Мээрим Көлбаева: Айтыш өнөрүнүн табияты – 1

  • 20.11.2020
  • 5167

Эволюция, жанр, поэтика

Автордон кириш сөз

Кыргыз көркөм сөз өнөр тарыхынын калыптанышы көп кылымдык мезгилди кучагына алып, бир канча этаптарды басып өттү.  Алгач оозеки жаралган чыгармачылык коомдук аң-сезимдин өсүп-өнүгүүсү менен бирге жаңы бир өзгөчөлүктөрдү калыптандырып, коллективдүү чыгармачылыктан индивидуалдуулукка, оозеки формадан жазмага өтүп, профессионалдуулуктун элементтерин өз боюна сиңирди.

Кыргыздарда «өнөр алды – кызыл тил» деп айтылып, мал сырын билген саяпкерден тартып, куш тилин билген мүнүшкөргө, темир болотту камырдай ийге келтирген темир уста, ийрини түздөп ийге салып, түздү түндүк кылган жыгач уста, жалпы эле колу чебер эптүү, көзү курч зергер, уздар менен катарлаш кысталышта калкка акыл айтып, туюктан жол тапкан даанышман, журт башкарган көсөм, нарк нуска айткан акылман, өткүр чечендик өнөрү менен бирге көркөмдөп айткан сөзү жан эргитип, көңүл сергиткен төкмө ырчылык өнөр да жашап, бүгүнкүгө чейин учугу үзүлбөй келүүдө.

Ырчылык өнөр - көп кылымдык жаралуу тарыхында коомдук орчундуу милдеттерди өзүнө алып, элге кызмат кылып келсе, ошол эле учурда адамзат коому аны өнүктүрүп-өстүрүп, асырап, кызматкөрсөтүп келген эриш-аркактуу өнөр.  Ырчылыкты аздектеген өнөрпоздор адамзаттын же бир улуттун көркөм сөз мурасын жаратуучулук, сактоочулук жана жайылтуучулук милдеттерин өзүнө алат.  Ошондой эле алар өз элинин нускоочу тарбиячылары, эрегишкендерди элдештирүүчү элчилери, эл көңүлүн көтөргөн шайырлары боло алышкан.  Ырчылык өнөр ар бир элдин жашоо мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүктөрүнө карата түрдүүчө аталып, өзүнө ылайык коомдук кызматты аркалайт.  Айталы, грек элинин рапсоддору жана аэддери, орус элинин «сказитель», «скороморхтору», байыркы скандинавиялык «скальддар», орто кылымдагы франциялык «труверлер», «трубадурлар», Германияда өзүнчө ырчылар мектебин түзгөн «мейстерзингерлер», Украинадагы элдик ырларды аткарып, ыр чыгаруу менен алектенген «кобзарлар», түркмөн-өзбек өңдүү элдердеги«шайырлар», түрк элиндеги «озанлар», казактардын «жыршы», «жырау», «акындары» сыяктуу ар бир элде ар башка аталып келгендиги илимий адабияттарда [104, 64, 44, 45] белгиленген.  

Кыргыз элинин да маданий мурастарын жаратуучу өнөрпоздору «жамакчы», «ырчы», «жомокчу», «акын» деген атоолор менен айтылып, доордон доорго улам жаңырып олтуруп биздин күнгө чейин жетти.  Ырчы, акындардын чыгармачылыгынын эң эле башкы өзгөчөлүгү көзү көрүп, көкүрөгү туйган, баамы жеткен турмуштук көрүнүштөрдү жамгырдай төгүлгөн талант менен ырга салган.

Төкмө ырчылар көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү катары чыгармасында эл турмушун материал кылып алып, калктын өзүнө тартуулайт.  Мына ушул чыгармачылык процессте эл турмушу менен ырчынын байланышы алдыга чыгып, ырчылар коомдук турмуштун күзгүсү катары кызмат аткарып келген.  Алардын чыгармаларында элдин социалдык абалы, жашоо турмушу сыяктуу маселелер таасын чагылдырылган.  Ал ар бир акындын дүйнөтаанымынын кеңдигине, ырчылык дарамет, кудуретине, акындык ой чабытынын масштабдуулугуна жараша түрдүү деңгээлде болот.  

Төкмө ырчылыкка алдын ала эч кандай даярдыксыз, эл алдында чыгарма жаратуу мүнөздүү касиет.  Бул илимде импровизация деген термин менен аныкталат.  Импровизация - “алдын ала даярдыксыз ар кандай көрүнүштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү» [76, 96].

Фольклористиканын тарыхында импровизациялык өнөрдүн пайда болуусу жана табияты орус окумушттуулары А. Н. Веселовский, Л. Я. Штренберг, Н. П. Дыренкова, В. М. Жирмунский, М. Кушмаковдордун эмгектеринде кеңири талдоого алынган.  Ал эми казак адабиятчылары М. Жармухамедов, Ы. Дүйсенбаев, М. Жумажанов, О. Нурмагамедовдорун эмгектеринде, кыргыз фольклор таануусунда М. Богданова, Б. Маленов, Ж. Таштемиров, П. Ирисов, Б. Кебекова, А. Обозканов, А. Турдугулов, С. Тиллебаев жана башкалардын акындар чыгармачылыгы тууралуу изилдөөлөрүндө омоктуу ойлор айтылган.

Импровизациялык өнөрдүн чыгармачылык такшалуу этабынын жеткен бийиктиги катары айтыш өнөрүн атоого болот.  Адабиятчы А. Обозканов: «Айтыш – байыртадан бери келаткан, ырчылардын эл алдында чоң таймаштарда акындын сөз тапкычтыгын, тилинин күлүктүгүн, ой жүгүртүү логикасынын тактыгын, сынаакы кырдаалдардан жол таап кете алган психикалык жактан туруктуу, кыйындыгын туюндуруп, ырчылыктагы ар тараптуу күчүн көрсөткөн татаал өнөр» [97, 74] экендигин айтса, окумуштуу С. Байкожоев:«Айтыш көпчүлүк элдин алдында акындын акындык күчүн, дараметин сыноочу чоң сыноо, алардын ырчылык жолундагы өнөр салыштыруунун, таланттуу сыноонун эң кыйын ашуусу» [19, 48] экендигин айтат.  Мындай ой казак окумуштуулары Е. Ысмайылов, М. Ауэзовдордун эмгектеринде да белгиленген [16, 142; 126, 13].  

Чындыгында эле төкмөлүк - ырчылык өнөр менен алектенип жүргөн өнөрпоздордон көркөм сөздүн кудуретин түшүнүп, бири-бирине мыкты кыналышкан сөз байлыгынын кенендигин, токулган ыр курулмаларынын уккулуктуулугун, көркөмдүүлүгүн, аргументтүүлүгүн, ырчынын сөзмөрлүүлүгүн талап кылган, кандай жагдай, шарт болбосун, эч даярдыксыз кез келген кырдаалдардан чыга билген кыраакылыгын, ошол абалдарда өзүн, сөзүн жоготуп ийбөөгө көнүккөн психологиялык туруктуулукту талап кылган искусствонун бир канча элементтерин өз ичине камтып турган синкреттик өнөр.

Айтыш өнөрүн илимий жактан изилдөө XX кылымдын 20-30-жылдарынан тарта колго алына баштаган.  Айтыш фольклордук жанрлардын бири экендиги тууралуу М. Богданова, Ж. Таштемиров, Б. Маленов, С. Мусаев, С. Байкожоевдердин эмгектеринде Токтогул, Калык, Осмонкул өңдүү акындардын чыгармачылыгы тууралуу портреттик мүнөздө жазылган изилдөөлөрүндө айтыш өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө ар тараптуу пикирлер айтылат.  Ошондой эле эгемендик жылдарынан кийин улуттук көркөм дөөлөттөргө жаңыча мамиле кылуу зарылдыгы туулуп, акындардын чыгармачылыгын илимий талдоого алган А. Обозканов, Н. Бегалиева, А. Жусупбеков, А. Турдугулов, С. Тиллебаевдердин диссертациялык изилдөөлөрүндө айтыштар тууралуу салмактуу ой-жыйынтыктар берилген.  Ал эми атайын изилдөөлөрдөн П. Ирисовдун “Кыргыз айтыштарынын жанрдык өзгөчөлүктөрү” (1971) деген аталыштагы изилдөөсүнөн башка айтыш өнөрү тууралуу диссертациялык мүнөздө изилдеген илимий эмгек бүгүнкү күнгө чейин иштелбеген.  

Бул эмгек 1971-жылы жазылгандыктан, негизинен XX кылымдын биринчи жарымына чейинки айтыштар объект катары алынган.  Андан бери жарым кылымдан ашуун мезгил өтсө дагы бул жанрдын өсүш эволюциясын, андагы салттуулуктардын кийинки айтыштарда сакталуу даражасын, эгемендик жылдарындагы айтыштардын өнүгүү багыттарын талдоо, ага илимий баа берүү иштери жүрбөгөн.

Айтыш - элдик поэзияда өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар кеңири өнүккөн жанр.  Анын пайда болуу мезгиленен бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолунда калыптанган салттуулуктар, айтыштагы ар бир акындын өздүк чеберчиликтери, айтыштардагы улуттук сыпат жана көркөм ойлоо, айтыштын лингвомаданий сүрөттөлүшү, айтыш өнөрүнүн поэтикасы, айтыштагы тарыхый чындык менен көркөм чындыктын карым-катышы, андагы юмор менен сатиранын орду сыяктуу бир катар маселелер бүгүнкү изилдөөчүлөрдүн алдындагы кечиктирилбей иштелчү маселелерден.  Мына ушул жагдайдан улам ушул эмгекти жазуу демилгесин колго алдык.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

Ч.  АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ

Биринчи бөлүм: Айтыштын издениш абалы: илимий-теориялык обзор

  1. Маселенин изилдениш тарыхы фольклористикада, адабияттаанууда

Кыргыз фольклору өзгөчө жанр, түрлөргө бай. Ар бир жанрды өз алдынча иликтөөгө алып талдоо менен фольклордун табиятын талдоого, туура багыт берүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Себеби, ар бир жанр нечен доорлорду басып өтүп, жаңыланып, улам өзгөрүлүп, көркөм чыгармачылыктын тарыхый өнүгүшүн көрсөтүп турат. Фольклордогу мына ушундай жанрлардын бири - айтыш.

Дүйнө элдеринин поэзиясында айтышка мүнөздүү белгилерди алып жүргөн чыгармалардын кездешери илимий адабияттардын көбүндө белгиленген [93, 17; 43; 17]. Казак окумуштуусу М. Ауэзов өз эмгектеринин биринде байыркы араб элдеринде, айрыкча бедуиндер заманында атайы ярмаркаларда эл ичинен чыккан акындар айтышка – “муаллакатка” түшкөнүн, бул айтышта негизинен бири-биринин билим деңгээлин, дүйнө түшүнүгүн текшерип, бири-бирине чукул суроолорду беришип, диний татаал маселелердин тегерегинде көркөм сөз аркылуу маектешкенин, бул өнөр кийин Европа элдерине тарап, Орто кылымдарда кельт элдеринде “фильд” деп аталчу айтышчыл акындар, француздарда “труверлер”, немецтерде - “мейстерзингерлер” жана “менестрелдер” чыкканын белгилеп, алардын кай бирлери айылдан айыл кыдырып жүрүп, ырдап айтышса, кай бири чиркөөдө дин кызматчысы болуп, диний темада айтышканын жазат. Ал акындар негизинен диндин тигил же бул маселелери тууралуу жай баракат кезектешип, диалог формасын гана пайдаланышкан. Мындай айтыштык формалар скандинавия элдеринде жакшы өнүгүп, мыкты акындар, импровизатор чеберлери болушканын белгилейт. [17, 320. ]

Ал эми байыркы Чыгыш элдеринде (өзбек, индия, тажик) акындардын мелдеши – “мушаира” өткөрүлгөн. Мында атагы чыккан акындар хандын же байдын сарайына чогулуп анын урматына же башка бир салтанатка байланыштуу кыска экспромтторду жаратышып, кезек кезеги менен айтып өтүшчү. Мында мелдеш ич ара гана бири-биринен мыкты экспромт түзүү же хандын “мыктылыгын” көрсөтүү менен чектелишкен. Жеңүүчү же болбосо эң мыкты ыр түзгөн акын хан тарабынан аныкталып, урмат сыйга бөлөнгөн [58, 106]. Ушундай эле турган жеринен ыр куроо менен алектенген грек элинин рапсоддору жана аэддери, орус элинин «сказитель», «скороморхтору» айтышка мүнөздүү айрым белгилерди алып жүрөт. Ал эми тектеш түркмөн, өзбек, казак, каракалпак өңдүү элдердеги импровизациялык өнөрдү алып жүрүүчүлөр чыгармачылык белгилери жагынан көп деле айырмачылыктарга ээ эмес.

Дүйнө элдеринин көпчүлүгүндө кезиккен төкмөлүк өнөрдү асыресе айтыш өнөрүнүн изилденишин талдоого алуу үч алкакта дүйнөлүк адабиятта, түркологиялык деңгээлде жана кыргыз фольклористикасында же адабият таануу илиминде изилденишин талдоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Акындар поэзиясында эч кандай алдын ала даярдыксыз, эл алдында чыгарма жаратуу, ырдоо төкмө ырчыларга (акындарга) мүнөздүү касиет. Бул илимде “импровизация” деген түшүнүк менен аныкталат. Импровизация “белгилүү бир окуя, турмуштук байланыш, же атайын тема жөнүндө алдын ала даярдыксыз оозеки ырдоо өнөрү” [75, 187] экени, ал өнөрдүн өсүшү эл тагдыры, калк тарыхы менен тамырлаш болору айтылып келет. Импровизациялык өнөрдүн пайда болуу башаттары окумуштуулардын пикиринде ар түрдүүчө белгиленип жүрөт. Орус окумушттуулары А. Н. Веселовский, Л. Я. Штренберг, Н. П. Дыренковалардын эмгектеринде адамдардын алгачкы уруулук түзүлүш учурунда, аңчылык менен күн көрүп, уруулар ортосундагы басып алуучулук мезгилдердеги ырым-жырымдык ишеним орун алган шамандык доордо ырчылардын (акындардын) кызматы эмчи-бакшылар менен аралаш болгонун жазышкан. Бул тууралуу В. М. Жирмунский: “Впрошлом у узбеков и казахов неоднократно засвидетельствовано совмещение в одном лице обоих профессии.  У киргизов до недавного времени манасчи при случае выполняли функции лекарей.  Их приглашали петь при болезнях людей и скота, для облегчения родов” [44, 407-416] –деп жазат.  Импровизаторлордогу мындай касиетти талдоого алып казак адабиятчысы М. Жармухамедов: “. . . букара журт акын, жомокчу, бакшыларды өзгөчө касиет даарыган, “теңирдин сүйгөн кулу” деп санап, алардын уйкаштуу өлөң, ырларына чоң ишеним менен караганы ошол [43, 49]” – деген пикирин билдирет.

Көрүнүштөр Америка, Азия, Австралия жана Африкадагы ар кыл уруу, топ, этностордо бар экендигин казак фольклоисти Е.  Турсунов далилдүү жазат [189, 14].  Ал эми кыргыз элинин музыкалык мурастарын изилдеген В. Виноградов импровизациялатып ырдоону жазма булактардын башатындагы эпитафиялардын жаралган мезгилине алып барат: “. . . анткени, көпчүлүккө белгилүү болгон эпитафиялар татаал формада болуп, атайын музыкалык жасалганы талап кылчу.  Ошол эпитафияларда стили калыптанып калган чыгармачыл традициялар аркылуу өлгөн кол башчылардын эстелигине арнап одаларды чыгарышкан акындардын болгонун айтып турат.  Мындай ырчылар сөзсүз түрдө кыргыз коомунун өнүккөн катмарынын талабы жана түздөн-түз таасири аркылуу жаралган башка эң эле көп жанрларды дабилишкен” [35, 36] - дейт.  

Орустун академик-илимпоздору В. В. Радлов баш болгон А. В. Васильев, Г. Н. Потанин, Н. Рычков, А. Янушкевичтердин эмгектеринде элдик поэзиянын айрым маселелери тууралуу омоктуу ойлор айтылган.  Айталы, Н. Рычковдун күндөлүктөрүндө (“Капитан Николай Рычковдун кыргыз-кайсак талааларындагы 1771-жылдагы саякатынын күндөлүгү” СПБ, 1772-ж. ) кыргыз калкынын өнөргө зирек элдерден экенин белгилесе [43, 149], акындыкты кесип катары пайдаланып, күнүмдүк жан сактоонун негизги булагы катары алып жүрүүчү катары эсептеген фин саамдарындагы төкмөлүктүн алгачкы башаттарын иликтеген В. В. Сенкевич-Гудковдун эмгегинде кызыктуу бир фактыны кезиктирүүгө болот.  Изилдөөчүнүн эмгегинде саам элин эки топко ажырымдап, биринчиси – бугу багууну, экинчиси – балык уулоону кесип кылгандар экени айтылат.  Ар бир бугуга эн салууда аны мактап ырдап иш жасаса, балык уулоодо дагы төкмөлүк менен балыкчылыктын сырларын ырга саларын талдай келип импровизацияны жеке сөздөн турган төкмөлүк жана экинчиси эмгекке катыштуу импровизация деп бөлүштүрөт.  Мына ушундай импровизацияны эмгек менен байланышта кароо А. Н. Веселовский, М. Е. Салтыков-Щедрин менен белгилүү орус илимпозу А. А. Борисовдун эмгектеринде сөз болуп, импровизациянын коллективдик жана жекелик маселесин талдоого алышат.  

Импровизациянын эл адабиятындагы ролу, андагы коллективдик жана жекелик белгилер, төкмөлүктүн көөнө адабият менен байланышы жана анын тарыхый ырлардагы орду менен мезгил жалгаштыгы маселелери тууралуу Л. И. Емельянов, В. Я. Пропп, Б. Н. Путилов, А. М. Астахова, П. Г. Богатырев, П. С. Выходцев, В. М. Жирмунский, В. Е. Гусевдин эмгектеринде ар кырынан иликтенген. А. М. Астахованын пикиринде төкмөлүктүн коомдук өнүгүүнүн талаптарына ылайык өзгөрмөлүү болорун, анын коллективдик сыпаты, ырым-салттык мааниси тууралуу омоктуу пикирлерин билдирип, импровизациянын эң күрдөөлдү өнүккөн жери катары Орто Азия калктарын эсептеген [14, 356]. Ал эми Белинский ырчылыкты үйрөнүп же жаттап алууга болбостугун, ал үчүн акын болуп төрөлүү керектигин белгилейт [25, 156]. Демек, орус фольклористеринин пикиринде импровизациялык өнөрдүн жаралышы байыркы доордогу адам акылынын баёо мезгилиндеги, элдик ишенимдердин, эмгектин негизинде жаралышы, тарыхый мааниси жана мезгил өткөн сайын өзгөрүп туруучу табияты, формалык жактан оозеки жана эпитафиялык үлгүдө болгондугун ырасташып, төкмөлүктүн чордону Орто Азия элдеринде өнүккөнүн бир ооздон белгилешкен.

Айтыш - көпчүлүк түрк элдеринде кезиккен чыгармачылык жанр. Бир кезде Борбордук жана Орто Азиянын, Түштүк Сибирдин кеңири аймагында түрк тилдүү элдер жашап Түрк каганаты, кийинчерээк Караханийлер мамлекетин түзүп турган. Алардын өз маданияты, жазма-сызмасы болгон. Ал элдер кийин тарыхый ар түрдүү себептерден улам территориялык жактан түрдүү аймактарды байырлап, “түрк тилдүү элдер” деген аталышты алып жүрөт. “Огуздар - азыркы Түркия, Балкан, Кипр, Сирия, Ирак, Иран, Түркмөнстан жана Азербайжан элдеринин басымдуу көпчүлүгүнүн ата-бабалары. XI кылымдын аягында огуздар Сыр дарыянын боюнда, Арал көлүнүн тегерегин байырлап, аларды Йабгу аттуу өкүмдары башкарган. Бул мамлекет “Огуз йабгу мамлекети” деп аталган [37, 148]” – деген тарыхый маалыматка караганыбызда, азыркы түркмөн эли огуз уруусунан түптөлүп, XIII-XV кылымдардагы уруулук басып алуулардан улам азыркы мекендеген жерине отурукташкан. Ал эми Т. Сыдыкбековдун “. . . саруу, кушчу, коңурат, мундуз, аргын, найман, кыпчак, кытай, кегенет, маңгыт ж. б. көп уруулар байыртадан эле аралаш отурукташкан. Азыркы кыргыз, казак, өзбек элдеринин негизин түзгөн уруулардан [113, 229]” – деген пикирине таянсак түркмөн, башкурт, татар, уйгур, азербайжан, түрк, кыргыз, казак, өзбек, каракалпак өңдүү түрк элдери Түрк атанын уруулары катары тарыхта белгилүү болуп, учурда өз алдынча мамлекеттер катары жашап тургандыгы белгилүү. Бул тарыхый факт.

Түрк элдеринин байыркы бир уруудан тарап, бир тилде сүйлөгөн генетикалык жактан жакындыгы алардын диний мифологиялык түшүнүктөрүндө, аңыз, уламыштарында, фольклордук жанрларында дагы ырасталат. Мисалы, огуздардын кыргыздардын жеринде жашагандыгы тууралуу уламышты мисалга алуу менен фольклорист Батма Кебекова огуздардын байыркы мекени Ысык-Көл болгонун айтып, ал тургай “Жети-Өгүз” аттуу топонимикалык аттын жана ага байланыштуу айтылган уламыштын кыргыз фольклорунда сакталып калышын огуздардын байыркы тарыхынан сакталып калган изи болбосун” - деген пикирин билдирет. Ошондой эле Махмуд Кашгари огуздарды байыркы Тираз (Талас) шаарынын тегерегинде жашаган деген пикирин, огуздардын тике укум-тукуму эсептелген түркмөндөрдүн Ысык-Көлдө жашагандыгы тууралуу уламышты, кыргыздардагы огуздарга байланыштуу “Оторхан” жомогун [66, 260] мисалга алуу менен бир аймакта жашаганын далилдөөгө алат.

Түрк элдеринин түбү бир элден экендигин ырастаган дагы бир факты бул фольклордун бир жанры катары айтыштардын көпчүлүк түрк элдеринде кездешиши. Айтыш түркмөндөрдө “ауdışık” (aйдышык), кaзaктaрдa “айтыс”, бaшкурттaрдa “ауteş” aйтеш, өзбектерде “aйтиш”, тaтaрлaрдa “уtuşuu” (йтишү), уйгурлaрдa “еуtiş» эйтиш деген терминдер колдонулaт.  Aнaдолу түрктөрүндө болсо aшыклык деген aкындык өнөрдүн ичинде “aтышмa” деп, aл эми Aзербaйжaндa болсо “дейишме” деп колдонулaт.  Түрк тилдүү элдердин оозеки чыгaрмaчылыгынa көз жүгүрсөк, aйтыш өнөрүнүн көп түрдүүлүгүн көрө aлaбыз.  Aзербaйжaн дейишмелери гыфылбенд, хербезорбa, мухaммес деген түрлөрү бaр экенин көрүүгө болот.  “Гыфылбенд”- тaбышмaк aйтыштaры, “хербезорбa» - мaктоо aйтыштaры, «мүхaммес” -16 муундaн тургaн aйтыштын түрү.  "Жыгaлымүхеммес", "Дудaгдеймез жыгaх мүхеммес" деген түрлөрү бaр.  

Уйгур эйтиши – эки адамдын же эки топтун обонсуз ыр менен айтышып же ыр обону менен ырдашып (ал уйгурча «нaхшaжылaрынaхшa» (түркү ве шaркы) айтышуу жарышы деп берилет. Айтуучунун бири кандай ыкмада айтса экинчиси ошол ыкманы талап кылган элдик адабияттагы бир жанр катары каралат. Анын бир үлгүсү катары “Яр Яр” (кыргызча “Жар-жар”) ырларын киргизет.

Өзбектердин эйтиши түрдүү тойлордо кыздaр менен жигиттердин ортосундaгы aйтыштaр болуп эсептелет. Бул aйтыштaргa да атайын шойырлар (акындар) кaтышып, түрдүү темадагы турмуштук маселелер тууралуу айтышышат. Бул кыргыздардын “Сармерден” айтышына окшошуп кетет.

Кaрaкaлпaк айтышы көп жагынан кыргыз айтыштарына окшош. Айтыштын мүнөзү, анын аткарылышы, аткаруучулар тууралуу маалымат «Каракалпак фольклору» (Karakalpak Folklorı. - Karakalpakstan Basımevi, Nukus, 1982, Cilt. XI) аттуу эмгекте мыкты жазылган. Фолклористтер кaрaкaлпaк aйтыштaрын, турмуш-сaлт aйтыштaры, шaйырлaр aйтышы жана чечендик aйтыш деп үч топко бөлүшөт. Ар бир айтыштын түрү андан ары ич ара топторго ажырымдалып, турмуш-сaлт aйтыштaры өз aрa тaрaуы-бaдик, хaужaр, жуaп aйтыслaры деп бөлүштүрүлөт.

Каракалпак айтыштарын түрлөрүн мындай 3 топко бөлүштүрүү кыргыз айтыштарын топторго ажырымдаган айрым классификациялар (Ж. Таштемиров) менен далма дал келет. Ал эми жооп aйтышы (жооп) уруксaт берүү жообу (уруксaт берүү), тилек-суроо жообу (тилек жaнa суроо жообу), жумбaк жооп (тaбышмaк жообу), aкыл-нaсият жооп (дидaктикaлык жооп), юмор сaтирaлык жооп болуп бешке бөлүнөт. Ал эми экинчи шaйырлaр aйтышы тилек (тилек), суроо-жооп (суроо жооп), хошлaшыу (коштошуу), мухaббaт (мaхaбaт темaсындa), жумбaк (тaбышмaк), ойын дaлкек, хaзыл (оюн, юмор), тaртысуы, жaрысыу (кaйым aйтыш, жaрышуу), хaйвaн менен хaйвaн aйтысы (жaн-жaныбaрлaрды сүйлөтүү формaсындa өткөн aйтыш, aшыклык сaлтындaгы “дегиштирмейе” окшош) жана бaлaлaр aйтышы (жaш бaлдер ортосундa өткөн aйтыш) болуп сегизге бөлүнөт.

Чечен aйтыш дa сегизге бөлүнөт: тaбышмaк, доо aйтыш, тилек, суроо-жооп aйтыштaры, мысaл aйтышы, хaзил aйтышы, юмордук сaтирaлык aйтыш, aкыл нaсият (нaсыят берүү) жaнaсын-бaa берүү aйтысы (сыноо aйтышы). Демек, каракалпактардын айтыштары кыргыз айтыштарына абдан жакын келип, алардын түрлөргө бөлүштүрүлүшү дагы кыргыз айтыштары тууралуу айрым классификацияларга далма дал келет. Бирок маанилик жактан айтыштар өтө майдаланып кеткени байкалат.

Түркмөн элинин айтыштары бир топ өзгөчөлүктүү экени байкалат. Айтыштын бир түрү болгон чaтaшмa түркмөндөрдүн Aфѐнкaрaхисaр-Эмирдaг аймактарында аткарылат. Ал жaнaзa болуп aткaн үйдө aялдaрдын ортосундa өткөн aйтыштын түрү. Бул биздеги кошокторду кезек менен айтып, өлгөн адамдын кылган иштерин, жакшы сапаттарын биринен экинчиси мыктылап кошуу жөрөлгөсүнө окшош келет. Ал эми чене ярышы - атайын бир белгиленген оюндун ичинде ойногон кишилердин жест, мимикaлaрды колдонуп өз aрa кaйым aйтышуусу менен коштолгон aйтыштын түрү болуп эсептелет. Дедим-дедишыктaрдын (сүйүшкөндөрдүн) же болбосо aкындaрдын сүйүү темaсындa өткөн aйтыштaры болуп сaнaлaт. Мындай айтыштын түрү, «дедим-дединин aлгaчкы формaлaры «Дивaнү Лүгaти’т-Түрк» чыгaрмaсындa дa кездешет [133, 2]” - деген маалыматтар бар. Деме, Дөндүрмө - тойлордо эки топтун ортосундa өткөн aйтыштын түрү. Aнaдолудa “деме дөндүрмейе” “деме-чевирме”, “aлып сөйлеме” яхут “aлып верме” деген aттaр менен дa белгүлүү. Демели- кишилер, улуттaр, мезгилдер ортосундa aйтылгaн aйтыштын бир түрү болуп сaнaлaт. Кыш менен жaйдын aйтышы, бойдок менен үйлөнгөн кишинин ортосундaгы айтыштар сыяктуу атайын тема тaндaлып aлынaт дa өз aрa aйтыш улaнa берет. Aйтыштын бул түрү “демели дейиш”, “демели дестaн” яхут “сөйлетме” деген aттaр менен дa белгүлүү.

Түрк тилдеринин ичинен дагы бир өзгөчөлүктүү айтышы бар, ал азербайжан эли. Алар айтыштарды “дейишме” деп аташат. Aзербaйжaндa жaнa Aнaдолунун кээ бир aймaктaрындa дa колдонулгaн aйтыштын бул түрү «мүшaире», «демели», «сөйлетме» деген aталыштар менен дa колдонулуп келет. Акыркы эки аталыш адaмзaттaн бaшкa түшүнүктөрдү, жaн-жaныбaрлaрды, жансыз нерселерди сүйлөтүү формaсындa өткөн aйтыштын бир түрүн атоо болуп сaнaлaт. Азербайжандагы айтыштар төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт: дилдөнмез-дилтепренмез герaйлы: 8 муун менен “л, р” үнсүздөрүн колдонуу aркылуу өткөн aйтыштын түрү болуп сaнaлaт. “дилдөнмез-дилтепренмез кошмa” сыяктуу формaлaры дa бaр. Дилдөнмез тежнис: aйтылуусу кыйын болгон сөздөрдү колдонуп өз aрa aйтышуу. Докундурмa - клaссикaлык түрк aдaбиятындa кордоо aйтышынa жaкын aйтыштын бир түрү. Дудaкдегмез: “б, м, п, ф, в” үнсүздөрүн колдонбой туруп aйтышуу. Aйтышуу мaaлындa aтaйын aкындaрдын эки илебинин ортосунa ийне коюлaт дa aйтыштa жогорудaгы үнсүз тaмгaлaрды колдонгон aкындын илебине ийне сaйылып кaлaт. Илеби кaнaгaн aкын жеңилген болуп сaнaлaт. “Муaммa” (бaглaмa) - тaбышмaк aйтышынa формa жaгынaн окшошот [129, 50-58]. Айтыштардын түрк элдериндеги таралуу ареалы мына ушундайча. Демек, түрк элдеринин фольклордук үлгүлөрүндө жакындыктарды жараткан бир катар фактыларды көрүүгө болот:

1) түрк тилдүү элдердин байыркы замандарда бир уруудан тарап, бир тилде сүйлөгөн генетикалык жакындыгынан;

2) ал элдердин негизги ишенимдеринин бирдейлигинен;

3) жашоо мүнөзүнүн дээрлик окшоштугу, тарыхый тагдырлардын жакындыгы менен мүнөздөлөт.

Мындан улам тектеш элдердин фольклор таануусунда айтыш өнөрүнүн түрдүү жагдайдан талданып изилденип келгенин көрүүгө болот. Мисалы, өзбек элинин тарых түпкүрүнөн бери өнүгүп бүгүнкү күнгө чейин келген руханий турмушунда “айтишке” жакын “аския” жанры өзгөчө орунда туруп, төкмөлүктүн салттарын улантып келе жатканын өзбек фольклористи Р. Мухаммадиевдин эмгегинде [29] белгилесе, өзбек элдик чыгармачылыкты жаратуучулардын аткаруучулук чеберчилиги С. Носировдун [94] эмгегинде иликтенет. Каада-салттык фольклор жана терме жанрындагы төкмөлүктүн салттарына М. Кушмаков, Б. Сарымсаков, А. Мусакуловдордун эмгектеринде [74, 110, 91] ар тараптуу талдоолор жүргүзүлгөн. Каракалпактарда айтыш өнөрү өз өнүгүшү менен тарыхтын тереңине кетет. Каракалпактардын оозеки чыгармачылыгындагы жалпы эле бир өзгөчөлүк - анда акындар географиялык шартка жараша Хива, Хорезм жана башка илим маданияты өнүгүп келген ири шаарларда медреселерден окуп, билим алышкан. Мындан улам акындык өнөр оозеки жана жазма адабияттын удаалаш өнүккөнүн көрөбүз.Каракалпак элинде кыргыздардыкы сыяктуу оюн-зоок кечелерде азил шыкак үлгүсүндөгү суроо-жооп айтыштары айрыкча көп тараган.Мында ырды тез кайрып, аз сөзгө көп маани баткызып, азил-тамаша менен коштой ырдоо башкы максат болгон. Айтышта бири-экинчисине собол салуу, ага жооп кайтаруу жумшак юмор менен коштоо сыяктуу белгилери кыргыздардагы алым-сабак, табышмак айтыш сыяктуу түрлөргө өтө жакын экенин көрөбүз. Каракалпак элинин акындык өнөрүнүн поэтикалык салттары К. Базаровдун, Н. Давкараевдин [18, 38]эмгектеринде талдоого алынса, алтай фольклорундагы жанрлар жана алардын жаралышын шарттаган өбөлгөлөр, оозеки поэтикалык чыгармачылык С. С. Каташтын эмгектеринде [62, 63] изилдөөгө алынып, импровизациялык өнөр алтай фольклорундагы архаикалык жанр экендиги белгиленген.

Айтыш Түркиялык түрктөрдө дагы тарагандыгын көрөбүз. Алар бул түрдү “атышмалар” деп аташат.  Аты эле айтып тургандай түрк айтыштары сөз аркылуу “атышып”, өнөр жарыштыруу максатын көздөгөнү көрүнөт.  Түрк атышмаларынын салты боюнча ортого үч акын (озан) чыгып, колундагы аспабы (сазы, багдарламасы) менен ачып, айтышты баштайт.  Андан соң кийинки акындарды сыноо, ага табышмак айтуу, мүнөз кемчиликтерин көрсөтүү же мактоо, кылган жакшы иштерин даңазалоо сыяктуу ырларды ырдашат.  Түркиялык атышмаларды аткаруучу акындар (озанлар) бири арык, экинчиси орточо, үчүнчүсү семиз болуп чыгып, юморлуу сын аралашкан ойлорун ырга кошот.  Мындан улам көрүүчүлөр күлкүгө канып, ар бири өзү колдогон акынына кол чаап кубаттайт.  Кимисинин сөзү курч, сүрөттөөлөрү таамай болсо ошол акын жеңишке жетишет.  

Табият, мезгил, өмүр, дин сыяктуу түбөлүктүү темалардан собол салууга да акылуу.  Бул белгилер кыргыздардын айтыш өнөрүнө жакын салттар экенин эске алсак анда, түрк жана кыргыз айтыштарынын түбү бирге элдин көөнө көркөм салттары экенин байкайбыз.  Түркиялык түрктөрдүн атышмалары дагы илимде өзгөчө сөз кылууга арзып, атышмалардын бир канча тематикалык түрлөрү Огузхан Айдындын диссертациялык ишинде талдоого алынган [132].  Ал эми ар бир акындын чыгармачылыгындагы айтыштардын орду мааниси тууралуу кеп кылып, айтыштардагы өздүк чеберчиликти талдоого алган Хасан Кутлусойдун эмгеги [131] түрк айтыштарынын идеялык-тематикалык өзгөчөлүктөрүн аныктаган изилдөө экенин көрсөтүүгө болот.  Бул эмгектер ар бир түрк элиндеги импровизациялык өнөрдүн маани маңызын аныктап, жанрдык бөтөнчөлүктөрүнө иликтөө жасаса Т.  Ковальскийдин эмгегинде [67] түрк элдеринин поэзиясынын формалары салыштырма-типологиялык ыңгайда изилдөөгө алынган.  Айтыш жана анын айрым элементтеринин тектеш элдерде таралышы ошол элдердин турмуштук жалпылыгына, акындык өнөрдүн же чыгармачылыктын ал элдердин күнүмдүк турмушунда өзгөчө мааниси бар экендигин көрсөтүп турат. 

Ал эми канатташ жашаган казак элиндеги айтыс жана кыргыздардын айтышында өзгөчө белгиленген айырмачылыктар жоккоэсе. Казак фольклор таануусунда айтыштарды илимий талдоого алуу кыргыз элиндеги изилденүү абалына салыштырмалуу бир топ алдыга кеткендигин көрүүгө болот. Казак айтыштары М. Ауэзов, С. Мукановдордун илимий пикиринен башат алып, андан бери С. Сейфулиндин “Казактын эски адабият нускалары” (1 жыйнак, Алматы: Казакстан басмасы, 1931. – 152-б. ), Е. Ысмайыловдун “Акындар” (-А. :Казмемкөркемедбас, 1956), К. Жумажановдун “Фольклорная и индивидуальная традиция в акынской поэзии” (Дисс. к. ф. н. – А. , 1984) деген эмгектеринде акындык өнөрдүн салттары жана жаңычылдык маселелери, казак айтыс өнөрүнүн башаты, акындардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен илимий талдоолор болгон. Мындан башка Х. Досмугамед уулу, А. Байтурсунов, М. Габдуллин, Б. Кенжебаев, А. Коңуратбаев, З. Ахмедов, М. Каратаев, М. Жармугамедов, С. Садырбаев ж. б эмгектеринде айтыш өнөрүнүн табияты, идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү, өнүгүү эволюциясы, чыгармачылыктагы жалпылык жана жекелик өңдүү маселелер талдоого алынган. Айталы, М. Жармугамедовдун “Казак поэзиясындагы айтыш жанры: теги менен дамуы” (-Алматы, 2001) деген доктордук диссертациясында төкмөлүк өнөр менен айтыштын карым-катышы, кайымдашуулар, кагышуулар, айтыштагы тарых жана көркөм чындык, айтыш менен мезгил жалгаштыгы, айтыштын көркөмдүк маселелери сыяктуу проблемаларды талдоого алат.

Казак айтыштарынын теги менен өнүгүшүн изилдеген бул эмгек казак эли үчүн керек жана зарыл иш болгондур. Бирок ошондой болсо дагы, казак элинин айтыштарынын изилденүү тарыхын жазууда автор белгилүү түрколог В. В. Радловдун түрк элдеринин көркөм туундулары боюнча жазылган белгилүү эмгеги [102, 737] тууралуу жазып жатып кыргыздар деп жазылган аныктаманы “казактар, бұдан былайғы жерде біз казақтар деп аламыз” [43, 19] – деп бурмалап алып, кийинки шилтемелердин баарын казакка оодарып алышы өтө олдоксон иш болгон. Албетте, айтыш менен айтыс жанрдык жактан, аткарылышы, кылымдарга уланышы, салттуу ыкмалары жагынан окшош жанр экени талашсыз. Бирок ар бир элдин жеке мүнөзүнө жараша айырмачылыктары да жок эмес. Мисалы, тилдик өзгөчөлүктөр, комуз же домбура менен коштоо ж. б.Булар эки элдин улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша келип чыккан айырмалар. Мына ушундай улуттук жеке мүнөздөрдү унутта калтырып, бир улутту экинчиси менен айыр баштоо илимдеги кечирилгис күнөө деп баалоого болот.

Казак фольклор таануусунда айтыш жанрын жиктеп талдоого орун берилген. Жиктөөлөрдүн көбү окшош же үндөш болгон. Адабиятчы К. Жумалиев айтышты көркөм чыгармачылыктагы башка жанрларга салыштыра келип, оозеки чыгармачылыктагы жанр экенин белгилеп, Б. Кенжебаев чоң-чоң айтыштарды “өлөң менен жазылган роман” деген пикирин четке кагып, Е. Ысмаиловдун айтышты сюжеттүү романга жакындаштыруусун аша чапкандак катары баалайт.

Казак элинде айтыштар адабий көркөм туунду катары гана талдоого алынбастан бул өнөрдүн лингвомаданий, этномаданий бөтөнчөлүктөрү, публицистикалык сыпаты түрдүү алкакта каралып, айтышты изилдөөнүн кеңири чектери белгиленген. Айталы, К. А. Кусманованын “Маданияттагы улуттук стереотип: айтыштын лингвомаданий сүрөттөлүшү” (-Алматы, 2010-ж. ) деген доктордук диссертациясында XIX кылымдагы улуттук стереотиптер жана айтыштын этномаданий, лингвомаданий мүнөзүн иликтеп, маданият менен тилдин этностун дүйнөтаанымынын, тилдик биримдүүлүгүнүн жана ойломунун күзгүсү экенин айтыштын мисалында кең кесири талдап берет.

Айтыш ар бир элдин улуттук руханий маданиятын, коомдук турмушун, тилин жана жашоо мүнөзүн аныктаган жанр. Анда турмуш чындыгы көркөм сүрөттөлүп, социомаданий абалдардын (ситуациялардын) конкреттүү-тарыхый маңызы чагылдырылган. Айтыштын мына ушул сапаттары К. Д. Асановдун “Айтыш өнөрүнүн публицистикалык сыпаты” (-Алматы, 2010-ж. ) деген докторлук диссертациясында талдоого алынып, айтыштын коомдук ролу кеңири планда, илимий анализден өтөт. Ал эми айтыштын эгемендик жылдардагы өрүшү, эгемендик темасынын айтыштарда көркөм чагылдырышы, көркөм чындык жана айтыш сыяктуу маселелерди талдоого алган Ш. С. Койлыбаевдин “Казыргы айтыштын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” (Астана, 2009-ж. ) деген кандидаттык диссертациясы айтыштын XXI кылымдагы өнүгүшүн, эгемендик жылдардагы айтыштардын идеялык-тематикалык багытын, эгемендиктеги сөз эркиндигинин айтыштарга тийгизген таасирин кеңири планда талдоого алган.

Кайсы гана элдин көркөм адабий чыгармасы болбосун ал ошол элдин менталитетин чагылдырып, улуттук дүйнөтаанымын аныктап турат. Казак калкынын XIX кылымдын акыры XX кылымдын башындагы коомдук абалы, көркөм ойлоосу жана улуттук өзгөчөлүктөрүнүн акындар чыгармачылыгында асыресе, айтыштарда көркөм чагылышын талдоого алган Т. Ш. Өмүрбаеванын “Акындык поэзиядагы улуттук сыпат жана көркөм ойлоо” (-Алматы, 2010) деген кандидаттык диссертациясы жазылды. Эмгекте төкмөлүктүн улуттук-этнографиялык өзгөчөлүктөрү, акындар айтышынын улуттук дүйнөтааным болмушу менен көркөм ойлоодогу негизги көрсөткүч экени белгиленип, андагы тарыхый-реалисттик сүрөттөөлөргө улуттук эстетиканын ченемдеринен баа берилген.

Айтыш өнөрү – байыркы мезгилде элдик театрдын элементтерин өз ичине камтып, элдин эстетикалык табитин канаатандырып келген өнөр. Анын ар бир сөзү элге жагымдуу, куюлушкан уйкаштуу, мазмундуу келип, айрым бир коомдогу терс көрүнүштөрдү ашкерелөөчү сатиралык, юмордук элементтерге бай. Мына ушул сатира менен юмордун айтыш өнөрүндөгү ордун, айтыштагы акындын негизги оюн жеткирүүдөгү кызматын, жалган айтыш жана мысал айтышты, кара өлөң жана кагышууларды берүүдөгү ролун изилдөөгө алган Б. Имашевдин кандидаттык диссертациясы [57] казак айтыштарынын өзгөчөлүгүн ачып берген изилдөө болгон деп айтууга болот. Казак фольклорундагы, казак адабият таануусундагы айтыштарды илимий талдоого алган чоң-чоң изилдөөчүлөрдүн эмгектеринен сырткары айтыш тууралуу түрдүү багытта жазылган жогоруда белгилеген диссертациялык изилдөөлөр казак фольклор таануусунда жана адабият таануусунда бул теманын түрдүү багытта, түрдүү алкакта изилденип жатканын көрсөтүп турат.

Бүгүнкү күндөгү илимий-техникалык прогресстин өтө ылдамдык менен өнүгүшү көркөм, маданий турмушубузга өз таасирин тийгизип жаткан учурда, дүйнөлүк глобалдашуу саясатынын алкагында чоң-чоң элдердин арасына кумдай сиңип, жок болуп кетүү коркунучу бар. Мына ушул коркунучтан алыстоо үчүн ар бир улут өз баалуулуктарын сактап, ага катар илимий баа берүү зарылчылыгы турат.

Кыргыздын оозеки адабиятын илимий жактан изилдөө өз тарыхына ээ. Айталы, Ч. Валиханов, В. Радлов, П. Семенов, М. Венюков, В. Бартольд, Г. Алмаши, П. Фалевдин изилдөөлөрүндө кыргыз фольклору тууралуу алгачкы илимий пикирлер дүйнөгө кабарланат.

Кыргыз эли канча кылымдардан бери көчмөндүк шартта жашап жүргөндүктөн, оозеки жаралып, оозеки сакталып келген көркөм туундуларды эл оозунан жазып алуу, топтоштуруу иши XX кылымдын баш чендеринде гана колго алынгандыгы белгилүү. Баардык фольклордук көркөм мурастар сыяктуу эле айтыштарды эл оозунан жазып алуу иши 1922-жылдан тарта колго алынган. Бул багытта К. Мифтаков, Ы. Абдырахманов, К. Рахматуллин, В. Виноградовдордун эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Бул жыйноочулар башка оозеки чыгармалар менен бирге айтыш ырларын жазып алып КР УИАнын кол жазмалар фондуна тапшырган. Мындан сырткары демилгелүү адамдар, акындар, жазуучулар дагы бул иште активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ушул өңдүү жигердүү иштердин аркасында учурда кол жазмалар фондунда 84 ар кандай аталыштагы айтыштар жыйналып, (Инв. №398, №5168, №5127, №204, №255, №1300, №5032, №492, №5172, №5127, №486, №260, №5194, №1022, №502, №200, №2090, №461 ж. б) кол жазмалары сакталган. Оозеки чыгармаларды эл арасынан жыйноо экспедицияларынын материалдары калк арасында айтылып жүргөн баардык маалыматтар деген пикирден алыспыз, бирок ошондой болсо дагы, жыйналгандар бул жанр тууралуу пикир айтууга негиз боло алат.

Ал эми айтыштарды жарыялоо акындардын жеке чыгармачылыгын жарыялоо иши менен бирге өнүккөн. 1968-жылы Токтогул Сатылгановдун, 1970-жылы Тоголок Молдонун чыгармаларынын эки томдугу, мындан сырткары залкыр акындар Барпы Алыкулов (1957), Калык Акыев (1960), Алымкул Үсөнбаев (1962), Осмонкул Бөлөбалаевдердин (1964) ырлары басылып, акындардын айтыштары ал жыйнактарга киргизилип, жарык көрүп жатты. 1972-жылы А. Токомбаева түзүп жарыялаган “Айтыштардын” эки томдугу бул жанрды жарыялоодогу алгачкы “көзгө басар” эмгек болгон. Мындан сырткары 1980-жылы оозеки чыгармачылык жана акындар поэзиясынын антологиясынын бир томдугу менен бир топ айтыштар жарык көрдү.

Улуттук көркөм дөөлөттөргө жаңыча мамиле кылуу мезгили болгон эгемендик жылдарында мурда жарык көргөн акындардын чыгармаларын кайрадан карап, совет доорунда чектөө коюлуп, “унутулуп калган акындардын” адабий туундуларын жарыкка чыгаруу иши колго алынып, акдемик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында КР УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турган акындардын айтыштары “Залкар акындар” сериясынын алкагында (Калмырза, Чоңду, Эсенаман, Үмөталы, Жеңижок, Арстанбек, Айтыке, Коргол, Эшмамбет, Калык, Осмонкул, Алымкул, Токтоналы, Ысмайыл) жарык көрдү. Мындан сырткары ар бир акындын чыгармаларынын томдуктарын жарыялоо менен айтыштар жарык көрүп жатат. Бирок казак айтыштарын топтоштуруп “Азыркы айтыш” деп жарялаган үч томдук айтыштар жыйнагы сыяктуу, атайын топтоштурулган айтыштардын (өзгөчө эгемендик жылдарындагы – М. К. ) топтомдорун жарыялоо иши бүгүнкү күнгө чейин колго алынбаган.

Фольклордук жанрларды талдоого алып, ар бирине системалуу илимий баа берүү, кыргыз элинде жазуунун пайда болушу жана туташ сабатсыздыкты жоюу мезгилинен башталды. 1940-жылыТ. Сатылгановдун 75 жылдык юбилейине арналып чыккан “Токтогулга эстелик” (Токтогулдун 75 жылдык юбилейине арналып чыккан жыйнак. Кыргызмамбас, Фрунзе, 1940) деген макалалар топтомунда бир топ илимий мүнөздөгү макалалалар улуу акындын чыгармачылыгына арналып жарык көргөн. Ошол эмгекте акындын чыгармачылык бейнесин ачууда айтыш өнөрүнүн орду жана мааниси тууралуу К. Маликовдун “Токтогулдун алым-сабак ырлары” деген макаласы жарыяланган. Анда автор айтыштын жанрдык өзгөчөлүктөрү, Токтогулдун заманындагы акындардын социалдык абалынын талантына тийгизген таасири, Токтогул менен Алымкулдун “Акбаары”, Токтогул менен Эшмамбеттин сакал тууралуу алым-сабактарына талдоо жүргүзөт [132, 99-110]. Кийин белгилүү окумуштуу М. Богданова “Киргизская литература” деген очеркинде кыргыз элинин фольклордук мурастары тууралуу адистик пикирлерин ортого салып, элдик лирикалык ырлардын бир түрү катары айтышты турмуш-тиричилик ырларынын катары мүнөздөп, анын жаралышын, салт жана эмгек процессинде аткарылган түрлөрүнүн хор менен аткарылышын белгилеп, драмалык жанрдын калыптанышындагы орду жана маанисин ачууга аркет жасайт.

Айтыштардын суроо-жооп түрүндө болушу орус элинин “Беседы трѐхсвятителей” сыяктуу элдик жомокторундагы анологиялык окшоштуктарды белгилеп, айтыштардын мактоо, кордоо, арноо, кыз-жигиттин айтышы деген түрлөрү бар экенин жазат. Кийин автор “Токтогул Сатылганов” (Очерк творчество, ГИХЛ, -М. , 1959) деген эмгегин жарыялап, бир главасын акындын айтыш ырларына арнаган. Эмгекте казак айтысы менен кыргыз айтышынын окшоштугу жана айырмачылыгы тууралуу ишенимдүү илимий жыйынтыктарды айтууга жетишкен. Бирок ошондой болсо дагы, автордун “кыргыздарда болсо эпикалык жактан кенен, сюжеттик поэтикалык жактан толук иштелип чыккан айтыштар али белгисиз” [133, 116] деген пикири ишенимсиз. Себеби, эмгек жарык көргөн 1959-жылга чейин Кыргыз улуттук илимдер академиясынын элдик оозеки чыгармаларды эл оозунан жыйноо боюнча бир топ экспедициялары жүргүзүлүп, кол жазмалар фондунун корунда бир топ чыгармалар топтолуп калган мезгили эле. М. Богдановадан соң айтыштарга илимий пикир айтуу шыбагасыЖ. Таштемировго таандык. Адабиятчынын 1959-жылы Т. Сатылгановдун чыгармачылыгына арналып “Ала-Тоо” журналына жарык көргөн макаласынан тарта “Токтогул жана акындык поэзия”, “Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүктөрү” [114, 115] аттуу эмгектеринде айтыш өнөрүнүн табияты, айтыштагы акындардын өздүк чеберчилиги, чыгармачылык салттуулуктар Токтогулдун чыгармачылыгынын мисалында талдоого алынган.

“Токтогул жана акындык поэзия” деген эмгегинде акындардын чыгармачылыгынын спецификалык маселелери, “акын”, “ырчы” деген атоолордун колдонулуу даражасын, мезгилдик айырмачылыктарын талдоого алып келип, ырчы термининин байыркы экенин, ошондой болсо дагы жаңы совет мамлекетинин курулушу менен өз функциясын басаңдатканын, ал эми акын термини (поэт) маанисинде айтылганы менен эл арасында кеңири колдонууга учураган термин экенин белгилеп, эки атоону тең жарыш колдонууну ылайыктуу деп эсептейт. Ошондой эле акындардын коомдогу кызматы, акындар чыгармачылыгындагы коллективдүүлүк жана индивидуалдуулук, акындык өнөрдүн салттуулугу тууралуу илимий талдоолор жүрүп, төкмөлүк “кайдыгерлик менен жамай салган кубулуш эмес экени, ал таланттуу адамдар тарабынан улам кайталанып олтуруу менен традицияга айланган көркөм ойлоонун жыйындысы экенин” [114, 68- 69] белгилейт.

Автор акындар поэзиясындагы төкмөлүктүн, синкретизмдин салттуулугу менен катар чыгармачылыктагы муундар байланышын акындар чыгармачылыгындагы негизги салттуулук катары бөлүп көрсөтүп, устат жана шакирт маселесин Токтогул жана анын шакирттеринин мисалында ачып берүүгө жетишкен. Ал эми “Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүктөрү” деген эмгегинде автор айтыштын табиятына, түрлөрүнө бир глава арнаган. Эмгекте айтышка баа берүүдөгү негизги критерийлер катары айтыштын жанры, тарыхы, түрлөрү, акындык поэзияда төкмөлүктү колдонуу, айтыштагы ык, мотивдер, тематика, айтыш салтынын улантылышы жетекке алынып, айтыш деген атоонун тарыхына токтолуу менен башталат. Андан ары айтыштын публицистикалык, полемикалык жанр экени, мазмуну жана формасы жагынан фольклордук башка жанрлардан айырмаланып, андагы лирикалуулук менен эпикалуулук, айрым айтыштарда баяндоо, турмуш чындыгын камтуу жагынан масштабдуулукка ээ экенин белгилеген. Ошондой эле айтыштын келип чыгуу тарыхы, үрп-адат айтыштарынын акындар айтышынан болгон айырмачылыктары, акындар айтыштарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири талдоолорду жүргүзгөн. Эмгектин экинчи бөлүмү Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүктөрүнө арналып, акындын айтыштарындагы адамкерчиликтин берилиши, учурашуу, алым-сабак, сатиралык жана башка темадагы айтыштары талдоого алынат. Бул эмгектерден Токтогулдун айтыш өнөрүн өнүктүрүүдөгү ролу, устаттыктын таасири, чеберчиликти өздөштүрүү салты, мурунку учурдагы уруу-уруунун ортосундагы айтыштын Токтогулдун чыгармачылыгынан кийин таптык мүнөз күткөндүгү тууралуу кенен маалыматтарды ала алабыз. Автордун дагы бир айтыш өнөрүн кеңири планда талдаган эмгеги 1973-жылы жарык көргөн “Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очеркиндеги” “Айтыштар” деген изилдөөсү. Бул изилдөөдө айтыштар кеңири планда талданып, адат-салт айтыштары, чечендер айтыштары, акындар айтыштары деген түрлөргө жиктелип талданган.

Токтогулдун акындык чеберчилигин талдоого алуу менен айтыш өнөрүнө илимий чабыт курган Ш. Үмөталиевдин адабий портрет мүнөзүндөгү “Токтогул” деген китеби (1975), “Айтыш ырлары жанаТоктогулдун акындык чыберчилиги” деген макаласы [134, 78-109] жарык көрүп, бул эмгектеринде улуу акын Токтогулдун чыгармачылыгындагы айтыш өнөрүнүн орду жана мааниси тууралуу талдоо жүргүзүп, алардын суроо-жооп, табышмак, алым-сабак түрүндө болушун, коомдо өзгөчө кызмат аткарып, публицистикалуулук мүнөздүү экенин, Токтогулдун суроо-жооп айтыштары бул өнөрдөгү өзгөчөлөнгөн поэтикалык ыкма экени, мындан башка учурашуу, угузуу, жоктоо сырдашуу сыяктуу формалары боло турганын айтып, бул ыкмалар, тематикалык өзгөчөлүктөрдүн баары акындын чыгармачылыгында кездеше турганын белгилейт. Оозеки чыгармачылыктын кыргыз совет профессионалдык поэзиясына тийгизген таасирлерин талдоодо айтыштарга токтоло өткөн Б. Маленовдун эмгегинде фольклордук жанрлардын бири катары айтыш тууралуу учкай кеп болуп, тамашалуу айтыш, табышмактуу айтыштар тууралуу ойлор айтылса [84], С. Мусаев, Ж. Таштемиров, Б. Маленовдордун авторлугунда түзүлгөн 9-класстын окуу китебинде айтыштар патриархалдык жана феодалдык доордун жемиши катары мүнөздөлүп, негизги тематикасы эл, уруу, манап, бай же акындын өзү жөнүндө болгону белгиленип, “Эсенаман менен Жеңижоктун”, “Талымкыз менен Көбөктүн” айтыштарынан мисал келтирилген өтө чакан материал берилген [91]. Ал эми С. Байходжоевдин “Эл ырчысы Калык”, “Осмонкул ырчы” аттуу эмгектеринде [19, 20] акындардын чыгармачылык бейнесин ачууда айтыш өнөрүнүн ордун аныктоо белгилөө менен акындардын айтыштарына идеялык-тематикалык талдоолор жүрөт.

Кыргыздын музыкалык маданиятын изилдөөчү В. Виноградовдун“Киргизская народная музыка” (- Ф. : Киргосиздат, 1958) деген эмгегинде адабияттык-музыкалык багытта айтыштарга бир кыйла терең талдоолор жүргүзүлгөн. Анда жанрдык белгилер аныкталып, ар кайсы доорлордогу өнүгүү жолдорун аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Эмгек жалпы элдик музыканын маселелерин талдоого алгандыктан айтыштын айрым маселелери көмүскөдө калган. Андан бери карай айтыштын жанрдык белгилерин аныктап, аны түрлөргө бөлүп алып, башка фольклордук жанрлар менен карым катышын талдоого алган П. Ирисовдун “Кыргыз айтыштарынын жанрдык өзгөчөлүгү” деген кандидаттык диссертациясы бул багыттагы алгачкы системалуу иликтөө деп атаса болот. Анда айтыштардын жанр катары мүнөзү аныкталып, адат-салт айтыштары жана акындар айтышы деген эки топко бөлүү менен ар бирине өзүнө ылайык ыкма менен иликтөөгө аракет кылат. Фольклордук жанрларда айтыш өнөрүнүн сакталышы, акыйнек, кайым, алым-сабак сыяктуу оозеки адабияттын түрлөрүнүн айтыш өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, акындар айтышынын жаралуу шарттары, мезгили, мүнөзү талдоого алынып, айтыштарды андан ары изилдөөнүн алгылыктуу проблемалары көтөрүлгөн. Автор изилдөөсүндө: “уйкаштык менен сөз айтуу, ыргак менен сүйлөө, бара-бара ырдап жооп берүү менен алмашкан. Маселен, бир беттешүүдө бир уруунун өкүлү күтүлбөгөн жерден ырдап жооп берип, (же суроо берип) каршысынын да ошентип жооп беришин талап кылып, же ушуга жакын окуядан улам ыр менен мелдешүү өнөрү жаралган” [58] деп белгилейт.

Айтыш фольклордук башка жанрлар менен синкреттүү абалда өнүгүп, коштошуу, угузуу, арман өңдүү элдик ырлар негизги ыкма, катары айтыштырдын текстинде көп колдонулат. Ушундай жанрдын бири чечен сөздөр. Албетте, бул эки жанр бирисиз экинчиси болбой турган өтө жакын жанрлар. Бирок алардын ички табиятына аналитакалык баам салсак, сөзсүз айырмачылыктарды кезиктиребиз. Адабиятчы А. Турдугуловдун “Акындык поэзиянын көркөмдүк табияты” деген диссертациялык изилдөөсүндө риториканын тарыхына жана теориясына кенен илимий анализ жасоо менен чечендик кепти түзгөн негизги критерийлердин акындар айтышында толугу менен сакталарын “Эсенаман менен Жеңижоктун” “Талым кыз менен Көбөктүн”, “Балык менен Айтыкенин” айтышынын мисалында талдапберген [117].

Айтыш - төкмөлүк өнөрдүн бийик чеги. Төкмөлүктүн табияты, анын синкреттик абалы, чыгармачылык багыты, мазмуну, ой тутумуна, коомдук-социалдык, турмуштук, адеп-ахлактык жалпы адамзаттык, түйүндүү проблемаларды көтөрүшүнө карата акындарды топторго ажырымдоо иши адабиятчы Б. Кебекованын “Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери” (-Б. , -2009) аттуу эмгегинде кеңири планда жазылган. Мындан сырткары жамакчылык менен төкмөлүктүн карым-катышы талдоого алынып, жамакчылык ыр жаратуунун ыкмасы катары каралат. Бирок “акындарды жамакчы катары баалоо сөз кошууга арзыбай турган пикир” экенин эскертип, Эсенаман менен Жеңижоктун айтышын мисалга тартат. Чындыгында, айтышка ар бир эле акын чыга бербеси анык. Чыгармачылык жактан толук кандуу жетилип, эл алдында ырдоо техникасын, ыр куруу ыгын толук өздөштүргөн акынгана айтышка түшөрү белгилүү.

Тигил же бул элдин адабий туундулары сөзсүз кайсы бир элдин адабиятынан таасир алып, анын тажрыйбасынан үйрөнүп, ага өз таасирин көрсөтүп алака-катышта өнүгөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушул багытта адабиятчы Б. Кебекованын “Кыргыз, казак акындарынын чыгармачылык байланышы” (1985) аттуу монографиялык изилдөөсү жарык көргөн. Эмгек автордун “Кыргыз, казак фольклордук байланышы” (1982) деген изилдөөсүнүн уландысы катары жарыяланып, кыргыз, казак акындарынын чыгармачылык байланышынын негизинде эки элдин фольклордук туундуларынын карым-катышын арттырууда тематика, мазмун, форма жагынан баюусу, Чөжө, Катаган, Сүйүмбай, Эсенаман, Майкөт, Жаныш, Сарбас, Жамбыл, Токтогул, Ысак, Кенен, Калык Алымкул, Осмонкул, Ысмайыл, Бекадыл өңдүү акындардын чыгармачылык байланышы талданат.

Акындардын айтыштарына илимий талдоолор, тактоолор менен фольклордук үлгүлөрдүн бир элден экинчи элге өтүшүндөгү акындардын ролу, совет мезгилинен кийин заманга жараша акындардын чыгармачылык жактан байланышынын жаңырышы, саламдашуу, айтыш сыяктуу салттуу формалардын жаңы багытка, жаңы мазмунга өтүшү иликтөөгө алынган. Эмгекте кыргыз элинде жазуунун пайда болушу менен совет мезгилиндеги айтыштардагы бир өзгөчөлүк катары кат аркылуу саламдашуу, кат менен айтышуу ыкмасы жаралганын белгилеп, ага мисал катары казак акыны Өмирбек Каргабаев менен Экия Муканбетов, Жанузаков Кадыр менен казак акыны Кенендин кат аркылуу айтышканын келтирет. Ушул өңүттөгү коңшулаш элдердин оозеки адабиятын, акындар чыгармачылыгын талдоого алган профессор А. Садыковдун “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адабияты” (тажик, өзбек, казак адабияты) (2001) деген окуу куралы жарык көрүп, аталган элдердин оозеки адабиятына обзор берүү менен акындардын чыгармачылыгы портреттик мүнөздө талдоого алынган. Ал эми айтыш өнөрүнүн өнүгүү баскычтары, синкреттүү табияты А. Обозкановдун “Төкмөлүктүн башаты, калыптануу этаптары жана синкреттүү табияты” (-Б. , 2006. ) аттуу эмгегинде иликтенет. Бул эмгегинде автор, ырчылыктын табиятын, айтыш өнөрүнүн түрлөрүн, акындар чыгармачылыгындагы салттуулук жана өздүк чеберчилик маселелерин талдоого алган. Автордун “Калык Акы уулунун көп кырдуу чыгармачылык өнөрканасы” (-Б. , 2000-ж. ) деген монографиясында Калык акындын чыгармачылыгындагы салттуулукту жана өздүк чеберчилигин аныктоодо айтыштын маанисин талдай келип, айтыштын ар кандай кырдаалдарда айтылышына, ырчылардын чыгармачылык дараметине жараша түрдүү үлгүдө кездешерин айтып, айтыштын түрдүү мүнөзүн аныктоого аракеттенген.

Айтыш турмуштук тажрыйбадан алынган, айтышууда өзгөчө психологиялык абалга келе түшкөн, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан таасын сүйлөп, чукугандай сөз таба билген, кебине доошу шай келип, сөздөрү уккулуктуу, мазмундуу чыккан чечендердин айтышы менен генетикалык жактан өтө жакын. Алардын жанрдык, тилдик, орундалуучулук өзгөчөлүктөрү жагынан биринен экинчисин кескин айырмалоого болбойт. Бирок ошондой болсо дагы, чечендик өнөр боюнча жакталган А. Ибраимованын “Элдик оозеки чыгармачылыктагы чечендик сөздөрдүн идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” (1998) аттуу диссертациясында айтыш менен чечен сөздөрдүн жакындыгы, байланышы тууралуу бир да пикир айтылбаган.

Акындардын чыгармачылык бейнесин ачууда айтыш өнөрүндөгү ордун аныктап, ал өнөрдүн салттарынын акындын чыгармачылыгында пайдалануу даражасы жана өздүк чеберчилик маселеси келип чыгат. Мына ушундан улам А. Жусупбеков “Жеңижоктун чыгармачылык өзгөчөлүгү” аттуу кандидаттык изилдөөсүндө [48] “Жеңижок – айтыш чебери” деген бир главаны арнайт. Главада Жеңижоктун Нурмолдо, Эсенаман, Шекер кыз, Арстанбек, Токтогул, Коргоол менен айтыштарынын качан, кандай мүнөздө ырдалганы тууралуу фактылык маалыматтар толук берилгени менен айтыштын мазмунун кайрадан кайталоодон бийик көтөрүлө албаган. Башкача айтканда, ар бир чыгарма адабий-теориялык талдоодон алыс туруп, баяндоо мүнөзүндө гана жазылган. Ушул эле багытта Н. Бегалиеванын “Арстанбектин чыгармачылыгында эл тагдыры жана доор маселеси” (1998) деген кандидаттык иши жазылып, “Арстанбек – айтыш өнөрүнүн ири устаты” деген бөлүмчөдө айтыштар тууралуу маалымат берилет. Автор айтыш тууралуу баштан-аяк казак изилдөөчүлөрүнүн эмгектерине таянып, айтыштын түрлөрүн аныктоодо казактын түрө айтыш жана сүрө айтыш деп бөлүштүрүүсүнүн нугунда бөлүштүрүп, кыргыз айтыштары биринчи түрүндө өнүккөнүн белгилеп, калган түрлөрү тууралуу пикир билдирбейт. Ал эми кордоону айтыштын бир түрү эмес өзүнчө “тенденция” катары мүнөздөйт.

Жунго кыргыздардын оозеки адабиятын изилдөөгө алган Макелек Өмүрбайдын “Жунго кыргыз эл оозеки адабиятындагы кээ бир өзгөчөлүктөр” (2007) деген диссертациялык изилдөөсүндө айтыштар “эки чыгармачыл адамдын орток чыгарма жаратуу ыңгайы” деп берилип, үгүт-тарбиялык (дидактакалык) ырлардын тобуна киргизилет. Айтыштын адат-салт түрлөрү акындар айтышы менен аралаш берилип, салттуу айтыш, алым-сабак, кайым айтышуу, акыйнек айтышуу, санат насыят айтыштары, азил айтыш, өлөң айтыш, табышмактуу айтыш, тамашалуу айтыш деген түрлөргө бөлөт. Бул түрлөрдү талдоодо жунго оозеки чыгармалары мисалга тартылса, айрым түрлөргө Жеңижок, Эшмамбет өндүү акындардын айтыштары мисал болот.

Айтыш боюнча дагы бир диссертациялык изилдөө У.Алимовго таандык. Иш “Кыргыз айтыштары” деп аталып, түрк тилинде Измир шаарында 2010-жылы жакталган. Иштин автору кыргыздын уулу, бирок иштин кыргызча варианты али күнгө чейин жарык көрбөгөн. Иш бир канча бөлүмдөргө бөлүнүп, кыргыздардын тарыхы, элдик оозеки чыгармачылыгы тууралуу обзордук маалымат берүү менен башталат. Андан соң кыргыз aкындык сaлтындa aйтыштын орду жaнa мaaниси чечмеленип, айтыштын тарыхый эволюциясын фольклордук чыгармалардан издеп, макал айтыштар, табышмактагы айтыштар, акыйнек, жар-жар өңдүү фольклордук жанрларда орун алышын талдайт. Эмгекте айтыштардын түрк тилдүү элдерде таралышы тууралуу кызыктуу материалдар кезигет. Айтыш азербайжан, уйгур, өзбек, казак, каракалпак, түркмөн элдеринде өнөр катары жашап жаткандыгы тууралуу айтылат. Эмгекте ошол элдердеги айтыш деген аталыштын чечмелениши, жана кайсы түрлөрү бар деген гана маселелер менен чектелген. Эгер эмгекте ар бир элдин айтыштарынын мааниси, коомдук кызматы, аларды жаратуучулардын талант өзгөчөлүгү тууралуу кенен маалымат берилсе мындан да кызыктуу болмок экен деген ойго келдик. Автор кыргыз айтыштарынын тематикалык өзгөчөлүктөрүнө, түрлөрүнө токтолуп, ар бирине аныктама берүүгө аракет кылат.

Түрк элинин илимий иш жазуу талаптарына салынып жазылган бул изилдөө бөлүмдөргө өтө майдаланып кеткендиктен көтөрүлгөн маселе үстүрт иликтенип калганы байкалат. Мындан сырткары, изилдөөдө тексттерге өзгөчө көп орун берилген. Кыргыз акындарынын биографиялык портреттери, илюстрациялык жасалгалары, айтыштарынын тексттери менен өзүнчө бир бөлүм болуп берилет. Бул кыргыз акындарын, айтыштарын түрк тилдүү элдерге таанытууда чоң роль ойнойт. Кандай болгон күндө да бул диссертациялык изилдөө түрк тилдүү элдердин ичинде кыргыздарда айтыш өнөрүнүн бар экендигин түрк тилинде даңазалап жаткандыгы менен баалуу.

Жогорудагы айтыштар тууралуу буга чейин жазылган илимий эмгектердин обзорунан көрүнүп тургандай фольклордук жанр катары айтыштын спецификалык өзгөчөлүктөрү атайын П. Ирисов, А. Обозкановдордун эмгектеринде гана берилбесе, калган илимий эмгектердин көбү портреттик мүнөздө Токтогул, Калык, Арстанбек, Осмонкул акындардын айтыштарын талдоо, калгандары кыргыз адабиятындагы өзгөчө чоң этаптар катары фольклор менен акындар поэзиясына анализ берүү максатында бул түргө токтолуп, ар бир изилдөөчү өз түшүнүгүнө, илимий потенциалына жараша талдоого аракет кылган.

Жогоруда биз токтолуп өткөн изилдөөлөр айтышка тике тиешеси бар эмгектер. Мындан сырткары К. Артыкбаев, К. Асаналиев, А. Акматалиев, А. Эркебаев, К. Байжигитов, С. Искендеровалардын эмгектеринде айтыштар тууралуу илимий пикирлерди кезиктирүүгө болот.

Элдик оозеки чыгармаларды топторго бөлүштүрүүдө айтыш ырлары түрдүү классификацияланганын көрүүгө болот. Айталы, 1923-жылы Каюм Мифтаков «Кыргыздын калк адабиятынын түрлөрү» деген эмгегинде айтышты үчкө бөлүп (айтышуу, сынсыз жамак, сындуужамак) майда-чүйдөлөр деген топко киргизген. [157] Бул бөлүштүрүүсүнөн соң К.Мифтаков 1924-жылы кайрадан оозеки чыгармаларды топторго бөлүштүрүүгө кайрылып, оозеки чыгармаларды жомоктор, тарихи сөздөр, көңүл улоо сөздөрү, эски адат сөздөр, кызыкчылык сөздөрү, майда адабияттар деген топторго бөлүп, айтышты кызыкчылык сөздөргө киргизген. Бул бөлүштүрүүсүндө автор кандай критерийдин негизинде түрлөрдү классификациялаганы белгисиз, жамакты өзүнчө жанр катары карап, «айтыш, зекетпай» деген түрдү дагы өзүнчө жанр катары бөлөт. Башкача айтканда, айтышты секетпай ырларынын бир түрү катары берет. Айтыш мазмуну, мааниси жагынан турмуштун баардык жактарын камтып, түрдүү тематикада ырдалганы баарыбызга маалым. Бирок ошондой болсо дагы айтыштарды секетпай ырлары менен бир жанрга кошушу туура эмес болуп калган. Ал эми 1927-жылкы классификациясы 1-2-бөлүштүрүүсүнөн өтө деле айырмаланбайт. Болгону ар бир түрдүн андан ары жиктелиши берилген эмес. Бул бөлүштүрүүдө жамактар, айтыштар эки башка жанр катары кызыкчылык сөздөрү деген топко киргизилген. Мына ушул классификациядан соң «Кыргыз адабиятынын очерктери» (1943) деген коллективдүү эмгекте [27, 11] К. Рахматуллин оозеки чыгармаларды топторго бөлүштүрүүгө аракет жасаган.

Автор фольклорду колониялык доорго чейинки адабият деп атап, чыгармаларды бир аз жанрдык өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап жомоктор, эл ырлары, эпос деп жиктеп, айтыш ырлары үрп-адат жана каада ырлары деген топко киргизген. Автордун ошол эле жылкы экинчи классификациясында [106, 20-22] да айтыштар каада-салт ырларына кирген.  Андан соң элдик оозеки чыгармаларды классификациялоону М. Богданова колго алып, лирикалык ырларды классификациялоого аракет жасаган.  Анда акый жана айтышуу ырлары ар бири өзүнчө жанр катары белгиленген.  Бул ажырымдоо айтыш менен акыйдын аткарылышындагы өзгөчөлүктөрүнө ылайык туура бөлүштүрүлүп, турмуш-тиричилик ырларына киргизилген.  Мындай бөлүштүрүүдө М. Богданова чыгарманын мазмуну жана чыгыш доорун эске алып, «каада-салт ырлары азыраак кийинчерээк байыркы общиналык түзүлүш бузулуу учурунда чыккан, ал эми үрп-адат ырлары болсо көчмөн феодализм мезгилинде жаралган» [29, 113-114] - деген пикирин билдирет.  Бирок турмуштагы мүнөздүү учурларга байланыштуу ички сезимин, кубаныч, кайгысын билдирүүчү турмуштук ырлардын бири болгон каада жана үрп-адат ырларынын жаралышын эки мезгилге ажырымдоо калпыс пикир катары кароого болот.  

1948-жылы З. Бектенов жана Т. Байжиевдердин октябрга чейинки фольклор деп атап оозеки чыгармаларды топторго бөлүштүрүүсүндө үрп-адат ырларына топтоштурулган.  Ошол эле жылы А. Тайкүрөңов да элдик оозеки чыгармаларды топторго бөлүштүрүүгө аракет жасап, айтыш ырларын үрп-адат (салт) ырларына киргизген.  Эң кызыгы учурашуу (көрүшүү), кордоо, мактоо ырларын айтыштар менен катар эле өзүнчө жанрлар катары белгилеген.  1960-жылы жарык көргөн С. Мусаев менен Ж. Таштемировдордун «Кыргыз адабияты» деген эмгегинде айтыштар (бешик, сүйүү, акый, арман, коштошуу, мактоо, кордоо, керээз, кошок жанрлар менен бирге) турмуштук үрп-адат, салт ырлары деген топко киргизилген. Ал эми С.Закиров, А.Токомбаевалар «Кыргыз элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү» (1964) деген эмгегинде айтышты сүйүү, мактоо, кордоо, бешик ыры, акый, арман, коштошуу ырлары менен бирге турмуштук үрп-адат, салт ырларына киргизип, акый, керээз, арман ырлары өз өмүрүн токтотконун белгилесе, айтыш, мактоо, кордоолор жаңы формага, жаңы мазмунга өткөн жанрлар катары мүнөздөлгөн.  

Жогорудагы элдик оозеки чыгармаларды жиктештирген классификациялардан көрүнүп тургандай; айтыштар бир туруп кызыкчылык сөздөрүнө кошулса, экинчилеринде үрп-адат, каада ырларына киргизилген.  Айрымдарында айтыштар айтышуу, сынсыз жамак, сындуу жамак деген түрлөрүнө ажырымдалса, экинчисинде айтыш секетпай ырларынын бир түрү катары берилет. Дагы биринде адат-салт ырларына кирсе, дагы бири үрп-адат ырларына топтоштуруп, кордоо, жамак менен бирдей жанр катары мүнөздөйт.  

Бир эле айтыш жанрынын элдик оозеки адабиятынын түрлөрүн классификациялоодо түрдүү топко кирип, ар башка жиктелиши фольклордук чыгармаларды толук жиктештирүү маселесининин али күнгө чейин аягына чекит коюлбай, бир жыйынтык пикир жаралбай, талаш-тартыш туудуруп келе жатканы менен байланыштырууга болот.  Чындыгында оозеки чыгармаларды топторго ажырымдоо иши шарттуу гана мүнөздө болушу кажет.  Себеби, оозеки чыгармачылыктын жанрлары бири-экинчисинен кескин айырмаланып, окчун турбастан ал жанрларда өтө күчтүү синкреттүүлүк мүнөздүү экенин көрүүгө болот.  Жалпысынан көпчүлүк изилдөөчүлөр айтышты үрп-адат жана каада-салт ырларына киргизгени жогорудагы талдоолордон көрүнүп турат.  

Биздин оюбузча, айтыштар турмуштук үрп-адат, каада-салт ырларынын бир түрү катары кароого болот.  Буга С.Закиров, А.Токомбаевалардын “каада-салт, үрп-адат ырлары алардын узак убакыттар өнүгүп келген турмушундагы мүнөздүү учурларга байланыштуу ички кайгысын, сүйүнүчүн, мамилесин билгизүүчү турмуштук ырлардын бир түрү экенин эч кимтана албайт” [49, 27-28] – деген пикири негиз болот.  Ошондой эле айтыштын көбүнчө ар кандай турмуштук жөрөлгөлөрдө той өткөрүү (кыз узатуу, үйлөнүү, сүннөт, бешикке салуу ж. б.), аш берүү, эскерүү, жылдыктарын белгилөө, чоң-чоң мааракелүү жыйындарда (эгемендик майрамы, Нооруз ж. б. ) аткарылышынын салттык мүнөз күтүп, адатка айланышынан көрүүгө болот.  Демек, тигил же бул каада, үрп-адатка байланыштуу той өткөрүү, аш берүү, мааракелерди белгилөө ж. б. жөрөлгөлөрдөгү жарчы болуу, учурашуу, саламдашуу, эл көңүлүн көтөрүү максатында айтылган мактоолор, алым сабактар бул жанрдын турмуштук ырлардын бири экенинен кабар берет.  

Чыгармачылык менен салттардын байланышын байыркынын белгиси экенин айткан казак адабиятчысы Е. Д. Турсунов салт жана акын тууралуу буларга токтолот: “... прежде акыны принимали участие всемейных и родовых обрядовых торжествах.  Они участвали в обрядесватства, без них не обходилось свадьба.  Примечательно, что они отправляли основные обрядовые церемонии свадебного ритуала: открытие лица невесты с исполнением обрядовой песни “беташар” иоткрывение тоя “той-баштар”.  Во времия таких семейных торжеств бешик той, суннет той, той баштар исполняли акыны.  Следовательно, вперечисленных случаях функции акына и посредника однотипны: руководить проведением небольших внутри родовых обрядовых торжеств и выполнить основные обряды” [137, 137].  Демек, акындар эларасында өткөрүлгөн салттык жөрөлгөлөрдүн көбүндө катышып, алтургай аларды баштан-аяк алып барып, тойдун жүрүшүн көзөмөлдөөчүнүн милдетин алып барат.  Бул кыргыз жана казак элиндеги тойлорду баштан аяк алып барган жарчынын милдетин аткарган акындардын да кызматына кирген.

Жогоруда белгиленген салттык жөрөлгөлөрдү алып баруу, жарчы болуу эки түрдө жүзөгө ашырылган.  Айрым учурда бул милдет жалгыз бир акынга ыйгарыла турган болсо, айрым учурда эки же андан көп акындын алым сабак айтышы менен аткарылган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз