Түмөнбай Колдошов: Жүрөктөгү портрет

  • 03.12.2020
  • 3415

(3-баян)

“Жүрөктөгү портреттин” 1-2-баянын агай окуган, мунусун окуй албайт...

*     *     *

9-ноябрь күнү агайдан SMS келди. “Түмөнбай, жакшысыңбы? Ден соолук жакшыбы?” Жооп жазгыча “Кээде, ооруп жатканда сурап турсаңар. Эки маал укол алып жатамын. Жүрөгүм гаш”  - деди. “Температурам түшпөй жатат. Кудайдан тилеп кой жакшы болуп кетсин деп”. Үйдөн дарыланып жатканын угуп, врачты ташыйынбы десем, Өмүр бар деди.

10-ноябрь күнү таңга маал ден соолугун сурасам окуду, унчукпады. Кечке “Ооруканага жаттым” деп кыска жооп жазды. Ага чейин Өмүрбектен агайга вирус жукканын уккам. Аябай кыжаалаттандым. Агай вирус жукпасын деп өзүн көп этият кармады... Бирок ал себепчи болду...  

Агайга жардам бере албай, сырттан гана Кудайдан амандыгын тилеп турдук. Көңүлүн көтөрөлү деп жакшы сөздөрдү жаздык, агай окуп, “Ракмат” – деп жооп жазат. 12-ноябрь күнү да Курманбек аке, Расул аке, Асилбек, Өмүрбек болуп ооруканасынын сыртында турганбыз. Анткени, эртең менен реанимацияга алып кириптир деген кабарды уккан элек. Тааныш врачтар аркылуу агайды өзүнчө палатага жаткыргыла, кайдыгер болбогула деп айткан менен тагдырына ушул жазылган экен... 11: 40 өткөндө мага “Ракмат” деген кат келди. Менин акыркы кабарлашканым ушул болду...

*     *     *

Агай өмүрү өткүчө кайрымдуулукту унуткан жок. Жетим-жесирге, муктаждарга кайрылып, бирөөнүн баласынын контрагын төлөп же тамак-ашына жардам берчү. Досторунун, окуучуларынын көңүлүн көп жолу кушубак кылган жайы бар. Курмандык кылганды, кайыр-садага бергенди, Кудайга шүгүр келтиргенди көңүлүнө түйүп жашады кайран киши.

*     *     *

ОшМУда ректор кезинде кабинетинде отурсак шоферу кирип келип, агайга квитанция таштап кетти. Агай аны мага берди да “Биринчи жатаканага бир тууган инимдин кызы жайгашты эле, ошонун акчасын банкка төлөтүп койдум, муну регистрация кылып койгула” - деди. Көрсө, эл катары кезек менен кирип, комендант берген бөлмөгө жашагыла деп айтып койгон экен. Ректор өз карындашы үчүн акча төлөп жатат. А коменданттын канча тууганы, канчалаган “тааныштары” бекер жашап жүргөнүн ким билет? Үлгүлүү киши эле...

*     *     *

Каныбек агай дайым публикага сүйлөөчү сөзүн өзү жазчу. Жетекчилер көбүнчө бирөөнүн жазганын окуп, өзүнүн оюн айталбай, жетеленме болушат. Бул жагынан агай бактылуу эле.

*     *     *

Айрым популисттерди көргөндө “Билимдүүлөр азайган сайын, билимдүү көрүнгүсү келгендер көбөйдү”, – деп карсылдап күлүп качу.

*     *     *

Кандай иш-чара өтпөсүн анын сценарийин, программасын бир карап, репетициясына катышып, кемчиликтерин оңдоп, “ар бир деталына чейин маани бергиле” деп көп айтты.

*     *     *

Каныбек Исаков өмүрүндө көп жакшы иштерди жасады. Жумушка байланыштуу катуу айтса, кайра бир аз убакыт өткөндөн кийин чакырып жакшы сөзүн айтып, көңүлүн көтөрчү. Албетте, пендечилик кимде жок! Көп учурда бирөөлөрдүн сөзүнө кирип, башкаларга азар берип албайын деп орун басарларынан, көңүлү жакындарынан алыстап кетчү. Принципиалдуу, стандартка сыйбаган адамдарды издейт эле. Алар менен маектешип эргийт, энергия алат. Жаңы идеялардын жаралышына себеп издечү, баарынан чарчаганда чыгармачыл балдарды чогултуп маектешчү. “Ким менен отурба ар ким өз проблемасын айтат, эч ким жардам берейин дебейт. Мындай жай турмушту сүйлөшүп отурайын десе эле бир нерселерди айтып баштайсың”, – деп кейичү.

Көп капа болуп, тез жазылып кетет. Бир күнү карасаң эле баягыдай жүргөн болот. “Коомго пайдалуу иш жасайлы, үлгү бололу. Кара мүртөздөргө өчөшүп, кадырыбызды кетирбейли. Алардын табияты ошол. Өздөрү билбейт пейилинин бузуктугун, бирөөлөргө зыян кылат, сөзү менен уулайт. Интрига жасайт. Атайын жасабаса дагы алардын көнүмүш иши ошол. Биз бийик бололу. Адам бололу. Жакшы менен жаманды ажырата албасак айырмабыз кайсы?..

Элүүгө чыктым. Менин колумдан жамандык келбейт экен. Эл да билип калды окшойт. Кайтпаса да жакшылык кыла берели. Кудай бар, ал баарын көрүп, билип турат”.

*     *     *

Бир жолу “Жакшылык үчүн да күрөшүү керек. Болбосо, ниети бузуктар коомду ээлеп, жалаң бетин жуубагандар бирөөлөрдү басынтып, жамандыктан оокат кылып башташат. Коом бузулат, биз чыгармачыл чөйрө протест жасап туралы”, – деп айтты.

*     *     *

Илим жасайм деген жаштарга туура сөзүн айтып, жол көрсөттү. Колунан жетелеп жүрүп, жетекчи таап берди. Тескери сүйлөп, жүрөгүн ооруткан жок. Оштон Бишкекке келсе да өз чөнтөгүнөн билет алчу, аспиранттарды кыйнабады. Аны билгени билди, билбегени билбеди. Кыйыктанып басынтпады. Ачуусу келгенде айтчусун айтып, кайра жубатканча шашты.

*     *     *

“Сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү Кудай жаратпайт” – деп айтылган акылдуу сөз бар.  Каныбек Исаков көптүн бириндей болуп кеткен жок, артында үй-бүлөсү, жасаган иштери, тарбиялаган балдары, достору, жаркын элеси калды. Өмүр бою тырышып, жаңы максаттар, улуу идеялар, кыял менен жашады. Кудай ыракматына алсын! Өлүм ак, ажал улук! 

*     *     *

Каныбек Исаков кыска, мазмундуу жашоосунда өзүнүн мектебин түзүп кетти. Бүгүн шакирттери ар түрдүү сферада иштеп жүрөбүз. Кайсы жерге барса окуучуларын жоктоп, эстеп, алардын ийгилигин маңдай жарыла сүйүнүп башкаларга сыймыктанып айтып жүрдү. Жакшылык ишти да айтып элге тараталы деген принципте жашады. Биз ушуга чейин агайды уят кылып койбойлу деп тырышып иштесек, мындан ары ал жоопкерчилик эки эсеге күчөдү.

Агайдын бийик максаттарын улантуу, адамдарга жакшылык жасоо, иштеген жерге астейдил мамиле кылуу, потенциалы бар кадрларды өстүрүү, таланттууларга колдоо көрсөтүү сыяктуу иш-аракеттер бизге аманат катары калды. Аны абийирдүүлүк менен жасайбыз. Шакирттердин ар бир ийгилигинде Каныбек Исаковдун ысымы кошо айтылат. Агайдын адамдык улуулугу биздин жүрөгүбүздө өмүр бою жашайт, анткени портреттей тартылган элеси эсибизде болот.

Каныбек агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! 

Түмөнбай КОЛДОШОВ, ф.и.к., доцент, К. Исаковдун шакирти,3-декабрь, 2020-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз