Дүйнөдөгү ыйык эсептелген жети шаар баяны

  • 21.12.2020
  • 3128
  1. Мекке

Мусулмандар үчүн өтө чоң мааниси бар Арабия шаары. Ислам ааламынын кыбыласы эсептелген, Азирети Ибрахим тарабынан курулган Кааба так ушул шаарда жайгашкан. Ислам дининдеги негизки аткарыла турчу беш шарттын бири ушул – Каабаны көрүү үчүн келип, ажылык милдет аткаруу. Умм аль-Кура же болбосо шаарлардын энеси деп аталат. Ар жылы Каабага келген элдин көптүгүнөн улам “ажылык туризм” деген сектордун пайда болушуна жол ачкан.

  1. Ватикан

Ватикан – Италия өлкөсүнүн Рим шаарында жайгашкан дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет же тагыраагы: шаар деп атасак болот. Христианчылыктын борбору аталган Ватиканда Папа өлкө лидери гана болбостон, диний лидер да болуп саналат. Айланасы дубалдар менен курчалган, коопсуздугу жогорку деңгээлде. Калкы болжол менен тогуз жүз же миң кишинин айланасында. Алардын көпчүлүгү ар кайсы өлкөдөн келген поптор жана швейцариялык күзөтчүлөр. 100 адамдан турган католик багытын карманган, ар дайым салттуу кийимдерин кийип жүргөн ордосу бар.     

  1. Кудус

Кудус негизинен христиандар, мусулмандар жана жөөттөр үчүн бирдей мааниге ээ. Көп сандаган синагога, чиркөө жана мечиттер болгонуна карабастан үч миң жылдан бери жөөтчүлүктүн борбору эсептелет. Жөөттөрдүн агымы “Ыйлоо дубалынан” эч үзүлбөйт. Мусулмандарга Кааба канчалык маанилүү болсо, жөөттөргө да ушундай.

  1. Варанаси

Индустардын ыйык Ганж дарыясынын жээгине курулган “Шива” кудайынын шаары. Индустар ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн ушул шаарды зыярат кылып, Ганж дарыясына жуунуу менен күнөөлөрүнөн арылышат. Жашы өтүп калган диндар индустар ыйык жерде өлүү үчүн ушул жерде жашап калат. Бир индус үчүн өлгөндөн кийин сөөгү Варанасида өрттөлүшү – кайрадан төрөлүү дегенди түшүндүрөт.

  1. Лхаса

“Тыюу салынган шаар” катары тарыхта калган Лхаса – Тибет шаарларынын бири. Буддисттердин бул шаарына көптөгөн жылдар бою чоочун адамдын кирүүсүнө тыюу салынган. Лхаса “Кудайлардын шаары” дегенди түшүндүрөт. Гималай тоолорунун түздүгүнө салынган Лхаса – Буддизмдин руханий лидери Далай Ламанын мекени.

  1. Пушкар

Индустардын дагы бир ыйык шаарларынын бири – Пушкар. Шаарда болжол менен төрт жүздөн ашык сыйынуу жайлары бар. Ал эми диний баалуулугу жогору Пушкар көлү кээ бир айларда өтө чоң мааниге ээ болуп калат. Себеби индустар ушул жерге арууланууга келишет. Пушкарда моторлуу авто-унааларды колдонууга, эттен жасалган тамактан азыктанууга, ичимдик ичүүгө тыюу салынган.

  1. Вифлеем

Палестина аймагында, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан бул шаарда Иса пайгамбар туулган деп айтылып келет. Ушул себептүү христиандар үчүн ыйык жана христиан динин тутунгандар өтө жыш жашайт. Жыл жаңырган сайын шаарды көптөгөн зыяратчылардын агымы каптап кетет.

Даярдаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз