Абай өмүр сүргөн доор – көчмөндөр цивилизациясынын коштошуу көчү...

Акын, агартуучу, философ Абай Кунанбаев “көчмөндөр цивилизациясынын коштошуу көчү” заманында казак калкынын тарых бетинен жоюлуп кетүү коркунучун алдын алып, курчоодон куткаруунун жолун тапты. Быйылкы жылы дүйнө эли акындын 175-жылдык мааракесин кеңири белгилеп жатышкан учуру. Ушуга байланыштуу Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Мурат Ауэзов Россиянын “Профиль” журналынын кабарчысы Лейли Ваисова менен Мурат Ауэзов Абайдын руханий мурастарынын мааниси жөнүндө курган маегин кыргыз окурмандарына жеткирүүнү эп көрдүк...

— Мурад Мухтарович, Сиз – Казакстанда белгилүү коомдук ишмер, жазуучу, маданият таанычуусуз. Ошону менен катар эле ааламга Абайды тааныткан адамдын урпагысыз. Мухтар Ауэзов айтылуу “Абай жолу” романынын автору гана эмес, ошону менен катар эле Абайдын шакирти, анын орун басары. Быйыл 175-жылдык мааракеси ЮНЕСКОНУН деңгээлинде өтүп жаткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгы менен алгач ирет таанышкан адам эмнелерди билиши керек?

– Абай менен таанышууну каалаган ар бир жанга мен ишенимдүү айта алам: Ал чынында эле Улуу адам. Бул кандайдыр бир нерсени ойдон чыгарып, анан ага абдан ишенип ала тургандай жалган патриотизм эмес. Бул сөздүн чындыгына ынаныш үчүн “Абай казак калкынын куткаруучусу” деген сөзгө үрөн таштаган өткөн кездерге терең үңүлүп көрөлүк. 

Көчмөндөр цивилизациясына алгачкы кадам биздин доорго чейинки 1 кылымдын ортосунда, башкача айтканда, коло доорун темир доору алмаштыра баштаган кездерде жасалган. Аттын тез дат басып калар коло жабдыктарын темир менен алмаштыруунун натыйжасында жылкы орошон кең аймактарды багындыруу үчүн зор күчкө айланган. Эрте жана орто кылымдын көчмөндөрүнүн пассионардык энергиясы бириндеп алсырады. Алардын мекендеген жерлери баскынчылык менен талап-тоноонун бутасына айланды. 19-кылым казактар үчүн бул процесс кайгылуу да, трагедиялуу да жылдар болду. Жана бул туңгуюктан жол таба алышпады.

Ошол кездерде улуу акындар, музыканттар, руху бийик адамдар казак калкын жер бетинде сактап калуунун айла-амалын издеп болушунча тырышып жатышты. Казактардын 1837–1845 жылдары Россия империясына каршы көз карандысыздык үчүн болгон улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн кол башчысы казактын акыркы ханы Кененсары, улуу жоокер акын Махамбет Өтөмүсов, акын Шернияз Жарылгас уулу – бул экөө тең Бөкей хандыгындагы көтөрүлүшкө катышып, элди көз карандысыздык менен эркиндикке үндөп ырдашты. Атактуу “Үч кыян” эпикалык поэмасында падыша өкмөтүнүн баскынчылык саясатын ашкерелеп сындап ырдаган Мурат Мөңкели уулу, таланттуу композитор, акын, жана ырчы, өлөңдөрүндө жөн гана махабат менен керемет сулуулугун эмес, ошону менен катар жаңы улуттук элитанын өзүм билемдиги менен саткындыгын ашкерелеген Биржан Кожогул уулу – булардын бардыгы “көчмөндөр цивилизациясынын коштошуу көчү” доорунда өмүр сүрүшкөн.

Казак коомунун Абайга болгон кызыгуулары 20-кылымдын башында артыкча өстү. Абайга кайрылышкандардын басымдуу көпчүлүгү “Алаш” ордонун” мүчөлөрү. Алар Абайды өздөрүнүн руханий көсөмү деп аташты.

Жаш Мухтар Ауэзов да ошол ордодо өсүп, калыптанды.

20-кылымдын 30-жылдарындагы коллективдештирүү учурунда Казакстанда калктын үчтөн биринен ашыгын жалмаган катуу ачарчылык болуп өткөн. Ачарчылык менен куугунтуктан аман калган агартуучулар, жазуучулар кыйраган ааламды, казактын көчмөндөр цивилизациясын элдин келечеги үчүн сактап калууну өздөрүнүн азаматтык парзы деп эсептешкен.

Мына ошол жылдары Мухтар Ауэзов кийин “казак калкынын өмүрүнүн энциклопедиясы” аталып кеткен "Абай жолу" романын жазды. 2019-жылы дүйнө эли 125-жылдыгын белгилеген Илияс Жансугуровдун Казакстандагы коллективдештирүү учурундагы улуу трагедиясы тууралуу жазылган “Кулагер” поэмасы жарыкка чыккан. Бул эки чыгармада “Бар болуу же бордой тозуп жок болуу”жагдайында кеп козголот. Тамырдан агып, кан менен терден чыккан, жан дүйнөңө жакын сөз.

Мухтар Ауэзов ошол кездерде элге таанымал жазуучу, драматург, котормочу катары калыптанып калган. Ошого карабастан баарын таштап, “Абай жолу” романын жазууга киришкен, себеби атчан-көчмөн ааламы урап, таптакыр жоголуп кетүүнүн алдында турган. Мунун баарын айтып жаткан себебим, ошол кайгылуу жана нагыз акыр заман кездердин келерин Абай жакшы сезе билген.

19-кылым падыша өкмөтүнүн Казакстандагы хан бийлигин жоюу кези, 1867–1868-жылдары “Казакстанды башкаруу тууралуу эреже” киргизилген жана ошол Эреженин негизинде жаңы тартип орнотулган учур эле. Ушунун баары кылымдар бою казак коомун сактап келген негиздердин жоюлушуна алып келди. Кайгы-зарга толгон трагедиялуу заман келди. Ошондуктан ошол эл ал кездерди Шортанбай Канай уулунун “Зар заман” ырынын аты менен атай башташкан. Казак акын-ырчыларынын экономикалык, саясий жана маданий басып алуучулукка каршы нааразылыктарын жараткан “Зар заман” адабий агымы жаралды. Бул замандын ырчылары өткөндү мактап, эртеңки келе турган күндүн өксүгүн айтып ырдашты, улутту сактап калар жолду көрө алышпай чырылдашты. Алар – акыр заман акындары. Абай ошол туңгуюктан чыга турган жолду тапты, ошондуктан биз аны казак калкынын куткаруучусу дейбиз.

ТАЛААНЫН ДАНАКЕРИ

 – Абай коомго доорлорду бириктирүү үчүн келгенби?..

– Ушул жерден айта кетүү керек, Казак цивилизациясы коло доорунан бери калыптанган эзелки цивилизациялардын бири. Коло доорун темир доору алмаштырды, зор аймактарды өздөштүрүү башталды, ошол учурларда көчмөндөрдүн таралуу аймагы гана эмес, Евразия мейкиндигиндеги көптөгөн элдер жана цивилизациялар бири-бири менен мамиле түзө башташкан. Бул байланытардын көрүнүктүүлөрү – Кытай, Түндүк Индия, Иран, араб тилдүү жана эзелки грек ааламы, Гумилев Евразия мейкиндиги деп атаган мейкиндиги. Жибек Жолу ачылды, кытайлар Улуу Кытай Сепилин тургуза башташкан, ааламдык диндер пайда болду, мифтердин ордуна тарых менен философия илимдери келди. Евразия ааламында интеллектуалдуу толкун күчөдү, динамика менен статика замандын башкы көйгөйлөрүнө айланды. Бирок 15-кылымдын ортосунан баштап көчмөндөрдүн акырындап ылдыйлай башташы байкалды. Улуу географиялык ачылыштар доору келип, көчмөндөр мекендеген аймактар шагрен териси сыяктуу жыйрылып, кыскара баштады. 19-кылымдын башында биз “көчмөндөр цивилизациясынын коштошуу көчү” деп атаган кездер келди.

Кең мейкиндиктердин философиясы, улуу поэзия менен музыка, жол философиясы жана табигат менен карым-катнаш канондору тарых бетинен жоголуп кетүү коркунучу алдында турду.

Мына ошол кезде буга тагдырдын өзү каршы туруп, ата-бабабыздын гана эмес, адамзат ааламынын бүткүл маданияты менен руханиятын боюна сиңирген, зор таланттын ээси, акылман Абайды тарыхый аренага чыгарды. Ал өткөн менен кеткендин, жаңы менен эскинин ортосундагы байланыштырган муун болду. Буга казак талаасын узак убакыт бою конуш кылышкан миссионер сопулар да өз таасирлерин тийгизишкен, алар талаага мусулмандык ренессанс доорунун илимин алып келди, алардын аркасы менен Абай Платондун, Аристотелдин илимдери менен таанышты, араб тилин үйрөндү, алгачкы ырларын парсы тилинде жазды.

Мында Абайдын тууган жери Семейдин падыша бийлигине каршы чыгышкан революционерлердин – ар түрдүү илимди мыкты өздөштүргөн билимдүү көптөгөн адамдардын бул жерлерге жер которуп айдалып келип топтолушу да маанилүү болгон. Абай алардын эмгектери менен таанышып, алардан өзүн толгонткон суроолого жооп издеген.

Тагдыр кээ бир адамдары тандап алып, аларга башкалардан өзгөчөлөнгөн эрк менен  мүмкүнчүлүктөрдү берет шекилдүү. Абай дал ошол тагдыр тандап алган адамдардын катарында болуп чыкты: ал агартуучу, философ, таланттуу акын, музыкант жана композитор, кара жаак чечен жана кара кылды как жарган калыс бий болгон.

Ал кайгы-муңга толгон “Зар заман” формасында өмүр сүрө албайт эле, тагдыр ага башка миссияны даярдаган, ошол арада ал сопулук философия менен терең аралашты. Анын алдында Гамлеттин “бар бол же бордой тозуп жок бол” маселеси турду. Шакирттерин, артындагы орун басарларын тарбиялоого киришти, өзү да шакирт боло билди. Абай “кара сөздөрүн” жаза баштады.

Тагдыр адамды калкынын тарых бетинен жоюлуп кетүү жагдайына алып келип тиреген тушта, анын аң-сезимине чоң өзгөрүштөргө алып келет окшобойбу. Абай да дал ошондой абалда болду. Ал элинин санаасына жатык, керемет ырларды жазды. Анын агартуучулук умтулууларын Талаа өзү ыклас менен кабылдады: эл балдарын ошол кездеги заманбап билим берген мектептерге бере баштады, мындай мектептер аларды колдоочу меценаттар тарабынан Казак талаасынын барлык жерлеринде ачылды.

Казакты жалпы агартуу иштери башталды. Көптөгөн жаш казактар окуп билим алыш үчүн, Москва менен Петербор калааларына аттанды, алардын катарынан кийин “алаш-ордолуктар” өсүп чыкты. Улуу Кененсары хан башын бириктире албаган Талааны Абай бириктирди. Ал элдин ой-тилегин, аң-сезимин ойготуп, алардын көөдөнүндө чоң тарыхий убакыттагы урпактар арасындагы байланыш сезимин ойготту. Абайдын убакыт мөөнөтүнүн өлчөмүн “заман” жана “замана” деп караштыруусу бекер жерден болгон эмес. Ал үчүн эң маанилүүсү – заманалар белесиндеги тууган элинин тагдыры. Абайдын өз казагын курч сөздөр менен сын айтып чыкканынын сыры да ушунда жатат. Бул жерде ал жоого аттанган аскердин кол башчысы сыяктуу эле, максат – кандай кылса да жеңип чыгуу болгон.

Казак талаасынын бардык айылдарында балдар Абайдын ырларын жаттап, обондорун ырдап өстү, алар “Абай салган уянын балапандары” эле.

Кезинде Семейде “баскынчылыктын” керемет ийгилиги – экономикалык эмгектер менен коомдук-саясий тракттарга бай китепканалар болду. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен пайдаланган Абай агартуучулук милдетин убакытты максатсыз ойноп-күлүп бош өткөрүүгө каршы койду. Натыйжада эл ойгонду, ал эми Абай жаңы казактардын руханий көсөмүнө айланды.

Репрессия жылдарында Абай руханиятынан даам сызып өскөн казак интеллигенциясын толугу менен жок кылып жиберишти, ошого карабастан анын руханий байлыгы бул кыргындан аман чыкты. Эл Абай менен анын ордун баскандардын ырларын жаттап алып айтып жүрүштү, бул – элдин аңдып келген ажал менен алышып, андан ары карай өркүндөп-өсүүгө болгон жөндөмүнүн керемет далили эле.

Ал эми бүгүн Абайды окуп, ырларын уккан казак аны элдин куткаруучусу катары кабыл алышат. Абай – эзелки көчмөн элди, кайталангыс дүйнө таанымы жана ааламды кучагына батырган сезими бар атчан-көчмөн ааламды сактап калган, бүткүл цивилизацияга таандык ишмер. Дал ушундай акылмандыгы жана даанышмандыгы үчүн Казакстандын бүгүнкү жаштары да Абайга баа беришип, суктанып келишет.

АБАЙДЫН МАКСИМАСЫ

(Максима – илимий теорияларды жана мыйзамдарды, юридикалык документтерди, коомдо жүрүм-турумдун эрежелерин иштеп чыгууда негиз катары кабыл алынган принцип же постулат (лат. principium, греч. αρχή, сөзмө сөз маниси – эң биринчи).

 – Казакстанда жана бүткүл ааламда Абайдын 175 жылдыгына арналган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ойчул акынды даңазалап, анын урматтоого биртоп чоң акча бөлүндү. Абай – акын, жана элдин ырчысы. Маараке тойду  өткөзгөнгө элдин көз карашы кандай?

Анын чыгармачылыгын, ойлору менен идеяларын жаңыртып, пропагандалоонун каалагандай формалары чыгып жатат. Жакында телевидение менен радиодон “Абай жолун” казак тилинде окуу иш-чарасы башталды. Мухтар Ауэзовдун уулу болгондуктан иш-чараны мен баштап, алгачкы эки бетти окуп бердим. Катышуучулардын саны 525 адам, алардын жаш курактары да, кесиптери да ар түрдүү. Ошондон шыктанышкан Алматы калаасындагы автомеханиктерди дайындоочу коллеждин студенттери Мухтар Ауэзовдун романынын Анатолий Кимдин калеминен чыккан жаңы котормосун орус тилинде окуу акциясын уюштуруп жатышат. Азыркы жаштар арасында тууган жеринин тоо-ташын, өзөн-көлдөрү менен талаасын, элин сүйүп, жоголуп кетпешин самап-тилеген Абай тууралуу түшүнүк калыптана баштады.

Анын сөздөрү бир окусаң унутулбай турган даражага жетип, уккан адамдын сезимин ойготот. Абайдын бир сөзүн эшитип же көзү бир жолу чалып калган ар бир адам анын окурманы менен табынуучусуна айланып калары бышык. Адамдар кай жерде өмүр сүрбөсүн, адам баласынын өмүрүнө кооптуу жагдай, мисалы азыркыдай илдет жайылган, болочогу бүдөмүк учурларда да жардамга дагы эле болсо Абай, анын жашоого жөндөмдүү философиясы менен ишеними, адамгерчилиги келет. Абайдын тутунган эң башкы позициясы – адам бойдон калуу.

– Анын чыгармаларын түрлүү тилдерге тынымсыз которулушу бүткүл дүйнөдө Абайдын чыгармачылыгына деген терең кызыгуу бар экендигинен кабар берет. Демек, Абайдын китептери чет элдерде да өзүнүн окурмандарын тапты деп айта алабызбы?

– Жакында эле Абайдын “Кара сөздөрүн” Анатолий Ким орусчага которду. Андан тышкары быйылкы жылы эле дүйнөнүн он тилине которулуп, бул процесс дагы эле уланууда. Ооба, Абай адамдарды чыны менен катуу кызыктыра баштады. Анткени, Абай тууралуу сөз козголгондо, дүйнө тарыхынын башатына кайра кайрылып барабыз. Анын “Кара сөздөрү” – тунуп турган суроо, акыл-эс да, ар-намыс да тынчсызданып ал суроолорго жооп издейт. Ошондуктан “Кара сөздөр” – Максима, чоң руханий байлык. Китеп мисалы кытай тилине дал ушинтип которулган. Стилистикалык турпаты боюнча Абайдын бул чыгармасы кытай адабиятына өтө жакын, мен аны Кытайда дипломат болуп иштеп жүргөн кезимде жакшы түшүндүм. Нидерланд тилинде да котормо аябай мыкты чыкты. Биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Котормо ошол которулган тилде окуган адамдарга зарыл болгон учурда гана жакшы котормо болуп эсептесек болот.

Абай жок болуп кетүү алдында турган эл жөнүндө айткан. Бул көйгөй бүгүнкү күндө дагы көптөгөн элдер үчүн өтө курч, өзөктүү маселе. Ушундай кооптуу кырдалда эмне кылуу керек – мына, Абай ушуга үйрөтөт.

– Азыркы Казакстан үчүн Абайдын идеялары менен ойлору канчалык маанилүү?

– Президент Қасым-Жомарт Токаев Абай тууралуу макаласында аң-сезимдин тазалыгы үчүн жана эл ичиндеги терс көрүнүштөргө каршы күрөштү улантуу керектигин айтты.

Империялык жана тоталитардык режим өз азаматтарынын аң-сезимин майдалап, өз көмөчүнө күл тарткан ой жүгүртүүнү калыптандырган, мындай коомду башкаруу оңой болот эмеспи. Андай коомдо ар дайым тыюу салынган нерселер болот: “Бирин эсте сактап, экинчисин унутуу керек” деген сыяктуу. Мисалы 20-кылымдын 30-жылдарындагы элди боо түшүрүп кырган ачарчылык, репрессия трагедиялары тууралуу айтууга тыюу салынган. Бирок накта аң-сезим фрагменттүү боло албайт жана болбошу керек, ошондо гана ал ачык-айкын боло алат. Казак элинин, казак этносунун жашоосу үчүн бул өтө маанилүү.

Фрагменттик, бөлүндү аң-сезим жөн гана боштукка алып келет. Бийик этика, мораль сыртта калып, жалган, ушак, мактаанчактык сыяктуу адамдын кемчиликтери биринчи орунга чыгат. Абай так ушул нерселерге айрыкча маани берген. Абайдын “толук адам” деген аныктамасы бар. Ал адамдын семиздиги жөнүндө эмес, жан-дүйнөсү бай, миң кырдуу, миң сырдуу, өсүп-өнүгүүнүн жолунда жүргөн адам тууралуу ушинтип өзгөчө белгилеп айткан. Абай да, андан кийинки урпак – биз да аң-сезими жарды адамдардын арасында өмүр сүрдүк, ал эми азыр адамдын аң-сезиминин ар тараптуу өстүрүүгө багыт алып, жашообузду толук кандуу өткөзүү үчүн күрөшүүбүз керек. Улут руханий жагынан ушундай “толук адамдардан” куралганда гана түбөлүктүү өмүр сүрөт.

Жубан акын “Мен казакмын, миң өлүп, миң тирилген” дейт. Казакты улут катарында сактап калуу, Казакстандын көз карандысыздыгын коргоо маселелери элдин тарыхында бир эмес, бир нече ирет көтөрүлгөн.

Абай – казак элинин топурагынын кунары, ал анын өлүшүнө жол бербейт.

Элибиздин татаал геосаясий абалы кайсы заманда болбосун бийлик башындагылардын алдына жөнөкөй эмес, оор милдеттерди коюп келген жана да коё бермекчи. Казакстан көптөгөн мамлекеттердин кызыкчылыктары бар аймак, ошондуктан саясатыбыз көп векторлуу гана эмес, сабаттуу да болушу керек, ошондо гана ал Казакстанга азыркы геосаясий мейкиндикте башкалар менен тең ата жашоого шарт түзөт. Бул оңой иш эмес.

Абайдын улуу мектебинин аркасында түрлүү куугун-сүргүндөрдөн тирүү чыгуу жөндөмдүүлүгү казактын жаңы муундарында да калыптанууда.

Абай өз эли үчүн Христос болду. Ошондуктан ал – ар бир казактын жүрөгүндө түбөлүктүү өмүр сүрө берет.

– Аңгемеңизге рахмат!

Аңгемелешүүнү казак тилине оодарып дайындаган Калдыгүл Жаңыбаева.

Казакчадан которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз