Айнура Кадырманбетова: Изденүү кумары

  • 08.12.2020
  • 4191

(Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык өзгөчүлүгү)

Чыгармачылык чыйырдын башталышы

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы аны менен замандаш-калемдеш жазуучулардын чыгармачылыгынан таптакыр айырмаланып турган өзгөчөлүктүү көрүнүш. А.Токомбаевден тартып бүгүнкү күндө төбөсү көрүнгөн кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардыгы реалисттик адабиятты жаратуучулар болушса, К.Жусубалиев кыргыз адабиятындагы бирден бир модернизм, постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан жазуучу.

Ырас, К.Жусубалиевдин алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде эле жазылган. Бирок анын ушул алгачкы чыгармаларынан эле айрым адабиятчы, жазуучулар адаттан тыш белгилердин, «өзгөчөлөнүү» аракети бар экендигин байкашкан. Ч. Айтматовдун «Комсомольская правда» (26-март 1963-ж.) газетасына басылган «Изденүү кумары» аттуу макаласында К.Жусубалиевге тиешелүү төмөнкүдөй пикирлер айтылган: «Туурасын айтыш керек: повесть кызыктуу жазылган. Автор – бул бийик сөздөн тартынбай эле айтсам болот – таланттуу адам. Бирок ал көңүлдү татаал, өзгөчө форманы издөөгө буруу менен өзүнүн повестинде караңгылык, кайгы жана сууктан бөлөк эч нерсени көргөзө алган эмес. Идеясы боюнча повесть согушка каршы багытталган. Бирок бала, анын башкы каарманы баяндоонун акырында бардык кишилер – адам-өлтүргүчтөр деген жыйынтыкка келет. А мунун баары, кайталап айтам, формалисттерди жана модернисттерди тууроо формасынан башталат», – дейт.

Адабиятчы Т.Аскаров «Жаштардын жаңы аңгемелери» («Ленинчил жаш», 22-декабрь, 1963-ж.) аттуу макаласында К.Жусубалиевдин «Тоолорго жаз кеч келет» аттуу аңгемесинин жогорку профессионалдык деңгээлде жазылганын, сюжет курууда жаш жазуучу сырткы окуяларга гана басым жасабастан, ал окуяларды мүмкүн болушунча каармандардын жан дүйнөсү аркылуу алып өтүүгө аракет кылгандыгын белгилөө менен: «К.Жусубалиевдин баяндоо манерасында, образ түзүү ыкмаларында, каармандардын ички дүйнөсүн ачуу өзгөчөлүгүндө изденүүнүн тамгалары жатат. Аңгемени үстүртөн окуган адамга анын ички маңызы оңой ачыла бербей, түшүнүүгө белгилүү кыйынчылыкты туудурушу мүмкүн. Мындан аңгеменин негизине салынган ойдун бүдөмүк, так эмес жактары бар экен го деген шашылыш жыйынтык чыгаруу олдоксондук болор эле» дейт. Мында да жазуучунун чыгармачылыгында көнүмүштөн тыш «белгилүү кыйынчылыктардын» кезигээри жөнүндө учкай сөз кылынып өтөт.

1965-жылы кыргыз прозасынын учурдагы абалы, өнүгүүсү жөнүндө борбордук басмада В.Пискуновдун «Восхождение» («Бийиктөө») аттуу макаласы жарыяланган. Анда 60-жылдары адабият астанасын аттаган жаш авторлордун чыгармачылыгы талдоого алынган. Макалада көпчүлүк басым К.Жусубалиевдин «Күн автопортретин тартып бүтө элек» повестине коюлуп, жыйынтыктоочу сөз ушул чыгармага байланыштуу чыгарылат. В. Пискунов К. Жусубалиевдин чыгармачылыгындагы эң негизги өзгөчөлүктөрдү туура таап, төмөндөгүлөрдү белгилейт: «С увлечением первооткрывателя К.Жусубалиев разведывает новые и новые грани человеческой натуры. Из сферы сознания он переходит к изображению подсознательных движений души героя (которые почему-то отдали на откуп фрейдизму), стремится исследовать интеллектуальные и эмоциональные импульсы поведения личности». Андан ары сынчы К.Жусубалиевдин өз кыргыз прозасын өнүккөн адабияттын жетишкендиктери менен байытууга кылган аракети ушунчалык күчтүү болгондуктан, кээде ал башкалар тарабынан ачылган көркөм табылгаларды өзүнүн каармандарына механикалык түрдө чаптай салат дейт. Макаланын автору Рамандын «жан дүйнөсүндөгү өзгөрмөлүү чабалактоолор» (неустойчивые душевные метания) автордун айыл турмушунан алган байкоолоруна караганда Селинджерден окуп алганга көбүрөк окшош деген божомолун айтат. В.Пискунов жаш автордун стили калыптана элек, эклектикалык мүнөздө экендиги, тажрыйбалуу окурман повесттен Хемингуэйден Шолоховго чейинки көптөгөн жазуучулардын таасирин оңой эле байкай ала тургандыгы жөнүндө да сөз кылат. Кандай болсо да, жогоруда келтирилген пикирлерден К.Жусубалиевдин чыгармачылык алгачкы кадамы кыйла ишенимдүү болуп, адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө кадыресе бура алгандыгы байкалат.

К.Жусубалиев өтө изденгич, өтө көп окуган жазуучу. Анын чыгармаларында автобиографизмдин катышы жогору. Андагы башкы каармандын (Раман, Ыбыш, Арыков » автор) бирден-бир жакшы көргөн иши, эрмеги, көр турмуштун көйгөйүнөн калкаланаар башпаанеги – китеп окуу. Алар жатып да, туруп да, басып баратып да китеп окушат, ойлонсо ойлорунда Кафка, Клейст, Омар Хаям сыяктуу сүйүктүү акын, жазуучулардын ысымдары сөзсүз аралашып жүрөт. Мындан сырткары, жазуучунун гезиттерге берген интервьюларында батыш, чыгыш адабияты, мифологиясы гана эмес, философия, психология, теология, искусствотаануу, маданияттаануу тармактары боюнча маалыматтары терең экендигин ачык баамдоого болот.

К.Жусубалиевдин студент кезинде эле «Иностранная литература» журналын алдына үйүп алып эртеден кечке китепканада отуруп дүйнөлүк классикага, чет өлкө адабиятына кызыгып, тырышчаактык менен окуп-үйрөнүп жүргөнүн калемдеш курбулары эскеришет. Демек, анын студент кезинде жазылган алгачкы повести да ошол жылдардагы анын чыгармачылык кумирлери болгон Фолькнердин, Хемингуэйдин чыгармачылыгына кызыгуу жаңыдан башталып, күчөп турган учурунда жазылган. Жазуучунун маектеринен «Күн автопортретин тартып бүтө элек» повестине о.э. кино жөнүндөгү, кино менен көркөм адабияттын байланышы жөнүндө окуган изилдөөлөрдүн да таасири бар экендиги тууралуу маалымат алабыз. Повестке карата пикир айткан адабиятчы сынчылар да андагы ийгилик, кемчиликтер туурасында сөз кылганда аларды жазуучу таасирленген булактарга байланыштырышат. Бирок адабияттын кай бир маселеси жөнүндө айтып жатып адабиятчы К.Асаналиев туура  белгилегендей  «Чыгарманын сырткы түзүлүшүн, конструкциясын ар тарабынан эп келтирип шөкөттөп чыгууга үйрөнүп алууга болот. Бирок адамды ачуу, анын жан дүйнөсүндөгү татаал бурулуштарды, кыйчалыштарды көрсөтүүгө үйрөнүп алууга мүмкүн эмес», башкача айтканда, бөлөк жазуучунун көркөм ыкмаларын механикалык түрдө өз чыгармачылыгына киргизүү менен жакшы чыгарма жаратууга мүмкүн эмес. Ал эми К.Жусубалиевдин биз сөз кылып жаткан повести жөнүндө да «окуган адамды кайдыгер калтырбай турган жакшы чыгармалардан» деп батылдык менен тартынбай эле айтууга болот. Ошол кездеги жыйырма эки жаш курактагы студент автордун ушул алгачкы чыгармасынан эле анда жазуучулук талант менен катар жазуучулук кесипке болгон даярдык, турмуштук тажрыйбанын мол запасы бар экендиги байкалат.

«Күн автопортретин тартып бүтө элек» повестинен анын авторунун өзү чагылдырган турмушту жакшы билээри жана аны көркөм баяндоодо чыгарманын мазмунуна өтө бап келген, окуянын өнүгүш ыраатын бузбай, табигый эмоционалдык-экспрессивдик формада жеткирүүгө мүмкүндүк берүүчү кыйытма подтексттик ыкма абдан ылайыктуу тандалып алынгандыгын баса белгилөөгө болот*.

К.Жусубалиевдин «Күн ...» повести 1964-жылы республикалык адабий журнал «Ала-Тоого», 1970-жылы орус тилинде «Литературный Киргизстан» журналына жарык көрдү. 1967-жылы өзүнчө китеп болуп чыкты. Китепке о.э. «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер», «Эскерүү» аттуу үч аңгемеси кирди. Бул аңгемелер да көркөмдүк сапаты боюнча окурманда жакшы пикир калтырат.

«Толубайдай сынчы бол...»

«Күн...» повестинен кийин өзүнүн алгачкы чыгармалары менен адабиятыбызга потенциалдуу мүмкүнчүлүгү бар калемгердин келгенин маалымдаган К.Жусубалиевдин чыгармачылыгы адабий коомчулуктун көңүлүнөн тышкары калгандай «жымжырттыкка» туш келди. Он беш жылга чукулдап барып, 1981-жылы жазуучунун экинчи китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Бул китепке карата адабий коомчулук «ак» да, «көк» да дебеди. Качан гана кайра куруу келип, саясый, маданий чөйрөдө козголуулар жүрө башатаганда К.Жусубалиевдин чыгармачылыгына кызыгуу да бир аз жанданды. 1985–86-жылдарды «Ала-Тоо» журналында сексенинчи жылдардагы кыргыз аңгеме жанрынын өнүгүшү туурасында жүргөн талкууда К.Жусубалиевдин «Толубай сынчы» жыйнагы жөнүндө да азыноолак пикирлер айтылды.

«Кыргыз аңгеме жанрынын абалы кандай, ал бүгүнкү адабий процесске эмне алып келди, жанрдын өнүгүшүнө ким кандай салым кошту, алдыда кандай чектер бар?» – деген суроолордун айланасында ой калчап, жооп берүүгө аракет кылган А.Пазылов, Ч.Турсунбеков, К.Матиев, Б.Шамшиев, А.Токтомушев жазуучунун «Толубай сынчы» жыйнагын кыйгап өтө алышпады. Алар жазуучунун аңгемечилик өзгөчөлүгүн адилет белгилешти. Алым Токтомушев «жыйнак кийинки жылдардагы кыргыз аңгемелеринин урунттуусу болгондуктан, кеңири сөз кылууга муктаж» (Токтомушев А. Сөз өнөрүнүн башаты //Ала-Тоо. –1985. – №11. –125-бет) экендигин белгилесе, Бекташ Шамшиев: «Талкууга катышкандардын арасынан тигил же бул деңгээлде К.Жусубалиевдин «Толубай сынчысына» (1981) сөз айтпаганы калбады деле окшойт. Бул жыйнактын мынчалык чоң сөзгө түшүп, олуттуу көркөм окуя катары бааланып жатышынын өзүнчө законченеми бар. Биринчиден, анын автору чынында эле оригиналдуу сүрөткер, биз көрүп жүргөн эле көрүнүштү ал башкача көрөт, башкачараак сезет» – дейт.  (Шамшиев Б. Жаңы жээкти карай // Ала-Тоо. – 1985. – № 1. – 127-бет).

Жазуучунун сөз болуп жаткан жыйнагына «Толубай сынчы», «Гимн», «Улакчы», «Шатыдагы балдар», «Жижи үчүн жазылган жомоктор» аттуу аңгемелери кирген. Биз ошолордун ичинен жазуучунун «Толубай сынчы» аңгемесине жана зарылдыгына жараша талкууда ага байланыштуу айтылган пикирлерге токтолуп көрөлү. Себеби, бул аңгеме оригиналдуу адабий факты катары өз алдынча абдан кызыктуу, ошону менен катар жазуучунун стилдик өзгөчөлүгүн аныктоо жагдайында абдан ыңгайлуу мисал.

Аңгеме элдик уламыштын жана А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасынын көпчүлүккө кеңири белгилүү сюжетинин негизинде жазылган. Фольклордук сюжетке кайрылууда буга чейин акын, жазуучу, драматургдарыбыз аларда сүрөттөлгөн окуяны ошол өзүнүн фольклордук-поэтикалык, мезгилдик-мейкиндик чегинен ажыратпай иштеп чыгышкан, пайдаланышкан болсо, К.Жусубалиев андагы поэтикалык механизмдерди таптакыр өзгөртүп, баяндоону түз эле учур чак формасында жүргүзүп, бүгүнкү күнгө алып келет. Элдик уламыштагы, А.Осмоновдун поэмасында Толубай сынчынын романтизацияланган, идеялизацияланган образы К.Жусубалиевдин аңгемесинде өзүнүн көтөрүңкү жомоктук-көркөмдүк сапаттарынан толук ажыратылып, реалдуу-турмуштук каармандын деңгээлине түшүрүлөт. Аңгемедеги ушул жагдай, маселенин, тактап айтканда, фольклордук традициялуу чыгарманын (сюжеттин, образдын) жазуучу тарабынан модернизацияланышы окурмандар арасында ар түрлүү, карама-каршылыктуу пикирлерди жаратып келет. Мындай кайчы пикирлердин келип чыгыш себептерин жана мүнөзүн белгилөө үчүн анын көрсөтмөлүү далили катары жогоруда сөз болуп келаткан талкуудан алыс узабай эле Б.Шамшиев менен А.Токтомушевдин пикирлеринен келтире кетүү абдан ыңгайлуу.

Б.Шамшиев: «Хандын уучулуктан келатып, куу башты кармаган чалды кезиктириши, анан а чалдын белгисиз (ал балким деңизге чөгүп кетиши) болушу сыяктуу жомоктук өң-түскө ээ эпизоддор аңгемеде ашкере прозалаштырылып, реалдуу берилген. Толубайды «айгырларды, букаларды, кочкорлорду, текелерди бычкан наштар менен желдеттери эки көзүн оюп, кырып, тазалап болгондон кийин», «энеңди, энеңдин ханы. Жеди-и, жеди-и! Жутту-у, жутту-у!» деп бакырып сөгүнүп алып, анан ханга кайрылып: «кемпиримдин ыштаны жок. Бир кийимдик кездеме бер» деп отурушу психологиялык жагынан анча ишенимсиз чыгып калганын эске албаганда, аңгеме өзүнүн көркөмдүк максатын жүзөгө ийгиликтүү ашырган деп айтсак болот», десе, А.Токтомушев: «Автор элдик уламышты да, А.Осмоновдун атактуу дастанын да сокур ээрчибейт, өзүнчө ой жүгүртүп, өзүнчө маани берүүгө аракет жасайт. Тек, легенданын сюжеттик ассоциациялары, образдык касиеттери алыскы жылдардын жаңырыгындай сезилип турат. Легенда кудум реалисттик чыгармадай окулат: реалдуу болумуш, конкреттүү деталдар, ал гана эмес географиянын, мезгилдин конкреттүү өзгөчөлүктөрү… Аңгемеде мындай бир момент бар: «… текелерди бычкан наштар менен желдеттери эки көзүн оюп, кырып тазалап болгондон кийин: «Кана, Толубай сынчым, күлүк тандаган акыңа эмне аласың?» дегенде, «Хан, кемпиримдин ыштаны жок. Бир кийимдик кездеме бер» деди. Хан сураганын бердиргенден кийин Толубай сынчы «Өңү кандай? Өңү кандай, журт?» деп сурайт. Мындай реалисттик батылдык айрым жолдошторго өтө эле өөн учураптыр (ал жөнүндө Кыргызстан жазуучулар союзунун азыркы кыргыз аңгемелеринин абалына арналган жыйынында талаш-тартыштуу сөз жүрдү). Алардын айтуусуна караганда кыргыз элинин сыймык туткан каарманы минтип турушу улуттук сезимге жат учурашы мүмкүн…

Менимче, бул дагы эле болсо, дарактын тамырына эмес, түз эле жалбырагына суу жиберүүгө аракеттенгендик. Биринчиден, тамак-аш, кийим-кечек, отун-суу өңдүү тиричиликтин тунгуч камылгалары жана түшүнүктөрү эмне үчүн улуттук сезимге доо келтирип, ардантууга тийиш? Айталы, үйлөнүүнүн, турмуш куруунун өзүндө эле канча рухий-нравалык жана чарбалык-экономикалык маани-маңыз жатат? Жаңы сүйүшкөндөр, жаңыдан үйлөнүшкөндөр канчалык асмандаганы менен акыр түбү жерге келип түшүшөт. Аларды жердин катуулугунан дал ошол кийим-кечек, тамак-аш, өлөң төшөк сактап калат. Анын сыңарындай, бул эпизод Толубай сынчыны-акылманды асман менен жерге туташтырып турат: биринчиден, бийиктикке, идеалдуулукка болгон кусалык, «көзүмдү аласыңарбы, жанымды аласыңарбы, айтор тиричиликтин көрөн-шөрөнүнөн, майда-чуйда мүдөөлөрүнөн куткаргылачы?» деген подтекст. Экинчиден, дүйнөнүн кунун билген акылман дүйнөгө өзүн эмес, өзү аркылуу курчап турган айлана-чөйрөнү көргөзүп жатат. Буга окшогон жагдайлар чыгарманын турмушка болгон ынанымдуулугун арттырып, поэтикалык нурга чайып турат» деген оюн билдирет.

Кайчыраак көз караштарды билдирип турушканы менен эки адабиятчынын айткандарынын анысында да, мунусунда жүйөө бар. Бирок канткен менен алар экөө тең Алым Токтомушев айтмакчы, даракты дарак кылып, анын ушундай бой керип, көктөп бүрдөшүнө шарт түзгөн тамыры менен кыртышына таптакыр көңүл бөлбөй, «жалбырактары» жөнүндө гана сөз кылып жатышат.  Туура, алар өзгөчө «дарак» экенин байкашты, өзгөчө «жалбырактары» жөнүндө сөз кылышты, а бирок ал өзгөчөлүк кайдан келгени, эмнеден азыктанганы жөнүндө маселе ачык бойдон кала берген. Эгерде аңгеменин сюжети кандай «кыртышта» өнүктүрүлгөнүнө анализ жүргөндө Толубай сынчынын хандан бир кийимдик кездеме сураганынын жүйөөсү табылып, маселе өзүнөн-өзү айкын боло түшмөк.

Бирок ал учурда башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Себеби, ошол талкуу жүрүп жаткан 1985-жылдары советтик адабият таануу илиминде соцреализм адабиятынан башкача жаңы адабияттын жаңы кыртышы жаралып, эчактан эле жашап жатканы менен бул эмне болгон адабий кыртыш, эмне болгон адабият экендиги жөнүндө системалуу окуу али жарала элек болучу. Анда кандай гана көркөмдүк система, кандай гана көркөм чыгармачылык болбосун, анын өткөнү, учуру, келечеги болбосун соцреализм принциптеринин негизинде гана талдоого алынчу, бааланчу. Ал эми К.Жусубалиевдин «Толубай сынчысын» мындай ыкма менен талдоо эч нерсе бербейт. Анткени, К.Жусубалиевдин чыгармачылыгы башкача чыгармачылык.

60-жылдары соцреализм адабиятынын чегинде пайда болгон «башкача» адабият, «башкача» проза, «башкача» реализм жөнүндөгү окуу 80-жылдардын аягында барып калыптана баштады (Орус адабиятчысы Г.Л.Нефагина өзүнүн «Русская проза ХХ века» деген эмгегинде 60-жылдардан кийинки реалисттик адабият менен постмодернисттик адабияттын чегинде (тогошуусунда) жазылган прозалык чыгармаларды жалпы жонунан «башка проза» деп шарттуу атайт. Турмуш чындыгына карата ирониялык мамиле «башка прозанын» өзүнчөлүктүү белгилеринен болгондугун айтат).

Жазуучунун чыгармачылыгын, ал жараткан поэтикалык дүйнөнү максимум чындыкка (жазуучунун айтайын деген көркөм чындыгына) жакын кабылдоо, түшүнүү, түшүндүрүү үчүн ал тутунган чыгармачылык принцип, методологиялык негиздер («тамыр») менен тааныш болуу (жок эле дегенде үстүртөн) зарыл. Болбосо, соцреализм принцибинен чет ыкмада жазылган аңгемени адабий талдоонун соцреализм методуна салып талдоого алган макаладагылардан узап, жаңыча пикир айтуу мүмкүн эмес.

Ошентип, К.Жусубалиевдин прозасы – башка проза, реализми – «башка» реализм. Ал реализм адамдарды иллюзиялардан жана догматтардан, официалдык идеологиянын туткунунан бошотууга умтулган ирониялуу реализм. Мындай реализм реалдуулуктун, натурализмдин, гротесктин кошулмасынан келип пайда болот. Калыптанган адабий стереотиптерди ээрчүүдөн, идеологиялык келишүүчүлүк (ангажированность) катары баалануучу бардык көрүнүштөрдөн качуу алтымышынчы  жылдардан  кийинки реалисттик адабият менен постмодернисттик адабияттын чегинде жазылган көпчүлүк чыгармалардын формалык-мазмундук сапаттык негизин түзөт.

Албетте, элдик уламыштагы жазуучуну кызыктырып өзүнө тарткан рационалдык данек – дагы деле сынчынын хандан, бектен тартынбай, көзүн оюп жатса да өз принцибинен жазбаган кашкөйлүгү. Дагы тагыраак айтканда, таланттын социалдык теңсиздик тарабынан тушалып, чабытынын кыскаргандыгында эмес, ошол тушоо, кысымга карабай, материалдык муктаждыкка мүңкүрөбөй өзүн, өз өнөрүн сыйлаган таланттын чындыкты бетке айткандыгы.

Соцреализм адабияттарынан айырмаланып «башка», модернизм, постмодернизм адабиятында идеалдуу каарман «жашабайт». Толубай сынчынын мурдагы идеялизацияланган, романтизацияланган образы «башка» адабияттын эстетикалык принциптерине ылайык өзүнүн салтанаттуу табышмактуулугунан, кайсы бир деңгээлде ыйыкташтырылган сапатынан ажыратылып, катардагы карапайым реалдуу каармандардын деңгээлине түшүрүлөт. Биз А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасын окуганыбызда чыгарманын көтөрүңкү салтанаттуу ыргагына ылайык жогорку материя, идеялардан ылдыйлап сынчынын өң-келбети кандай болду экен, эмне ичип, эмне киет болду экен? – деген сыяктуу «төмөнкү» материялар жөнүндө ойлоп да койбойбуз. Анткени андагы образ мындай «майдачылыктан» жогору турган бийик образ, салтанаттуу образ. Ал эми К.Жусубалиевдин аңгемесинен биз «жерден чыга калгандай өңү куник, сары сакал, кумурсканын эркегиндей немеге», «ыштаным жок, элдин көзүнөн уялып эшикке чыга албай калдым, какбаш» деп кулагынын кужурун алчу кемпири бар, жаны ачыганда көксакалдыгына карабай одоно сөгүп жиберүүдөн кайра тартпаган, итке минген кедей сынчы Толубайга жолугабыз. Аңгемеде, жогоруда айтылгандай, реалдуулук, натурализм, гротеск дал ушинтип тогошуп келип, дал ушинтип каармандын образы конкреттешип, сюжет өнүктүрүлөт.

Постмодернисттик багыттагы чыгармалардын сюжеттик өнүгүшүндө реалисттик чыгармалардагыдай себеп-натыйжалык байланыштар ачык, даана көрүнбөйт. «Толубай сынчы» аңгемесинин сюжетине реалисттик адабияттын мыйзам-ченемдери менен карай турган болсок, Толубайдын сынчылыгы, тулпар сыноо менен бир кийимдик көккарга шайынын ортосунда себеп-натыйжалык тыгыз байланыш деле жок. Ушундан улам, айрым «аңгеменин сюжеттик курулушу чың уюштурулбастан, композициялык чаржайыттыкка, артыкбаш майда-бараттарга жол берилген» деп жыйынтык чыгарууга да болмок.

Толубай эч убакта өзүнүн сынчылыгын бир кийимдик кездемеге, ал түгүл ат башындай алтынга да баалабайт. Сынчылыктын баасы жок, ал анын жеке керт башынын баасына барабар. Ал тулпар сыноого да бир кийимдик кездеме алуу үчүн барган эмес (Автор муну алдын ала эле: «Азыр да кулагыбызда турат. «Жылаңач келгенбиз, жылаңач кетебиз. Анын эмнесине кайгырасың» дегенин укканбыз. Биздин кулак эмнелерди укпайт, биздин көз эмнелерди көрбөйт. Кулагыбыз узун, көзүбүз миң-ов!» деп белгилеп өтөт. (Баяндоо адаттан тыш «биз» деп көпчүлүктүн атынан жүрөт)). Ошентсе да хандын «кана, Толубай сынчым, күлүк тандаган акыңа эмне аласың?» деген какшыгына «Хан, кемпиримдин ыштаны жок. Бир кийимдик кездеме бер» деп сурап отурат. Автор да аңгемесинде чындап эле сынчынын сынчылыгынан да анын ошентип кездеме сураганы кызыктын кызыгынан бетер атайылап маанилик басымды ушул окуяга оодаргансыйт. Муну, албетте, какшыкка карата какшык, шылдыңга карата шылдың деп, түшүнүүгө болор. Болбосо бир ыштандык кездеме хандан сураар ишпи да, хандык наркка туура келээр баабы, же Толубай сынчынын сынчылыгына туура келээр баабы?.. Бул жөнүндө сөз кийинчерээк болсун.

Эми Толубай сынчынын көзүнүн оюлганына карабай, кездеменин «өңү кандайлап» жанталашып сураганына келели. Сураса сурагандыр да деп маани бербей коюуга болор эле, Бирок ошол кездеменин өңүндө бир керемет сыйкыр, өзгөчө маани (символикалык мазмун) бардай автордун чакан аңгеменин ичинде эле эки мертебе кайрылып, өтө берилүү менен майдалап сүрөттөгөнүнөн улам ушунда бир «мандем» бардай окурмандын да көңүлү ага бурула берет.

Тексттен келтирели: «Пай-пай-пай, шуудураганы бизге да угулду. Бир ыштандык көк карга шайы бердирди. Жылаңач койнуна катып алды. Койнуна жөн да катып өлбөйт, «Өңү кандай? Өңү кандай, о журт!» деп бизден сурайт. «Көк карга! Көк карга! Көк карга!» деп кыйкырыптырбыз. Койсоң, Какбашты! Койнуна да жөн катып өлбөйт. Кудуңдап жылаңач койнуна катып алды. Көзү менен иши жок. Биз да «көккаргалап» күлдүк, «көккаргалап» кыйкырдык.» (397-б.). Дагы бир аз жүрө түшүп, аңгеменин дагы бир жеринде автор «көккаргалап» дагы «күлөт».

Көккарга шайыга байланыштуу эпизод биздин оюбузча, аңгеменин жалпы идеялык-көркөмдүк архитектоникасынан эки түрлүүчө маани-мазмундук кызмат аткарып тургандыгын бөлүп көрсөтүүгө болот.

Биринчиден, сынчылык акысына Толубайдын бир кийимдик кездеме сурашы, анан да, автор айтмакчы, «жөн өлбөй» кездеменин өңүн сурап жанталашкандыгы окуянын баяндалыш ыргагына ылайык логикалык жактан акталган, күтүлгөн реакция, каяша. Б.а. аңгеменин мыскылдуу баяндоо ыргагына (тонуна) жараша каяша да мыскылдуу формада болушу жөн.

Тексте кайрылалы: «Ошол суук күздө (көрүнө көрүнгүр, көрүнө көрүндү, кыш болбой жатып, башын жегендей суук болгон) карга пок чокуй электе куйшуңдап үйүнөн аттанып баратканын бир көргөнбүз. Кулагыбызга шак дей түшкөн. Азыр да кулагыбызда турат. «Жылаңач келгенбиз, жылаңач кетебиз. Анын эмнесине кайгырасың» дегенин укканбыз. Биздин кулак эмнелерди укпайт, биздин көз эмнелерди көрбөйт. Кулагыбыз узун, көзүбүз миң-ов! Кийин, кийин биринин топусун бирине кийгизип отуруп, сүрүштүрүп отуруп, ошондо карга пок чокуй электе эмне үчүн минтип оозанганын таап, билип алдык. Айгырларды, букаларды, кочкорлорду, текелерди бычкан наштар менен желдеттери эки көзүн оюп, кырып тазалап болгондон кийин: «кана, Толубай сынчым, күлүк тандаган акыңа эмне аласың?» – дегенде» деп токтогондон кийин, б.а. шакабалуу тондуу, ажыккыз, муңайым тамашалуу (автор айтмакчы «деги кантип так айтсак болот») баяндоодон кийин, хандын табалаган, текебер, күйдүргү тамашасынан кийин кантип эле Толубай өзү билген чындыгын кадыресе олуттуулук менен айта алмак.

Жогоруда келтирилген тексттен кийин жүз варианттын ичиненби, миң варианттын ичиненби, эң ылайыктуу жооп эле Толубайдын «Хан, кемпиримдин ыштаны жок. Бир кийимдик кездеме бер» дегени болмок. Болбосо ханга анын таарынычы өтмөкпү, же ачуусу өтмөкпү, же доосу өтмөкпү?...Кой сураса болмокпу, тай сураса болмокпу?.. Жок, анда дегеле чыгарма чыгарма болуудан калмак, көркөм текст көркөм текст болуудан калмак, аңгемени аңгеме кылып турган тексттик ыргагы бузулмак. (Тексттин ыргагы, кептин ыргагы, анын кандай эмоционалдык боек (эмоционалдык окраска) менен коштолгондугу, ал ыргактын, ал түстүн кандай психологиялык шарт, кырдаалдан чыгып жаткандыгы тексттин дегеле кандай мазмун, кандай формадагы текст болбосун (оозекиби, жазмабы, көркөмбү, саясыйбы) түзүлүшүндө, анын маани-мазмундук жактан ачылышында чечүүчү роль ойнойт).

Ырас, Толубай айтса айткандай айтат. Бирок бул учурда эмес, өзүн алакчылап эмес. Анын адамдыгы буга жол бербейт, намысы жол бербейт, сынчылыгы жол бербейт. Ал сөздүн баркын билет, адамдын баркын билет. Анын «сөз атасын өлтүрбөй» айтылчу кепти хандан, бектен тартынбай айта аларын ушул эле аңгемедеги сынчынын көкбайталга байланыштуу ханды «таш чыйнагандай кумсартканынан» билебиз. Элдик уламышта, А.Осмоновдун поэмасында Азис хан Кармыш кулдун чаарын ошончо жылкыдан күлүк чыкпаганына ыза, ачуу менен каарданып аны да алдырып келет. Ал эми К.Жусубалиевдин аңгемесинде хан чаарды сынчыны шылдыңдамакка алдыртып келет. «Ханыбыз сынчыбызды шылдың кылайын деди окшойт. Жылкы аттуудан калбады да, шылдың кылайын деди. Ханыбыз күлүп калды. Биз да кошулуп күлүп калдык. Качыр десе качыр эмес, уй десе уй эмес, жылкы десе жылкы эмес, чочко десе чочко эмес Толубай сынчыга окшоп башын жерге тыгат», – деп айтылат бул эпизод автор (б.а. биз) тараптан.

Эми кездеменин өңүнө келели. Ыштандык кездеме сурап ханга кошуп өзүн Толубай бир табалап шылдыңдаса, өңүн сурап элге кошуп өзүн эки табалайт. Бул – өздөрүнүн шордуу экенин билбей, өз шоруна өздөрү күлүп жаткан элге карата Толубайдын бир чети какшык, бир чети каяшасы эле. Өзүн шылдыңдап ханга кошулуп күлүп жаткан элге Толубай мындан башка эмне демек. Ошон үчүн автор мезгилдик баяндоону алыстатып барып: «...Ушу менен ушул болду. Осмо кетет каш калат, ооматы кетет баш калат-ов, бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат-ов! Эл экенбиз, журт экенбиз-ов! Ортобуздан бирөө чыкса, жаш ордуна кан аккан көздөрүн колубуз менен аарчыбай тилибиз менен жалап, сооротуп алгандын ордуна ханыбыз менен кошо күлүппүз. Көз көргөнгө кубанган, кулак укканга сүйүнгөн эл экенбиз, журт экенбиз-ов! Эпке келбеген, сөзгө келбеген, ортобуздан каяша айткан бирөө чыкса, анын сөзүн сүйлөбөй, хандын сөзүн сүйлөппүз, эл экенбиз, журт экенбиз-ов!» деп, бекеринен баш чайкап, каңырык түтөтүп отурган жери жок. (Аттиң дүйнө, ал замандан бери бийлик, чыгаан инсан, караламан калктын өз ара мамилелери эч бир өзгөргөн эмес экен го!..).

Ошентип, баятан бери көккарга шайыга байланыштуу эпизоддун аңгеменин жалпы контекстинде аткарган эки түрлүү маани-мазмундук функциясынын биринчиси – сюжеттин өнүктүрүлүшүндө анын каяша, какшык мотивин түзүп тургандыгы жөнүндө сөз кылдык. Башкача айтканда, сюжеттин өзөгүн түзгөн конфликт (личность менен коомдун, доордун, бийликтин ортосундагы) дал ушул көккарга шайы аркылуу чагылып, өзүнүн кульминациялык чекитине жетип отурат. Демек, автордун сынчынын сынчылыгынан да анын сынчылык акысына бир ыштандык (эгер муну сыпайылатып «бир кийимдик», «эки метр» деп айта турган болсок сөз өзүнүн аңгемеде аткарган образдуулук күчүнөн, идеялык-көркөмдүк ирониялык мазмунунан ажырап калат) кездеме сураганы кызыктын кызыгынан бетер басым жасаганы бекеринен эмес экен.

Ал эми ушул эле эпизоддун экинчи мааниси көркөм методго, стилге байланыштуу. Алдыда аңгемени реалисттик адабият менен постмодеристтик адабияттын чегинде жазылган чыгарма, «ирониялык реализм» адабияты, экендигин айтып өткөнбүз. Мындай ирониялык реализм чыгармаларында сюжеттик конфликттер көбүнчө анекдоттук түспөл, мүнөзүндөгү чечилишке ээ болот. Ал ирония, ал анекдоттуулук түбүндө сатиралык мазмунга ээ эмес, а трагедиялык мазмунга каныктырылган болот. Мындай ирониялык ыргак менен жазылган чыгарманын каармандарынын түшүнбөөчүлүктөн, айласыздыктан, жалгыздыктан коргоноор амалы – тамашага жооткотуу, аңкоосунуу, какшык. Жазуучунун баяндоо ыкмасы да ушуга ылайык. Аңгемеде болуп жаткан окуялар канчалык чындыкка коошпой метаморфозалык, фантастикалык деңгээлде жүрбөсүн, алардын анык болгондугу ушунчалык жандуу, элестүү, так, майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлөт. Окуянын чын эле ушундайча болгондугуна эч кандай шек калбагандай тыкыр деталдаштырылат. Бийиктик менен пастык, жашоо мыйзамындагы туруктуулук менен туруксуздук, акылдуулук менен айласыздыктын эриш-аркагы туурусындагы поэтикалык ой, философия, өзөктө күйгөн өрттүн көрүнбөс көк түтүнү дал ушинтип турмуш-тиричиликтин майда-бараттары менен тогошуп, дал ушинтип конкреттешет. Толубай сынчынын көзүн ойгон наштар бычактын «айгырларды, букаларды, кочкорорду, текелерди бычкан» деген аныктамасы да, бир кийимдик көккарга шайынын да жана башка турмуштук майда-бараттардын аңгемеде аткарган экинчи кызматы ушуну менен түшүндүрүлөт.

Демек, бир караганда ашыкчалык, оптонуу катары сезилген аңгеменин ушул эпизоддору тескерисинче, жусубалиевдик поэтикалык образдын, поэтикалык ойдун ядросун түзүп турат. Поэтикалуулуктан өтө эле алыс турган турмуш прозасынын орой материалдарынын акыйкаттык жана сулуулуктун идеалы менен айкалышуусу аңгемеде ушинтип эки метр көккарга шайы аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Мунсуз «Толубай сынчы» аңгемеси элдик уламыштын, А.Осмоновдун поэмасынын мазмунун кайталаган дагы бир соңку көчүрмө болуу менен гана чектелмек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз