Сиздердин маанай үчүн: Жаңы жылдык такмазалар

  • 31.12.2020
  • 3136

Жаңы жыл. Үй-бүлө дасторкон боюнда отурат. Бала бир апельсинди жеп бүтүп, экинчисине кол сунат. Атасы аны далыга чаап жинденет:

- Болду да, эй! Сенин оюңча апельсиндер бакта өсөбү?- анан бир саамга ойлоно калып сүйлөнүп кирет: - Ой нең! Чын эле бакта өсөт да, анда эмнеге мынча кымбат?

*     *     *

— Хм, ким аялын сүйсө ал ага шуба алып берет, андай эркекке Аяз ата жаңы жылда сакал алгыч жана байпак белек кылат.

*     *     *

Жакында жаңы жыл!

Жакшы эркектер балатыны кооздойт, ал эми эң жакшы эркектер аялын кооздойт!

*     *     *

2021-жылдын 1-январы — жума.

Жаман жыл жумадан башталбайт, иншаллах.

*     *     *

Жаңы жылда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинен бирөө соо болушу керек деп чечишти. Бул үчүн мышыкты тандап алышты.

*     *     *

Жаңы жылда белек сатып бербеш үчүн жакындарың менен таарынышып кеткенден өтөрү жок.

*     *     *

- Ах кандай гана кооз беткаптар!

- Тийбе, буларды жаңы жылда тагынабыз.

*     *     *

Жаңы жыл түнүндө эмнелер гана баштан өткөн жок. Бул түнү мен болочоктогу аялымды жолуктургам. Экөөбүз көп жаңы жылды жылуулук берилбегендигинен улам калтырап отуруп өткөзгөнбүз, эки жолу жарыгы жок тосконбуз, бир нече жолу акчасы жок отурганбыз, анан бир жолу... айткандан да корком: арагы жок тосконбуз...

*     *     *

Жаңы жылда акчаңарды үнөмдөгүңөр келеби? Анда азыр балдарга Аяз ата коронавирустан өлүптүр деген шылтоону айтканга эң ыңгайлуу учур.

*     *     *

Сурамжылоого караганда 30% орусиялыктар Жаңы жылга карата арак алышпаптыр, алардын өзүлөрүнүн самогон аппараты бар экен.

*     *     *

- Салам, Жаңы жылдан кийинки иштер кандай?

- Жаман, ай жаңы гана башталды, акча болсо түгөндү.

*     *     *

Курулуш каражаттарын саткан дүкөндүн кароолчусуна суроо:

- Адамдар 2- жана 3-январда кайсы товарды көп алышат?

- Унитаздар менен бөлмөлөр аралык каалгалар бир канча жылдан бери жакшы өтүп келатат.

*     *     *

- Балдарыңыз Жаңы жылдын эртеси балатынын түбүнөн эмнени табышты?

- Мени табышты...

*     *     *

30-декабрь:

— Кимдир-бирөөнүн үйүндө бүгүнкүгө жегенге бирдеме барбы? Биздин муздаткыч тамак-ашка толо болгону менен алардын баары эртеңки жегенге гана.

*     *     *

1-январдын таңындагы эң жаман коркутуу:

- Азыр сени сүрөткө тартам!

*     *     *

Арак заводунун технологдору 1-январдын таңында кечээ көп желген мандариндерден улам баш ооруурун далилдешти!

*     *     *

- Сизден 3600 сом!

- Бирок сиз мен эмнени алганымды көрө да элексиз го...

— Майонез, колбаса, буурчак, картошка, селедка, кызылча, сабиз, шпрот, шампанский, арак, икра, май, батон, эт, туурабы?

— Ооба.

— Сизден 3600 сом.

*     *     *

2059-жыл, декабрь.

— Мен жаш кезде айлананы бүт кар басып жатчу.

— Апа, чоң атам кайра жөөлүй баштады, дарысын берип коюңузчу.

*     *     *

— Кымбатым, Жаңы жылга эмне белек кылайын?

— Ой, ардагым, билбейм, ойлоноюнчу…

— Болуптур, сага ойлонгонго дагы бир жыл берем.

*     *     *

Кимдир-бирөөнүкүндө жегенге бирдеме барбы? Болбосо биздики бүт Жаңы жылга арналган.

*     *     *

Жаңы жыл сасык тумоо сыяктуу: бир жумадан кийин өтөт да кетет.

*     *     *

Эгер жаңы жылды майрамдабасак, ага биз кичине байырак киребиз.

*     *     *

Үйлөнөйүн деп жар издеп жүргөн бойдок эркектер Жаңы жылда белек берип калбас үчүн сүйүү менен аял аттуудан абдан сак болушат...

*     *     *

- Жаңы жылды кандай тоссоң аны ошондой өткөрөсүң деген сөз чын окшойт... Былтыр Жаңы жылда лотереядан 2500 сом утуп алгам...

- Анан эмне болду?

- Анан жылы бою ошол 2500 сомго жашадым...

*     *     *

- Жаңы жылды кандай тоссоң аны ошондой өткөрөсүң.

- Ошон үчүн жаңы жылда баары ичишеби анда?

*     *     *

Жаңы жылда батирди кооздоонун эң оңой жолу винегретке петарданы салып жардыруу экенин көптөр биле беришпейт!

*     *     *

- Тийбе бул жаңы жылга.

- Эй бул деген арак да!

- Аа, мен буурчак менен колбасаны алганы жаткан экенсиң деп коркуп кетпедимби. Мага да куй.

*     *     *

Жаңы жылдын таңындагы эң жагымсыз ачылыш: былтыркы чалынган “ботколордун желбегени”, көйгөйлөрдүн ошол бойдон көңүлдө жүргөнү.

*     *     *

Жакында Жаңы жыл! Андыктан мурунку кетирген каталарыңды унут. Жаңыларын пландаштыр!

*     *     *

Жаңы жылдагы жолугушууда бир айым экинчисине айтып турат:

- Мен мындан 12 жыл мурда сиз менен бир жаңы жылдык кечеде кезигишкем.

- Чын элеби? Мен негедир эстей албай турам.

- Мен дагы адамдардын өңүн жакшы эстеп кала албайм, бирок үстүндөгү кийимин таптакыр унутпайм.

*     *     *

- Жаңы жыл кандай өттү?

- Эмне, жаңы келген жыл өтүп кеттиби?

*     *     *

- Сен жаңы жылга эмне камдайсың?

- Бир жакшы каалоо-тилектүү ыр камдайм, аны жакшылап жаттайм да кошуналарды кыдырып кетем...

*     *     *

- Акыры Жаңы жыл да келгени калды. Түрдүү салаттарга, тамакка тойобуз, акылдан айныганча арак ичебиз. Жашоонун жыргалы ушул да!

- Сенин оюңча жашоонун жыргалы жеп-ичкенде эле экен да ээ?

- Жо-ок! Сен эмне? Анан жакшы уктамай да бар эмеспи!

*     *     *

Ким менен Жаңы жылды бирге өткөрсөң сентябрда төрөлчү балаң ошондон.

*     *     *

Бизде салт бар – ар бир Жаңы жылды тоскондон кийин акчасы жок калабыз.

*     *     *

Жаңы жылда кыйынчылыктар гана болоруна ишенип калдым, анткени жыргалчылыкка болгон үмүтүм өзүн актаган жок.

*     *     *

1-январда жумушка чыгып кал деген каргыш кандай коркунучтуу!

*     *     *

Эмне бар, эмне жок деп, Жаңы жылдын эртесине чейин “Мен кайдамын?” деген сөздүн сегиз тилдеги айтылышын үйрөнүп коймой болдум.

*     *     *

- Салам. Сен дале аракты таштайм деп аны менен күрөшүп атасыңбы?

- Жок. Ага жардамга Жаңы жыл майрамы келгендиктен багынууга туура келди!

*     *     *

- Менин жаңы жыл алдында айта турган эки жаңылыгым бар. Бирөө жакшы, бирөө жаман.

- Жакшысын айтчы.

- 2020-жыл бүтүп атат.

- Жаманычы?

- 2021-жыл башталды...

*     *     *

Шаардын соолуктуруучу жайы эски досторду көнүмүш жана шаңдуу компанияда Жаңы жылды тосууга чакырат. Керебеттерди брондоо 102 телефону боюнча!

*     *     *

Аяз ата, кымбатым, сизден мага эч нерсенин кереги жок, болгону менин жашоомдон келесоолор менен шүмшүктөрдү алып салсаң болду.

*     *     *

1-январдагы жымжырттыктын деңгээли: коңшунун коңурук тартканы даана угулат!

*     *     *

Чоң киши болуунун биринчи белгиси – Жаңы жылдык кереметти күтпөстөн жөн гана арак ичип отуруу.

*     *     *

Жаңы жылдык убадалар:

2016: 5 кг арыктоо

2017: 8 кг арыктоо

2018: 10 кг арыктоо

2019:  15 кг арыктоо

2020: 20 кг арыктоо

2021: сулуулуктун стандарттарын таңуулаган капиталистик, материалистик коом менен күрөшүү.

*     *     *

- Жаңы жылга кандай пландар бар?

- Эч кандай... Биринчи сатып келебиз, анан тамак жасайбыз, анан чочкодой ичип-жейбиз, таштандысын бүрсүгүнкүгө калтырабыз...

*     *     *

Чоңоюу – бул Жаңы жылдык кереметти эмес, Жаңы жылдык корпоративди күтүү.

*     *     *

Жаңы жылда башкалардын фейерверктерин кароо алда канча жагымдуу, арзан түшөт жана коопсуз дагы.

*     *     *

Жаңы жылда 10 килограммга арыктайын деп пландагам, азыр болгону 15 килограмм калды. 

*     *     *

Жаңы жыл жакында! Ал мага эмнеси менен жагат? Мисалы, караңгы көчөдө баратып: “Жаңы жылыңар менен!” деп кыйкырсаң, ким болбосун рахмат айтат. Ал эми жөн күндөрү кыйкырып көр, мас же жинди деп ойлойт.

Жаңы жылыңар менен урматтуу “РухЭш” сайтынын окурмандары! Сиздерге Жаңы жылда жаңы бакыт-каалоо менен бул такмазаларды которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз