Калмак эл жомогу: Ча-алп келатат!

  • 24.12.2020
  • 3258

Кыртыш жара оргуштап чыккан, жер кезе мөлтүлдөп аккан булак боюнда алма бак өсө турган. Бул жазда ушул арадан өтүп бараткан Суркоён булактын Сур кашка суусун, алма бактын жан сергиткен көлөкөсүн, айланада түркүн чөптүн молдугун жактырып ушул жерге байыр алган.

Айлана бейпил болчу. Таза суу ичип, кечке чөп оттоп, бактын көлөкөсүндө уктаган коёнду эч нерсе коркутпайт. Ушинтип жай өтөт, күрдөөлдүү күз келет. Бул убакта бак муштумдай-муштумдай кыпкызыл жана укмуштай оор алмаларды байлайт. Эч качан жогору жакка карабаган коён муну билчү эмес, анткени ага жерде азык жетиштүү болгондуктан асман менен иши жок эле.

Бир күнү коён булакка келип суу ичмекчи болгондо эзиле бышкан алма шактан үзүлүп, анын так мурдунун алдындагы сууга ча-алп этип түшөт. Сууну көздү жумуп ыракаттана ичмекчи болгон коён алманын өзүн көрбөгөнү менен үнүн угуп, суу чачырандысын сезип:

- Ча-алп! – деп анын дабышын белимчидей туурап алып, көзүн жумуп, кулагын жапырып туш келди безип жөнөйт. “Кандай гана коркунучтуу! Эч ким жок болчу, эч нерсе көрүнбөгөн, анан капысынан эле ча-алп! Мындай азезил кайдан чыга калды?” – деп ойлойт качып баратып. Ошентип безгенден безип баратып бир үйүр коёнго кезигет.

- Токто! Кайда качып баратасың? – деп кыйкырышат алар. – Көздү жумупсуң, куйрукту кыпчыпсың. Кимден корктуң? Ким кууп келатат?

- Ча-алп келатат! Ча- алп! – деп жооп берет токтой турган ою жок Суркоён.

Анын коркконун өңүнөн көрүп, үнүнөн сезген коёндор да кандайдыр зор жырткыч келаткан экен деп артынан качып жөнөшөт. Дүрбөй безип баратышып түлкүгө жолугушат. Түкөң өзүнө келаткан көп коёндун бирин тутуп калмакчы болгондо алар:

- Ча-алп келатат! Ча- алп! – деп кыйкырып куу түлкүнү көзгө илбей жөөлөй-түртүп өтө качышат.

Демейде өзүн бута атым алыстан көрсө да жылт коюп жоголгон коёндор көзгө илбей өткөндө укмуштай коркунучтуу неме буларды кууп келатканына ишенген түлкү да коркуп, куйругун булактата алардын артынан качат. “Бул ча-алп деген немеси укмуштай зор жырткыч болсо керек. Жанды ала качайын, өлө элегимде!” - деп ойлойт түлкү. Аңгыча алдыдан карышкыр чыгып өзүнөн качмак тургай качырып келаткан буларга таң калып суроо узатат:

- Эмне болуп кетти?

- Ча-алп келатат! Ча-алп! – куу түлкү баш болгон топ коён жанынан дүрбөй өткөндө карышкыр да коркуп кетип буларга кошулуп качат. “Коёндор го бок жүрөк, эң куу, эң сак деген түлкү качып келаткандан кийин тиги ча-алп деген немеси жаныбар аттууда жок жырткыч болсо керек”, - деп ойлойт карышкыр.

Ошентип качып баратышканда алдыдан аюу чыгып күркүрөйт:

- Эй, эмне болуп кетти?

- Ча-алп келатат! Ча-алп! – куу түлкү баш, карышкыр төш болгон топ коён өзүн көзгө илбей өтө бергенде аюу да коркуп, алардын артынан түшөт. “Кашабаң менен түкөңдү куйругун кыпчыта качырган неме оңой жоо эмес болсо керек, кой, мен да сак болоюн”, - деп ойлойт аюу.

Ошентип алдыда топ коён дүпүрөп, соңунан түлкү менен кашаба ойон дүмүрөңдөп, эң артта аюу ойрон өңүрөңдөп качып баратканда алдыдан илбирс чыгып сурайт:

- Кимден качып келатасыңар?

- Ча-алп келатат! Ча-алп! – деп кыйкырышат коёндор.

- Ча-алп келатат! Ча-алп! – деп куу түлкү баш, карышкыр, аюу төш болгон арттагылар кыйкырып жандай өтүшөт.

Булардын биринин да өзүнөн корко турган кебетени көрбөгөндө илбирс да качып жөнөйт. “Ча-алп дейби? Булардын коркпой өтүп бараткандарына караганда ал неме менден күчтүү жырткыч болсо керек”, - деп ойлойт илбирс. Ошентип бүт токойдун жаныбарлары улам кошула берип качат. Акыры илбирс коркконун коюп аюудан сурайт:

- Ча-алп деген кандай неме экен?

- Билбейм, - деген аюу бул суроону карышкырга берет. Ийин куушурган карышкыр түлкүгө карайт, ал коёндордон сурайт, алар Суркоёнду такыйт.

- Өзүн көргөн жокмун. Бирок ча-алп! деген үнү абдан коркунучтуу экен, - дейт ал.

- Көрбөй эле качып жөнөдүңбү, анан? – дейт илбирс.

- Ооба, - дейт Суркоён көзүн алайтып.

- Көрбөй да качабы, эй алаң көз! – деп жинденет илбирс.

– Силер деле көрбөй качтыңар го, - дейт ошондо Суркоён кебелбей. Муну укканда илбирс баш болгон жырткычтар уялганынан артка тартып, Суркоёндон ча-алпты уккан жерге ээрчитип баруусун талап кылышат. Ошентип ээрчише баскан жаныбарлар булак боюндагы алма бактын түбүнө келишет.

- Мына ушул жерден уккам, - дейт бүт денеси титиреген Суркоён. Баары айлана-тегеректи карап эч кандай коркунучту көрө алышпай туруп калышат. Ушул учурда бактан дагы бир алма үзүлүп сууга ча-алп этип түшкөндө бүт коёндор дыр берип качышат.  Илбирс баш болгон жырткычтар муну көргөндө каткырып жиберишет, ичтерин басып көпкө күлүшөт.

- Коркпой эле койгула, силердин ча-алпыңар мына бул экен. Мындан коркмок тургай жесеңер да болот! - дейт илбирс коёндорго алманы көрсөтүп.

“Жесеңер болот”, - дегенди укканда коёндор бул жерден дыргаяктай качып жанын ала качышат. Ошондо гана бул жырткычтар коёндор өзүлөрүнөн качып баратканын түшүнүшөт, оңой жемди колдон чыгаргандарын аларга кошулуп суу жүрөк болгондоруна уяла түшүшөт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз