Дүйшөн Жапаров: Айтып өл ай-ааламга чындыгыңды

  • 14.12.2020
  • 3544

Бул сүрөт Дүйшөн Жапаровдун уулу Эсенгулдун 2008-жылы тарткан сүрөтү.

*     *     *

Кагылайын Нарында
Кайран атам барында,
Саргарып дайым турчу эле
Сары май, куйган карынга.

*     *     *

Умтулткан болочокко жан азыгым,
Укмуштай ушул жерге жарашыгын.
Калдайган канаттарың күүлөп атсаң,
Караймын канааттанып алачыгым.

*     *     *

Атымды берип эчки алдым,
Ботокоз берип чечти алдым.
Алтынды берип жезди алдым,
Алтымды берип бешти алдым.
Таңымды берип кечти алдым,
Жаңымды берип эски алдым.
Карышкыр берип түлкү алдым,
Каткырык берип күлкү алдым.
Казына берип түрк алдым.

*     *     *

Таяк берсең шыргый ал,
Таранчы берсең кыргый ал.

Тоок берсең үндүк ал,
Уук берсең түндү ал.

Кыйык берсең үзүк ал,
Кызарган жерин үзүп ал.

Балапан берсең тоогун ал,
Жоолоп жүрүп тооруп ал.

Чымчык берсең тынар ал,
Чырпык берсең чынар ал.

Байтал берсең бээсин ал,
Барале берип мээсин ал.

Тайлак берсең атан ал,
Такыя берсең чапан ал.

Тоосумду берип каз алдым,
Досумду берип кас алдым.

Жалыным берип ыш алдым,
Жазымды берип кыш алдым.

Ырыскы берип шор алдым,
Ылаачын берип жору алдым.

Карышкыр берип түлкүгө,
Калгамын катуу күлкүгө.

Карышкыр десем бөрү экен,
Карачай десем лөлү экен.

*     *     *

Атпагыла мына буларды:
Аккуу, жору, үкү, уларды.

Мекендеген жалаң бийикти,
Мерген болуп атпа кийикти.

Мейли жакшы, мейли жаманбы,
Мээлебегин, атпа каманды.

Атпагыла байкуш иттерди,
Атпагыла байкуш киттерди.

Атпагыла байкуш ЖоКени,
Атпагыла байкуш Докени.

Атпагыла коён, чилдерди,
Атпагыла Камаз, ЗИЛдерди.

*     *     *

Ат сымал үзүп алып чылбырыңды,
Алп сымал үзүп алып чынжырыңды,
Айтып өл ай-ааламга чындыгыңды.

*     *     *

Үч ай болду: ишке орношкон бажыга,
Үч ирекет барып келди ажыга.

*     *     *

Окко учуруп жалгыз уулун Ооганда,
Көктө күндү ала жаздап кол учу –
Көк теңирге ыйлап жаткан буркурап,
Ошол эне менин энем болучу.
01. 06. 1989

*     *     *

Басканың го сонун экен маралдай,
Башыңдагы чачың кантет таралбай.

*     *     *

Эл ичинде айың бар,
Элди жеген жайың бар.

*     *     *

Толкунду жалдан тартып ойноптурмун,
Толкунду тору айгыр деп ойлоптурмун.

*     *     *

Ичсем жарым бөтөлкө,
Ичкич деди бүт өлкө.

*     *     *

Боорум – колдор, боорум – дайралар,
Болсо кана өмүр кайра агар.
Алааматтан аман калууга
Айткылачы, кандай айла бар.

*     *     *

Кутулганы "застойдон",
Кутулбадык аш-тойдон.
Жетекчинин баарысы
Жеп-ичкенге баш койгон.
Базар деген немеге
Баратабыз мал бойдон.

*     *     *

Ишенери жогунан –
Дин тутунду кайран эл.
Иса, Будда, Мукамбет –
Пир тутунду кайран эл.

*     *     *

Коркпогон кыргыз арактан,
Коркконун кара, арбактан.

Коркпогон кыргыз шампандан,
Коркконун кара, шайтандан.

Коркпогон кыргыз коньяктан,
Коркконун кара, маньяктан.

Коркпогон кыргыз спирттен,
Коркконун кара СПИДден.

*     *     *

Караңгыда калтаарыткан жапан жай,
Карайт зоолор кайрат-сүрү атамдай.
Алда кайдан алтынданган озонго
Ай кыйылат аркы кырдан баталбай.

Өмүрүмдү биротоло аздырбай,
Өлөр алды жарк деп келер жакшы ырдай:
Тайлак болуп жүз көрүшөм букулдап,
Таап алып, таштап салган бактымдай.

*     *     *

Кечигип бир тагдырды баштап алып,
Кечүүдө кыйын кезең баштан анык.
Баш оогон жакка басып кетким келет,
Бардыгын колду шилтеп таштап алып.

Адатым жалгыз басып жүрмөй болуп,
Тутулуп турган кезим күндөй болуп.
Суз карайм көзүм муздак бардыгына,
Суунуп – баласы өлгөн үйдөй болуп.

*     *     *

Акылдуусуң жайдары,
Ачылган гүлдөй жайдагы.
Кечиргис күнөө кылгандай,
Кетирдиң такыр айланы.
Санаага салдың Дүйшөндү,
Сары-Өзөн Чүйдүн Айжаны.

Жаныңа барсам качасың,
Жактырбай ары басасың.
Сыртыңды салып дайыма,
Сырыңды менден катасың.

Тоорултасың кыялды,
Толкунсуз көлдө кундуздай.
Табыңа эрип барамын,
Таңдагы сары жылдыздай.

Жакында калар как болуп,
Жаштыктын ширин жемиши.
Туткундап алаар жол бербей,
Турмуштун албуут деңизи.
Саргайтпай анда жооп бер,
Сары-Өзөн Чуйдун периси.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз