Кубанычбек Аркабаев: Эгерде Санта-Клаус бизде жашаса…

  • 21.12.2020
  • 3063

- Эгер Санта-Клаус Кыргызстаныбызда жашасачы, ээ жолдоштор…

- Атасынын куу чокусу бар бекен бизде?

- Жок, ата-бабабыздын туу чокусу бар экен!

- Кандайча?

- Шундайча! Биздин бир чокуну Америка алат экен.

- Сатышыптыр да!

- Ушуну кылышмак!

- Коё турсаңар жолдоштор, Санта-Клаус деген бизче Аязата дегенди билгизет да эми… Анан ошо Санта-Клаус бизде жашасачы…

- Хе... аяш атаны тапкан экенсиңер!

- Аяш атадан аябайлы дедиңер анан?

- Жок дегенде орустардан тапсаңар болмок аяш атаны.

- Жолдоштор, Санта-Клаус аяш ата эмес ай-аз а-та, аяз ата деп атам. Орусча дед мороз.

- Аа дед мороз дебейсиңби баяле.

- Аныңа бизде суутуп коюптурбу анан.

- Суутуп койгону ошо да, суу берер мөңгүнү сунушуп…

- Мөңгүбүздөн чана тебишет бекен?

- Кертип сатышат болуш керек!

- Жо бу жерде геосаясат бар.

- Шпионство дечи.

- Айтканга мүмкүнчүлүк бербей атпайсыңарбы ой. Биздин Кыргызстаныбыз жердин чок ортосу болгондуктан Америка, тоюс Санта-Клаус бүт өлкөлөрдүн балдарына таттуу белектерди берип…

- Мына, көрдүңөрбү Америка биздин чокуларга чокчоюп чыгып алып, бүт дүйнөнү печейна берип башкаргысы келип атат. Притом биздин печейнаны таратып.

- Ой, сөздү бөлбөй аягына чейин угуп алып, анан талкууласаңар боло. Эгер Санта-Клаус биздин бир суук чокубузда жашаган болсо анда Жаңы жыл түнү бүткүл дүйнөнүн балдарына белек берип жетише аларын Швед окумуштуулары эсептеп чыгышыптыр… Өөх-эптеп айтып бүттүм окшойт.

- Аа, Шведдер биздин чокуларды Америкага канча күндө кантип сатышты эсептеп беришиптир да.

- Американын аба базасы төрт-беш жылдан бери бизде эмне эле кылып жүрөт десе…

- Жарабайт! Пускай жанагы бүткүл дүйнөнүн Санта-Клаустары балдарга берчү белектерин Жаңы жыл түнүндө таратып, үлгүргүлөрү келишсе бизге алып келип коюшсун да, кайра баардык өлкөлөргө таратып беришсин. Туурабы, жолдоштор?

- Эң сонун идея экен. Анан?

- Анан өлкөбүзгө кирип чыкканы үчүн, чокубузду арендавать эткендери үчүн төлөп коюшсун!

- Во, мына, бюджетти толтуруунун дагы бир булагынын көзү жарк этип ачылбадыбы!

- Жолдоштор, сүйүнчү, менде дагы бир гениальный идея азыр эле туулду! Муну чоң ачылыш десем болот. Эгер бүткүл дүйнөнүн өлкөлөрү Жаңы жыл түнүндө бир эле өлкөгө белек берип үлгүргүлөрү келсе ал мамлекет биздин гана Кыргызстаныбыз болорун Швед окумуштуусу эмес кыргыз карапайымы болсом дагы сразыле мобу калдайган калла-кулятрыма салып чагып койдум!

- Маладес!

- Айт ачылышыңды, ааламга!

- Сун сунушуңду дүйнөгө!

- Ур-рее!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз