Үмүт Култаева: Кусалуу ырлардын купуя сырлары

  • 03.12.2020
  • 5684

(Н.Осмонованын чыгармачылык эволюциясынан...)

70-жылдары жарык дүйнөгө, 90-жылдардан кийин эркин адабиятка келип, багыты баш-аламан түшкөн белгисиз доордо, белгилүү багытты – поэзия дүйнөсүн тандап алган бир муун (Ш.Дүйшеев айткандай: “СССР урап түшүп, ...ошол урандылардын алдында “тирүү” калып, өз киндигин өздөрү кесишкен”) таланттуу жаштардын  чыгармачылыктагы  үнү, стили, дүйнө таанымы жекече болгону менен доордун салмагы, мезгилдин азабы баарына жалпы болду. Толук Бек Байзак, Ж.Касаболотов, Э.Иманалиев, З.Ажыматов, Азамат Омош, М.Самыйкожо, Н.Гургубаевалардай эле мекендин тагдырына кабыргасы кайыша кабатыр сезимден курчуп, “далысын  салган”  мезгилге каяша айта телчиккен калемгерлер арасында Назгү Осмонова да бар:

Буюккан муңун көтөрүп,
буулуккан ушул жылдардын
Ата Журт күлсө мен күлүп,
ыргалса кошо ыргалдым.
Кайгысы элдин каржалтып,
калпынан качтым жыргалдын.
Кымбатым, элим, кыргызым,
кан менен кошо айланып
ырымда кошо ырдалдың...[1]

Жөнөкөй стиль менен терең маани берүүгө жөндөмдүү өзүнө таандык почерки даана көрүнгөн “Каркыра – мезгил” (2019) жыйнагында  биз мисалга тарткан  “Мекеним” ырына чейин Н.Осмонова  чыгармачылыктын түйшүктүү жолун басып өттү. Анын буга чейин жарыкка чыккан “Күн түнөгөн жүрөк” (1994), “Жетим көпөлөк” (1998), “Чаалыккан кыялдар” (1995) жыйнактарын  барактаган адам  Назгүлдүн тематикалык диапазону бир топ кенен экендигин байкай алат. Ал мекен, ата-эне, адам-табият, өмүр-өлүм, доор-мезгил, жашоо-тагдыр, максат-тилек, сүйүү-кызганыч, жактыруу-көңүл калуу сыяктуу темаларда сезим чыңалта   талыкпай изденүүдө.

Ал котормо өнөрүндө да калемин сынап, дүйнөлүк адабиятттын не бир чебер калемгерлеринин чыгармаларын окурмандарга тааныштырды жана өзү да адабий кругозорун кеңейтти. Ал  япон адабиятынын Акутава Рюноскэ, кытай адабиятынын Лао Ма, орус адабиятынын чебер прозаиктери И.Бунин, А.Чеховдун майда жанрдагы новелла, аңгемелеринен баштап, колумбиялык атактуу жазуучу Габриэл Гарсиа Маркестин повестине чейин “тиш салып”, дүйнөлүк адабий процесс менен кыргыз адабий коомчулугун кабардар кылып турган азыркы адабий агартуучулардын катарын да толуктайт. Ошондуктан анын ырларында дүйнөлүк адабияттын таасиринен улам автордун интеллектуалдык деңгээли да жогору экенин катардагы окурмандын баары эле байкай албайт. Назгүлдү өзүнө-өзүн алымсындырбай, изденүүгө чакырган да дал ушул интелекттин касиети.

Н.Осмонова “Күн түнөгөн жүрөк” аттуу тырмак алды жыйнагы 1994-жылы жарык көргөндөн тарта чейрек кылым ашуун убакыт: “эрмеги да, эртеңи да ыр-дүйнө, ырлар менен таңдар атып күн чыгып”, кыргыз  поэзиясына салым кошуп келет.

Кечиргин муза, кызыңды кечир секелек,
Баркыңды сенин эмгиче толук сезе элек.
Алдыңда сенин мойнума алам айбым чоң,
Жарыкка али керемет ырлар келе элек.

Келе алек али, а бирок анык келери,
Эселек кызың болсо эгер тирүү ааламда.
Жазылат ырлар, окуган жаңды тамшантар,
Жазбаган бир жан алиге дейре жалганда.

Жогорудагы саптар анын биринчи жыйнагын ачкан биринчи ыры. “Муза” деген  түшүнүктүн байыркы маанисинде – чыгармачылыкка дем-күч берүүчү шыктануу кудурети (шык кудайы, илхам) катары колдонгон жаш калемгер ага бир нече жолу кайрылат, аны поэзиянын колдоочусу эсептейт да, ага өмүрүн арноого бел байлайт. Али чыгармачылыктын азап-тозогуна быша электигинен убаданы да “чоң” берип алганын, жыйнакты да патетикалуу атаганын калемгердин жаш курагын эске алганда,  кечиримдүү десе болот. Антсе да алгачкы чакан жыйнакты беш бөлүккө бөлүп, ар бир бөлүгүнө кара сөз менен берген монологунан автордун поэзияга келиши кокустук эмес экени даана байкалат. Коомчулукка, өзүнө берген ошол убадасына ылайык,  Назгүл изги тилек менен “алыстан чакыргансыган ыр дүйнөнүн бүлбүл жанган чырагынан” жарык издеп, “түнкү жолго” максаттуу чыккан. Анын алгачкы ырлары өзүндөй “секелек”, баёо, бала кыял жана уялчаак, ошол эле учурда назик сезимдин илеби урунат:

Жылыткым келип көңүлдү,
Мен чыктым жолго түнкүсүн.
Узарткым келди өмүрдү,
Угуп бир айдын күлкүсүн.

Толкундап көңүл өзүнчө,
Ырдагым келип жээликтим.
Жылдыздардын көзүнчө,
Уят ай, бүгүн ээликтим.

Назгүлдүн алгачкы ырларынан китептик таасирдин ачык көрүнүшү (“Кызыл алма”, “Аптап, жалгыз кайың жана мен”), акын-жазуучуларды тууроо байкалат. Аны өзү мойнуна алган “Лермонтовду туурап” аттуу ыры бар:

Бул дүйнөдө мен болгону жүргүнчү,
Эмне күтөт алды жакта билбеген.
Жанталашып умтуламын, чуркаймын,
Максатым не? Тилегим не издеген?..

Бирок “жүргүнчүнү” туураса да, “изденүү” өзүнүкү. Ал өз стилин табуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга аракет кылган. Мазмундук жана формалык изденүүлөрүнө күбө болуучу 7-8, 11-12 муундуу саптар, чыгыш поэзиясындагы бейт формасы да кездешет:

Чачымды бүгүн татына кылып тарадым,
Себелеп жамгыр жааса деп эрксиз самадым.

Ак көйнөк кийип, булакка келип карандым
Эрке жел өптү: "Сулуусуң дайым каралдым.»

Жел менен ойноп жарыштым кумар кангыча,
Алтын күн көктөн көрүнбөй такыр калгыча.

Түн кирди мына. Жымыңдап көктө сан жылдыз
Айтышты мага: "Адашып калба, аруу кыз."

Ырас, бейт – эки саптан турган туташ уйкаштуу бүткөн бир ойду билдирүүчү ыр түрмөгү болгон соң, жаш калемгердин жогорудагы бой жеткен кыз баланын романтикалуу ички сезим кайрыктарын кадыресе чагылдырган бейттер дегенге болот.

Изденүү жолунда Назгүл орус тилинде да жазууга аракет жасаптыр:

Я люблю. Я так люблю природу!
Мне дорого и солнце и луна.
Хочу скакать на розовом коне,
Хочу уйти ... но кто скажет? Куда?...

18 жашында (1990) жазган ырдагы делбир сезим кыялкеч калемгердин жеке дүйнө тааным өзгөчөлүгүнөн кабар берет. Ал алгачкы эле ырларынан баштап табиятка бөтөнчө жакын: аны менен сырдашат, баарлашат, жеке маанайы табият менен жанбирге байланышта жуурулушат. Жаратылыш кубулуштары: күн, ай, жылдыз, шамал, жаан, асман, деңиз, толкун, эрке жел, булак; мезгил туюнтмалары: күз, жаз, жай, кыш, күн, түн, бүгүн, кечээ; табияттын назик “перзенттери”: гүл, жалбырак, чымчык, көпөлөк анын ырларынын атрибуттары эсептелет жана аларга өзүнүн жеке мамилеси бар. Ал күздө соолуган гүлгө (“Гүлдөргө”), кышта үшүгөн кушка (“Чымчыктар”), түн ичинде карайлап жол таппай калган көпөлөккө (“Жетим көпөлөк”) боору ооруйт, аларга  жардамга келет. Натыйжада, Назгүлдө назиктик менен тазалыкка болгон өзгөчө мамиле байкалат жана бул касиет анын дүйнө таанымынын негизин түзөт:

Мен таппадым пендеден,
Назик сезим, жылуулук.
Оо, табигат! Сенде бейм,
Ырыс, ыйман, сулуулук...[2]

Поэзиянын табиятына төп келген жеке мүнөзүндөгү сезимталдуулук (меланхолия, сентименталдуулук, экзистенция) анын поэтикалык дүйнөсүндө эмотивдүү ойлор аркылуу чагылары жана бул касиет Н.Осмонованын жеке почерки экендиги  “Жетим көпөлөк” жыйнагында аты уйкаш ырынан даана билинген:

Түн ортосу жетим көпөлөк,
Санаалуудай мага туюлат.
Кеткиси бар бийик көкөлөп,
тереземе улам урунат.

Түшүп турат азыр маанайым,
Билсең мен да темир тордомун.
Ошентсе да сени аяйын,
тереземди ачып койойун.

Коюу түнгө шашып калдастап,
Учуп кетти бийик көкөлөп.
Жай табалбай жаткан алдастап,
Менин жаным жетим көпөлөк...

Ошону менен бирге алгачкы жыйнагынан акыркы жыйнагына чейин Н.Осмонованын ой-сезимин коштогон “санаа”, “муң”, “чарчоо”, “көңүл калуу”, “чаалыгуу”, “буулугуу”, “сагыныч”, “жалгыздык”, “убайым” жана мындай сезимдер уюткусун түзгөн – кусалыктын сыры эмнеде болду экен? Эмнеге каргадай кезинде “Келбей турат неге жашагым? (“Убактылуу алсыроо”) – деген суроо коёт; ал турмак “Чарчоонун ырында” өзүнө-өзү кол салгысы келиптир:

Алмаздай өткүр шамшарды,
Көкүрөккө малсамбы?
Чаалыккан байкуш бул жанды,
Ээсине берип салсамбы?
А өзүм болсо мемиреп,
Түбөлүк уктап калсамбы?

18-22 жаш курагы мындай сентименталдык сезимдерден оолак болууга тийиш эле го.

Жан дүйнөм жалгыз, жалгыздан жалгыз,
Ойлорго чөгөм сансыздан сансыз.

Санаалар басып, жүрөгүм сыздап турганда,
Санаамды басар жан курбу такыр таппадым.

Бүгүн мени курчап кусалык,
Кетким келди алыс, алыска.

Жүрөктү кусага толтуруп,
Дүрбөттүң эмнеге сезимди?.[3]

Жогорудагы үзүндүлөрдүн баары “Күн түнөгөн жүрөк” жыйнагынан. Ырларды окуганда эмнегедир калемгердин “жалгыздыгы” окурмандын сезимин козгобойт, “санаалары” санаага тарттырбайт, “кайгысы” кайгыртпайт, “кусалыгы” көңүлгө бүлүк салбайт. Анткени бул эмоционалдык сезимдер али чындап башынан өтө элек, ошол сезимдер жанына батып жашай элек. Бирок мындай психологиялык абал жакшы ырды издөө, эңсөө түйшүгү –  “али сарптала элек, бирок сарптоого тийиш болгон чыгармачыл адамга таандык ашыкча жашоо энергиясы”[4]  ошол алгачкы ырларынан эле көрүнө баштаган. Ал энергия − поэтикалык жаңы ой табууну талап кылган  руханий кубат. Ырас ал ойдогудай сарпталбаган шартта, дээринде акындык шыгы бар адамды эмотивдик ойлор кыйнайт. Мындай эмотивдик ойлор Назгүлдүн “Каркыра – мезгил” (2019) жыйнагында эстетикалык жаңы сапатта жазылды:

Оорутпасын үчүн жанды сагыныч,
Кусалыгым айтпаш үчүн тагдырга.
Көз жаштарым көлдөй агып тим гана,
кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда[5].

Мына, бул ырда чыныгы поэтикалык ой, эмоциялык боёк, психологиялык маанай окурмандын сезимин тыз эттирет; анткени бул ырда сагынычтан жапа чеккен кусалуу жашоонун деми көрүнө түшөт. Табияттын да, адамдын да көз жашы бинардык оппозицияда: адамдын көз жашы же көңүлдү эзген кайгыга, же жүрөк толкуган кубанычка; жаратылыштын “көз жашы” же Жер-Энени жаркыткан жакшылыкка, же ага бүлүк салган жамандыкка төгүлөт. Бул ырдагы “жанды ооруткан сагынычтан” улам табияттын “көз жашына” аралашып билинбей калсын үчүн лирикалык каарманды  “кол чатырсыз” бастырган көз жаш кусалыктын “оор салмагы”, сыртка ой-келди чыгарууга мүмкүн болбогон купуялыгы, анын ичтен жеген курттай адамдын жан-дүйнөсүн жабыркатуучу күчү  Н.Осмоновага таандык стилде аяр психологизм менен “жумшартылганына” карабай, поэтикалык ойдун таасири күчөгөн. Ушунун өзү Назгүлдүн  табиятынан лирик акын экенине кепил болчу көрүнүш.

Демек, “Күн түнөгөн жүрөктөн” (1994), “Каркыра – мезгилге” (2019) чейин Н.Осмонованын чейрек кылым мезгилдеги калыптануу мезгили – чыгармачылык эволюциясы жатат. Аны толук бир макаланын кучагына сыйдыруу мүмкүн эмес. Биз болгону анын чыгармачылыгындагы өзгөчө жагдайга – кусалуу ырлардын табиятына байкоо салмакчыбыз.

Окумуштуулар эмоциялык абалды бир сөз менен берүүгө мүмкүн эместигин, бул тармак семасиология илимининин терең изилдөөлөргө муктаж тармагы экенин белгилешет. Адамдын эмоциялык абалын туюндуруучу сөздөрдүн чеги ачык эмес; алар өз ара байланыштуу: бирин-бири коштойт жана биринен экинчиси жаралат. Эмотивдик ойлорду туюндуруучу сөздөрдүн ушул табиятына ылайык, кусалык татаал сезимдердин системасынан турат. Кусалык – эмотивдик ойлордун уюшу, коюуланышы[6]: буулугуу, эңсөө, сагынуу, чаалыгуу, сарсанаага түшүү, убайым тартуу, кайгыруу сыяктуу жан-дүйнө сезимдери менен байланышкан татаал психологиялык абал. Дүйнөлүк адабияттан орун тапкандардын ичинен биз шилтеме жасаганга көнүп калган орус адабиятынын М.Лермонтов, Б.Пастернак, М.Цветаева, С.Есенин сыяктуу акындарынын поэзиясындагы кусалык концепти туш-тарабынан жиликтене изилденип, али аягына чыга элек. Эмиграцияда өмүрүнүн оттуу жылдары өткөн М.Цветаеванын “Наным менин – кусалык” ырлар топтому мекендин мээримине болгон муктаждык анын акыры өзүнө кол саларын алдын ала кабарлаган симптом экени илимий адабияттарда көп эле айтылды.

Адатта сөздүктөрдө кусалык терс эмоциядагы абал катары түшүндүрүлөт. А бирок чыгармачылыктагы кусалык ал аныктамаларга баш ийбейт. “Кусалыкта үмүт бар..., мезгил менен келишүүгө мүмкүн болбогон түбөлүктүүлүк”[7] бар. Ушул көз караштан алып караганда, кусалык аркылуу Назгүлдүн лирикалык каарманынын дүйнөгө болгон көз карашы улам тереңдеп барат, демек акында өсүү бар:

Буюккан бул дүйнөгө,
Буулуккан жан дүйнөмдүн кереги не?
Тымызын ичтен жеген кусалыктын,
Табалбай койдум деги — себеби не?
Жанымды дирилдеткен жалгыздыгым,
Жашоонун маңызын таап береби же?..[8]

Байкасаңыз, “буюккан” деген сөз “Мекеним” (Буюккан муңун көтөрүп, буулуккан ушул жылдардын) ырында жылдарга (мезгилге) карата колдонулса, жогорудагы ырда  дүйнөгө (мейкиндикке) карата колдонулду. Ал эми мезгил менен мейкиндик чыгарманын негизги өзөгү жана сөөгү. “Буюк -  бурганакта, бороон-чапкында, катуу суукта адашуу, үшүү, жол таба албай калуу, бет алды кете берүү”[9]. Демек, “буюккан жылдар” (З.Ажыматовдо “Нөлү көп жылдар”) – мекендин жол таппай, карайлашы; “буюккан дүйнө”− глобалдашуунун арааны ачылып, нравалык, руханий баалуулуктар будуң-чаң түшүшү. Мындай шартта акын жүрөк назик жандардын буулугушу тарых бүктөмүндө дайыма кайталанып туруучу процесс. 

“Чаалыккан кыялдар” жыйнагында Н.Осмонованын чыгармачылык жактан калыптангандыгына кепил боло турган, акындын сезимге бай, ойго терең поэтикалык дүйнөсүн көркөм чагылдырган ырлар жетиштүү. Анткени поэзияда жаңы сөз айтууга болгон далалат, анын жоопкерчилигине олуттуу мамиле (“Акындыктын жүгүн теңдешсиз, көтөрө албай кетем майышып”[10]) ушул жыйнакта кезигет.

Аталган жыйнактагы “Чаалыккан кыялдар” ырлар топтомунда да, андан сырткары да (“Салкында ачылган сары гүлдөр”, “Бук”ж.б.) “сагыныч”, “жалгыздык”, “буулугуу” сезимдеринен акындын руханий чаалыгуусун көрүүгө болот. Мындай психологиялык жапа чегүү Назгүлдүн жеке тагдырына жазылган жазмыш беле же аны шарттаган факторлор барбы?

Биз жогоруда атын атаган азыркы поэзияда көптүн арасынан, көчтүн карасынан бөлүнүп, “башы көрүнүп” калган калемгерлердин ырларынын дээрлик баарында дал ушундай көңүл чөгүү, буулуккан кусалык байкалат. Алар жалаң эле керт башынын камын, кара жанын ойлоп кусадар болуп жатты беле?! Жок, албетте... Алар элге кызмат кылсам деген ички жан-дүйнө кубаты жанына тынчтык бербей жатканда, өз коомунан ордун таппай калгандыгына кусадар болушту. Бейиши болгурлар, “асыл күндөрү чаңга аралашып калганына”[11] санаа тарткан Элмирбек, “заманына жан дүйнөсүн талаткан” Зайырбек “жинди дүйнө, жинди доорго”[12] сыйбай кетишти. Ал эми калгандары эки жээкке бөлүнүп, бир тобу өз мекенинде, экинчи тобу миграцияда өрт өмүрлөрү максатсыз өткөнү үчүн буулуга ырлар жазып келе жатышат. Бир жээкте Жыргалбек (ж.б.) “...ооруп турган, далысы кашаң аттай жооруп турган”[13] мекенинин тагдырына кабатыр, экинчи жээкте “...буулугуп бөтөн жерде” − Истамбулда “сарсанаалуу сагынычтуу ыр жазган”[14] Толук Бек Байзак, “үй-дарексиз, кол чатырсыз” Москвада “сан ичинде саргалдактай санаа сыркоолуу”[15] “алыстагы ак жарык” мекенине амандык тилеген Нарсулуунун (ж.б.) катарында Н.Осмонова да бар.

Жамгырга, карга карабай,
өтүптүр жылдар арадан.
Кыялдар кайда сүйкүмдүү,
максаттар кайда самаган?

Үмүттөр менен кеч кирип,
кыялдар менен таң аткан.
Азырчы? Болдук чамынды,
калкылдап сууда бараткан[16].

Бир жолго түшө албай, “буулуккан” Мекендин кусалуу мезгили “урандыдан тирүү чыккан муундун” тагдыры болду. Ошондуктан, кусалуу ырлар акындардын жеке психологиясы гана эмес, алардын экиленип эргүүсү эмес, объективдүү да субъективдүү да факторлор менен шартталган, өтө терең, “уюган” эмотивдүү ойлордун көркөм чагылышы. Албетте, объективдүү дүйнөгө акындын жеке тагдырынын байланышы болбосо, анда мындай руханий жапа чегүүнүн болушу кыйын. Ал эми Назгүл Осмонованын азыркы доор проблемаларына түздөн-түз тиешеси бар. Өмүрлүк жары миграцияда, көз мончоктой кызы – тун перзенти миграцияда. Ошондуктан “калкылдап сууда аккан чамынды” – максатсыз, мазмунсуз өткөн өмүрдүн метафорасы. Ушундай мезгилге чыгармачылыгы туш келген Н.Осмонованын “чарчап-чаалыгып, умтулуп-умсунуп” жашоодо каалаган канааттанууга жетпей, өткөн өмүрдү кызгана кийинки ыр жыйнагын “Каркыра − мезгил” атаганы бекеринен эмес.

Же куш болуп канат жайып учалбай,
Кең асманда каалагандай сыза албай.
Же чыныгы адамча бир жашабай,
Ушул көңдөй турмушумдан тажабай.
Жүргөнүмө өзүм дагы таң калам.
Жаным бирок алда качан чарчаган,
Жарпын жазып, кубанта албас бир да жан[17].

Тексттен көрүнүп тургандай, кусалыкты шарттаган дагы бир акындык эмоция чарчоо абалы көзгө урунат. Чарчоо темасы, албетте, кыргыз поэзиясында жаңылык эмес. Дал ушул 40 жаштын айланасында кыргыз поэзиясында сенсация жараткан О.Султановдун “Чарчоонун жүзүнчү ырын” эске алганда (адабиятчылар анда П.Неруданын “Чилинин таштары” чыгармасынын таасири бар деп жүрүшөт) акындар ички дүйнөсү өтө сезимтал болгондуктан, эл тагдырындагы коогалуу мезгилден чарчашат, турмуштун ички карама-каршылыктарынан: профессионалдын ордун ээлеп алган дилетанттыктан, акты кара деп жар салган адилетсиздиктен, өз ордуна татыктуу эмес, бирок калп пиар менен өзүн татыктуу көрсөткөн жасалмалуулуктан, жалаң ишенген кожосуна таянып, өзүн “кудай” сезген жасакерлерден ж.б. толгон-токой көйгөйлөрдөн чарчашат. Жогорудагы ырда чарчоо 4-саптагы “көңдөй турмушка” байланышкан. Турмуштун көңдөйлүгүн сезүү үчүн да деңгээл керек экени белгилүү го, ал эми Н.Осмоновада дайыма жашоонун маңызын издеген экзистенциялык дүйнө тааным бар. Поэзияда жашоонун табышмагын табууга болгон далалаты аны кыйнайт, ошондуктан анын ырларында суроолуу интонация жыш колдонулат. Франц Кафканын аныктамасы боюнча: “Чыгармачылык – бүтпөс кайгы”[18] болгон соң, Н.Осмонованын кусалуу ырларында чыгармачылыктын кайгысы көз жаш төктүрөт:

Түрмөгүндө ушул күндөрдүн,
ичтен сызып көпкө тындымбы?
Аткарылбай калган үмүттөр,
бейпайлантып алат тынчымды.

Булут баскан күздүн асманы,
жан дүйнөмдү не бир сыздатат.
Жашоо татаал... күлгүң келсе да,
көп учурда сени ыйлатат.

Акындын кусалуу ырларынын купуя сырларын издегенде анын “аткарылбай калган үмүттөрү” жанына тынчтык бербей жатканын көрүүгө болот. Буулуккан  эмоция кайсы акында болбосун улуттук дүйнө  тааным, этномаданият аркылуу чагылат. Кыргыздардын  санаа, кусалыкты сары түс, бүркөк асман, боз туман менен туюндурушу − элдин табият менен киндиктеш өмүр кечирген жашоо образына негизделген салттуу мотив Н.Осмонованын кусалуу ырларында жаңы боёктор менен байып, поэзиядагы мейкиндиктин масштабы канатын кере, поэтикалык ой бир топ тереңдегенин байкоого болот. Ал лирикалык каармандын маанайын дайыма жаратылыш менен бирге карайт. Шамал, булут, жамгыр, кар, мөндүр, күз, кыш, жаз, жай аркылуу эмотивдүү ойлордун ар түрдүү семантикасы көркөм интерпретацияга ээ болот. Айрыкча “асман”  түшүнүгү Н.Осмонованын поэзиясында көркөмдүк  полифункцияналдуулукка ээ. “Бүркөк асман”, “чоочун асман”, “кайдыгер асман”, “суз асман”, “бөтөн жактын асманы”, “түнөргөн асман”, “булуттуу асман”, “бейтааныш асман”, “сур асман”,  “кир асмандын” ар биринин өз кызматы бар. Асман – аалам мейкиндиги болгондуктан, ал азыркы ааламдашуунун  ассоцияциясы ошол мейкиндик алдындагы жашоо көйгөйлөрү. Асман алдындагы тирүүлүктүн түрдүү арман-асирети жөнүндөгү эмотивдүү ойлордун поэтикалык боёктору асман “боёктору” аркылуу берилет:

Асман дагы мендей түнөрүп,
коштошууда жаркын жай менен.
Максаттарым – улуу тоодогу
кол жетпеген ыйык кайберен.

*     *     *

Көңүлүмдөй муңга баткан бүгүнкү,
декабрдын асманы не сурданат?

*     *     *

Ачыла албайт апрелдин суз асманы,
суктандырбайт сулуулугу булуттун.

*     *     *

Карап, карап... көздөрүңдүн асманын,
көзгө тааныш элестерди таппадым[19].

Акын жан-дүйнөнү жапа чектирген кусалыкты туюнтуучу вервалдык эмес каражаттар: көз жаш, үшкүрүк, онтоонун көркөм функциясын вербалдык жактан чебер колдоно алат. Контекстте көз жаштанүшкүрүктүн, үшкүрүктөнонтоонун көркөм функциясы улам тереңдейт жана курчуйт. Анткени үшкүрүк эмотивдүү ойлордун жеткен бийиктик чеги. Сөздүн күчү жетпей калган эмоцияны үшкүрүк же онтоо коштойт. Омор Султанов “Чарчоонун жүзүнчү ыры” поэтикалык циклин дал ушул үшкүрүк аркылуу төмөндөгүдөй жыйынтыктаганынын жүйөлүү негизи бар:

Мына бул
Үшкүрүктүн арасынан
кысылып араң чыккан
ышкырык сыяктанган
“Чарчоонун жүзүнчү ыры”
Чарчагандар билише элек
Канча көңүл чарчап калды
Калуудан.

Назгүлдүн кусалуу ырларын бир нече тематикага бөлүү менен бул көрүнүштү дагы терең аңдоо мүмкүнчүлүгү бар:

1. Туулган жерге болгон кусалык. Бул темадагы ырлар лирикалык каармандын киндик каны тамган жерге болгон сагынычын, кайгысын, убайымын, санаасын гана эмес кубанычын да камтыйт. Туулган жерге болгон кусалык  терс эмес, оң эмоцияда берилген учурлар бар. Төмөнкү ырда туулган  жерден алган  кубаттан улам, кусалык  лирикалык каармандын жан-дүйнөсүн тазартуу, кубантуу касиетине ээ болгон:

Аптап сылайт аста жүзүмдөн,
кабагыма карап эркелеп.
Мөмө сымал жаңы үзүлгөн,
Оштун таңы мөлтүр, керемет.

Сагынганмын талаа-түзүңдү,
кыялымда жүргөм бөпөлөп.
Кусалыктын жашы үзүлдү,
гүлдөн гүлгө консо көпөлөк[20].

Оң эмоция кусалануудан оң натыйжа чыкканда – сагынуудан кийин туулган жерди  көргөндө ээ болгон руханий канааттануу акындык маанайды жаркытып,  “аста”, “сылайт”, “эркелеп”, “мөмө сымал”, “мөлтүр”  деген сөздөр аркылуу лирикадагы лиризм көркүнө чыккан.

Н.Осмонованын кусалыгы туулган жердин кайгысын  өз кайгысынан оор кабыл алганынан ачык  көрүнөт:

Каректе кайгы... канткенде жаркып күлөмүн,
кайгыбы же бир бүтпөгөн муңбу бул өмүр?
Күдөрүн үзгөн эртеңки күндөн муңайып,
неликтен калкым, мукурап анча жүдөдүң?

Адамзат жашайт ичсем деп өмүр мүрөгүн,
айга айтып асыл арзуусун, үмүт-тилегин.
Айта албай турам эртеңки күнгө бир каалоо,
жарылган тоолор – жарылган менин жүрөгүм...[21]

Жерден кеткен жарака акындын жүрөгү аркылуу өтөт деген ойду Назгүл биринчи айтып жаткан жери жок (анын Гётеге таандык экени белгилүү). А бирок калктын кайгысына кайышуу сезими чын-дилден образдуу жана ишенимдүү берилген. Акын кайсы бир ойду айтарда конкреттүү кайгынын абстрактуу жагына чабыттай, “узун ойлоп”, тереңдикке чөмүлө түшөт. Капилет келген кырсыктан элдин чөккөн маанайына боор толгогондо “кайгыбы же бир бүтпөгөн муңбу бул өмүр?” деген суроолуу сүйлөм ырдын эмоциялык  экспрессивдүүлүгүн арттырган.

2. Сүйгөн жарга болгон кусалык жеке личносттук маанисинде сагынуу, таарынуу, көңүл калуу эмоциялары, күтүүдөгү же коштошуудагы адамдын психологиялык абалы  менен тыгыз байланышта. Мындай абалда лирикалык каарманды эмоциянын сыртка ачык чыкпаган жашырын сезимдери кыйнап, жалгыздык феномени актуалдашат:

Мен тагдырдан сурабадым көр дүйнө,
жанда болсо жарым дедим бир гана.
Бирок жалгыз тосом жаздын таңдарын,
тагдыр дудук шуу үшкүрөт тим гана.

Жогорудагы ырдын текстинде кусалык эмоциясы жеке инсандык түскө ээ болгону менен анда үй-бүлөнүн биримдигине бүлүк салган коомдук турмуштагы миграциялык жашоонун “онтогон” үнү угулат. Жеке тагдыр менен доордун бирин-бири жериген карама-каршылыгы көз алдыңа келет.

Интимдик мамиледе сагыныч, таарынуу, күтүү сезимдери эмотивдик кусалыктын туу чокусун мелжийт. Мындай психологиялык абал Н.Осмонованын кусалуу ырларында  “күз”, “күздүн сары жалбырагы”, “актай барак”, “жээкке урунган толкун” менен ассоциациаланат:

Жанды кыйнайт өксүк, сагыныч,
айтылбаган менде таарыныч.
Күтүү менен күздү тосомун,
күздө кеткен жолдор айрылыш.

Менталдык боёктогу “өксүк” сөзүнүн мааниси биздин сөздүктөрдө жакшы берилген эмес. Ал эми этномаданиятта “өксүк” тагдыр концепти менен байланыштуу. Бул жөн эле боштук эмес, катардагы келемте эмес, ал жүлүндү сыздатып, ачык айтылбаган жашоонун экзистенциялык маңызын коштоочу түшүнүк. Өксүк адамга  аяр мамиле жасоонун элдик маданияты иштелип чыккан. Аялуу бул эмоция төмөнкү ырда көркөмдүк жактан чебер иштелген:

Өксүгөнүм, өмүрдө кагылганым,
жээкти карай толкундай чабылганым.
Айткым келет алтын күз, жалгыз сага,
ичтен сыздап бир жанды сагынганым[22].

Кусалуу ырларга негиз болгон себеп жаратылыштын улуу мыйзамына каршы түгөйлөрдүн эки бөлүнүп жашоого мажбур болушу. Айрылуунун ачуу азабы эки адамдын жашоо маңызын жоготууга алып келери жөнүндөгү эмотивдүү сезимдердин уюшу төмөндө армандуу айтылган:

Кайдыгердей сентябрдын асманы,
күн да келди кош айтышып айрылар.
Мен кетемин кылчайбастан артыма,
карегиме чөгүп калып кайгылар.

Чоочун асман алдындагы ал жашооң,
кандайлыгын сураганым пайдасыз.
Менде калып жарым жүрөк, өмүрүң,
сен кетесиң кадам шилтеп айласыз.

Бул көйгөй эгемен жылдары дал ушул түгөйлүк жашоого муктаж орто жаштагы муундун  тагдырына жазмыш болуп келди. “Сентябрдын асманынын кайдыгерлиги” да, айласыз күн кечирүүгө мажбурлаган  “чоочун асман” да − жаш адамдын жашоосуна далысын салган мезгил, өз койнуна перзенттерин батырууга алы келбей турган Ата журттун “оорулуу абалы”, түгөйлүк турмушун ойдогудай жашай албаган муун кайгысы. Бул кайгы жубайлардын бүтүндөй жашоосун жокко чыгарууга тете жана “тиги дүйнөгө үмүт артууга аргасыз:

Ар бир мүнөт, ар бир саат болуп кайгы,
Жолукпайбыз жарыкта, жолукпайбыз.
Бул өмүрдө бир келер махабаттын,
Ордун эми не менен толуктайбыз?

Мүмкүн эмес, таптакыр. Мүмкүн эмес.
Унутууга. Неликтен турмуш мерез?
Кездешпесек эгерде а дүйнөдөн,
Анда жашоо өзү да жалган элес...

Мындай шартта алар ортодо жазылган катты медер тутуп, тагдырга баш ийүүгө мажбур. Жашоонун “жалган элесин” ыр-дүйнө менен толуктоо гана сезимге каниет берет:

Саптарынан сарыккандай сарсанаа,
«сагындым» деп бүгүн сенден кат алдым.
Ошол катың медер тутуп жүрөккө,
бүгүн түнү тынч уйкуга батармын.

Сүйүүдөн да максат кызык сезилип,
мен жашоодо ырларымдан бата алдым...
Менин мерез жүрөгүмдү жумшарткан,
сагынычка ширелген бир кат алдым...

3. Жакшы ырга болгон кусалык. Кусалуу ырлардын ичинен акын үчүн эң “жаралуусу” жакшы ырга болгон кусалык. Тээ каргадай кезинен  “Поэзия сүйгөнүм” деп, жанбирге жакынындай сезген жакшы ырды издегенде Н.Осмонованын дили “өксүгөндөн” терең, “үшкүргөндөн”  күчтүү жапа чегип, дили “онтойт”.

Жабыгып турган көңүлдөй,
жаздын да бүркөө асманы.
Тургансыйт асыл Музанын,
угулбай шоорат-басканы.

Ооруган дилим онтойбу,
 чыгарбай үнүн тим гана?
Кыялдар болсо кол жеткис,
кыярбайт экен ким гана.

Н.Осмонованын ичтен түтөгөн, сезимдер гаммасына “киринген” эмотивдүү ойлору поэзияда “айтыла элек” улуу сөз айтуу кыялына умтулат:

Көөдөндөгү асыл ойлор булкунуп,
Жарык күндү көрүүгө мынча умтулат?
Ырга айланып, ошол ойлор кулпунуп,
Окусун деп качан элге мен сунам?

Чыгармачылыкта  манчыркоонун ордуна табылгасына канааттанбай жашоонун өзү өсүүгө кепил болчу процесс катары жакшы көрүнүш. Акында “умтулам, умсунам” деген эки уйкаш өтө көп колдонулат жана чынында эле ал изденүү абалынан каалаган канаат алууга жетишпей жатканына кусадар:

Жылдыздарга умтулганым умтулган,
Жетпей бирок умсунганым умсунган.
Эмнелер бар мен көксөгөн жактарда,
Эмне кылсам бул жүрөктү булкунган?

Мен канчалык кылган менен далалат,
Алалбадым өз жашоомдон канагат.
Жаным туйлап көөдөнүмдү ургулап,
Чыгып андан учкусу бар сабалап...[23]

Н.Осмонованын “булкунган жүрөгү” жаңы жана жаркын ырларды жаратууга “старт алдында” кубат топтоосу болсун дейли. Булкунган жүрөктөгү төмөнкүдөй:

Күндөр келет бир жылмайып күлбөгөн,
сүйүү эмне, жыргал эмне билбеген.
Биз канчалык кааласак да өтпөшүн,
мезгил эмес, биз өтөбүз дүйнөдөн.

Ыраңы серт, бир жылмайып күлбөгөн,
учур келет күтүү эмне билбеген.
Ойлойбуз го көчүүдө деп булуттар,
булут эмес, биз көчөбүз дүйнөдөн...[24] – деген философиялык ой-чабыттар түбөлүктүү асман алдында  Назгүлдүн түбөлүк калчу ырларына  шам чырактай жарык чачарынан  үмүт үзбөй күтөлү!

[1] Осмонова Н. “Каркыра-мезгил” жыйнагынан

[2] Табигат

[3] Үзүндүлөр  “Күн түнөгөн жүрөк” жыйнагынан алынды.

[4] Бердяев Н. Тоска /Китепте: Самопознание. – М., 1997.

[5] Жамгыр кусалыгы /Каркыра-мезгил.- Б.: Турар, 2019.  - 40-б. 

[6] Караңыз: Дмитрова Е.В. Тоска. /Китепте: Антология концептов. –М., 2005. – 270.

[7]  Бердяев Н. Тоска /Китепте: Самопознание. – М., 1997.

[8]“Аптаптагы кусалык” /Каркыра-мезгил.- Б.: Турар, 2019.  -93-б. 

[9] Караңыз:Кыргыз тилинин сөздүгү. – Б.,2010. – 282-б.

[11] Иманалиев Э. “Пенделер маршы” ырынан / Аманат. – Б., 2020.

[12]  Ажыматов З. “Дарыгерди күтүп жүрөм асмандан” ырынан

[13] Касаболотов Ж. “Тилек” ырынан

[14] Толук Бек Байзак  “Күз шолоктойт түбүндө тереземдин” ырынан

[15] Гургубаева Н. “Алыстыкты жазыш азыр кандай оор” ырынан

[16] ” /Каркыра-мезгил.- Б.: Турар, 2019. – 12-б.

[17] “Бук” /Каркыра-мезгил.- Б.: Турар, 2019.

[18] Франц Кафка мененГуста Яноухтун маегинен үзүндү. Которгон Олжобай Шакир. / РухЭш сайты.

[19] Үзүндүлөр  Каркыра – мезгил жыйнагынан.

[20]  “Сагыныч” ырынан.

[21] Өзгөндөгү жер көчкү алааматына жазылган ыр.

[22] Каркыра-мезгил.- Б.: Турар, 2019. – 32-б.

[23] Чаалыккан кыялдар (Меланхолия)

[24]  Каркыра – Мезгил ырлар түрмөгүнөн.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз