Жаңы жылдык жомок: Жаңы жыл түнү

  • 29.12.2020
  • 15048

Таши Тюдордун шөкөттөөсү

Светланы Борднердин айтып берүүсү

Жаңы жылдын алдындагы акыркы күн 31-декабрдын түнү кирди.

Бардык жаныбарлар жана үй ээлери ушул түн менен эртеңки күндөн өзгөчө нерсени күткөндүктөн эрте эле тынч уйкуга баш коюшту. Чоң бөлмөнүн ортосунда жаңы жылдык кооз балаты турду. Ал көп түстүү шарлар менен, ар түрдүү оюнчуктар менен кооздолуп, жылтылдак жиптер менен оролуп, жалтырай күйгөн шамдар менен жарыктандырылган. Мышык менен ит анын айланасында уктап жатышты. Ал тургай тынчы жок чычкандардын чыйпылдаганы угулбайт.

Эбак эле өзүлөрүнүн жылуу төшөктөрүнө жаткырылган балдар таттуу уйкуларында мемирешүүдө. Жаңы жылдын аткан таңында жандарынан өзүлөрү көптөн бери кыялданган жакшы белектерди табууну үмүттөнгөн алардын түшүнө кооз кагазга оролгон таттуу момпосуйлар, татынакай оюнчуктар кирүүдө.

Күнү бою иштеген ата менен апа да таттуу уйкунун кучагында жатышат. Ал эми алардын жан жагындагы кичинекей керебетте биздин кичинекей эгиз бөбөктөрүбүз Маша менен Таня укташууда.

Мен да өз төшөгүмдө Аяз Атаны өткөрүп жибергенден коркуп уктабастан парданын ачыгынан терезени карап жаттым.

Бир маалда капысынан эле кышкы талаадан калың кар уюлгуй асманга көтөрүлдү. Мен төшөгүмдөн секирип туруп ушул түндөгү эң маанилүү окуяны өткөрүп жибербес үчүн терезеге умтулдум. Парданы ары-бери жылдырып, терезеге өбөктөй калып, бетимди муздак айнекке такап, абдан катуу толкундануу менен айланага көз жүгүртө баштадым.

Анан көз алдымдан эмнени көрдүм дебейсиңерби! Так эле балбылдай жанган айдын алдынан он эки карыш айры мүйүздүү бугуларга чегилген чана көрүнүп, биздин үйгө жакындап келатты! Кубанычтан улам менин жүрөгүм дүкүлдөп сокту. Аңгыча бугулар жапжакын кирип келгенде үстү жабык чананын ичинен мен Аяз Атаны айырмалап көрдүм!

Ал өзүнүн бугуларына кыйкырды: “Достор, мени тетигил үйдүн чатырына алып баргылачы!” Муну укканда бардык бугулар мени карай бурулушуп, ого бетер жакын келишкенде мага алардын ар бирине өз-өзүнчө көз жүгүрткөнгө мүмкүн болду. Анан албетте, Аяз Атанын өзүн, белектер толо салынган чананы караганга да үлгүрдүм.

Алар шамдагайлык менен жогору көтөрүлүшүп, биздин үйдүн үстүнө өтүшкөндө көздөн далдаа калышты.

Ушул учурда үстү жактан туяктардын дүбүртүн, бугулардын бышкырганын, чананын алдындагы кардын кычыраганын уктум. Мен алардын биздин чатырга кандайча конгонун элестеткенимче болбой мештин морунан бир башкача дабыш чыгып, бурулуп караганымча болбой от жалындап күйүп жаткан меш аркылуу секирип түшүп, бөлмөбүзгө Аяз Ата кирип келди.  

Мен отургучтун жөлөнгүчүнө жашынып, мындан ары эмне болорун күтүп калдым.

Үстүнө жүндөрү кулпурган тери тон, кулакчындуу жылуу тумак, бутуна шуру-мончок менен кооздолгон чокой кийген Аяз Атанын бою анча бийик эмес экен. Бирок көө толгон мор аркылуу киргендигинен улам бул кийимдери карая булганып калыптыр. Ушул ирмемде биз үчүн уктабастан түнкү суукта жол жүрүп, таза жана кооз кийимдерин булгап, күйүп калуудан коркпой от аркылуу үйгө кирген аны аядым. Бирок ал буга эч муңайбастан жонундагы белекке толо чоң баштыгын жерге койду. 

Дабышы акырын чыкса да уктап жаткан биздин итибиз менен мышыгыбыз ойгонуп, куйруктарын шыйпаңдатыша аны тегеректеп калышты. Бети сууктан албырган Аяз Атанын көзү күлмүңдөп, жамажайы жайыла жылмайып, өзүн жакшы тосуп алган жаныбарлар менен шаңдуу учурашты.

Аяз Ата анан чоң баштыгын ачып, баарына белектерди тарата баштады. Ошентип биздин бөлмөбүзгө көркөм сүрөттүү китептер, сырты кооз, ичи таттуу момпосуйлар, алма, алмурут, анар, апельсин, мандарин, банандар толду. Ал тургай Аяз Ата ушулардын баарын алып жатса да бөксөрбөгөн бул баштыгынан чоор, барабан жана кичинекей скрипка алып чыкты. Мындай белек абдан жагарын билип мышыгыбыз Муркага чоорду сунду, ал эми итибиз Тишкага скрипканы белектеди. Аңгыча баары Аяз Атадан жаңы жылдык ырды аткарып берүүсүн өтүнүштү.

Аяз Ата башын ийкегенде Мурка менен Тишка абдан сүйүнүп, өзүлөрү жаңы эле алган аспаптары менен шаңдуу музыканы ойноп киришти. Аяз Ата жаңы жылдык жагымдуу ырын созуп, капысынан жанданып кеткен үйдөгү оюнчуктарыбыз менен кол кармаша жаңы жылдык белектер менен балатыны тегерене баштады. Ал тургай көзгө эч качан көрүнбөгөн чычкандар да ийиндеринен чыгып, мышыгыбыздан коркпой ыр-бийге аралашышты.

Мындай шаңдуу көңүл ачууну мен өмүрүмдө көргөн эмесмин, укпагам дагы! Жашынган ордумдан чыгып аларга аралашкым келди ушунчалык, бирок антсем баары бир ирмемде эле жок болуп кетчүдөй корктум.

Бул шаңдуу салтанатка аралаша албасам да бери жактан эле карап турганым бүт өмүргө жеткидей кубаныч тартуулады!

Анан аяз Ата баштыгындагы калган оюнчуктар менен таттууларды эгиз бөбөгүмдү айланасына жайгаштырды да, бул жакка кандай кирсе ошондой эле от күйүп жаткан мештин мору аркылуу көздөн кайым болду.

Үстүдөн анын чанасына отурган шарпасы, бугулардын туягынын дүбүртү, чананын таманындагы кардын кычырашы угулду. Парданын терезесинен караганымда ал шаңдуу ышкырып, арыш керген бугулары менен башка балдарды куттуктаганы алып-учуп жөнөп кетти.

Бирок мен анын алыстап баратса да биз менен коштошконун, Жаңы жылга жакшы каалоо айтканын уктум:

- Жаңы жылыңар менен, балдар! Түнүңөр бейпил болсун!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз