Динара Бейшеналиева: Эртели-кеч эсте, эскер

  • 03.12.2020
  • 3714

Адам, сен бу болмуштун данегисиң,
Адам, сен ааламдардын карегисиң

Дарак жерде өсүп турат. Кара топурак болбосо куурары чын. Жердин гравитациялык тартуу күчү Айды өз орбитасында кармайт. Бири жок болсо, бири жок. Бири-бирине жипсиз байлаган Кудай Таала даанышман. Жараткан Кудайдын илими чоң океан болсо, жаратылган пенденин илими, океандан кашыктап сузуп алып даам таткан сыңары. Космоско учканыбыз, анатомия, астрономия окуганыбыз, Айдын аркы бетин караганыбыз ошол кашык сууда. Мындай болду, чексиздикти асман-жерден табуу да кыйын окшоду. Дегеним, кашык суу бир эле ууртам, чексиздик - чексиз. Анда кеңдикти кең көкүрөктөн издеп көрөлү...

*     *     *

Үңүлдөгөн ааламда үлкөн агым,
Үстөм, үстөк чексиздик, эки жээк бар.
Шол чексизди тизгиндеп, багып турган,
Жүрөк деген ааламда муштум эт бар.

Жоктон барды жараткан күйүү, өрт бар.
Өтмөк, тоскок өкүнтпөс сүйүү чеп бар.
Шол сүйүүнү  жанында жагып  турган,
Жүрөк деген ааламда муштум эт бар.

*     *     *

“Ар адамдын душманы болот” - деп калышат чыгармачыл досторум, кулак деле төшөй бербейм.  Ийи, ошондой деп да коштобойм. Билем, адам акты издесе акты, көктү издесе көктү көрөт. А биз өзүбүз менен өзүбүз. Алдыга да озуп кетпей, артта да калбай, айтор, эл ичинде кыбырап келатырбыз. Балачакта кармаган калемибиз экөөбүздү айтам. Жүрөккө сүйүүнү мелт-калт жүктөп, жолдобуз. Бир түшүнгөнүм “сен жогортон келгенди, Жогоркуга татыктуу жүрөк менен кагазга түшүрүп коё бер, калганы Кудайдан. Эгер Жогорго татыктуу боло албасаң  убакытка убал. Ак кагазга убал. Анда, калемиңди таштап сал. Эгер чындап эле акты жазсаң ал эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү чыгары, ак таңдардай агарары, агартаары күтүлүү” деген жараталыштын  мыйзам ченеми болду. Ошол ченемдемин.  Чыгып эле калсам болду, окулуп эле калсам болду деп жазбайм. Ар сабым жүрөк  жылыта алса экен, жарык тартуулай алса экен деп тиленем. Садака-зекет жарыгы көрүмө чейин барсын дегидей бай да жашабадым. Бак тиктим. Бала өстүрдүм. Анан ушул тамчылар...

*     *     *

Кээде өмүр кермек тартат,
Шондо өлүм  бал өңдөнөт.
Кээде муз-таш - ысык, жалын,
Шондо жансыз жан өңдөнөт.

Жашоо эмне? Бар нерсеби?
Жемектерге - чар нерсеби?
Жакшылыкта эрий карар,
Жамандыкта тар нерсеби?

Ачуу, таттуу зар нерсеби?
Азем кылар  ар нерсеңди.
Эй, Динар кыз, болгон белең,
Бороондордо кар нерселүү...

Болгом. Көргөм төрт тарабын,
Төбөң, досуң, каршылашын.
Чындык анан  жалгандарын,
Чым жээктерин, Аршылашын...

*     *     *

Уйкум келбейт. Үч айдан бери суткасына 3-4 саат эле уктайм. Таңында туруп, үй ремонттоп, түнү менен көшөрүп сеп тигем. Колдорум жарылып да кетти. Чарчайм. Жакшылыктын чарчоосу. Себеби, кызымды турмушка узаттым.  Бактылуу болгонго татыктуу, эстүү кызым бар. Ылайым, бактылуу болсун!

Базар, той, тойкана, эшик төр көргөзмөй, эшик төр көрмөй... Акыркы церомония кошуналарга  чай берип бүтүп, отурган жеримде уктап калыптырмын. Үч сутка уктадым. “Эй, чай иччи”,- дейт жолдошум, ийи, ичем дейм да көзүмдү ачалбайм...

 Сыртта суук. Меште от дуулдайт. Эс алып калыптырмын. Жыгач отундун чатырап күйгөнү кандай керемет....

*     *     *

Майдачылык, майдалаба,
Алдыман чыгып-чыгып,
Күйгүзбө  эки дүйнөм,
Кагаздын күйгөнүндөй.
Куур тон куда тостурган,
Чүпүрөк-сапырак,
Сапырылбачы жапырак үймөгүндөй.

Канча күн ыйманым,
Ырларым  силкидим.
Бараткан жолумдан тайсалдай илкидим.
Этегим тартканда жеңиме жетпеген,
Кереги бар беле “жемиштүү”  күлкүнүн.

Өңсүздөн өлгөн жок,
Өзөн, суу, асмандар. 
Океан, абаң да жатат ко чалкалай. 
Боёктор,
Эй боёк, көрүнбө, кет нары, 
Бип-бийик Мунарың,
Бир ирмем талкалаар...

*     *     *

Кыштын  сулуу  узун түндөрү бар. От дуулдайт. Ой дуулдайт.

Анда “Асаба” гезитинен бошогон элем. Үч сутка сулап жаттым анда да. Эртең менен душка түшүп чыгып, коридордон өтүп баратсам бирдеме жылтылдап кетти. Кайра артка кетенчиктеп келип карасам, өзүмдүн көзүм экен. Коридордо чоң күзгү турчу эле да. Чачымдан суу шорголоп, көзүм жылтылдайт. Эки көзүм ошончо бозоргуча иштедимби деп  али күнчө таң калам. Гезит адамды түгөтүп жиберет экен. Ырың да жок, сырың жок роботсуң. “Асабага” макала издеп, гүлдөн гүлдү тандаган бал аарылардай ызылдаар элек. “Жунгли законуна” мынабу-мынабуну мынча жолу сайып деп криминал казып чыгып. “Пайшамба”, “Ош пирим” тиркемелерине да макала берип үлгүрчүбүз.  План түзүп отурган Мелис байке “Тиркемелерге келгенде эле тириле каласыңар да” деп  күлдүрүп калар эле. Башкалардын иш күнү ишканада эле бүтөт. Журналисттики үйгө чейин ээрчип келип, түшүңө да кирип чыгат эртеңки жазчу макалаң...

Жарышка түшкөндөрдүн арасында Нажимидин деген да жигит бар эле. Тааныбай, унутуп да калыпмын. Мындан бир топ жыл илгери үйгө конокко келди. Башына селде оронуп алыптыр. Биз жаңы жыл тосуп, шампан кагыштырып аттык. Ал болсо чөк түшө отура калып, намаз окуду. Эртең менен кетип баратып колума бир китеп карматып кетти. Ошол китеп  өмүрүмө төңкөрүш жасады. Жолдошумдан Нажимидин кандай жүрөт деп сурайм.  “Айылга көчүп кетсе керек”, - деп коёт.

Утурумдук дүйнө иштерин жыйыштырып, түбөлүктүүлүктү беттенип бараткан жалгыз калемгер менимче. Биз жазган болобуз. Биз жазгандарды ал небак кечип өтүп кеткен болсо керек.  Ак жол!

Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев агайларыма айтаар көп ыракматым бар, Кудай бейишине алсын. Шайлообек Дүйшеев, Бекташ Шамшиев, Абдыкерим Муратов, Султан Раев, Түгөлбай Казаков агайларымды сыйлайм. Биз ал кишилерден көп нерсе үйрөндүк...

*     *     *

Баары жалган. Жалгандыгын билемин.
Билемин да анан кандай күлөмүн.
Ойдолоктоп, миң бир кайкып турсам да,
Ойго баттым, онтойт бүгүн  жүрөгүм.

Оо Жараткан, кай сулууңа бата алам.
Улуулугуң кандай гана тата алам.
Чөп, бүр эмес, адам болуп калганым,
Качан, кантип, кай мөөнөттө жазалам.

Кай мезгилиң кандай гана чайкайын.
Кай кушуңду, кай кышыңды айтайын.
Жүзүм жуулуп, жүрөк согот керемет,
Кереметтен кандай, кантип кайтайын...

*     *     *

Эл ооруганда биз дагы оорудук. Ошондо маркум апам түшүмө кирди. Экөөбүз жүрүптүрбүз. Сүйлөбөйт. Бирок эмне айтып жатканын билип атам. Аялдамадан ары туруп алган экенбиз, автобус албай кетти. Эмнеге туура эмес жерге туруп алганбыз деп ичимден кейип коём. Апам курулуп бүтө элек үйлөрдүн  жанынан өткөрүп коюп кетип калды.

 Эртеси ооруканага түштүк. Чүй облустук ооруканасынын врачтарынын мыктылыгын айта кетпесек болбос. Кыйналып келгендердин баарын кабыл алып, ыкчам жардам көрсөтүп жатышты. Бизди караган врач дежур врач жүрсө да үйүнө кетчү эмес. Асманды уратпай турган адамдар көп. Мен аларга  кадам сайын кездешчү болдум... Ал врач бизди сегиз күн дегенде аякка тургузду. Өмүрлүү болсун!

Үйгө келатканыбызда баягы түшүмдөгү үйлөрдөн  өттүк...

*     *     *

Апам айтат: “Өлгөн жокмун,
Мен кызымда жашаймын.
Кудай дегин,  жайчы алакан,
Мен тушуңда жашаймын.
Эртели-кеч эсте, эскер,
Мен ушунда жашаймын.

Апам айтат: “Өчкөн жокмун,
Жангандарда жашаймын.
Жарыктыкка, жакшылыкка
Баргандарда жашаймын...
Артымдагы куран окуп,
Калгандарда жайшаймын...”

Апам айтат: “Кайткан жокмун,
Баткандарда жашаймын.
Жабыркаба дегеле эч,
Жазгандарда жашаймын.
Алыс бармын, жакын бармын
Асмандарда  жашаймын”.

*     *     *

Апам мени 18 жашында төрөптүр. Апабыз кечээ жакында каза болордо эле өзүн таштап жиберди, болбосо аябай жаш көрүнчү. Сулуу дагы эле.  Уктаганда да көкүрөк  башы көрүнбөй, жоолугу башынан шыпырылбай, төшөк-пөшөгү түрүлбөй бир калыпта уктачу. Уяты бар кишинин уйкусунан да ыйман көрүнөт экен. Сабырдуулук, чыдамдуулук менен түптүз жашап  өтүп кетти кайран киши! Ошол 18 жашында  бала эле көрүнсө керек ко. Себеби,  “аялдар эшикти кыңкайта ачып алышып, улам баш бага карай беришер эле”, - дейт. “Көйнөкчөн туулгансың”, - дейт. “Эки кило болсоң да таштын жаракасынан чыккансып, үнүң бир катуу чыкчу, бүт жакка угулчу эле”, - дейт...

Билбейм, ошол жылдардан айрым бир сүрөт сүртүмдөр эске келе берет.  Чоң апам табакты кашык менен калдыратып, ыйлап жаткан мени алып отурат. Мен кашыкты карап басылып калдым. Эшиктен кемпирлер кирип келатышат.  Дагы, кышта мени бир  жакка көтөрүп баратышканы, бетимдин тызылдап үшүп атканы,  жаап коюшса болот эле, жаап коюшса болот эле  деп  атканым эсимде. Адам унуткусу келгенди эле эсинен чийип салат көрүнөт....

*     *     *

Мен жаңы туулганда бу дүйнөгө,
Көздөрүм бир каткырып күлгөн эле. 
Агылып бара жаткан суулар токтоп,
Айгайлап, айланышып жүргөн эле.
“Ал сорот айласыздык - турмуш деген,
Муктаждык  муунтат эй, нур кыз” - деген.

Мен жаңы туулганда бу дүйнөгө,
Баркырап ыңаалагам барман менен.
Агылган шамал акпай токтой калып,
“Адамды адам түртөөр жарга”- деген,
Азгырык, арзуу, азуу, калба”- деген.

Мен жаңы туулганда бу дүйнөгө
Өлүм да, өмүр дагы туулушкан.
“Коркпогун, Кудай менен сак бол”- деген.
“Калганы кайрычылар, өкүмдар мес,
Кош келдиң, кагылайын, ак бол”- деген.

*     *     *

Адам. Напси. Бул экөө эки башка, каршылаш. Бул экөө бир агым, бир күч.

Напси жөнүндө мындай бир икая бар. Илгери бир данышман өзүнүн шакиртине: “Сен окуп-чокуп илимдүү болдуң. Энди, ошол алган илимиң канчалык, баам салалы. Өзүңдөн төмөн турган нерсени таап кел” - дептир. Жигит издеп жолго чыгат. Бир жерге келсе, жүнү самсаалаган, арык, жаман ит жатат. Баягы итти карап туруп, ушундан өйдө болсом керек деп ой жоруйт.

Тигил итке  тил бүтөт аңгыча: “Эй адам, мен итмин. Иттигимден тайган жокмун. Мага жугунду берген ээмди эч качан сатпадым.Сен адам, ээң болгон Жаратканды жайына кой, керек болсо алдагы агытылган напсиң үчүн ата-журт, атаңды да сатканга даярсың”- дейт. Тигинин башы шылкыят. Жолун улайт. Кумалак түртүп келаткан коңузду көрөт. Жок дегенде ушундан өйдө чыгаармын деп ойлонот өзүнчө. Ошол замат коңуз да адамча сүйлөп кирет: “Эй адам, мен коңуздугумдан тайып, гүл искеп кеткен жокмун. Мени Жараткан дүнүйөнү ушундай жол менен тазала деди эле, тазалап жатырмын. Кумалактан кара топурак чыгарып, сулуулар искеген гүлдөрдүн чыгышына шарт түзөм. Сен, сени багып жаткан кара жер үчүн эмне пайда келтирдиң? Напсиңди агытып, кара жерди уулап, казып, чукуп өлтүрүп жатырсың”- дейт. Жигит кирерге жер таппайт. Кыбыраган басыгын улантат. Чарчайт. Бир жерге келсе малдын тезеги жаткан болот. “Издегенимди таптым, мен  ушул тезектен өйдөмүн”- деп кыйкырып да жиберет.

Тезекке тил бүтөт: “Эй адам, сен алдагы напсиң менен менден өйдө боло албайсың. Билесиңби, мен ким элем? Мен гүл аңкыган шалбаа элем, буралган чөп элем, дан элем, төгүлгөн  мөмө-жемиш элем. Сага окшогон бир макулуктун өмүрүнө өмүр улап,  ден-соолук болом деп өз өмүрүмдөн кечип, мына ушундай өлүү жанга айландым. Сен өзгөлөр үчүн өлө албастырсың” - дейт тезек...

Ооба, ачкыч ушул жерде, напсиде. Болмуш да ошон үчүн болтурулуп, сынак, тозок, бейиш да ошон үчүн толтурулат. Оору бар болсо, дарысы бар дегендей, дары оорунун өзүндө.

 Кийизди тепкилеп бышыргандай напсини да ээн агытпай кысып-кымтып, кийиздей “тепкилеп” бышыруу керек. Бышкан кийиз сага  кызмат кылат. “Бышкан” напси “тигини жейм, муну кийем, хан сарайда жашайм” деп кулагың жеп, сени кул кылбай, “кайсы бийиктикке жеткирейин?” деп сага кул болот. Бирок бышырмак, бышмак оор дешет. Миң-миңдердин бирөөсү гана беттеген багытынан адашпай, кайып дүйнөлөрдөн кабардар өтүшөт...

*     *     *

Жаркыган тандарыңан,
Жаралыш заңдарыңан.
Адашып баратырмын,
Шамалдуу чаңдарыңдай.

Түндөрдүн жанганынан,
Түбөлүк бардамыңан,
Адашып баратырмын,
Агылган чаңдарыңдай...

Болбосо улуу элем,
Тоолордон, карларынан.
Күн, Айдан, көлмө, көлчүк,
Көлкүгөн салдарынан.

Болмушту болтургансың,
Адамдын жарыгына.
Бар элем бир үлпүнчөк,
Бар элем Жарыгыңда.

Караңгы жүздөн өттүм.
Бейишбак күзгө жеттим.
“Укпасаң, сынал” деген,
Утурум түзгө  кеттим...

Жаркыган тандарыңан,
Жаралыш заңдарыңан.
Адашпайм! Албагының,
Адамдык салмагыман.

*     *     *

Акыркы кездерде өзүмдү өзүм аяп, көп нерсени укпас, көрбөс болдум. Аял кишинин жүрөгү үлбүрөк, желбирген желге да үшүйт эмеспи. Бирок аял болгонум үчүн эмес, адам болгонум үчүн Кудай дейм.

 Баткан Күнгө балкып, чыккан Күнгө ысысам да Кудайды эстейм. Эстеген сайын байлык сурабайм. Эстеген сайын түз жол сурайм. Түбүң түшкөн дүнүйөнүн өзөгү түздүк болорун жон терим менен сездим. Непадам, оюңа кылт эткен арамдык түшсө аягың мүдүрүлөт. Оо дүнүйөдөгү кыл көпүрө - бу дүнүйөдөгү кыл көпүрөнүн көчүрмөсү. Оо дүнүйөдөгү алоонгон оттун отунун бу дүйнөдө өзүң чогултасың...

Оо, Кудай, бүтүн ааламың, бүтүн  адамзатты  ушул агып түшүп жаткан ак карыңдай ак деп тааныганга, ак жашаганга  күч-кудурет бере гөр...

*     *     *

Адам, сен болмуштардын данегисиң,
Адам, сен ааламдардын карегисиң.
Адам, сен тебеленбе жалгандарга,
Адам, сен акыйкаттын дарегисиң.

Бу дүнүйө  болгону бир көңүл экен.
Адам, сен,  улоого эле келиптирсиң.
Улоо менен уланып өмүрүң да,
Адам, сен, түбөлүктү жеңиптирсиң.

Адам, сен болмуштардын данегисиң.
Адам, сен  ааламдардын карегисиң.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз