Падыша менен көсөм жөнүндө икая

  • 08.12.2020
  • 3326

Падыша көсөмгө кайрылып сураган экен:  

– Өлкөнүн күч-кубатын канткенде өстүрөм?

Тиги айтат:

– Акылмандардын тажрыйбасына, билимине таян.

Көсөм андан аркы кебине кыстырма кылар кезде, падыша шашып чыгып кетет. Кансарайына келип эле өлкө боюнча аттуу-баштуу акылдуунун барын дароо жыйнатат. Баарын сый-урматка марытат. Акылмандар да өлкөнүн күч-кубат алышына шарапаттарын тийгизишет.

Бирок чейрек кылымдан кийин эле падыша эсине келсе, өлкөдө элдин саны кескин кыскарып: жалаң эле кары-картаңдар калып, жаш муун калбаптыр. А кары-картаңдарды билесиңер, аларда ал-күч аз эмеспи.

Падыша анан баягы көсөмдү таптырып, каарып баштайт:

– Айтканыңды айткандай кылып, не таптым? Алдаган турбайсыңбы!

– Жок, өзүңдүн чыдамсыздыгың, алысты көрбөгөнүң үчүн шорго кабылдың. Сен менин кеңешимдин жарымын угуп, жарымын укпай шашкан бойдон кеткениң эсиңдеби?

– А жарымы эмне эле? – шаштысы кетип чаңырат.

– Акылмандардын тажрыйбасына, билимине таян дегеним – байыркылардан келген кеңешимдин жарымы болчу, – дейт калбааттуу акылман, – арийне, каражатты жаш муунга корот, анткени акылмандыктан өткөн жерпай болбойт. А жаш муун – жерпайга тургузулган пайдубал. Жерпай бекем болсо – пайдубал солк этпейт. Бекем жерпай оңой менен кыйрабайт, пайдубалдын таянычы солк этпеген үчүн зыңкыйган калыбын сактайт. Ошондуктан, мамлекетти түптөө – жакшы үй тургузгандай кеп. Негизгиси – үйдүн жерпайы бекем курулса, пайдубал козголбойт. Тургузган үйүң бекем гана болбостон, архитектуралык жасалгасы да көргөндүн көз жоосун алып, акылын айраң кылар көркөмдүү болсун. А мамлекеттин улуулугу – элинде, элдин улуулугу – жаш муунда, а жаш муун – келечек. Сен болсо баарын жерпайга коротуп, ар убак боло турган бороон-чапкындан калкаланар пайдубал курган эмессиң. 

Которгон О`ШАКИР

P.S. Андыктан Кыргыз Мамлекетин башкаруучулар силерге да күмүш сырга: эртеңки келечекти унутпагыла! Бүгүн тоюнарсыңар, а эртең кандай күнгө туш болобуз?! 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз