Дилазык: Ар кимдин өз жолу бар

Биз бирөөнүн кемчилигин бат көрөбүз. Бирок жашоодо ар бир адам өзүнүн кайталангыс жолун басып өтөт. Анын ар бирин өзүбүздүн көз карашыбызга салып, сынга алуу туура эмес. Бул икая мына ушул тууралуу.

Бир айылда беш дос жашаптыр. Күндөрдүн бир күнүндө алар кеңешип, алыскы сапарга чыгып, ар бири өз тагдырларын издөөнү чечишти. Достор көпкө чейин жөө жалаңдап жүрүп олтурушту. Кокту-колоттордон өтүштү, ашуу ашып, дарыялардан кечишти. Жүрүп-жүрүп олтуруп калың токойго киришти.

Жолдо адашып, багытты таппай калышты. Эмне кылышты кеңеше башташты. Бирок ар бири өз айтканын бербеген бири-биринен өткөн кежир немелер эле. Ар бири өзүнүн айтканын бербей талашып, келише албай ар кимиси өз алдынча кетмей болушту.

Биринчиси – мен оңго барам деп, өзүнө туура көрүнгөн жолго түштү.

Экинчиси – жок, солго барыш керек деп талашып, сол тарапка жөнөдү.

Үчүнчүсү – артка кайтып, келген жолду табууну чечти.

Төртүнчүсү – токой аралап түз кетти.

Бешинчиси – тигилердин артынан карап бир паска ойлонуп турду да, анан тегерегиндеги эң бийик даракка чыгып, айланага көз жүгүрттү.

Оң жакта адегенде саз болуп, андан өткөн соң ачык жерлер улам барган сайып кеңейип кетерин көрдү.

Сол тараптагы талаанын ары жагында чоң дарыя ийри-буйру болуп агып жатат. Дарыяны бойлоп бир аз өйдө басса, көпүрө менен өтүп кетсе болот экен.

Артка кайтса, жол узарчудай, бирок сөзсүз баягы өздөрү сапарга аттанган тааныш жерге жетип, жолун кайрадан баштаса болчудай.

Алдыга түз барса, жырткычтар толтура жашаган калың токой жатат.

Бешинчиси эң кыска жолду тандап алды. Ал жакшы эс алып, тандаган жолуна түштү.

Эмнеси болсо да беш дос өздөрүнүн каалаган шаарларына жетишти.

Биринчи дос сазда жакын өскөн дарактардын бутактарына жармашып жүрүп өтүп кетти. Дал ошол учурда ага ушул ийилчээк дарактардан эмерек жасап сатуу жөнүндө ой келип, ошол оюн ишке ашырды. Ал шаардагы кадыр-барктуу ишкер адамга айланып, үй-бүлө күтүп, бактылуу турмуш кечирди.

Экинчи досу көпүрөнү таба алган жок. Ал дарыя аркылуу сүзүп өттү. Ал башкаларды сууда сүзүүгө үйрөтүүнү чечти. Бара-бара өз кесибинин чеберине айланып, окуучулары көбөйдү.

Үчүнчүсү шашпай жүрүп олтуруп эски жолду тапты. Ал байкагыч жана өз ишин тыкан кылган адам эле. Ал мыкты географ болду.

Төртүнчүсү баарынан эр көкүрөк, коркууну билбеген досу, токойдогу жырткычтарга өзүнүн кайраты менен күчүн көргөзүп, аларды өзүнөн алыс качууга мажбур кылды. Ал токойдон чыкканда анын кесиби тобокелчиликке байланыштуу болорун сезди да, үйрөтүлбөгөн жапайы аттарды үйрөтө баштады.

Бешинчиси болсо шаардын башчысына кеңешчи болуп, ага ар кандай оор абалдан кантип чыгуунун жолдорун үйрөттү.

Бир жолу алар чогулуп чогуу тамактанышты. Алардын ар бири өзүн бактылуу сезишет экен. Алар токойдогу адашуудан кийин ар кимиси өз жолдорун туура табышканын кеп кылышты.

Алар бири-бирине мындай дешти:

– Биз өзүбүздүн жолубузду туура тандап алыптырбыз. Ар бирибиздин чечимибиз эң сонун жана туура чечим болуптур.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз