Мээрим Көлбаева: Айтыш өнөрүнүн табияты – 4

  • 10.12.2020
  • 5339

<<<<< Башы

1.4. Айтыштын түрлөрү

Айтыш элдик оозеки чыгармачылык менен ырчылык өнөрдүн айкашынан жаралган бир чоң жанр. Аны мазмундук, формалык, тематикалык жактан классификациялоо иши 1943-жылы жарык көргөн “Кыргыз адабиятынын очеркинде” [27, 49] колго алынган. Анда айтыштар элдик оозеки чыгармалардын лирикалык тобундагы  үрп-адат ырларына киргизилип, ич ара 1. суроо жооп менен айтышуу; 2.  табышмактуу кылып айтышуу; 3. диалогдордон түзүлгөн айтышуу; 4. сармерден, алым-сабак деген түрлөргө бөлүштүрөт.

Ал эми мазмундук жактан

1. кишилердин кемтигин, маселен, жалкоолук, ач көздүк, көрөлбастык, тойбостук сыяктуу кемчиликтерди көргөзүп күлгөн айтыштар;

2. бири-биринин тапкычтыгын жана акылдуулугун сыноочу айтыштар;

3. ашыктык мүнөзүндөгү айтышуулар;

4. көркөм сөзгө усталыкты көргөзө турган айтышуулар;

5. Акындардын өзүнүн тарабындагы чоң кишини (өзүнүн манабын, байын) мактап, каршы тараптын чоңун кордогон айтышуулар;

6. жакырчылыкка жана эзүүгө каршы айтылган айтыштар.

Негизинен мындай бөлүштүрүү өтө чар жайыттыкты пайда кылган. Бул бөлүштүрүүнү  П.Ирисов: “...классификациялоонун принциптерин туура эмес түшүнүүдөн жана мүмкүн болушунча айтыштын баардык түрлөрүн камтууга болгон аракеттен,  ошол кездеги фольклорду изилдөө иштеринин абалы менен түшүндүрүлөт” [58, 25] – деп мүнөздөйт. Ал эми айтыштарды түрлөргө ажырымдоо ишин кийин Б.Маленов колго алып:

1. табышмактуу айтыш;

2. кордоо;

3. мактоо;

4. учурашуу;

5. кошотошуу;

6. угузуу;

7. көңүл айтуу деген түрлөрүнө бөлүштүрөт.

Мында мазмундук жактан бөлүштүрүү негиз катары алынып, формалык өзгөчөлүктөрү эске алынбаган. Айтыштарды классификациялоо акындар айтышына ыктап, фольклордук башаттардагы айтыштын түрлөрү талдоодон алыс калган. Ал эми С.Мусаев, Ж.Таштемиров, Б. Маленовдор түзгөн окуу китебинде [90, 146] айтыштардын маанисине, эл арасында айтылып жүрүшүнө карай “адат-салт айтышы”, “акындар айтышы” деген эки чоң топко ажырымдалып, акындар айтышы ич ара алым сабак, кордошуп айтышуу, табышмактуу айтыш, кайым айтыш деген төрт топко ажырымдалат.

Кийин 1970-жылы чыккан экинчи басылышында табышмак айтышы алынып салынып калган үч тобу көрсөтүлөт. Т.Саманчин дагы айтыштарды үч топко алым сабак, табышмактуу айтыш, кордоо айтыш деп бөлүштүргөнүн [108, 58] көрөбүз. Ушул эле багытта айтыштарды бөлүштүрүүдө акындар айтышына басым жасалган А.Обозкановдун пикиринде [97, 76] айтыштар:

1) алым сабак;

2) табышмактуу айтыш;

3) санат айтыш;

4) чечендик айтыш;

5) кордоо айтыш;

6) тамашалуу айтыш деген топторго ажырымдалат.

Автор ырчылык өнөрдүн диапазону кенен экенин, аны үч же төрт түргө бөлүп чек коюуга мүмкүн эмес экенин белгилейт. Акындардын айтыштарынын мүнөзү, мааниси жагынан алганда жогорудагы бөлүштүрүү максатка ылайыктуу болгону менен адат-салт айтыштары көңүл жаздымында калганы көрүнүп турат. Ал эми айтыштар тууралуу бараандуу эмгек жасап, аны Токтогулдун чыгармачылыгынын мисалында талдоого алган Ж.Таштемировдун эмгегинде [115, 15] турмуш-салт айтыштары, чечендер айтышы, акындар айтышы деген үч топко бөлүштүрүлгөн. Мындай бөлүштүрүү “Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки” (Фрунзе, 1973) деген коллективдүү эмгекте, “Кыргыз адабиятынын тарыхында” (I том. – Бишкек.: “Шам”, 2004) да берилет.

Кыргыз айтыштарынын жанрдык табиятын талдоого алган алгачкы диссертациялык эмгекте [58, 25] айтыштарды адат-салт жана акындар айтыштары деген эки чоң топко бөлүп, андан ары адат салт айтыштарын: кыз менен жигиттин айтышы, кайым, акый, сармерден деген топторго бөлүп, акындар айтышын алым-сабак, табышмактуу айтыш, кордошуу айтышы, учурашуу айтышы, салтанаттуу айтыш деп өзү жашап жаткан мезгилдеги айтышты кошот. Негизинен бул бөлүштүрүү айтыштын өсүп өнүгүү процессин көңүлгө алуу менен, анын жанр катары мүнөзүн толук чагылдыруу максатында аткарылган бөлүштүрүү дешке болот. Бөлүштүрүүдө чечен айтыш тигил же бул топко кошулбай калса, кийинки мезгилдеги айтышты өзүнчө түр катары бөлүп көрсөтүү туура эмес экенин көрөбүз. Себеби, кийинки айтыштар деле мурда калыптанган учурашуу, табышмак же алым сабак формасында боло турганы белгилүү.

Жалпылап алганда, айтыштарды маанилик жана формалык жактан ажырымдоо ишинде бир беткей чыгарылган пикир жок. Ар бир изденүүчү адистик мүмкүнчүлүгүнө жараша түрдүү топторго ажырымдаган. Ал эми казак фольклористикасында айтыштарды бөлүштүрүү ишин алгач Ч.Валиханов колго алып, айтыштын максатына карай салт санааны көрсөткөн эскичил айтыштар жана казак калкынын көкөй кести тилегин, арман-мүдөөсүн көрсөткөн жаңычыл айтыштар деп бөлүштүрөт [140, 532]. Ал эми С.Сейфулин [111, 234] акындар айтышын көмүскөдө калтырып, адат салт айтыштарын жар-жар, бадик, табышмак, азил айтыштар деген төрт түрүн белгилейт. Казак калкынын элдик оозеки чыгармачылыгын, анын ичинде айтыштар тууралуу жакшы эмгек жасаган С.Муканов [88, 551] да айтыштарды классификациялоого аракет жасап, адат-салт айтыштары,  кайымдашуу айтышы, табышмак айтыш, дин айтышы, акындар айтышы деген топторго бөлүштүрөт. Бул жерде автор табышмак айтышы менен дин айтышын жеке түр эсебинде карап, акындар айтышынын бир түрү экенин эскертет.

Ал эми К.Жумалиев [47, 340] мал менен адамдын айтышы, өлүү менен тирүүнүн айтышы, табышмак айтыш, салт айтышы, кыз менен жигиттин айтышы, уруу айтыштары, ушул күндөгү айтыштар деген топторун сунуштайт. Бул бөлүштүрүүдө акындар айтышы адат-салт айтышына кошулуп талданып, өздүк белгилери көңүлгө алынбай калган. Ал эми акындар айтышы менен адат салт айтышын өз алдынча топтогу чыгармачылык экенин белгилеп, акындар айтышынын андан ары сүрө айтыш жана түрө айтыш деген топторго бөлүштүргөн М.Ауэзовдун [16, 13-47] пикири көп жагынан айтыштын мазмундук жана маанилик жагына кесипкөйлүк менен жасалган классификация катары кароого болот.

Мына ушул бөлүштүрүүнү жетекчиликке алып айтыштардын эволюциялык өнүгүүсүн талдоого алган М.Жармухамедов [43, 30] турмуш салт айтышы:

а) бадик,

б) жаржар үлгүсүндөгү айтыштар,

в) кыз менен жигиттин айтыштары,

г) кагышуулар деп жиктеп, акындар айтышы

а) дин айтышы, табышмак айтыш, жазма айтыш деген түрлөргө бөлүштүрөт.

Бул бөлүштүрүүдө жазманын пайда болуусу менен жаралган жазма айтыштын үлгүлөрүн (мушаираны) акындар айтышынын бир түрү катары киргизет.

Негизинен айтыштарда динден собол салуу же жоопторду диндин негиздери менен чечмелөө өңдүү диний мотивдер бар. Бирок алар  өтө аз санда кездешип, толук кандуу айтыштын бир түрү катары бөлүп коюу мүмкүн эмес. Аларды жөн гана диний мотив дешке болот. Ал эми жазма айтыштын түрү (мушаира) кыргыз фольклорунда кездешпейт. Казак фольклор таануу илиминде дагы айтыштарды классификациялоо ишинде өтө ар түрдүү пикирлер орун алган. Айрымдары топторго ажырымдоодо адат-салт айтыштарына басым жасаса, экинчи бирлери акындар айтышына басым жасайт. Биз түрдүү багыттагы бөлүштүрүүлөрдү анализдеп келип, айтышты төмөнкүдөй бөлүштүрүүнү ылайык көрдүк

1.  Адат-салт айтыштары:

а) ар кандай жөрөлгөлөргө байланыштуу айтылган айтыштар: сармерден;

б) кордоо же мактоо маанисинде айтылган айтыштар: акыйнек, кайым;

в) турмуштук айтыштар: кыз менен жигит, эпкиндүү келин менен жалкоо жигит ж.б.

г) чечен айтыш;   

2. Акындар айтышы. 1. Формалык жактан:

 а)  алым сабак                                 

б) санат айтыш,

2. Маанилик жактан:

а) табышмактуу айтыш,                          

б) кордоо айтыш                          

в) тамашалуу айтыш                           

г) учурашуу айтыш.

Айтыштарды мүнөзүнө жараша топторго ажырымдоо өтө шартуу түрдө экенин эскерте кетишибиз керек. Себеби, ар бир айтыштын түрү экинчи бир түр менен аралашпай өзүнчө бөлүнүп турбасы белгилүү. Ырчынын айтуу ыкмасына, элдин сүрөөнүнө, экинчи өнөктөшүнүн соболдоруна жараша бир эле айтышта кордоо, табышмак, тамаша өңдүү түрлөрдүн аралаша берилип, ал алым сабак формасында же турмуштук ар кандай жагдайларды санаттап узун сабак ыр түрүндө берилиши мүмкүн. Буга бир эле мисал алыстан атын угуп, Токтогулга жолугуп, ырчылыктын жол-жобосун үйрөнүп, кеп-кеңеш алгысы келген Барпынын алгач жолугушуусунда ырдашканы мисал болот. Барпы Токтогул ырдап отурган үйгө кирип барып, сүрдөнүп туруп калат. Ошондо Барпынын ала чапан кийинип турган шакирти Эшмамбеттен дайынын угуп жүргөн Барпы акын экенин ырга кошуп, учурашып узун убакыт алым сабак ырдашышат.  Токтогул алгач Барпынын тек жайын сурап ырдап, акындык дараметин сынап «ким билет?», «менен», «турбайбы», «жазылат» сымал уйкаштыктар менен улап ырдоо ыкмасында  санат ырдан ырдашат. 

Таланттын ташкан дайрасы Токтогулдун учурашуу, санат, алым сабак ырларына дал өзүндөй жооп айткан ырчыга табышмактата собол салып мындай дейт:

«Комуздан берген саламым,
Улап кет иним аягын.
Эмкисин бөлөк ырдайын,
Акындыгың сындайын.
Көп түйүнүн чечпесең,
Чечендигиң ким билет?
Кереметиң болбосо,
Чебердигиң ким билет?
Табышмакты таппасаң,
Сырчылыгың ким билет?
Жабылтып ырды төкпөсөң,
Ырчылыгың ким билет?» - деп ырчылардын алдында кандай милдеттер турганын айтат. 

Барпы бардык ырдашуу ыкмаларында өз дараметинин мыктылыгын көрсөтүп ырдайт. Ошондо Токтогул:

«Сен дагы мендей ырдадың,
Ырыңдан, иним, сындадым.
Адаштырып ырдасам,
Айтканымдан жылбадың.
Менин айткан ырымды,
Бекеринен бурбадың.
Сайраттың кызыл тилиңди,
Акындыгың билинди.
Мен көрсөткөн ырымды,
Улабастан койбодуң. 
Ажыратпай бир жерин,
Кынабастан койбодуң.
Адис акын экен деп,
Бул жериңди ойлодум”.
(Барпы. Чыг. бир томд. жыйнагы. – Ф., 1970. 95-09-б. ) - деп Барпынын талантын жогору баалап,
«Эми жок менин арманым,
Бар экен сендей ардагым» деп ыраазычылыгын билдирип, ат мингизип узаткан экен.   

Мисалдан көрүнүп тургандай, бир эле айтышта бир канча ыкма, түрдүн колдонулганы  даана көрүнүп турат. Бул айтыш өнөрүнүн “өйдөгө-өйдө, ылдыйга-ылдый, ийриге-ийри, түзгө-түз, ачууга-ачуу, таттууга-таттуу, өткүргө-өткүр, күлкүгө-күлкү, шылдыңга-шылдың, сөгүшкө-сөгүш, назикке-назик, оройго-катуу, сынга-сын, илимге-илим менен – ээ дегенге, м-ээ! - деп баарына жол ачып,  баарына үстөмдүк жүргүзчү универсализмден бүткөн чоң күч” [93, 136] – экенин көрсөтүп турат.

Айтыштарды жалпы жонунан эки топко (адат-салт айтышы жана акындар айтышы) деп бөлүштүрүү максатка ылайыктуу. Себеби, оозеки чыгармачылыкта айтылган айтыштын алгычкы үлгүлөрү адат-салт айтыштары акындар айтышынан бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат.  Адат-салт айтыштары бүгүнкү күндөгү акындар айтышынын жаралышына негиз болуу менен өзүнө ылайык бир катар өзгөчөлүктөрдү калыптандыра алды:

  • Адат-салт айтыштары элдик ишенимге, каада-жөрөлгөлөргө, салттарга байланыштуу жаралды;
  • Адат-салт айтыштарындагы диалогдук форманын калыптанышы, мөрөйгө жетүү, өнөр сыноо, ырдашуу менен жеке маселелерин козгоо өңдүү өзгөчөлүктөр акындар айтышынын жаралышын шарттады;
  • Анын ар бир түрү өз алдынча бир максатты (күлдүрүү, чымчылашуу, кордоо, жоктоо, убакытты өткөрүү, эмгекти жеңилдетүү ж.б.) көздөп, ойду берүү ыгы чектелүү болду;

Адат-салт айтыштарынын аткарылышы, аткаруучу жана угуучу маселесинде да айырмалуу. Анда көпчүлүк түрлөрү коллективдүү аткарылып, кезектеше ырдашуу мүнөздүү болсо, мезгилдин өтүшү менен кайым, кыз менен жигиттин айтыштарында жекеликке карай багыт алуу көрүнөт. Башкача айтканда, бул түрдөгү айтыштарды сөз өнөрүн атайы кесип кылгандар же акындар тарабынан айтылуусу шарт эмес. Аны жаратуучу бир адам болсо дагы аткауучу катары көпчүлүк эсептелип элдин чыгармачылыгы катары жашап келүүсү мүнөздүү болуп, кимдин мүмкүнчүлүгү болсо эле каада-салт айтыштарын аткара алышкан.

Алгач башатында бир адам жаратса, кийин жагы эл арасында ооздон-оозго өтүп, коллективдин чыгармасына айланып кеткен адат-салт айтыштарындагы топ-топ болуп айтышуудагы диалогдук форманын өнүктүрүлүшү менен, таймашуу (бирин-бири сөзгө жыгуу, жеңиш үчүн турмуштун түрдүү жактарын сөз кылып, диний, табышмактуу собол салып, бирин-бири чечмелеп берүүсүн талап кылган) күчөп, чыгармачылыкта өзүнчө бир жанрдын жаралышын шарттаган. Алгач башатында бул түр кыз жигиттин айтышы,  акыйнек, кайым айтыштарынын формасында калыптанган.  Адат-салт айтыштарынын  алгачкы үлгүлөрүндө элдик  социалдык-саясий маселелер көтөрүлбөй турганын жогортон белгиледик. Мындан улам бул айтыштардын түрү биринин оюн экинчиси улантып, эл көңүлүн көтөрүү, эки айтуучунун жашоо абалынан кабар берүү, ар кимисинин өз чындыгын ырга кошуп, өзүн мактап, каршысындагы өнөрлөшүн кемсинтүү сыяктуу жеке мамилелер алдыга чыккан. 

Мындан сырткары бул түрдөгү айтыштар элдик жөрөлгө, каада-салттарга байланыштуу аткарылган. Мисалы, “Сармерден” айтышуу ар кандай көңүл майрамдарында, кыз узатуу, келин алуу тойлорунда, эл көп чогулган жоролордо жаштардын айтышы болгон.  Сармерденди К.Юдахин [128, 636] “катышуучулардын  кезек менен ырларды аткарган көнүл ачуусу” деп бааласа, В.Виноградов: “... жаштардын ырларды эң жакшы импровизацияда аткарган айтышы” [153, 69] деп белгилейт. Мындай майрамдарда баардыгы эле импровизациялатып төгүп ырдоосу талап эмес. Айрымдары мурда эл оозунда ырдалып, аткарылып жүргөн салттуу ырларды да аткарышкан. Бирок жаштардын топ-тобу менен эки жаат болуп алып сүйүү, үй-бүлө, кыз келиндер тууралуу ырдашканы, ал ырларда топтун таймашы, ички жарышуу күчтүү болуп, төкмөлүгү барлары кадимкидей эл алдында төгүп айтышуу ыкмасында ырдашкандыгы анык.

Чыгармачылыктагы биринин оюн экинчиси улап эл көңүлүн көтөрүп ырдоо үйлөнүү салтында аткарылган “Жар-жар” ырларында да кезигет.  Адат салт айтыштарынын аткаруучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык аткарылган түрлөрүнүн бири - акыйнек. Ал айрым учурда “акый” деп да аталат. “Акыйнек – кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы айтыш жанрынын бир түрү. Жаш балдар кыздарды тамашалоо, кордоо, шакаба чегүү, мыскылдоо иретинде ыр менен айтышуусу [79, 32].  Мисалы: 
Байдын кызы:
Жардынын кызы:
Бай мактанса табылат.
Жарды эмгегин жегендер
Жок мактанса чабылат.
Жабышып алган кенелер    
Ошондуктан, жардылар.
Жардыга бакты келгенде
Бир балээге кабылат                     
Сасык байлар сенделер [79, 146] 

Ал эми  сөздүктөрдө «кайым айтышуу – бири-бирине жооп иретинде кезек менен аткарыла турган ыр. Бири-бирине жооп кылып, биринин сөзүн бири узатпаган айтыш, тартыш» [КТТС 211-б.] - деп белгиленген. Демек, акыйнек өспүрүмдөрдүн айтышына кирет. Бул ырларда маанилүү турмуштук маселелер, философиялык ойлор чагылдырылбайт. Анда акыйнекке түшкөн өспүрүмдөрдүн өзүн, ата-энесин, жек жаатын мактап, каршысындагы өнөктөшүн кордоо менен гана чектелет. Кордоо учурунда курч сөздөр менен айтылган вульгардык сөздөр да колдонулат. Мындан улам акыйнек кордоо айтышынын баштапкы үлгүсү катары кароого болот.

Кийинки мезгилде акыйнек бала бакчаларда, мектептерде, конкурстарда эл көңүлүн көтөрүү максатында айтылган өзгөчө бир чыгармачылык катары көп колдонулуп келе жатат.   Айтыштын баштапкы үлгүлөрүнүн бири  - кайым. Кайым айтышууда да бир эле максат көздөлөт. Ал өнөктөшүнүн оюна каршы чыгуу б.а. өз оюнун далилдүү экенин ырастап, өнөктөшүнүн айткандарын төгүнгө чыгаруу. Мындан улам эки айтышуучунун ой жагынан  келишпей турган талашы, каяша айтышуусу катары мүнөздөөгө болот. Бул тууралуу М.Ауэзов: “тегинде айтыштын оор түрү менен катар оңой түрү дагы бар, ал “кайым айтыш”. Ал баштоочу түр босо, андан ары оор түрү чыгат” [154, 19] деп кайымдарды акындар айтышынын баштапкы үлгүсү катары карайт. 

Айтыштарды илимий талдоого алган П.Ирисов: «Кайымдашуу азыркы күндө кеңири орун албаса дагы, бул айтыш бир кездерде өз алдынча ири жанр болгон болуу керек» [58, 165] деген пикирин айтып, анын өлгөн кишинин жоктоодогу үрп-адатка байланыштуу да, жаштардын тамашасына байланыштуу да кездешерин жазат. К.К.Юдахин: «Кайым – состязательная песня – импровизация по покойнику (один начинает, второй подхватывает и продолжает) [128, 324] – деп белгилейт. Демек, сөөк үстүндө кайымдашуу элдик поэзиядагы кошоктун же жоктоонун бир формасы катары да кызмат аткарганын көрөбүз.  Кайымдашуу жеке эле жоктоо маанисинде ырдалбаган. Ал айрым айтыштарда эл көңүлүн көтөрүп, өз ойлорун азил тамашага айландырып, биринин оюн экинчиси жактырбаган ыңгайда юмордук маани менен өз пикирин билдирген учурларды да көрөбүз.

Кайым байыркы учурда гана жаралып кийин, өз ордун акындар айтышына өткөрүп берип, ырдалуудан калды дегенден алыс болушубуз керек. Кайымдашуу азил тамаша маанисинде кийинки эле чоң-чоң акындардын айтыштарында колдонулган ыкма катары ырдалып жүрөт. Мисалы, аттын ээр токум, жүгөн куюшканын ырга кошуп Калык:

“Жүздүктөй кашка ат миңдиң,
Жүрбөйсүңбү Токтогул”,

Токтогул:

“Жүрөктүн чери жазылды,
Балам, жүгөндөйүн, токтогун” – деген ыры, акындардын сакал тууралуу кайымдашуулары буга күбө.

Мындан улам кайымдашуу  жаштарга да калыптанып калган чоң ырчыларга дагы мүнөздүү түр экени көрүнөт.  Кайымдашууларда кордошуу дээрлик жокко эсе, анда жөн гана биринин оюн экинчиси жактырбаган маанайда азил тамаша менен ырдашуу, чымчылашуу таризиндеги бир ойду экинчиси улантып, алым-сабакташа айтышуу болуп саналат. Анда жеңүү же жеңилүү деген талаш өтө курч коюлбайт.  Кайымдашуу казак элинде айтыштын өзгөчө бир түрү экени, анын өзүнө ылайык сүрөттөө ыгы, ойду берүү техникасы бар экени М.Жармухамедовдун эмгегинде [43] эскерилет. Ал эми кыргыз кайымдашуулары ал бийиктикке жеткенин көрө албайбыз. Кайымдашуу жөн гана айтыш өнөрүнүн байыркы башатында жаралган айтышуу ыкмасы деп атоого болот. Анда каршылашынын жетишпеген жактарын сынга алуу, ата-тегинин бай же кедей экенин айтып басмырлоо же өзүн мактоо, же өзүнүн турмушуна канагаттануу сыяктуу тар алкактагы айтыш жүрөт. Мына ушундай маани улам кеңейип олтуруп, ички сезимдерди билдирүү, ашыктык темасын өз объектисине алып, кыз-жигиттин айтышы жаралган деп айтууга болот. “Тарыхый келип чыгышы жана өнүгүшү жагынан кыз менен жигиттин айтышы кыргыз, казак, каракалпак элдеринин адат-салт айтыштарынын традициялык тобуна кирет [58, 50]. 

Элдик чыгармачылыктагы көңүл ачуу, сынашуу,  эрегишүү өңдүү талаптардан улам калыпташкан айтыштын алгачкы формаларында өзгөчө сыноо критерийине басым койгон кыз-жигиттин айтышы көбүнчө үй-бүлөлүк маселелерден (болочок колуктуну же күйөөнү сыноо, эки жаштын бири-биринин кадырын билүү, акыл-эс, сөзмөрлүк, эмгекке жөндөмдүүлүк), турмуштагы өздөрү баамдаган кубулушту ачык чагылдырган реалдуулуктан жана сүйүүгө болгон элдик мамилелер, социалдык абалдардын көркөм чагылышынан турат. Демек,  бул айтыштын түрлөрүндө сыноо, өз абалын жайынча баяндоо маанисине басым коюлуп, атаандашуу, өнөр жарышуу, кордоо маанилери басаңкы.  Адат-салт айтыштарынын башка түрлөрүнөн айырмаланып, кыз-жигиттин айтыштары  форма жагынан бай экенин көрөбүз. Мисалы, айрым учурда кыз-жигиттин айтышы суроо-жооп, алым-сабак иретинде ырдалса, кээде табышмак формасында айтыла берген. Буга “Талым кыз менен Көбөктүн”  айтышын,  КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда эл оозунан жазылып алынган “Жигит менен кыздын айтышы” (инв: № 204), “Кыз менен жигит” (инв: №255), “ Жигит менен кыз Назикжан айтышы” (инв: 5032), “Кыздын жигит менен айтышы” (инв: №1300) ж.б. айтыштарын кошууга болот.  Кыз менен жигиттин айтыштары жаштардын ички ой сезими менен көңүл күй маселелерин чагылдырып, сөзгө өзгөчө маани берүү менен аткарылган.  Анда кыз менен жигиттин  арзуусу, өткөн мезгилдердеги теңсиздик түзүлүшүнө, турмуштун өйдө-ылдый кыйынчылыгына нааразы болуу сыяктуу мазмун сыйдырылган. Көпчүлүктүн ырдашуусу менен түзүлгөн жар-жар, сармерден ырлары акырындык менен эки аткаруучунун акыйнек, кайым же кыз менен жигиттин айтышы түрүндөгү ырлардын жаралышына негиз болгон. 

Мезилдин өтүшү менен айтыштын формасы турмуш-тиричиликтин баардык сфераларын камтып, айтыштын өнүккөн формасынын, акындар айтышынын жаралышын шарттаган. Жалпылап алганда, айтыш ырларынын алгачкы түрлөрү элибиздин үрп-адатына, турмуш-тиричилигине, элдик ишенимдерине байланыштуу байыркы мезгилдерде эле калыптанып, салттуулук мүнөз күткөнүн көрүүгө болот. Ошол эле учурда адат-салт айтыштары бир гана максатты көздөгөнү көрүнөт. Мисалы, акыйнектер баштан аяк кордоо ыкмасында айтылып, мактоо кордоо маанисин карама-каршы коюулушу менен аткарылса, башатында жоктоо, каяша маанисинде ырдалган кайымдашуу кийинчерээк эл көңүлүн көтөрүү максатында ырдалган юмордук маани алганын көрөбүз. Ал эми кыз-жигиттин айтышы бул түрдүн маанилик жана мазмундук жактан байып, сүйүү, табият, эл-жер, үй-бүлө маселелерин көтөрүп сыноо маанисине басым коюлганы көрүнөт.  

Айтыш өнөрүндөгү адат-салт айтыштарынын да акындар айтышынын да мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзүндө сактап келген дагы бир түрү бул – чечендер айтышы.   Чечендик Манастын доорундагы Ажыбай, Байжигиттен тарта, Алдар Көсөө, Акыл Карачач,  Карга, Сарт, Мойту, Тилекмат, Садыр акелерде уланып, Калыгул, Көкөтөй, Куйручуктарга чейин жеткен өнөр. Чечен айтыштагы башкы белги сөзгө чеберлик (ойду так айтуу, аны учкул, элестүү, көркөм сөздөр, салыштыруулар менен туюнтуу, ойду берүүдө макал-ылакаптарды, туруктуу сөз айкаштарын ойго карата тандоо), тапкычтык, ойго тереңдик  кирет.  Чечендик көбүнчө  уруу-урууну, бир эл менен экинчисин жараштыруу, арачы болуу, айрым бир доону өндүрүү өңдүү иш-чараларда аткарылып социалдык-саясий мааниге ээ. 

Ал эми чечендик айтыш өнөрүндөгү башкы талап экени көрүнөт. Мындан улам С.Закиров   акындын чечени деп “айтышта жеңилбеген, тапкыч, сөзмөр болорун” эскерет [155, 331]. Чечен айтыштын негизги өзгөчөлүгү бир сабак жеңил ырлардан тарта  олуттуу мазмундагы накыл, санатка чейин чабак уруп, ойлорун табышмактатып өтө татаал, нускалуу беришинен көрүнөт. Кыскасы, чечендик менен айтыштын ортосунда айрып ала албай турган өтмө катар жакындыктарды көрөбүз. Айтышта өнөктөшүнө акындыктын мыкты чеберчиликтерин көрсөтүү үчүн ырчыда чечендик талап кылынса, акындын чечендигин ачыш үчүн айтыш өнөрү негизги форма болгон. Мындан улам чечендер айтышын “эл арасында кеңири тараган, коомдук турмуштагы түйүндүү маселелерди чечүүдө чоң милдетти аркалаган” [113, 22] айтыш өнөрүнүн бир түрү, болгондо да өзгөчөлүү түрү экенин белгилөөгө болот.

Чечендер айтышы толугу менен фольклордун элементтерин өзүндө калыптандырган. Мындан улам чечен айтыштар кыргыз айтыштарынын бир түрүн түзүп турат дешке болот.   Айтыштардын дагы бир чоң тобу бул акындар  айтышы. “чечендердин айтышы  негизинен кара сөз түрүндө жүрүп, айла, амал, акылмандуулук жана тереңдик, тапкычтык аракеттер колдонулса, акындардын айтыштарында бул жагдайлар орун алганы менен өзүнчөлүккө ээ” [113, 23] Акындардын айтыштарында нөшөрлөтө төгүлгөн уйкаштуу ыр түрмөктөрү менен өнөр сынашуу болуп саналат. Ал өнөр жарышы жай мааниде, чымыркануу абалынын бийик чегин көрсөткөн айыгышкан конфликтке чейин жеткенин көрөбүз. Мына ушул акындар айтышын эки нукта кароого аракет кылдык. Биринчи, формалык жактан алым-сабак жана санат маанилик жактан табышмактуу айтыш, кордоо айтыш, тамашалуу айтыш, учурашуу айтыштары деп бөлүштүрүүнү максатка ылайыктуу дедик. Себеби, акындардын айтышы мейли ал кордоо, тамаша же табышмактуу болобу алым сабак формасында же, санатталган узун сабак формада болушу мүмкүн.

Мындан улам алым-сабакты айтыштын маанилик түрү эмес, формалык көрүнүшү катары кароо туура болчудай.   Акындар айтышынын түрлөрү, анын синкреттик табияты адабиятчы А.Обозкановдун “Төкмөлүктүн башаты, калыптануу этаптары жана синкреттүү табияты” деген эмгегинде кеңири мүнөздөлүп жазылган. Биз бул эмгекте каралган маселелерди кайталоонун зарылдыгы жок экенин белгилеп, акындар айтышынын маанилик түрлөрүн совет мезгилиндеги, эгемендик жылдардагы айтыштын түрлөрүнө анализ берүүдө жалпылаштырып айтып кетүүнү туура көрдүк. Себеби, айтыштын түрлөрүн жазууда акындар айтышынын түрлөрүнө токтолуп, кайра аны ар бир этапта өнүгүү өзгөчөлүктөрүн жазууда дагы кайталап жазуунун зарылдыгы жок деген чечимге келдик.             

Биринчи бөлүм боюнча жыйынтыктар: 

Кыргыз элинин оозеки адабиятындагы элдик поэзия ырчылык өнөр менен өзөктөш өмүр кечирип, бири-бири менен эриш-аркак жашап келген. Ырчылык дүйнө элдеринин көбүнүн көркөм маданиятында кезиксе дагы кыргыз элинин көчмөн турмушуна, жашоо мүнөзүнө, башка элдерден айырмалуу болгон дүйнө таанымына ылайык өзгөчө белгилерге ээ болду. Мына ушул өзгөчөлүк кандай жагдай-шарт болбосун, эч кандай алдын ала даярдыксыз ырдалган айтыш өнөрү менен мүнөздөлөт.  Айтыштагы башкы өзгөчөлүк эл алдында оозеки аткарылып, оозеки тарап, оозеки сакталып келгенинде. Оозеки жаралган ыр эл арасына чагылгандай тарап, ар бир угуучу аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп элдүүлүк, коллективдүүлүк, варианттуулук өндүү сапаттарга ээ болгон. Айтыштагы мындай өзгөчөлүктөр аны фольклордук жанр катары мүнөздөсө, анын бир автордун аты менен тарап, ал автордун жеке мүнөзү, ойду поэтизациялоо ыкмаларынын берилишине карай индивидуалдык белгилерди калыптандырганы көрүнөт.

Мындан улам айтыштар фольклор менен адабияттын тогошунда жаралган көркөм туунду экенин, мындан улам өзүнө ылайык өзгөчөлүктөрдү калыптандырган өзгөчө жанр экенин байкоого болот. Мына ушул өзгөчө жанрдык белгилерге ээ болгон айтыш өнөрүнүн табияты, изилдениш абалы, андагы салттуулуктардын сакталышы тууралуу төмөнкүдөй жыйынтыктарга келдик:

  • Айтыш өнөрүн изилдөөнү үч алкакта кароо максатка ылайыктуу. Биринчи, дүйнөлүк же орус адабият таануусунда, экинчи, түркологиялык алкакта, үчүнчү кыргыз фольклор таануусунда же адабият таанусунда деп иликтөө зарыл.  Орус адабият таануусунда ырчылык өнөрдүн жаралуу башаттары, анын элдик ишенимдер менен карым катышы, байыркы жазма булактардан башат алышы, төкмөлүктүн жаралуусунун фин саамдарынан өнүп чыгышы, эмгек менен байланышы, ырлардын тарыхый орду жана андагы мезгил жалгаштыгы, коллективдин таасири тууралуу маселелердин тегерегинде талдоолор жүргүзүлгөн.
  • Айтыштар түрк тилдүү элдердин көбүндө кезиккен жанр болгондуктан, түркологиялык изилдөөлөрдө айтышка жакын түрлөр аския, терме, атышма, айтыс жанрларынын тегерегиндеги проблемаларга карата түрдүү изилдөөлөр жүргөн. Ошондой эле ал элдердеги импровизациялатып ырдоонун негизги өзгөчөлүктөрү белгиленген.  Казак адабият таануусунда айтыштын публицистикалык сыпаты, лингвомаданий сүрөттөлүшү, эгемендик жылдардагы айтыштын өзгөчөлүктөрү, айтыштагы улуттук сыпат жана көркөм ойлоо маселелери, андагы сатира менен юмордун орду сыяктуу бир катар проблемалардын тегерегинде изилдөөлөр жүргүзүлүп, бул багытта бир топ алдыга кеткендигин көрүүгө болот.
  • Кыргыз фольклор таануусунда айтыштар тууралуу 20-жылдардан тарта эле бирин-экин изилдөөлөр, макалалар жазылып, окуу китептерине киргизилип турганы менен айтышка арналган илимий эмгек адабиятчы П.Ирисовдун калемине таандык. Эмгекте идеологиянын деми даана байкалып, айтыштарга социалисттик чен-өлчөмдөн  баа берилип турганын көрөбүз. Бирок ошондой болсо дагы бул иш айтыш жанрына арналган  алгачкы колго алар изилдөө экендиги менен баалуу. 
  • Фольклордук жанрларды классификациялоого арналган бир катар эмгектерде айтыштар түрдүү топторго кирип, ар башка жиктелгенин көрөбүз. Биздин оюбузча айтыштар каада-салт ырларынын бир түрү катары аныкталды.
  • Айтыштын пайда болуп бүгүнкү күнгө чейин өсүп-өнүккөн тарыхында сакталып келген салттуулуктары бар. Алар төгүп ырдоодон (импровизациядан), ар өнөрдү жуурулуштуруп ырдоодон (синкретизмден), тематикалык, поэтикалык окшоштуктардан, үйрөнүү-үйрөтүү сыяктуу чыгармачылык байланыш - устат-шакирт маселесинен ачык көрүнөт.
  • Акындык өнөрдө көпчүлүктүн алдында көзү көрүп, баамы жетип турган баардык нерсени ырга салып, төгүп ырдоо байыртадан бери калыптанган салттуулук. Көп кылымдык өнүгүү тарыхында төкмөлүк өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрдү калыптандырып, жанрдык деңгээлге чейин өсүп чыккан. Ал бүгүнкү күндө дагы өз табиятын жоготпой Элмирбек, Замирбек, Азамат, Жеңишбек, Аалы өндүү акындардын чоң тобунун чыгармачылык ыгы катары ырдалып жүрөт. Төкмөлүк өнөрдүн калыптануусу үчүн салттуу чыгармачылык такшалуу ыкмалары да белгиленген.  
  • Ал эми акындын бир эле учурда бир канча өнөрлөрдү айкалыштыра алуусу же чыгармачылык синкретизм бүгүн да салттуу ыкма катары сакталган. Синкретизмдин деңгээли, анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу илимде бир беткей пикирлер жок экендигине карабай акындар чыгармачылыгында бир канча өнөрдүн жуурулуша бериши сан кылымдан бери салттуу чыгармачылык ыкма катары сакталып келгенине ырчылык өнөрдүн өзү күбө.  
  • Акындар чыгармачылыгында көп мезгилдер бою калыптанган салттуу чыгармачылык байланыш устат-шакирт түшүнүгү менен аныкталган. Өнөргө талапкердин өзүнөн мурункулардан таалим алуу, өз талантын такшалтуу, таптоо, кезеги келгенде кийинки муундарга чыгармачылыктын сырларын үйрөтүү сыяктуу муундар байланышы дүйнөлүк элдердин көбүндө кездешүүчү көрүнүш. 
  • Айтыш өнөрү жанр катары өзүнө тиешелүү салттуу ыкма жолдорду калыптандырды. Ал саламдашуу, өзү тууралуу маалымат берүү, өнөктөшүнүн тек жайын суроо, мактап, сүрөп ырдоо, жүйөгө жыгылуу, бир сөздүүлүк сыяктуу салттуу ыкмаларда көрүнөт.  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз