Учурдагы геополитикалык абал «жаңы Россия Империясын» түзүүгө жол бербейт

  • 17.12.2020
  • 3714

Алматы. 14-декабрь. КазТАГ – Мадина Алимханова.

Учурдагы геополитикалык абал «жаңы Россия Империясын» түзүүгө жол бербейт – деди белгилүү коомдук ишмер Мурат Ауэзов, РФнын мамлекеттик Думасынын депутаттары Вячеслав Никонов жана Евгений Федоровдун Казакстандын жайгашкан аймагына карата айтылган доо талабына жооп берип жатып.

“Албетте, бул нерсе биринчи жолу айтылып жаткан жок, Казакстандын тарыхын буга окшогон бурмалоолор, Казакстандын азыркы жашаган аймагында казактар жашаган эмес деген сөздөр мурда да Россиянын белгилүү коомдук ишмерлеринин ооздору менен айтылып келе жаткан. Айтсак, бул маселе боюнча Солженициндин элге кеңири тараган ойлору, Жириновскийдин ушундай эле мааниде көп ирет кайталап айткандары, Эдуард Лимоновдун Казакстандын чыгышында жашаган элге жасаган кайрылуусу буга мисал”, – деди Ауэзов дүйшөмбү күнү КазТАГ агенттигинде айткан сөзүндө.

Ошол эле убакта ал акыркы жылдары Россияны улуу империя катары көргүсү келген адамдар көбөйүп бара жатканын белгиледи.

“Бул бардыгына эле белгилүү сыяктуу, бирок учурда бул маселе өзгөчө курчуп бара жаткансыйт, ошондуктан Казакстандын жогорку мамлекеттик бийлиги, тышкы иштер министирлиги, бул тез өзгөрүп бара жаткан абалга өтө сактык менен мамиле кылуулары керек деп ойлойм.

Россияда гана эмес, өзүбүздүн Казакстанда же Борбордук Азиянын мамлекеттеринде да азыркы учурда жогорку мен атаган адамдардын ооздору менен айтылган тенденцияны колдогон күчтөр бар. Албетте, Россия азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлегиси келет жана  келечекте “атак-даңктуу” мамлекет болууну кыялданат.

Бул идеяны колдогон адамдар уламдан улам көбөйүп барат, сыягы аларга мындай жолду Россияны империя, зор империя катары көргүлөрү келген Россиянын жетекчилери өздөрү демилгелешсе керек. Соловьевдун жана ушу сыяктуулардын берүүлөрүн көрүү эле жетиштүү, ал берүүлөрдүн өзөгүн түзгөн  “империя”, “империя”, “империя” деген ойлор. Бул идея ал берүүлөр аркылуу коомдун аң-сезимине таасирин берет, коомдун “орус-славяндардын улуулугун калыбына келтирүүнү” көксөгөн катмары козголуп, кандайдыр бир аракеттерге барышат. Муну түшүнсө болот”, – деп белгиледи ал.

Ауэзовдун ою боюнча россиялыктарды Турция башында турган жаңы пантюркизмдин пайда болуу келечеги чочутууда.

“Азыркы учурда азербайжан-армян согушунун чыгышына байланыштуу бул маселе кескин активтешип, ылдамдашып барат. Эрдоган, Турциянын эл аралык саясый позицияларга активтүү катышуусу жана түрк өлкөлөрүнүн, о.э. элдеринин өз ара жакындашуусу: мына ушулар россиялыктарда пайда болгон пантюркизмдин пайда болушунан жаралган тынсызданууларынын негизги себептери.

Азыркы учурда алар Эрдогандын айткан сөзүн будамайлашып, Закавказьени, Орто Азияны Японияга чейин камтыган жаңы саясый бирикменин пайда болуу коркунучу бар экенин айтышууда. Россиянын геосаясатчылары бул нерсе менен өз мекендештерин коркутуп жүрүшөт. Бул аларга эмне үчүн керек – бул империяны курууну тездетүү үчүн керек.

Тенденция күн санап өсүүдө: мындан бир аз эле мурда Казакстан деген жок болчу, бул жерлерди жөн эле белек катары берип салганбыз деп келишсе, эми Федоровдун оозу менен ал белекти кайтарып бергиле деп жатышат.

Бул маскарапоздук менен жүрүп жаткан процесстердин эң жаман жери – бул сөздөн ишке өтүү аракеттеринин өтө ыкчамдык менен алга жылышы. Мына ошол максаттар менен “кайрадан түрктөр бириге башташты”, “тез аракеттер керек”, “белекти кайра кайтарып алуу керек” деген сөздөр айтылууда”. – деди ал өз сөзүндө.

Ауэзовдун ою боюнча азыркы учурда жаңы россиялык империянын түзүлүшүнө мүмкүнчүлүктөр жок.

“Тилекке каршы, бул – биз тагдырына кайдыгер карай албаган Россиянын эң чоң көйгөйү. Казакстан да, Россия да көп нерселерди башыбыздан өткөздүк, ошонун ичинде көптөгөн кан төгүлүп, нечен азаптарды башка салган тоталитардык режим да бар. Бирок бардыгы унутулуп, жаңы империянын образы пайда боло баштады. Мындай империянын жаралышына эч кандай мүмкүнчүлүктөр жок, анткени бул Россиянын оорусу, дал ошол оору, кээ бир акыл-эси ордунда эмес оорулуу адамдардын кыялында Россияда 20-кылымдын башында түзүлгөн империяга окшогон империя жаратуу идеясын пайда кылып жатат. Бирок азыркы геосаясый абал таптакыр башка жана Россия да азыр андагыдай эмес. Бул империя түзүш үчүн күлкү келерлик доомат. Бул Россиянын коңшулукту, жакындыкты эсине албаган эси жоктугу, кеселдиги жана мурдунун учунан алысты көрө албаган сокурдугу. Ал азыр алсыз”, – деп баса белгиледи Ауэзов.

Ауэзов азыркы учурда Россияга каршы туруу үчүн дүйнөдө геосаясый күчтөр жетиштүү деп эсептейт.

“Учурдагы Россияны эч ким жакшы көрбөйт, а алар дагы эле: “Жакшылыкты билбегендер! Бизди таштап кетишүүдө” дешет. Прибалтика, Закавказье, Чыгыш Европа бөлүнүп кетти. Анткени, алар өздөрү буга себеп болушууда, ниети бузук адамдардын кыялдарында жаралган жасалма, бузуку, кара өзгөй империя албетте, башкаларды өз боюнан ары түртөт. Россия азыркы күндө геосаясый күрөштө жеңилүүгө дуушар болду.

Биз Кытайдын кучагына кирбешибиз керек. Кытайдан башка дагы геостратегиялык күчтөр Россияга бул аймактарда кайрадан үстөмөндүк кылууга жол беришпейт, бул объективдүү чындык. Борбордук Азия азыр биригүүгө баш коюшту, бул аябай күчтүү фактор. Башкача айтканда, Орто Азия жана Казакстан башкалардын колундагы оюнчук болуудан калды, ал дүйнөлүк геостратегиялык абалда өтө күчтүү, ишке жарамдуу субъектиге айланып барат. Андан тышкары, азыркы дүйнөдө тилектеш күчтөрдү табуу мүмкүнчүлүгү өтө чоң”, – деп эскертти ал.

Ауэзов россиялык депутаттардын тарыхты жакшы билишпегендиктерине көңүл бурду.

“Никонов, билимдүү эле адам сыяктанат, ал ушул тапта Россиянын бүткүл билим берүү сферасын жетектейт. Бирок ал 20-кылымда, 21-кылымда, Орус мамлекети жаңыдан түзүлө баштаган кездерде бул жерде, Казакстанда кандай окуялар болгонун, Ордонун убагында кандай мамилелер орун алганын билбейт экен.

Мындай адамдарга бул нерселерди түшүндүрүш үчүн көп убакыт керек, алардын бул жөнүндө уккулары да, көргүлөрү да жок. Алар үчүн казак кайсы жерде малын жайса, ошол жерде Казакстан деп ойлошот.

Деги алар бизге кандай белек беришти экен?

Бул 30-жылдагы казак элинин санын үчтөн бирге кыскарткан чоң ачарчылык, интеллигенциянын каймактарын – Алаш ордочулардын жана башкалардын өмүрүн алган репрессиялар.

Бул жердин көзкарансыздыгы үчүн күрөшүп, анын тагдырына күйгөн чыныгы уулдарынын тамырлары кыркылганын, андан кийин Москванын алдында жалпы Ата Мекенибиз үчүн казактардан чыккан Алия, Маншук сыяктуу баатырларыбыз өз каны-жанын аябай кармашканын унутуп коюу,  жакшылыкты билбестик жана маскарачылык эмеспи.

Алар бул жөнүндө билишпейт, анткени алардын оюнда акылга сыйбаган маскаропоздук жаңы империя турат, а канында ак сөөктөргө таандык таза ийкемдүү акыл жүгүртүү дегенден эч нерсе калган эмес. Мындай категориядагы адамдарда сүткорлорго жана бузулган адамдарга мүнөздүү аң-сезим өнүккөн, аларга бир нерсени далилдеп бериш мүмкүн эмес, анткени алар – бүткүл Россия чаң-тополоңго түшүп жаткан абалда туулган, жаңы коньюктуранын адамдары”, –деди ал.

Андан ары ал Россияга карата дүйнөнүн башка мамлекеттеринин мамилесине жана кандайча өзгөрүшүнө эмнелер таасирин тийгизгени тууралуу өз божомолун айтты.

“Тилекке каршы, менимче, российлык бийликтин бул мамлекеттин тарыхий өнүгүшү боюнча чоң концепциясы жок болсо керек, болбосо христиан дининде айтылган осуяттарды аткаруу, жакшылыктарды жасоо, өзүлөрүнүн кетирген каталарын талдоо көбүрөк болмок.

Эмне үчүн учурда Россияга карата тоталдык жек көрүүлөр көбөйүп барат?

Анткени ал тоталитаризмдин, репрессиянын эң эле агрессивдүү формаларын, жерлерди тыткылап талкалоонун уюгу болуп калган.

Бизде бул саясат Арал деңизин өлтүрүүгө, дың жерлерди, биздин жашоо шартыбызга ылайык чарба иштерине ыңгайлуу сонун жерлерибизди эч нерсеге жарабаган чөлгө айлантууга, Казакстанды ядролук сыноолорду, химиялык, биологиялык куралдарды сыноочу полигонго айлантууга алып келди.

Мына бизге берген Россиянын белеги” – деп баса белгиледи аңгемелешибиз.

Ауэзовдун пикири боюнча азыркы муундун эң баалуу сапатынын бири – бири-бирине тилектеш болушуп, бири-бирин колдой алышкандары.

“Эркиндикке жана көзкарандысыздыкка карай умтулуу бизде кокусунан эле болгон иш эмес. Бизде бул үчүн канчалаган муундар күрөшүп, согушуп келишкен, натыйжада, азыркы учурда эркиндиктерин эч кимге тебелетүүгө жол беришпеген адамдардын мууну пайда болду. Бул муундагы адамдардын эң мыкты сапаттарынын бири – азыркы дүйнөдө өзүнө тилектеш адамдарды таба билишкени. Советтик тоталитардык режимди кулатканда эле биз тилектештигибизди көргөзгөнбүз – Борбордук Азия, Грузия, Закавказье, Прибалтика дайыма тилектеш болуп келишкен, алар бири-бирин башынан эле жакшы түшүнүшчү.

Алар империя болгулары келишет, бирок бул – империянын пародиясы. Бул өзүнүн кыржыйып арыктап, басканга алы калбай калганын түшүнбөгөн Мокочо. Өз жерин, андагы жашаган элдин жашоосун жакшыртуу үчүн позитивдүү программасы жок болуп туруп, куралын шарактатып бирөөнү опузалоо – бул абсурд. А бул Россияны ичинен талкалоочу өтө чоң жарылуучу материал”, – деди белгилүү коомдук ишмер.

Ал Казакстан жөнүндө жакында Россиянын мамлекеттик Думасынын депутаттары айткан сыяктуу жалган сөздөр Россиянын өз кадыр-баркына залакасын тийгизет деп эсептейт.

“Мен Никонов жанан Федоров – орус элинин ыйык духунун биринчи душмандары деп ойлойм. Биз орустун чыныгы интеллигенциясы тууралуу көп жакшы нерселерди билебиз. Россиянын өзгөчө миссиясы бар – бул элдерди жакшы ниет менен бириктирүү. А азыр булар бизге: “Түйүнчөгүңөрдү түйгүлө да, биздин жерди бошотуп, бул жерлерден кеткиле, болбосо өзүбүз келип тартып алабыз” деп айтышканда, алар өздөрүнө каршы чыгарган өкүмгө кол коюп жатышат. Эгерде Россия мындай тенденциялардын массалык түрдө таралышына мүмкүнчүлүк берсе, анда Россия чачырап жок болот”,– деп бүтүрдү сөзүн Ауэзов.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Булагы: https://kaztag.kz/ru/news/auezov-tekushchaya-geopoliticheskaya-situatsiya-ne-pozvolit-sozdat-novuyu-rossiyskuyu-imperiyu

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз