Дүйшөн Жапаров: Жүк болуп жүрүү азап өзүңө өзүң

*     *     *

Көлгө көнгөн жаныңар -
Чөлгө конгон күн келет.

Сыйга көнгөн жаныңар -
Ыйга көнгөн күн келет.

Төргө көнгөн жаныңар -
Көргө көнгөн күн келет.

Ырга көнгөн жаныңар -
Чырга көнгөн күн келет.

*     *     *

Тиктечү элең даракты,
Тиктечү элең баракты.
Тиктечү элең тоолорду,
Тиктейсиң азыр аракты.
Карайсың анан жалдырап
Кардарлар келер тарапты.

*     *     *

Уялып карагандан "сүрөттөрдү",
Уялбайт ууча чылап жүрөктөрдү:
Уйпалап урунгандан "чүрөктөрдү".

*     *     *

Иттин тиштегени – иштегени.

*     *     *

Жыгылып-туруп жөнөсөм,
Жырылып ташка кол канап,
Уктабай бирөө мени да
Узун түн күтсө жол карап...

Бирде муз, бирде чок болуп,
Бирде ач, бирде ток болуп,
Билинбей калбай бар-жогум,
Бирөөгө турсам жоктолуп.

Тагдырым аяп жакшылык,
Тажатты жалган азгырык.
Тамшантса кана бирөөнү
Татына ырлар жаздырып.

*     *     *

Элдин сөзүн жакшы укпайт,
Элдин баарын какшыктайт.

*     *     *

Өзү ичикий дейт,
Өзгөлөргө ичик кий дейт.

*     *     *

Саясый бит тиштесе,
тырманып кутуласың.
Саясый ит тиштесе кутурасың.
Саясый кит тиштебейт -
бүкүлү жутуласың.

*     *     *

Жакындасаң табыпка,
Жакындайсың табытка.

*     *     *

Үңкүйткөн үйдүн зары өтүп,
Үшүткөн бутун тар өтүк.
Жоголуп кетип ырлары
Жошулган ичтен кан өтүп.

Жансызга ыры жан салды,
Жаш, кары дебей тамшанды.
Өмүрдүн көбү өткөндө
Өзүндөй болгон там салды.

*     *     *

Карасам – карегиңдин оту бардай,
Кат жаздым карап чыдап отуралбай.
Экөөбүз эки башка турмуш күтүп,
Калсак да сен экөөбүз кошулалбай.

Өткөнгө өкүнгөндө, жоктоп эмне?
Бирок да дитим барбайт кош дегенге.
Чыкпайсың күндүз ойдон, түндө түштөн,
Келемби кээде эсиңе жок дегенде?

Баары суз, маанайы пас тегерегим,
Айоосуз өзүмдү өзүм тебеледим.
Тагдырдан болбойт экен оң жол күтүп,
Көз өлсөм, болжол менен ченебегин.

Кат жазчы, бир аз айда капалыкты,
Бактылуу, толук кандуу жашадыкпы?
Жашоодо жакшы-жаман иштер кылдык,
Бирөөнүн бактысын же атадыкпы.

*     *     *

Тажатма күн болобу ушундай да?..
Табалбайм кайдан келдим, учум кайда?..
Өзүмө жалгыздыгым катуу тийди,
Өзгөчө ушул жылы, ушул жайда.

Жеримдин куну качкан жайытындай,
Жеңиштин бүдөмүктүү алысындай,
Дүйнө – күн, атакемдин карылыкка
Алдырып бара жаткан далысындай.

Бүркөлөм, күн да менин маанайымдай,
Бүлбүлдөп алыс кеткен таалайымдай.
Дүйнө – күн апакемдин саат сайын
Агарып бара жаткан саамайындай.

Кайдамын, деги киммин билбейм өзүм,
Жүк болуп жүрүү азап өзүңө өзүң.
Өксүткөн алдап келип акыр жагы
Турмушта калды менин канбас өчүм.
11.08.1989

*     *     *

Кайран жаштык карааны өчүп калды ыраак,
Канча күн бар, дагы алдыда барбы ыраат?
Асман-жерди турса дагы кучактап,
Аалам менден алда канча жардыраак.

Кеспе алдымды колдон келсе коргогун,
Кеч болсо да башталганмын, жолдомун.
Байкабастан далай кыйгач кетипмин,
Бакыт кушу дал кашыма конгонун.

Келбейм кайра кеткен бойдон кийиктеп,
Кемийм, балким, кеңийм улам бийиктеп.
Келген жерим болжой албайм өзүм да
Керек болсом издеп алгын иликтеп.

Оңдоломун утур кайра иштелем,
Олжо кызык, андан кымбат издеген.
Анда жокмун эгер мени таппасаң,
Адам деген, акын деген тизмеден.
11.08.1989

*     *     *

Жаман түштөй түйшүктөн мээ тазарып,
Бейиш мага сени менен бир басуу.
Көңүл өсүп, жакшы акын да аталып,
Кайра жоктоо көкөйүмө тийди ачуу.

Тагдыр жибип тартуулаган белектей,
Ар-бир күнүм сени менен көрүшкөн.
Аба-суудай жанга сөзсүз керектей,
Жалгыз сенсиң жалгыздыгым бөлүшкөн.

Дагы минтип жолугушуп кокустан,
Туруп калдык маңдай-тескей тиктешип.
Бирин-бири жакшы ырлардай окушкан,
Каректерден түшкөн оттор ичти эзип...

Кармана албай карегиңден жаш чыгып,
Түпсүз деңиз толкуп жатты ичиңде.
Туңгуюкка алып кеткен азгырып
Өмүр бизди баскан бычак мизинде.

Сен кандайсың? А мен дале арык, ач.
Жаз да мага күздөй тийди күнү суук.
Арабызга арман толгон арылбас,
Жойлоп өткөн мезгил деген түрү суук.

*     *     *

Айылда эле аялым да, кызым да.
Кардын жыты, күндүн жыты жытында.
Ажайып бир дүйнө болуп жатыптыр
Шаар жактан барганымда кышында.

Арууланган ай-талааны кар басып,
Жаткан экен асман менен арбашып.
Мунун баарын, бала, жардын демин да
Кылалбадым жабыркаган жанга азык.

Ак мейкинге карай албай өтүмдүү,
Ала качтым өзүм жакка көзүмдү.
Калдайган бул ак кут түшкөн ааламда
Карарган бир чекит сездим өзүмдү.

*     *     *

Курчоодон келген өңдүү аман чыгып,
Кудуңдап турам кыштан араң чыгып.
Өмүрүм кыл үстүндө кылтылдаган,
Көмүрүм эптеп алган жаман чыгып.

Жумалап кээ бир кезде жарык өчүп,
Үмүттөр үзүлчүдөй жанып-өчүп.
Айланып башыбызга кара булут
Турду го бери көчүп, ары көчүп.

Кыйкуулап каркыра учкан асманыңдан,
Тоңдорду эритүүгө шашканыңдан...
Биз сенин балапаның көзүн ачкан
Бирдеме таштай кеткин тапканыңдан.

ЭРКАЙЫМГА
Калемин колго кармаган,
Караган жанды арбаган.
Чай ич деп үйгө бир жолу
Чакырсам коркуп барбаган.
Алик баш болуп акындар
Ашыктык ырын арнаган.

Жаадай кашы ийилген,
Жараштырып кийинген...
Чымырап боюм кээ бирде
Чыга да жаздайм чийинден.
Ырымдан майнап чыкпаса,
Ыраман жазам кийин мен.

*     *     *

БАРЧЫНБЕК БУГУБАЕВГЕ
1.

Дүйнө капар ыр барына сүйүнүп,
Чала тоюп, бастык жаман кийинип.
Жондон баскан жокчулукту көтөрдүк,
Сына жаздап мажүрүм талдай ийилип.

Ичибизде ырлар кайнап ысуулап,
Далай жолу калаа кездик, кыз уулап.
Дайым кыштан араң чыгып алган соң
Куштар басып, асманыбыз кыйкуулап.

2.

Атам бар деп көөнүң мендей ток эле,
Карыса да карааны анын зор эле.
Атаң өлдү. Көңүл айттык. Ичкенбиз.
Апаң болсо мен билгенден жок эле.

Өмүр дайым шаңдуу үлпөт – кече эмес,
Бакыт дайым топтолтура кесе эмес.
Мезгил, өлүм, тагдыр үчөө – үч балбан,
Балбан бирок сенден эки-үч эсе эмес.

Жаш жагынан көптөрүнө инисиң.
Жазуу жактан көптөрүнүн пирисиң.
Ким кандай дейт, кыргыз үчүн бирок сен
Эң аялуу адамдардын бирисиң.

Жалгыз талап: эми чындап жаз ырды -
Мен жүрөйүн бийик атап атыңды.
Калар беле бул жарыкта касиет,
Эгер акын атып салса акынды?

БОЛОТ ТАШТАНАЛИЕВДИН ЫРЫ
Өз өңүнө чоочун түстү жолотпой,
Жазып жаткан күчүн бекер коротпой...
Жаңы гана жашылданып келаткан
Жаш акынга жазуу керек Болоттой.

Анын ыры чыгат өзүн табалап,
Ар ким андан оө кайгысын табалат.
Ойлор келет терезеңди каккылап,
Ойлор келет эшигиңди сагалап.

Анын ырыи – окуй билген адамга,
Анын ыры – жакшы менен жаманга.
Анын ыры – күндөй жарык төбөдө,
Анын ыры – жердей күчтүү таманда.

Актап элдин, акындардын үмүтүн,
Өссүн Болот, жазсын Болот күнү-түн.
Өмүрүнчө чуркап өтөр чарчабай
Өксүтпөсө жоргосунун жүрүшүн.
02.04.1989

АЛИК АКИМАЛИЕВГЕ
Туш-тушунан бороон бурдап ыркырап,
Турмушунан пул сурабай, ыр сурап,
Аман жүргөн ажалынын жогунан,
Аңдаганга – Алик жанган ыр чырак.

Билбегенге сыртынан бир самтырак,
Арак куйса төгүп-чачкан калтырак.
Күйүп кеткен чычаладай бул адам
Ыр ааламын жарык кылган шам, чырак.

Жанын отко салып ийип, чыркырап,
Жалгыз жылдыз жанып учкан шыркырап.
Билбегенге – самаш жыттуу бир алкаш,
Билген жанга – Алик деген ыр чырак.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз