Чыныбай Турсунбеков: Оо, чындык, кандай ачуусуң

  • 11.07.2020
  • 5525

ТУШОО КЕСҮҮ

Күн күлүп, кубанып,
бажырайып карап турду
тѳбѳбүздѳн.
Дүмдүл балдар,
сүт балдар.
ок балдар
дүрмѳттѳгү -
“дүр-р” эттик
үркүп учкан карагайдан.

Кѳѳдѳнүбүз
ава жарып
таманыбыз
ташты тилип,
чымылдап,
чуркап,
жүрѳктѳ кан тызылдайт
бизден да ылдам.
Кѳзгѳ илинбей,
жер бутта чимирилди.
Жан-Булагым:
– Тушоосун кесип бер?! – деп
колунан кармап турдуң
топ аялдын ортосунда
бир инимди.

Биринчи жеткен агам,
кечирип кой,
тушоосун кесе алган жок.
Тушоону кести
парторгдун баласы
арттан барган.
Агамдын
бычакка сунулган колу
кайырчынын колундай кѳрүндү...

Күн күйдү,
ава күйдү,
жер күйдү.
Уялгандан баары күйдү!
Аялдар уялган жок,
жүрѳгүм күйүп
мен четте карап турдум
биринчи ирет кѳрүп
кошомат коштоп алган
бийлик кандай чуркаарын
бардыгын сатып алган
байлык кандай чуркаарын.

“Парторг” деген сѳзгѳ
кыжырым кайнап,
аяп турдум
наристенин эң алгачкы кадамын.

Байгени
Бѳлүп киришти.
Кол булгабай
кетип калдык
байкем экѳѳбүз
ызаланып,
капаланып.

Келсек үйгѳ,
апабыз
шымыбыздын жыртыгына
жамаачы салып олтуруптур.
Сагындым, жыртык шымым!!!

УМСУНАЙ АПА БАЛА БАКЧАСЫ

(же Ленин кѳчѳсү, 52-үй жѳнүндѳ ыр)

Биздин уя жылуу эле, кең эле,
Бүт турпаты Хансарайга тең эле.
Терезелер күлүп турчу шаңкайып,
Кѳк эшиги бүт ааламга жол салып,
Кучак жайып кимге болсун ачылчу,
«Чай ичип кет» деп ар кимди чакырчу.

Одур-бодур дубалдары атамдан,
«Балдарымды үшүтпѳ» деп бата алган,
Апам аны жаз-күз дебей акилеп,
Аңкып турчу тазалык бир касиет.

Устундары чала-була сүрүлгѳн,
Шыбы бизге тѳбѳбүздѳн үңүлгѳн:
- Кар, жамгырдан калкалаймын! - деп турчу,
Атабыздын ак эмгегин кеп кылчу.

Полу билбейм бизге кантип чыдачу,
Апам аны күндѳ жууп-сылачу,
Ала кийиз, шырдактары түтпѳгѳн,
Алышканга бизден чыккан күч менен.

Онубуз тең учкучакты уядан,
Оту ѳчпѳй дайым түтүн булаган.
Ошол тамды кимдин кармап турганын
Атабыздан айрылганда туйгамын.

Инибиз да азгырылып шаарга,
Кайсы бир күн «тарс» жабылган каалга.
Карасак да апабызды талашып,
Кароосу жок калган үйгѳ жаначып.

Коломтосу ѳчпѳгѳнүн билгизип,
Кѳрдүк ага киши дагы киргизип,
Бирок бизге жылуулугу жетпеди,
«Түнѳп кеткин, үйүңѳр кең дешпеди».

Улам сууп, улам бизден алыстап,
Унчукпаган үйгѳ айланды табышмак.
Биз айылга барсак кирбей «шарт этип»,
Дарбазага жетпей сезим «жалп ѳчүп»...

Апабыз да карап-карап секиден,
Кайтчу дешип уктум далай кишиден,
Чарчагандай карагандан жѳн эле,
Акыретке калды ошол дѳбѳдѳ.

Каалап анын рухунун келишин,
Бир жагынан айыл үчүн, эл үчүн.
Эски тамды бузуп туруп бир күнү,
Бала бакча куруп салдым үлгүлүү.

Апабызга куран окуп ар жайда,
Барган кезде жолугабыз балдарга,
Тосуп чыкса мотурайган жүз бала,
Апам күлүп карагансыйт түз мага.

Биздин уя жылуу болду, кең болду,
Эми накта Хансарайга тең болду.

ЧЫНДЫККА

Чымылдап чуркап жүргөн аз,
Чырылдап сага күйгөн аз.
Коркушкан менен бардыгы,
Оо, чындык, сени сүйгөн аз.

Карманып алып бетине,
Бөлүнө калып экиге,
Кагышкан элде - сени эмес,
Издешет пайда өзүнө.

Миң түрдүү жалган чубуруп,
Чындыкпыз дешип кубулуп,
Келишет сенден жүз эсе
Жүрөккө жакын туюлуп.

Оо, чындык, кандай ачуусуң,
Өзгө да жаттай катуусуң.
Жалтанып турат арстандар
Бүлөгөн айга азуусун.

Жаралуу жапан дүйнөдө
Сен жалгыз, жалган миң беле!!!
Жашайсың эркин учалбай,
Жаткансып чыкпас түрмөдө.

Чымылдап чуркап жүргөн аз,
Чыркырап сага күйгөн аз.
Коркушкан менен бардыгы
Оо, чындык, сени сүйгөн аз.

АПАМ

Карындашым Нуржандан
Кат жаздырат: “Балам” – деп.
“Кандай окуп жүрѳсүң?
Биз жатабыз аман” – деп.

Бѳбѳктѳрүң чоңоюп,
Кол-арага жарады.
А биз карып калсак да
Үйгѳ жатпай калалы.

Тырмалаңдап колхоздун
Ишин кылган болобуз,
Эртели-кеч олтуруп
Силерди ойлоп коёбуз.

Балам, деги курсагың
Ачкан жокпу, токсуңбу?
Тыйын-тыпыр жагынан
Кысталышкан жоксуңбу?

Кѳптѳн бери түшүмѳ
Кирчү болдуң, каралдым,
Барып-келип үйүнѳ
Жүрѳсүңбү агаңдын?

Гүлжандан кат кечикти,
Улуу байке-жеңеңдер
Алып келип балдарын
Учурашып кетишти.

Баса, балам, уюбуз
Түндѳ музоо тууптур.
Атаң чыкса эшикке
Жаңы эмизип туруптур.

Ырас болду, каралдым,
Сүзмѳ куюп беремин...”
А кат кантип бүтѳѳрүн
Болсо жатка билемин.

“Болуптур, - дейт, - кулунум,
Кыштак тегиз жатыптыр.
Атаң менен апаңды
Унутпай кат жазып тур”.

Ортосунан бүктѳлгѳн
Ушул каттар топ барак
Момпо салган апамдын
Кемсели эле жыттанат...
ИЗ

“Жээгине издин
гүл тигишип
жүрүптүр кумурскалар.
– Кимдики? – деп сурадым
алардан мен.
Бир ооздон:
- Дыйкандыкы! - дешти мага.
– Ка-арк.
– Калп! –
Каргалар каркылдашты.
Башкарманыкы экенин
далилдешти.
– Бригадирдики! –
Чымчыктар чырылдашты.
Чыйпылдаган чычкандар:
– Милиционердики! –
деп жатышты.
Сагызган талдан талга,
бутактан бутактарга
учуп-конуп:
– Билбейм, билбейм! –
дегенден башканы айтпайт.
Кечти күтүп,
ай-жылдыздан сурасам:
– Ѳлүп калган дыйкандыкы! –
дешти алар,
анан аста
жылып кирип кетти алар.
Кең талаада
атамдын изи жатты.
...Эңкейип ѳптүм аны”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз