Олжобай Шакир: Аяз Ата

АҢГЕМЕ

Балдар менен көк жылгаяк тээп жүргөн. Жыгылып кайра турган. Эти ооруп, кыңкыстап араң көтөрүлгөн.

– Бир жериң сынбадыбы? – жалооруй карап жеңеси Нарынгүл туруптур жанында.

– Билбейм, могу жерим… – бала сыздаган томугун укалады.

– Бут шилтеп басып көрсөң, – жеңеси колунан алып жетеледи. – И-и, оорубадыбы?

– Бир аз… – бала кадам шилтеп көрдү.

Томугу сыздап атты, бирок буту шилтенет экен. Жеңеси жетелеген бойдон жөнөдү.

– Карачы… көк муштум болуп тоңуп калганыңды. Бас үйгө.

Баланын көңүлү көк жылгаякты кыйбады. Оюн кызуусуна эми киргендей болду эле да… Артына кылчайды.

– Бас, бас, үйгө, – жеңеси коё берер эмес. Жетелеп алды. – Сен эртең бала бакчабызга Аяз ата болуп бербейсиңби… – жеңесинин бул айтканын туура түшүндүбү, жокпу – элейип, суроо узатты:

– Аяз ата келеби?

– Каяктан келмек эле, Аяз ата таппай атабыз…

Баланын акылына эч нерсе жеткен жок. Жеңеси эмнени айтып атат ага…

«Мектеп окуучусу болсом, бала бакчага мага эмне бар?» деген тирикарак суроо турду көңүлүндө.

– Аяз ата болуп бересиңби бизге? – жеңеси жылуу жылмайды балага.

– Менби?!

– Ким анан? – жеңеси күлүмсүрөп турду маңдайда. – Аяз атага сени эле жарайт ко деп атабыз. Үйдө дегеле куйкумдуу сүйлөп, чоң атадайсың…

Баланын сезими толкундап турду, бирок ага эмне милдет жүктөлөрүн түшүнө бербеди. Аяз ата өзү келип жүрчү эле да. А жеңеси ага эмнени айтып атат?..

– Шоколад, момпосуй таратасың балдарга. Жакшы ырдап, бийлегендерине белек бересиң, – жеңесинин бул сөздөрүнө бала түшүнүп турса да, бирок акылына жеткен жок.

Эртеси өмүрүндө биринчи жолу бала бакчанын босогосун аттады. Оосурак жыттанды «бур» этип. Оозу-мурдун жаба койду. Бала бакчанын ичи мындай сасык болорун билчү эмес. Башкалардай болуп бала бакча тарбиясын көрбөгөн ал. Башына жүн чыкканы – токой жээгиндеги тегирменде чоңойгон ал. А кийин Кара-Булак, Аксай, Арпа жайлоолорунда мал артынан калчу эмес. Мал артынан чоңойгон.

Чуру-чуу, күрү-күүгө толгон бала бакчанын ичи кооз болсо да, балдардын оосурагынан көңүлү айланды.

– Бул жакка кир, – бөлмөлөрдүн бирине жетелеп жөнөдү жеңеси.

Дагы бир-эки шымаланган келин балага Аяз атанын узун чапанын кийгизип, мурутун чаптай башташты.

– Тездейли, кечигип атабыз.

Чапандын этеги сүйрөлүп калды балага.

– Ийне-жип алпкелгилечи, – деген жеңеси тез эле этеги сүйрөлгөн чапанды кыскарта салды. – Эми баштыгын илгиле мойнуна.

Эки көзү толо шыкалган куржун экен анысы. Ийниндеги оор куржунга баланын бир ыптасы шылк дей түштү ылдыйга.

Бала Аяз атанын өзү болуп калыптыр. Күзгүдөн көрдү анысын. Колуна таяк карматышты. Көңүлүн уйгу-туйгу чулгады. Бала бакчанын бөбөктөрүнө эмне айтуу керектиги мээсин көсөй баштады эми. Жеңеси үйдө үйрөткөн сөздөрдү күбүрөндү ооз учунан. Жарымын эстесе, жарымы жок. Ийни талып кетти куржундан.

– Кана, кана балдар! Аяз атаны тосуп алабызбы? – алыскы бөлмөлөрдүн биринен жеңесинин үнүн уккан баланын жүрөгү болк эте түштү. Ооз учунда күбүрөнүп аткан сөздөр капкайда учуп кетти.

– Бол, бол! Бөбөктөрдү куттуктайлы барып! – шымаланган эки келин шаштырды баланы.

Алардын бирөөсү Аяз кыз болуп кийине коюптур тез эле. Анын бою Аяз атаныкынан да узун. Экөө жетелешип, балаты коюлган бөлмөгө кирип барышты. Ийнинен ныгырган куржундун салмагы кууратты баланы.

– О балдарым, Жаңы жыл майрамыңар менен! – баланын оозунан негедир ушул сөз өзүнөн өзү чыгып кетти. Муну ага жеңеси деле үйрөткөн эмес. Өзүнүн сөзү, өзүнүн үнү. Жок, өз үнү эмес бул. Өзүн өзү жасалма Аяз ата көрсөткөн баланын аракети болду. Өз үнүн Аяз атаныкына окшотууга далалат кылды…

Андан кийинки сөзү кандай болушу керек эле, – таппады. Дымып калды. Мурду тердеди баланын. Муруту шыпырылып баштады терден. Шымаланган келиндердин бири Аяз атанын ылдыйга жылып түшөр мурутун көрө койгон экен, жетелеп кетти башка бөлмөгө.

– Бала бакчаңар ысык экен, тердеп кеттим, – деди актанган Аяз ата.

– Ысык болот да анан… бөбөктөр тоңуп калбайбы, – шымаланган келин Аяз атанын мурутун клейлеп салды. Сасык клей экен анысы.

Балатынын алдында турду Аяз ата.

– Кана, Аяз ата бизге кандай белектерин берет болду экен? – жеңесинен ишарат болор замат Аяз ата ийниндеги куржун жүгүн жеңилдеткенче шашты.

Ырдап, бийлеген бөбөктөргө эле эмес, колун сунгандын баарына тарата берди белектерин.

Үйдөн өзү да күпчүйүп кийинип келген баланынын жону чыпылдап тердеп чыкты. Аяз атанын чапаны тердетип ийди аны.

– Эшиктен бир азга дем алып келейинби? – жеңесине шыбырады Аяз ата. – Тердеп кеттим.

– Тез кел кайра, – жеңеси да шыбырады.

Аяз ата сыртка чыкты. Кере-кере дем тартты. Ылдыйдан классташ достору көрүндү – Касу, Акыл, Нуру, Кубан келатат берилей. Досторун тааныды, а тигилер тааныбады.

– Эй, Аяз атаны! – достору шыпылдап жетип келишти заматта. Куржун түбүндө калган таттылардан уучтап-уучтап карматты досторуна.

– Ыракмат, Аяз ата!

– Сабак бүттүбү? – деди бала. Достору эми тааныды аны. Үнүнөн тааный коюшту.

– Аяз ата болуп алдыңбы? – таңгалган достору Аяз атанын сакалына асылышты. Чапанынан тартып көрүштү. – Сабакка эмнеге келген жок десе… Сен бу жакта жыргап… Шоколад жеп.

– Жей элекмин өзүм даа. – Аяз ата эми гана ооз тийди куржундагы таттылардан.

– Ай, болбойсуңбу, Аяз ата! Бөбөктөр сени күтүп калышты, – жеңеси шаштырды.

Достору Аяз ата кочуштап берген таттыларын коюндарына жымыра коюп, шыпылдай басып, үйлөрүнө жөнөштү.

Бөксөргөн куржундун көздөрүн жеңеси дагы толтурду. Шыкап салды.

– Жетпей калбасын, баарына бере бербе. Ырдаган, бийлеген балдарга гана тарат, – деди бу жолу.

Ийинден ныгырган куржундун көзүн тез-тез тарата салып жеңилдеткиси келип турду Аяз атанын.

Улам-улам чекеси нымшыган Аяз ата ошол күнү эң биринчи жолу балалык ишеними, тилектери менен кош айтышты. Балалык кыялдарына ишенбей калды.

Декабрь, 2019. Львов шаары, Украина.

Комментарий калтырыңыз