Жашоону жеңилдеткен Ааламдын эң жөнөкөй он мыйзамы

  • 23.11.2023
  • 6503

1️ Бул дүйнөдөгү бардык нерселер бири-бири менен байланыштуу

Бул жашоодо жөндөн-жөн эле эч нерсе болбойт. Жөн жай эле болуп жатат деген нерселердин чыгышынын ар биринин мыйзам ченемдүү себептери жана ар биринин өз орду бар. Жашоодо ар бир адамдын аткарар кандайдыр бир милдети болот. Бирөөлөрү жакшы тажырыйба топтоо үчүн болсо, экинчилери жаман тажырыйба алуу үчүн кызмат кылат. Эмнеси болсо да тажырыйба алган жакшы. Биздин башыбыздан өткөн нерселер – биз алган сабак. Кээде ал жагымдуу, – сүйүүнү, достукту баалаганды үйрөтөт, кээде ал сабак ачуу, – бардыгына эле ишене берген болбойт, бардык адамдар эле жакшы эмес. Кандай болгон күндө да бул тажырыйбалар өсүшүбүз үчүн эң зарыл.

2️ Бардык бизге жаккан нерселер – өзүбүздө бар жана да бардык бизге жакпаган нерселер да – өзүбүздө бар.

Биз адамдарга жана ар кандай окуяларга жөн эле мамиле кыла бербейбиз. Кээ бир адамдарга жана бир окуяларга бат эле аралашып кетебиз, а кээ бир кишилерден же кээ бир нерселерден алыс болууга аракет кылабыз. Мунун баары жөн эле нерсе эмес. Биздин айланабыздагы биз мамилебизди билдирип жаткан нерселердин бардыгы – бул биздин башкалардагы чагылышыбыз. Бизде болгон нерселер, жөн гана бизге жаккан, биз кабыл алган нерселер, ал эми жакпаган нерселерди – кабыл албайбыз.

Ойлонуп көрүңүздөрчү, эгерде бир адам силердин жиниңерди келтирип жатса, анда ал адамдагы сиздин жиниңизди келтирип жаткан нерсе, ал сиздин өзүңүздө жок, сиз жактырбаган, кабыл албаган сапат болушу толук мүмкүн.

Бизди курчап турган Аалам – бул өзүбүздүн андагы чагылышыбыз.

3️ Өсүү сөзсүз боло турган нерсе.

Аалам жана бизди курчап турган айлана-чөйрө глобалдуу өсүп-өнүгүп турат.

Эгерде сиз сазга батып баратсаңыз жана ал жактан кутулуп чыгууну ойлобосоңуз, Аалам сиз кутула турган шартты өзү түзүп, кутулуунун аракетин кылууга мажбурлайт. Бул сизге дайыма эле жага бербейт.

Демек – ар дайым өсүүнүн үстүндө болгула. Ошондо өсүү дайыма өзүң тандаган жол менен кетет. Эгерде өсүүнү өзүң баштабасаң, турмуш аргасыздан  жасатат.

4️ Көңүлүңдү кайда бурсаң – ошол жакта энергия.

Көңүлүңдө эмнени ойлосоң, ошол нерсе сөзсүз болот. Машинең менен баратып тормуз иштебей калганын элестетип көр. Алдымдан таш чыкпаса экен деп, таш чыкпаса экен! – деп  ойлонуп баратасың. Анан эмне болот? Туура жолдо килейген таш жаткан болот. Анткени сен ички энергияңды ошол нерсеге багыттагансың. Эмне үчүн кээси көлчүктөгү ылай сууну эле көрсө, кээси андан жылдыздар менен айдын чагылышын көрөт? Анткени, көңүл бөлүүнүн фокусу ар кандай.

Ошон үчүн жакшы нерселер жөнүндө ойлонгула!

5️ Абалды кабыл ал – ошондо маселенин баары өзүнөн-өзү чечилет.

Эгерде өз турмушуңду туура баалап, аны кабыл албай, иллюзияда жашап жүрсөңүз, бул сени жакшы жактарга алып барбайт.

Жашоо кандай болсо, ошондой кабыл ал, ошондо аны өзүң башкара аласың.

6️ Карма – бул Ааламдан берген нерсеңди эле кайра алганың.

Эгерде бул дүйнөгө арыз-муңду, үмүтсүздүктү жана көңүлү чөгүүнү алып келген болсоң, жашооңдун жакшы болбой жатканына таң калбай эле кой.

Сен – өз тагдырыңдын жаратуучусуң!

7️ Учур менен жашагыла.

Келечектен жакшы бир нерсени кыялданып күткөндөр жана өткөнүн эстеп сагынгандар – болуп жаткан учурдун даамын тата албай калышат.

8️ Обу жок эле жакшылык жасап, пайдалуу иш кылам дей бербе.

Эгерде сенден суранса, жардам кылгыл. Эгерде суранбаса, жабыша бербе. Адамдардын ички дүйнөсү дайыма эле сенин жардамыңды алганга даяр эмес. А эгерде алар даяр болбосо, анда сен энергияңды бекер коротконуң.

9️ Дүйнөдөгү бардык нерселер тең салмактуулукка умтулат.

Бир нерсени жоготсоң, демек бир нерсени табасың. Ууру кылдыңбы – бир нерсеңди жоготконго даярдана бер. Бирөөнү тилдесең – бирөө сени сөгөт.  Бирөөгө жардам берсең – демек, сага да бирөө жардамга келет.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз