Кабардин эл жомогу: Жабагы кантип айылды сактап калды

  • 10.12.2020
  • 3098

Бир айылда Жабагы аттуу бала жашаптыр. Ал атасы да, апасы да жок томолой жетим болуптур. Ал тургай анын айылга кантип, кай жактан келгенин эч ким билбептир. Кичинекей болсо да ак көңүл мүнөзү, түз жүргөнү, зиректиги, баамчылдыгы адамдарга жаккандыктан баары жакшы көрүп, тамак жагынан да, кийим-кечек жагынан да жардам берилип, бир айылдын эрке баласы сыяктанып, дени-карды соо өсүп чоңоюптур. Абдан зээндүү бала айыл ичинде бекер басып жүргөндөн уялып, эл эчкисин кайтарып берүү милдетин өзүнө-өзү ыйгарыптыр. Ошентип ал таң атпай туруп, элдин эчкисин чогултуп, айылдын үстүндөгү бийик тоого жайып кетип жүрөт.

Бир күнү Жабагы адатынча таң заардан эчкилерди жайып тоо таянып баратып, бут алдыдан кандайдыр жараканы көрүп, байкоо салса ал бүткүл тоо аркылуу кеткен болот. Мурда мындай жарык бар экенин эстей албаган ал жаракага муштумдай ташты салса, ал ылдый кулап кетпей туруп калат. Жабагы эчкисин жайып кечке жүрөт да, кечинде түшүп келатып баягы ташты караса, ылдый кулап кеткен болот. Буга таң калган бала эми чоңдугу дарбыздай ташты жаракага кептеп айылга түшүп келет. Көңүлүндө чоң күмөн жаралган ал адамдарга алиги жарака жөнүндө айткысы келгени менен караңгыда элди дүрбөтпөйүнчү деп, Кудайдан кырсыкты болтурбоону тилеп жатат.

Түнү тынч уктай албаган ал жерге жарык кире электе эчкилерди чогултпастан тоого чуркап чыгат да, баягы жаракага кептелген дарбыздай ташты карап ордунан таппайт. Мындан улам тоо көчүп айылды басканы калганын түшүнөт да төмөн жүгүрүп түшүп, эшиктерди кагып элге кабар айтат:

- Эл-журт, бул жерден кетели, тоодо жарака пайда болду, жакында ал көчүп бүт айылды басып калат!

- Капкаяктагыны айтып элди эмне үчүн дүрбөтөсүң! – деп бирөөлөр таттуу уйкуну бузганы үчүн урушат.

- Бул тоо да, анын түбүндөгү айылыбыз да көп кылымдардан бери турат. Сен төрөлгөндө эле бири көчүп, экинчиси ага басылып калабы? – деп башкалары баланы шылдыңдашат.

Үчүнчүлөр баланын чынчыл жана баамчыл экенин эстешип, анын айтканын жасап айылдан көчө башташат. Аларды көрүп беркилер да дүрбөп орун которушат.

Бала айткандай эле ошол күнү тоо көчүп, бүткүл айылды басып калат. Аны менен кошо бир жетим баланын айтканына ишенип көчө качкандарга күлгөн айрым үй-бүлөлөр жер алдына кетет.

Ал эми Жабагыны угуп көчө качкан айылдын көпчүлүк эли жаңы кыштак куруп, ага өзүлөрүн кырсыктан сактап калган баланын ысымын беришет. Азыр да тез аккан дарыя Баксандын жээгинде Жабагы кыштагы бар.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз