Мээрим Көлбаева: Айтыш өнөрүнүн табияты – 3

  • 04.12.2020
  • 3346

<<<<< Башы

  1. 3.  Айтыштагы көркөм салттуулуктардын типологиясы

Айтыш – өзүнүн турпаты, табияты, көркөм өнөр катары мүнөзү жагынан өзгөчө татаал жанр.  Анын өнүгүүсү эл тарыхы, үрп-адаты менен удаалаш өнүгүп, өз тарыхында калыптанган салттуулуктары менен коштолгон.  Бул тууралуу адабиятчы Б. Кебекова: “... төкмөчүлүк башатында көркөм ойлоонун синкреттик формасы катарында кабылдоо, негизинен, адамзат баласы үчүн жалпы болгондугуна карабастан, өсүү процессинин бирдей эмес, бир элде салттуу жанрдын деңгээлине көтөрүлүп, же эрте өчсө, кыргыз, казак сыяктуу көчмөн турмушта жашап отурукташууга кечирээк өткөн элдерде азыркы мезгилде да айрым салттуу белгилери сакталып келе жатканын [65, 5]” – белгилейт.

Демек, ырчылар чыгармачылыгында салттуулук байыркы мезгилдерден бери уланып, бүгүнкү күнгө чейин келип жеткенин көрүүгө болот.  Бул тууралуу А. Евгеньева: “Оозеки чыгармачылыкта традиция натыйжа чыкпай туган форма эмес экенин, ал өз принциптеринде өздөштүрүүлөрүн жана чыгармачылыктын өнүгүшүнө жаңы формалардын түзүлүшүнө мүмкүндүктөрдү ача турганын айтат” [41, 17].  Бул өзгөчө айтыш өнөрүнүн табиятынан ачык көрүнөт.  Алгач башатында коллективдин эки жаат болуп хор менен кезектешип айтышкан жар-жар, сармерден сыяктуу адат-салт айтыштары мезгилдин өтүшү менен өзүнүн жаңы формасы болгон акындар айтышынын жаралышын шарттайт.  

Мына ушул процессте канча кылымдан бери жок болуп же таптакыр түп тамырынан бери өзгөрүп кетпей турган белгилер айтыш ырларынын өнүгүшүнүн баардык этаптарында жандуу сакталып, бүгүн дагы жашап жатканын көрөбүз.  Чыгармачылыктагы бул сыяктуу салттуулуктар Е. Винокуровдун пикиринде: “мезгил сыноосуна туруштук берип, табигый жол менен тандалуу аркылуу бизге аман жеткен нерсе жана арзыркы учурда да жандуу” [41, 19] катары сыпатталат.  Айтыштар эмне себептен салттуу чыгармачылык түр катары кылымдар бою сакталып турат.  Биринчиден, аны коомчулук (алгач башатында) өзү жаратып, сактап келсе, тескерсинче, кийинки мезгилде бир ырчы жаратканына карабай коомдук турмуштун көйгөйлөрүн чагылдырууда салттуу ыкма, жолдорду пайдаланып, тематиканы, өнөрдү берүүнүн көп жылдардан бери калыптанган ыкмалары колдонулат.  

Экинчиден, “салттарда (традицияларда) элдин нравалык-этикалык ишенимдери, элестери, түшүнүктөрү, нормалары, эстетикалык кооздук сезимдери билдирилет. Элдик чыгармачылыкта традициялуулук жана традициялар элдин тиричилик-турмуштук жана өтө маанилүү социалдык-тарыхый тажрыйбасы менен тыгыз байланышта түзүлөт” [10, 57] – деп белгилүү фольклор таануучуВ. П. Аникин ырчылыктагы салттуулукту белгилегендей, айтыштар да элдин турмуштук тажрыйбасы менен өтө тыгыз байланышта жаралып, элдик нравалык, эстетикалык, педагогикалык, ж. б.  түшүнүктөрдүн негиздерин алып жүрөт;

Үчүнчүдөн, айтыштардын турмуш чындыгын кандай болсо ошол калыбында чагылдырып, салттуу поэтикалык сүрөттөөлөр менен шөкөттөлүп, салттуу ыкмалар менен муундан муунга эстафета сыңары өтүп турушу бул өнөрдүн элдик чыгармачылык жанр катары жашап турушун камсыз кылат.

Айтыштар өзү төкмөлүк өнөрдүн көп кылымдан бери сакталып келаткан салттуу түрү.  Өз кезинде айтыштарда да калыптанган бир катар салттуулуктарды байкоо кыйын эмес.  Айтыштардагы салтуулуктарды өнөр катары синкреттүү абалынан, акындын эч кандай даярдыксыз аудитория алдында төгүп ырдоосунан, ырчылыкты өздөштүрүү салтынан, поэтикалык, тематикалык окшоштуктардан көрүүгө болот.

Ырчылык өнөр – “тутумуна ашкан ойчулдукту, акылмандыкты, чынчылдыкты, чечендикти, куудулдукту, тарыхчы, этнографтык, артистик, аткаруучулукту камтыган ары татаал, элдик өнөр” [97, 14]. Бул илимде синкретизм түшүнүгү менен аныкталат.  Синкретизм гректин “биригишкен” деген сөзүнөн алынып, “адабиятта жана фольклордо искусствонун бир нече түрүнүн бир эле чыгармачылыкта айкалышып келиши.  Чыгарма аткарылууда бий, музыка, ыр, пантомима аралашып бир бүтүндүктү түзө” [79, 104] бере турганын билдирет. “Синкретизм” түшүнүгүнүн өзү тексттер менен обондордун ритмдүү биримдиги жана алардын бир мезгилде пайда болгондугу... [124, 245]”- деп белгилейт М. П. Штокмар.  Демек, синкретизм ырчылардын чыгарма жаратуусу, обон менен коштоосу аркылуу белгиленген.  

Мындан сырткары эл алдында аткаруу, аспап менен коштоо өңдүү кошумча өнөрлөр да жуурулушат.  Бирок көркөм чыгармачылыкта синкретизмдин деңгээли ар түрдүү экенин көрүүгө болот.  Мисалы, орустарда текст, обон, айрым учурда бий менен (частушкаларда) коштолгон учурлары кездешсе, кыргыз импровизаторлорунда аспап менен коштоо, эл алдында аткаруу, обон менен шөкөттөө өңдүү кошумча өнөрлөр жуурулуша берет.  Айтыштарда синкертизм эки багытта колдонгонун көрөбүз.  Биринчиден, ырчылык, обончулук, аткаруучулук, комузчулук ж. б.  өнөрлөрдүн аралаша берилишинен көрүнөт.  Буга Токтогул, Калык, Омонкул баш болгон төкмө ырчылардын чыгармачылык ар тараптуулугу мисал болот. Мындай өзгөчөлүк төкмө ырчылардын бүгүнкү муунуна чейин сакталып келгенин көрөбүз.  Айталы, эгемендик жылдарынан кийин ырчылык өнөр менен алектенген жаштардын тобу өсүп чыкты.  Ошол жаштардын бири, акын, төкмө, обончу, аткаруучу, манасчы Э. Иманалиевдин чыгармачылыгы буга күбө.  Синкретизм айтышта бир канча жанрлардын айкалыша келиши менен да көрүнүшү мүмкүн экенин жогортон белгиледик.  Демек, айтыш өнөр катары бир канча жанрлардын аралаша берилиши менен синкреттүү болсо, аны жараткан ырчылар искусстводогу бир нече өнөрлөрдү жуурулуштура алып жүрүүчү ашкан чебер талант болуп саналат.

Ырчылар поэзиясында көп кылымдан бери калыптанып, бүгүнкү күндөгү чыгармачылыкта толук кандуу сакталып келген салттуулуктардын бири өнөр үйрөтүү, үйрөнүү сыяктуу муундардын чыгармачылык байланышы экенин көрүүгө болот.  Чыгармачыл инсандардын төрт тарабы келишкен ашкан чеберлеринен таалим алуу, өз талантын такшалтуу, таптоо, кезеги келгенде кийинки муундарга чыгармачылыктын сырларын үйрөтүү сыяктуу муундар байланышы дүйнөлүк элдердин көбүндө кездешүүчү көрүнүш.  Мурункулардан үйрөнүп, ырчылык кесипти улантуу скандинавиялык акын, аткаруучуларда (скальддарда), орус элинин акын ырчыларында (скоморохтордо), казак, өзбек, түрк элдеринин акындар менен шайырларында мүнөзү жактан жакындашып турганын көрөбүз.

Төкмө ырчынын чыгармачылыкка келишинде белгилүү бир этаптарды башынан кечириши, чыгармачылыкка акырындап такшалышы, өзүнөн мурунку устаттан үлгү алышы; тигил же бул окуянын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө себепчи болгондугу, ар бир ырчынын өнөр үйрөнүүдөгү шыгы ж. б. у. с.  маселелердин импровизациянын бийик чегине жетишине тийгизген таасирлери катары кароого болот.  Мындан улам чыгармачылык таасир, устат шакирт маселеси алдыга чыгып, ал төкмө ырчылардын чыгармачылыгынын көп кылымдан бери калыптанып, бүгүнкү күндө толук кандуу жашап турушуна негиз болгон.

Υйрөтүү жана өнөр үйрөнүү процесси чыгармачылык таасир, үлгү алуу сыяктуу салттуулуктарды калыптандырып, устат-шакирт маселесин өз ичине алат.  Өнөрлүү адамдан үйрөнүп, кайра аны кийинки муунга берүүдө чыгармачылык таасир маселеси алдыга чыгат.  Бул тууралуу белгилүү ойчул, сынчы, адабият теоретиги В. Г. Белинский өнөр адамынын экинчисине өзүнүн чыгармачыл талантын, энергиясын өткөрбөй, бербей туруп эле ага активдүү таасир берип турарын, ошону менен тигинин талантын ташкындатып, жөндөм-шыгын, илхамын ойготуп, күчөтүп турарын көп айтчу экен.  Мындай таасир этүү менен таасирленүүнү күндүн жерге берген таасири менен салыштырган [25, 71].  Өнөргө кызыккан жаш талапкер үчүн ырчылыгы калыптанган, эл алдында шаңкылдата комуз чертип, калктын көңүлүн ачып, эстетикалык ыракат, күлкү тартуулаган акындын чыгармачылыгы таасир берип, талантынын такшалышына түрткү болот.  Бул тууралуу адабиятчы А. Обозканов “... бир нерсеге чындап ыкласын койгон ынтаалуу талапкерге ал кызыккан өнөр ээсинин таасиринин кайтарымы абдан күчтүү” [97, 16] экенин белгилейт.  Жаш талапкерди акын катары тарбиялоодо ырчылыктын мүнөзүн, тигил же бул ыктарын, көз карашын, турмуштук позициясын аныктоодо, өзүн-өзү алып жүрүүнүн мотивдерин калыптоодо негизги роль ойногон чыгармачылык таасирлердин жыйындысы гана аныкталган тарбиянын деңгээлин түзө турганы көрүнөт.  Мындай көрүнүштөр эл ырчыларынын чыгармачылыгында абдан көп.  Бала күнүнөн тарта кыргыздын элдик ырларын, жомокторун угуп, чыгармачылык таасири күчөп турган жаш талапкерлердин той, аштарда, эл чогулган чоң-чоң жыйындарда ырчылардын талантына таасирленип, ушул өнөрдү аздектөөгө чындап белсенип киришкенин көрөбүз.  Мисалы, акын Токтогулдун бала күнүнөн эле энеси Бурманын жомоктору, ырларына канып, Орозалы, Жаныш, Айтыке, Найманбай өңдүү ырчылардын чыгармаларына шыктанып, кийин Чоңду, Сартбай, Көчүбай өңдүү чоң ырчылардан алган таалими аны элдик акын кылып тарбиялады.  Мына ушул чыгармачылык таасир тууралуу музыка таануучу Б. Алагушов: “Ар нерсеге шыктуу адамдын талабы, бир нерсеге көңүлү түшүп, ага жетсем деген тилеги жарык дүйнөгө келген күндөн ойгонот эмеспи.  Алгач ышкылуу Атайды эртели-кеч дөңдө олтуруп черткен карыялардын майда күүлөрү делебесин козгоп, көңүлүн эргитип, чыгармачылыкка шыктандырат” [15, 16] – деп Атайдын таланты бийик өнөрпоз болушуна айылындагы эртели-кеч дөңдө олтурган карыялардын черткен күүлөрү таасир эткенин баяндайт.  Ал эми Осмонкулдун ырчы болуп калышына энесинин таасири күч экенин бир ырында: 

Апакем казак кызы эле,
Ар түркүн өлөң көп билген.  
Ар күнү жомок үйрөтүп,
Алдейлеп багып өстүргөн,
Колума берип домбура,
Казакча күүдөн черттирген” [20, 67] – деп эскерет.  Мындай чыгармачылык таасир эпикалык дастандарды айтуучуларда, күүчүлөрдө да кездешкен өзгөчөлүк.  Демек, чыгармачылык таасир өнөр адамдарынын баарында кездешип, кайсы гана өнөрдүн ээси болбосун ал өнөрдү аркалоонун негизги башатында турат.  Мындан улам чыгармачылыкка багыт алуу башталат.  Мына ушул чыгармачылык таасирдин калыптануусун шарттап, андан ары өзүн-өзү тарбиялоо, өнөр үйрөнүү сересине чыгат.  Жөндөмдүн өнөргө өтүү процессинде өзүн-өзү тарбиялоо абдан чоң ролду ойнойт.  “Өзүн-өзү тарбиялоо – өзүнүн инсандык, чыгармачылык касиеттерин өздөштүрүүгө багытталган өздүк ишкердүүлүктүн жыйындысы [85, 128].  

Ырчылык өнөрдүн калыптануусунда жаш талапкердин кайсы бир акындын ырларын угуп, аны кайталап, керек учура өзү да ал ырларга кошуп ырдай койгон учурлары арбын.  Бул тууралуу Алымкул Буларды эскерет: “Булардын (Сулайман, Аттокур, Айдыралы өндүү айылдаш ырчыларды айтып жатат- М. К. ) башкаларга артуучу ырчылыгы деле көп жок эле.  Бирок алардын өңгү-дөңгү ырчылыгы, аларга карата жасалган элдин мамилелери мени көп ойлондуруучу.  Мен алардан ырчылыктын баркын дагы тереңирээк баамдадым” [19, 104] – деп эскерип, андан улам ырчылыкка чындап киришип,  элдик ырларды жаттап, керек десе кыз оюндарында ырдай коюп жүрөт. Ал эми Осмонкул ырчылыгын калыптандыруу үчүн татар элинин акыны Габдулла Тукайдын, өзбек элинин көркөм сөз устаты Алишер Новаинин ырларын окуп өз ырчылыгын такшалтканын: 

“Казакча, татар, өзбекче, 
Китептин ачтым барагын. 
Оңолуп күчөй баштады,  
Өнөргө менин талабым” [33, 4] - деген саптарында баяндайт. Демек, өнөргө талапкердин өз алдынча жеке даярдыгы акырындык менен курбалдаштарынын арасында ырдай коюуга көтөрүлөт. Андан улам ар кандай аш, тойлордо секетбай, күйгөн ырларды аткарып, бир айылдын чегинде таанымал ырчы атала баштайт. 

Мына ошол ырчылыкка ык коюп, уккан ырларын өз алдынча аткарып, кези келгенде унутта калган саптарын өз ара жамактай коюп, ырчылыктын татаал жолунда түйшөлүп жүргөн жаш талапкер айылдагы же жакын коңшулаш элдердеги аты  кыска элдин кыйырына угулган ырчылардан таалим алып, ырчылыктын сырларын өздөштүрөт. Буга Токтогулдун Калык, Коргол, Осмонкул, Жеңижок сыяктуу акындарга жол көрсөтүп аларга устат болгонун көрөбүз. Ырчыларда жол көрсөткөн устатка таазим өтө бийик деңгээлде кастарланган. Коргол ырчы: «Ача тилдүү, ак таңдай Токоңдон калган кербезим» деп өзүн Токтогулдун уландысы катары эсептеп,

«Үйрөнүүгө өнөрүн,  
Өмүрүмдү арнадым.  
Бак-таалайым бар экен,  
Аркасы менен Токомдун   
Мен бүгүн Акын деген сандамын»[71, 82] - деп,  Токтогулдун аркасы менен ырчы болгонун ачык эле айтат.

Устатка ызаат көрсөтүү, сыйлоо жагынан Корголго эч ким жетпейт. Коргол ар бир шакиртине ырдаганда сөзсүз өз устаты Токтогулду ырга кошуп, анын өзүнө кылган эмгегин даңазалап, анан башка сөзгө өткөн. Мисалы, Токтосун Тыныбеков шакирт болуп келип биринчи учурашуусунда Коргол:  

«Токтогул акындардын улугу,  
Акылдын кирсиз тунугу.  
Токомдун жүрүп артынан,  
Торгой болдум таңшыган» - деп, шакиртине Токтогулдай ырчы бол дегенчелик кылып ырдайт. Экинчи шакирти Тууганбай Абдиев менен учурашуусунда  

«Торгоюм Током барында, 
Томпоюп жүрдүм жанында.   
Он жети жыл ээрчидим,  
Оозунда ырдан телчидим. 
Оймоктой бала чагымда.  
Күн-түнү сайрап талбаган.  
Баса алган эмес өнөрүн, 
Падыша менен ханың да» - деп устатынын өнөрүн бийик даңазалаган.

Ал эми Алымкул: «Мага көңүлдү эргиткен күүсүн үйрөтөн, балдай сөзүн сүйлөткөн биринчи тарбиячым жана окутуучум акын атам Токтогул болду. Токтогул мага татынакай ырды да, тамшандырган күүнү да үйрөттү» [19, 12] деп эскерет.

Мындан улам устат өнөр үйрөтүүчү гана болбостон таалим-тарбия берип, өз атасындай баага татыганы көрүнөт. Демек, ырчыларга устаттык кылуу, үлгү болуу ар бир адамдын эле колунан келе калчу иш болбогон. Үлгү болуу, жол көрсөтүүгө баардык эле акындын мүмкүнчүлүгү жете берген эмес. Ал үчүн акындын чыгармачылык даярдыгы, талантынын күчтүүлүгү, чыгармачылыктын сырларын толук өздөштүрүүсү керек болгон. Төрт тарабы төп келген, такшалган акын, ырчылар гана жол көрсөтүү, үлгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми үлгү алуучулар же үйрөнүүчүлөр устатынын чыгарма жаратуу өзгөчөлүгүн, обонун, аткаруучулугун, ой куроо мүмкүнчүлүгүн, логикалык, психологиялык даярдыктарын өзүнө сиңирип алып калуу процессинен өтөт. 

Бул тууралуу А.Н Веселовский кыдырып жүрүүчү селсаяк ырчылардын турмушу жөнүндө айтып келип, “Орто кылымдык кыдырма  ырчылар грек-римдик мимдерден алардын жөрөлгөлөрүн, кличкаларын,  алардын костюмун мураска алышкан жана чиркөөгө карата ошол мамилелерди жасашканын” [34, 484] белгилейт.  Демек, үлгү алуу чыгармачылыкта гана болбостон жеке жөрөлгөлөрүнө, кийген кийимдерине чейин таасирин тийгизе турганын көрөбүз. Ошол чыгармачылык процессте өнөр үйрөнүүчү же шакирт мерчемдүү мезгил аралыгында чогуу ырдашып, ата-баладай коюн-колтук алышып жашап, ээрчишип жүрүп ырчылыктын сырларын өздөштүрөт.

Айталы, Коргол Токтогул менен он жети жыл ата-баладай ээрчишкенин эскерсе, Осмонкул ырчы Калык менен кезиккен күндөн тарта өмүрүнүн акырына чейин бирге жүргөнүн айтат. Устаттын таалимине канып, анын батасын алып чыккан жаш талапкер өз алдынчалуулукка ээ болуп, чыныгы төкмө ырчы аталат. Ал өз кезинде ырчылыкка талапкер жаш муундарга үлгү болуп, устатчылык кылат. Буга Токтогулдун Чоңду, Көчүбай, Сартбай өңдүү акындардан таалим алып, отузга чамалуу акындарга устат болушу,  Калыктын Токтогулдан үлгү алып, өзү Осмонкулга, Сарыкунанга, Токтосунга устат болушу чыгармачылыктагы муундар байланышына мисал боло алат. 

Мына ушул салтуу чыгармачылык байланыш – устат-шакиртчилик оозеки жаралган төкмөлүк өнөрдүн бүгүнкү күнгө чейин уланып жатышын шарттап турат. Айталы, Осмонкул, Ысмайыл, Шекербек өндүү акындар Токтогулдан ырчылыкты үйрөнсө, алардан таалим алган Эстебес, Ашыралы сыяктуу ырчылардан Элмирбек, Жеңишбек, Амантайлар таалим алып, бүгүнкү ырчылык өнөрдүн учугун улоодо. Мына ушунун негизинде муундар байланышы уланып, устат-шакирт маселеси ырчылык өнөрдө салттуу чыгармачылык байланыш катары көрүнөт. 

Устат-шакиртчилик байыркы жазуу маданияты калыптана элек мезгилде жандуу байланышып, ээрчишип жүрүү, ырдашуу аркылуу жүзөгө ашкан. Анда чоң ырчылар менен саламдашуу, анын көңүлүнө толуп, шакирт катары бирге жүрүү, айтышка түшүү, батасын алып өз алдынчалуулукка өтүү, пир тутуу сыяктуу үйрөнүү процесси  жүргүзүлгөн. Устат ырчылар шакиртин өзү барган жерге ээрчите жүрүп, айлап, жылдап акырындап такшалтат.  “Барган жеринде шакиртин ала жүрүп, элдин абалына байкоо жасап, ар биринин маанайына жараша ырдоонун ыкмаларын билип, алгач устатынын өзү ырдап, жол көрсөтүүсү, акырындык менен шакиртине кезек берип, айтылган ойду улоо, катылган соболго жооп айтуу сыяктуу такшалтуунун жолдору якут элинин олоңхочуларынын, төкмөлөрүнүн шакирт тарбиялоодогу ыкмалары экенин көрүүгө болот [56, 21]. 

Ал эми казак акыны Кали Нурпеисовдун сабак алуусун “он беш жашымдан өлөң айта баштадым. Той-топур, оюн-зоок бар жерде жырау акындарды издечү болдум. Тама Акимгерей деген акындын даңкын угуп барып, беш-алты жыл бирге болуп үлгү алдым [97, 49]” – деген эскерүүсүнөн төкмөлүктүн салттарын өздөштүрүүдө устат менен бирге жүрүп үлгү алуу кыргыз элине гана эмес түрк тилдүү элдердин көбүндө кездеше турган өзгөчөлүк, салттуулук экенин көрөбүз. Биз муну менен бир ырчыны ээрчип жүрүп эле чоң ырчы аталып кетти дештен алыс болушубуз керек. Чоң ырчы болуу үчүн эң алды менен кудайдан берилген талант жана талыбаган изденүү керек. Бул экөө эриш-аркак болгондо гана чоң ырчы болуусу мүмкүн. 

Өнөр үйрөнүүдө ырчылыктагы ой куроо, көркөмдөө, соболго жараша жооп айтуу, өнөктөштүн оюн улоо, курчап турган аудитория менен байланыштагы түрдүү жагдайларга (ал сүрөө иретинде же тескерисинче токтот деп алымсынбаган маанайда болушу мүмкүн – М.К.) даяр туруу сыяктуу чеберчиликтин белгилери үйрөтүлөт.  Кыскасы, өнөктөшүнүн чыгармачылыктагы түрдүү манёврларына даярдалат. Мисалы, калк ырчысы аталган Арстанбек Жеңижокко ырчылыктын жайын айтып: 

Ырчы болсоң, сынчы бол.
Зөөкүрдү чабар камчы бол. 
Кургак жерге тамчы бол, 
Дүлөйлөргө кулак бол. 
Чөлдүү жерге булак бол. 
Канкорлорго касап бол, 
Калп айтканга мазак бол” – деген накыл кебин айтып,  

Жорго минип, жолдо өт, 
Жамы журтка ырдап өт. 
Ырың журттун ынагы, 
Өзүң болгун чырагы, 
Балам сынчылардын чынын ук, 
Ырчылардын ырын ук” [11, 161]– деген талабын коёт. Ал эми Токтогулдун шакирттерине өнөр үйрөтүүсүндө “он кишиге кандай, топто кандай ырдоо керектигин, ырчы эл алдында өзүн кандай алып жүрүүсү керек экендигин б.а. ырчылыктын этикасына чейин, ал түгүл комузду черте билүү түркүмдөрүнөн тарта, ырчы бир учурда эл тилегин көксөөсүн таба билген абдан баамчыл, сыр билгич, жол тапкыч, бир гана ырчы эмес сынчы, психолог, чоң комузчу, күүчү, дастанчы обончу, аткаруучу да болушу керектигин милдеттендирген” [97, 60]. 

Эгер шакирт жогорудагы талаптардын көбүн  аткарууга күчү жетип, өз алдынча айтышка түшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калса устаттары бата берип, ырчылыктын жолуна салат. Мисалы, Арстанбек Жеңижокко: 

“Шаймерден сени колдосун, 
Барбардигер кудурет, 
Пааналап ишиң оңдосун. 
Камбаркан баба кол берсин, 
Кыдыр даарып жол берсин”- деген батасын берсе, Токтогулга жолугуп батасын алууну көздөп жүргөн Барпыны ырдатып көрүп:

“Сен дагы мендей ырдадың, 
Ырыңдан иним сындадым.
Мен көрсөткөн ырымды, 
Улабастан койбодуң. 
Ажыратпай бир жерин, 
Кынабастан койбодуң. 
Адис акын экен деп, 
Бул жериңди ойлодум” [139, 104]– деп ак батасын берип узатат.

Ырчылар таланты такшалып, чыгармачылыгы төшөлүп калса дагы чоң ырчылардын сынынан өтүп алардын батасын алууну көздөгөн. Мындан улам устаттын батасына канып, жолу ачылган деп билген шакирттер устаттарын пир тутушкан. Казак акыны Жамбыл Сүйүмбайдын таалимин алып, аны пир тутуп, анын натыйжасында өзүн чоң ырчы болгонун:  

Менин пирим – Сүйүнбай,   
Сөз сүйлөбөйм сыйынбай.  
Сырлуу, сырдуу сөздөрдү,  
Мага тарткан сыйындай” [23, 274] – деп өтө бийик ызаат менен ырдайт.

Кезинде Токтогул Чоңдудан таалим алып, аны пир тутса, Токтогулду Калык, Алымкул, Коргоолдор пир туткан.  Устатты пир тутуу, бата алуу казак, кыргыз, каракалпак, түркмөн акындарына бирдей жөрөлгөлөр экени илимий адабияттарда белгиленген. “Пир тутуу акындардын түшүнүгүндөгү – атактуу ырчынын өнөрүнө сыйынуунун көрүнүшү. Ал эми таалим алуу башка. Үлгүлөрүн үйрөнүү, таалим алуу пир тутууга караганда кеңири түшүнүк берет. Ырчылыкка дитин койгон жаш талапкер пир туткан акындын гана үлгүсүн үйрөнбөстөн, башкалардан да таалим алышы мүмкүн. Токтогул Чоңдуну пир тутканы менен өзүнүн чыгармачылыгында элдик поэзиядан таалим алган, андан чыгармачылыгын өркүндөкөн” [114, 82] 

Мына  ушул салттуу чыгармачылык байланыш – устат-шакиртчилик улам тереңдеп олтуруп, чыгармачылык мектеп түшүнүгү алдыга чыгат. Кыргыз ырчылар поэзиясында отузга чамалуу өнөрлүүлөргө ырчылыктын сырларын үйрөткөн Токтогулдун мектеби, атактуу Калык акындын мектеби түзүлүп калганы белгилүү. Ырчылар поэзиясында көп мезгилдер бою калыптанып, учурга  жараша толукталып турган салттык темалар орун алып, ар бир акындын чыгармачылыгын коштоп жүрөт. Бул көпчүлүк акындардын балалык, карылык, өмүр, замана, аккан суу, санат, насыят сыяктуу темаларда акыл калчап, ой жүгүртүүлөрүнөн көрүнөт. Мисалы, бир эле дүнүйө түшүнүгү бир топ акындардын чыгармачылыгында жеке акындык талант, түшүнүгүнө жараша  түрдүү интерпретацияланган. Ошондой эле поэтикалык салттуулуктар, сүрөттөө, салыштыруу, көркөмдөө сыяктуу салттуу ыкмалар да бүгүнкү күнгө чейин колдонулган салттуулуктардын катарын толуктайт. 

Төгүп ырдоо, чыгармачылыкта өнөрлөрдү жуурулуштура пайдалануу, өнөр үйрөтүү жана үйрөнүү салты, тематикалык салттуулуктар жалпысынан төкмө ырчылыкка мүнөздүү белгилер.  Ал эми жанр катары  айтыштар да өз алдынча салттуулуктарга ээ. Акындар беттешүүдө түрдүү ыкмаларды жасап, түрдүү мотивде ырдашат. Айтыштардын дээрлик баардыгында кездешкен ыкманын бири саламдашуу.  Учурашуу айтыштарды байыртадан бери колдонулуп салттык мүнөзгө ээ. Учурашуу этикалык нормада баардык элдерде, баардык адамдарда кездешкен көрүнүш. Бирок аны поэзиянын тилинде ырдоо ырчыларга гана мүнөздүү. Ал гана турсун учурашуу ырлары совет мезгили учурунда тема катары калыптанган. Айталы, Алымкулдун “Токтогул менен биринчи жолугушу”, Калыктын “Учурашуу”, Барпынын биринчи жолуккандагы ыры бул түрдөгү ырларга мисал боло алат.

Учурашуу ырларында жөн гана ал-жай суроо маанисинде ырдалбастан элдин абалын, калктын турмушун ачык чагылдырып, өз абалы, жашоо турмушу тууралуу маалымат бергендерин да көрүүгө болот. Учурашуу дээрлик көпчүлүк айтыштарда айтылуучу салттуу ыкма бирок негизги мазмун учурашуу, амандашуу маанисинде болгону менен ар бир акындын жеке өзгөчөлүгүнө карай түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ.  Экинчи,  өзү тууралуу өнөктөшүнө маалымат берүү да салттуу ыкма. Себеби, өнөктөшүнө кимдер менен айтышып, кимди жеңип кеткенин, канча акын менен айтышканы тууралуу маалымат берип сес көрсөтүү максатында ырдаса, экинчиден, ырчылык өнөрдө алган орду тууралуу баяндайт. Буга Наркүл менен Жеңижоктун айтышында Наркүлдүн өзүн тааныштырып, күйөөгө чыгып, ал күйөөсү ырдатпай капаска салып койгонун арман кылып ырдайт. Андан соң бир жыйында Мыса акын баштаган төрт ырчыны катар жеңгенин ырдап, “эми сени койбойм” деп Жеңижокко сес көрсөтөт. 

Ушундай эле өзү тууралуу маалымат берүү Найманбай менен Токтогулдун айтышында да абдан жогорку бийиктикте берилет. Мындан башка өнөктөшүнүн тегин, журтун, ал-абалын суроо, сүрөп, мактап ырдоо, керек учурда сөз менен кыйытып, кемчилигин көрсөтүү дагы ыкмалардын бири болуп эсептелет.

Айтышта жүйөгө жыгылуу, аны моюндоо  - “бир сөздүүлүк” менен берилет. Башкача айтканда сөзүнөн кармалып, жүйөгө жыгылганы эч унчукпай басытырып кетүү да көпчүлүк акындарга мүнөздүү салттуу ыкма. Буга Каңтарбай менен Арстанбектин айтышында Каңтарбай обдула карап “–Мен жауп бермей ак жеңилдим” – деп ыраазычылыгын билдириши, Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Майкөт акындын:

“Бали, балам Жеңижок! Жумыры басты, кызыл тилди адамда сенден аскан акын болмас, рахмет!  Энди айтар не сөз калды? Ырахмет, балам, Жеңижок, мен айтышпай ак жеңилдим” – деп айтышуудан баш тартканы ачык мисал болот. Бул бир жагынан өзүнүн талантын баалап, жеңилип эл алдында уят болуудан сактануу болсо, экинчиден өнөрлөшүнүн талантын жогору баалоо болуп эсептелген. Мына ушундай айтышпай туруп жеңилүү ырчыларга ого эле бийик аброй, атак алып келгени көрүнүп турат. 

Айтыштагы дагы бир салттуу болуп калган ыкма өнөрлөшүн мактап, сүрөп ырдоо болуп эсептелет.  Бул ыкма көбүнчө шакирт ырчылар менен айтышууда алардын талантынын такшалып калганын, андан мыкты ырчы чыгарын айтып сүрөп ырдаган. Токтогул менен Барпы алгач жолугушуусунда Токтогул:

“Сен да ырчысың го элирген,
Ырга көөнүң берилген.
Баатыр болчу жигиттин
Маңдайынан билинет,
Акын болчу жигиттин
Таңдайынан билинет.
Күлпөтүңдү карасам,
Пайдувалдай бекемсиң,
Токтогулдун ырларын,
Токтотпостон чечерсиң” – деп бир көргөндө эле Барпынын акындыгын айтып, сүрөп ырдайт.

Айтышта биринин жакшы сапаттарын экинчиси элге жар салып, аны мактоо менен “ырчылыктын этикасын” сактап, өнөктөшүнүн өнөрүн көкөлөтүү максатында айтылса, өнөктөшүнүн эл тааныган мыкты акын экенин айтуу менен өзүн талант жагынан ага жете албасын айтып, алдынала сактануу (страховка) мааниси да көрүнөт. Себеби, кокус жеңилип кала турган болсо, ким менен айтышканын эл бааласын дегени. Ал эми утуп кете турган болсо мыкты ырчы менен айтышып мөрөйгө ээ болду деген атак турарында шек жок.  Демек, ырчылар байыртадан келе жаткан ырчылыкка мүнөздүү салттуулуктарды толук сактоо менен айтышка тиешелүү болгон салттуу ыкма, мотивдерди да чеберчилик менен пайдаланышат. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз