Украин эл жомогу: Коёндун майы

  • 19.12.2020
  • 3056

Бир пан алыскы жолго аттанат. Учкаяк жүрүшү бар кош ат чегилген, жыпылдай жүргөн эки дөңгөлөктүү арабасына отурат. Шатыра-шатман жүргөн, шайдоот кыймылдаган Грицко аттуу мужукту арабакечтикке алып жөнөп кетет. Жыгылып кетсең көзгө саяр бир куурайы жок, жалаң көк шибер өсүп, аяк-башы мелмилдеп көрүнбөгөн талаа менен кете беришет, кете беришет. Айланада алаксыр эч нерсе жок болгондуктан пан зеригет. Грицко болсо аттар менен сүйлөшкөнсүп үн салып койот. Аттар да бышкырынып-кошкурунуп жооп айткансыйт. Пан гана зеригип барат. Грицко көктө чурулдаган боз торгойго атаандашкансып заңкылдап ырдайт. Пан гана зеригип барат. Арабакеч менен сүйлөшөйүн дейт, мындай даражасы төмөн неме менен сүйлөшкөндөн намыстанат. Грицко көңүлдүү үн салат, пандын ичине бук толуп барат. Аңгыча жолду кесип коён чуркап өтөт.  Муну көргөндө чыдамы кеткен пан үн салат:

- Көрдүңбү Грицко коёнду?

— Эге.

— Жакшы коён бекен, Грицко?

— Угу.

— Ушу дагы коёнбу?! Мына менин токоюмдагы коёндорду коён деш керек! Көптүгүн айтпайсыңбы! Мен аларды чет өлкөдөн алып келгем. Мээңе жеттиби?

— Ого.

— Ошентип чет өлкөдөн алып келип көбөйттүм. Тимеле көптүгүнөн жер бети көрүнбөйт, токойдун чөбү түтпөйт. Бир күнү аларга аңчылыкка чыктым. Куугунчуларым жүз, тайгандарым миң, өзүм гана жалгыз тосотто. Элестетип атасыңбы, Грицко?

- Эге.

— Ошентип алар кууп келе беришти, келе беришти. Мен гана “бах!”, “бах!” “бах!” эткизип атып жаттым, атып жаттым. Ону жыгылды, жүзү жыгылды, миңи жыгылды. Андан кийин санай албай калдым. Ишенесиңби?

— Ишенем! Боло берет.

Кайрадан жол улашты. Кайрадан зериккен пан аңгемесин улантты:

— Грицко, а Грицко! Ошондо бир коён аттым дейсиң. Тимеле чоңдугу койдой бар. Терисин сыйрысам эт жок, кылкылдаган эле май. Эритсем жарым пуд таза май чыкты. Мына ушундай менин коёндорум!

- Болушу мүмкүн.

- Жок, бир пуд май чыккан ошондо!

- Жакшы!

- Жок, эки пуд таза май чыккан!

Пан Грицко ишенгендей түр көргөзгөн сайын майдын санын улам көбөйтүп барат. Акыры мындан тажаган арабакеч божуну силкип, аттарга кайрылат:

- Чү жаныбарларым! Жакында калп айткандарды көтөрө албаган көпүрөгө жетебиз!

Муну укканда пан чочуп кетет. Грицко ал ансайын аттарды кубалайт. Бара түшкөндө пан үн катат:

- Жанагы мен аткан коёндун майы эки пуд да, бир пуд да болгон эмес, жарым эле пуд болгон.

- Белгилүү да, коён деген коён! – деген Грицко бара түшүп аттарга карап үн сала шапалак шилтейт:

- Чү жаныбарларым! Жакын калдык, баягы калп айткандарды көтөрө албаган көпүрөгө!

Пандын оозунан кеби качып, көзү чакчаят, бара түшүп актанат:

- Грицко, жарым пуд деп жаңылыш айтып алдым окшойт. Болгону он фунттай май болчу.

- Түшүнүктүү, коён деген коён да!..  Чү жаныбарларым! Калп айткандарды көтөрө албаган көпүрөгө аз калдык!

- Грицко, чын эле ошол көпүрөгө аз калдыкпы? – кайра сурайт пан.

- Ооба, аз калдык, пан. Чү жаныбарларым!

- А Грицко, Грицко. Ал коён семиз деле эмес болчу. Териси менен сөөгү эле бар болчу. Чоңдугу да койдой эмес эле, кыскасы кадимкидей эле коён болчу, - деп жанталашат пан.

- Мейли, болсо болгондур, - деп кайдыгер үн каткан Грицко аттарды кайра кубалайт: - Чү жаныбарларым!

Дагы бара түшкөндө пан кайра мужукка карап актанат:

- Чет өлкөдөн деле коён алып келип көбөйтпөгөм. Аларды атып кыйратпагам. Жөн эле сени эрмектеп жол кыскартайын дегем.

- Мейли, боло берет жашоодо.

Бир топ убакыт өтүп, көп жол баскандан кийин пан сурайт:

- Жанагы көпүрөңө качан жетебиз?

- Ал көпүрө жок болуп кетти, паным, - дейт Грицко эч нерсе болбогондой.

- Кандайча жок болуп кетет?

- Жанагы сиздин коёнуңуздун майына эрип жок болуп кетти, - дейт Грицко жамажайын жайылта жылмайып.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Комментарий калтырыңыз