Чыныбай Турсунбеков: Акылмандык – куралыбыз!

  • 07.01.2021
  • 3189

БЕГАЙЫМГА

Эскиликтин айрым салты сүйрөлүп,
Тушамыштай тушап келет али да.
Кызды уурдай качып барып үйлөнүш –
Бата турган болду дайым жаныма.

Сен учурдун талабына ылайык
Окуй билген, жашай билген кыз элең.
Анан сени «Ала качып барышып,
Отургузду...» – дешсе кантип ишенем?

«Баш кошобуз, – дечү элек, – той кылып,
Кол кармашып барып «Бакыт» үйүнө».
Сенин ошол күйөөңөбү, сагабы,
Эми, жаным, күнөө коём кимиңе?

Досум айтат: «Эскиликти чогултуп,
Бензин куюп өрттөп салса баарысын –
Эне болуп, тукум улап берүүчү
Кыргыз кыздын сакташ үчүн намысын!»

«Балам, үйлөн. Мени көрүп турасың» –
Деген кечээ катын алдым апамын.
Сени сүйгөн жүрөк менен, Бегайым,
Дале жалгыз... жалгыз жашап жатамын.

КЫЗ КЕЗИҢДИ ЭСТЕГЕНДЕ

(Тамаша-чыны аралаш)

Сен дайым кыз кезиңди эстегенде
Сүйкүмдүү көздөрүңөн от чачырап:
«Он эки, он үчтөгү кездеримде
Көрүнүп калгам, – дейсиң, – ак куу сымак».

Анан да дейсиң: «Болсок бир айылдан
Экенсиң күндө мага кат ташымак».
Кой, жаным, бул оюңа мени кошпо,
Өзүңчө эстей бергин өткөнүңдү.
Андагы боз балдардын шери жок ко,
Биринчи болуп өзүм өппөдүмбү.
Кайрылып кыз кезиңди эстегенде
Кайрадан көздөрүңөн от чачырап:
«Эгерде он сегизим кетпегенде
Жигиттер турмак, –дейсиң, – эх, топурап».
Анан да дейсиң: «Ушул боюң менен
Мен сени койбойт элем бир да карап».
Алтыным, мейли эстегин шаани менен,
Узоодо экөөбүздөн жаштык курак.
Жашоодон өткөнүмдө: «Аны менен
Жашаган элем, – дээрсиң, – ханша сымак».

КЫЗЫМ ТӨРӨЛГӨНДӨ

Каным менен жанымдан,
Карам менен агымдан,
Апаң үчүн жагылган
Жүрөгүмдө жалындан!

Эки кара көзүмдөн,
Оозумдагы сөзүмдөн,
Көчөтүңдү, наристем,
Көчүрдүм мен өзүмдөн!

Оо, бакырган үнүңөн,
Өйдө-төмөн жүгүрөм.
Сүйүнчү бер, адамдар,
Жентек жеп кет үйүмөн!

Көргүм келип ашыгам,
Кубанычтан чачылам.
Тандап туруп коёмун
Кыргызымдын атынан!

ЖАЗДА ГҮЛДҮ, КЫШТА КАРДЫ СҮЙӨМҮН

Билинбестен сары жоолук күз өтүп,
Көңүл чиркин кышты самай баштады.
Өздөрүнчө кар түшүшүн күсөшүп,
Каргалар да кужулдашат бактагы.

Кечиккен кыш кечиккен кыз өңдөнүп,
А биз болсо жол караган жигиттей.
Кайсы түнү жерге башка өң берип,
Жатып калаар экен карлар күмүштөй.

Эртең менен турсак көздү уялтып,
«Жарк-журк» этип чагылышып Күн менен,
Чаң, түтүндү басып – мурун кубантып,
А кулакты кычыраган үн менен…

Анда менин чыккым келип талаага,
Достор менен төш таянып кетээрмин.
Же болбосо калып ушул калаада,
Жааган карды жалгыз өзүм кечээрмин?!

Күз узарып, туткунунан бошонбой,
Кусаланат эмнегедир жүрөгүм.
Жазда гүлдү кандай сүйсөм, ошондой
Кыштын күнү аппак карды сүйөмүн.

ТАГДЫР

Муратка
Аида деп аты жакшы кыз эле,
Жашы гана бизден бир аз кичүү эле.
досум аны көрсө дайым кубанып:
«Ушул кызды жакшы көрөм» – дечү эле.

«Ушул кызды жакшы көрөм» – дечү эле,
Өлүм менен иши жоктой кечээ эле.
Мен ыйладым бүгүн көрүп ал кыздын
Бала сүйрөп баратканын көчөдө.

Капилеттен кырсыкка туш болду да,
Аруу сезим, ак тилегин койнуна
Каткан бойдон кетти жердин астына
Досум ага кат жазуунун ордуна.

КҮН

Эртең менен күлүп-жайнап чыгып Күн,
Кечте кайра уясына жашынат.
Адам андан жагып отун үмүттүн,
Алдыдагы максатына ашыгат.

Күн бар болсо тээ бийикте жагылган,
Жылдызга да камчылайсың атыңды.
Анын нуру мезгил болуп агылган,
Бойойт акка күндө бирден чачыңды.

«Эртең кайра Күндүн көзүн көрөлү» –
Оо, адамдар, бул бир жөн сөз болбосун.
Ар бир үйдүн күлүп чыккан бөбөгү
Ачык тийген Күн астында ойносун.

Алааматтуу коркунучтун алдында
Адамың да, чөбүң дагы бир өңдүү.
Жалгыз гана бардыгынын камында
Жүргөн Күндүн амандыгын тилейли.

*      *      *

Суу болсоң не – кана жутуп алмакмын,
От болсоң не – күлгө айланып калмакмын.
Таң экенсиң аткан жаңы кылайып,
Тал экенсиң турган өсүп буралып.

Жан экенсиң бир асылга ылайык,
Айга, Күнгө тең келүүчү ардактуум.
Айга, Күнгө тең келүүчү ардактуум,
Мекен болсоң – мен Куш болуп бармакмын,
Куштар жашай турган уя салмакмын.

Көздөрүңдөн букка толгон сүймөкмүн,
Жаш денеңдин жалынына күймөкмүн.
Бирок мага имерилип күлбөссүң,
Айга, Күнгө тең келүүчү ардактуум.

Айга, Күнгө тең келүүчү ардактуум,
Сен келбеcсиң, мен айла жок барбасмын.
Бирок жүрүп капшабында кармаштын,
Күрөш менен сени самап, кымбаттуум,
Сүрөт менен сенден калган, кымбаттуум,
Жүрөк менен сени сүйгөн, кымбаттуум,
Жашаарымды мен эч качан танбасмын!

МУУНДАР ТРИПТИХИ

Жылаңайлак буттар менен
кечишип тиш какшаткан муздак сууну,
иштешип кулдар сымал
жондорунан чыгарганча көпкөк бууну,
анан дагы,
олчойгон чокой кийип буттарына,
куур тонун кийип жалаң эттерине,
көз жаштарын сүрүшүп каруусуна,
чор баскан колдор менен
булгалап кызыл желек,
көтөрүшкөн чоң аталар
бакыттын чулу ташын далысына!
Шинел кийип апарык денесине,
алп көкүрөк аталар
көөдөнүнө батырып Ата-Журтту,
асыл жарды, балдарды
кулчулуктан коргошкон.
А биздин көз-жашыбыз
бет аарчыга жарашат.
Күлкүбүз күч ыйыбыздан,
жер жарылат ырыбыздан,
акылмандык – куралыбыз!
Тарыхтын ташын алга тоголоткон
Намыс-ары нардай чоң аталарга,
мекенчил, мээнети зор аталарга –
революциячыл жаштарга ыраазыбыз!

БИРӨӨНӨ

Кимдин ташы өйдө кулап бул күнү,
Кимдин оту өчпөй күйсө күн-түнү,
Тартуулайсың ошолордун алдына
Өз балаңдан аяп жүргөн күлкүңү.

Сени менен дүйнө кошо тумчугуп,
Сенден улам кетет биздин тынчыбыз.
Байыркы Рим урандысы астынан
Кайра чыга калган өңдүү кулчулук.

Чындыктын курч куралы жок колуңда,
Бирок бийик учсам дейсиң оюңда –
Билсең дагы бүркүткө окшоп көк чалбай
Жүргөнүңдү көр чычкандын жолунда.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз