Дилазык: Дүйнөдөгү кубанычтын баардыгы өзүңдө

  • 23.11.2023
  • 3638

Деги ушул адамдар кызык эле, – деп ойлоду Кичинекей Периште – таң каласың! Капыстан жолугуп калчу жакшылыкты издеп, жердин түбүнө чейин кетишет.

Алар чыдамкайлык менен турмушун кызык жана жомоктогудай кооз да, укмуштуу да кылып өзгөртө алаар адамды издешет. Миңдеген адамдарга кезигип, алардын көздөрүнөн өздөрүнө сүйүү тартуулай турган адамдарды аныктагылары келишет.

Алар балким ушул тоонун ары жагында бакыт катылгандыр? – деп ойлошсо, анда ага жетиш үчүн ошол тоону ордунан омкоруп салууга деле даяр. Алар тажабай күтүшөт, үмүт кылышат, ишенишет, талбай издешет – кээ бир учурларда таап да алышат. Бирок ал дайыма эле өздөрү күткөн нерсе болуп чыкпайт. Каалаган нерселерин андан да аз табышат Бирок таап жатышпайбы!..

Анан да кызыгы, эң маанилүү нерсени – өзүнө үңүлүп карагандан коркушат.

Эң эле жөнөкөй нерсени: дүйнөдөгү болгон нерсенин бардыгы сенин жашооңдо, сенин өзүңдө бар экенин түшүнбөсөң, эч качан кубанычты да, бакытты да, сүйүүнү да таба албайсың. Дүйнөнүн бардык жакшылыктары өзүңдө катылган. Бардык назиктиктерди, сүйүүлөрдү жана бакытты да бир гана өзүңдөн таба аласың.

Сен бир жаткан кенчсиң. Эгерде сен өз кубанычыңды таба алсаң, дүйнө да сени сөзсүз  кубандырбай койбойт. Эгерде сен дүйнөгө сүйүүгө толо көздөрүң менен таң кала карасаң, сүйүү көп эселенип келип сенин жан-дүйнөңдү толтурат. Эгерде сен бакыттын назик тамырларын соолутпай өстүрө билсең, алар сага бактылуу күндөрдүн жагымдуу жылуулугун тартуулайт. Сен өзүң гана өзүңө чыныгы нерселерди: чыныгы кубанычты, чыныгы сүйүүнү, чыныгы бакытты тартуулай аласың.

Жөн гана ишен: дүйнөнүн бардык КУБАНЫЧТАРЫ жана ЖАКШЫЛЫКТАРЫ, бардык СҮЙҮҮЛӨР жана БАКЫТ,  бардыгы бир гана СЕНИН ӨЗҮҢДӨ.

Булак: sobiratelzvezd.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз