнча 451-градус”, “Марс хроникалары” аттуу аңгемелер цикли жана өз өмүрүнүн айрым жерлеринен алынып жазылган “Каакымдан ачытылган вино” деген чыгармаларын киргизсек болот. Анын ушул жана башка эмгектериндеги айтылган акылман ойлор өз алдынча таралып, убакыттын өтүшү менен баалуулугун жоготпой келет. Мына ошол ойлордон мисал катары төмөндөгү анын ойлорун сунуш кылам.

  • Жашоодон эң биринчи эле билгениң – бул өзүңдүн кемпай экендигиң. Акыркы жолу билгениң – ошол эле кемпай боюнча калгандыгың.
  • Жашоону уланткың келсе, жашоонун маңызын издейм деп убара болбо. Жашоо бардык суроолорго өзү жооп берет.
  • Көзүңдү чоң ач, он секунддан кийин өлүп калчудай жанталашып жаша. Дүйнөнү таанып билгенге аракет кыл. Ал фабрикада акча төлөнүп жасатып алган эң сонун кыялдан да мыкты. Кепилдик сураба, бейпилдикти издебе – андай жаныбар бул дүйнөдө жок.
  • Өлүм – бул тирүү болуу ыракаты үчүн космос менен эсептешүүнүн ыкмасы.
  • Адамзатка берилген бир чети кайгылуу, бир чети бактылуу үлүштүн мааниси, өзүбүз турган жерден, бара турган жерибизге чейинки аралыкты тынымы жок өлчөп-ченеп жүргөнүбүздө.
  • Биз баардыгыбыз – убакыт машинесибиз. Мына ошондуктан карыялар мени дайыма сыйлап угушат. Анткени мен билем: азыр бул жашыруун топчумду бассам 1900-жылга жетип барам. Же жарандык согушта болом. Бала чагымда мен Жарандык согуштун ардагерлерине жолуккам!
  • Коё бергенден мурда, кармаганды үйрөн. Жашоону муунта кармабаш керек – ал жеңил кармай алгандарга баш ийет. Кээ бир учурларда анын жетегинде болуп, кээде ага эркиндик бериш керек.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз