Эмилбек Акунов: Билгенге бир тоо кулады

  • 09.07.2020
  • 5877

Үстүбүздѳгү жылдын июль айында байкебиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жана VI чакырылышынын депутаты, ф.и.к., котормочу, лирик-акын Чыныбай Акунович Турсунбеков дүйнѳ салды. “Акундун акын уулу келатат” – деп кичи мекени Жан-Булактын эли кубанып, дүргүп тосуп алышчу эле. Эми андай болбойт. Артында калтырып кеткен жакшы иштери менен гана сыймыктанып, кабыргабыз кайышып кала беребиз.

Агабыз эгемендүү мезгилде жарыялаган «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) жыйнактары менен соңку кыргыз поэзиясындагы идеялык-тематикалык жаңыланууларга өзүнүн белсемдүү салымын кошту. Бул тууралуу белгилүү адабиятчы-окумуштуулар, акын-жазуучулар жана кесиптештери ѳлкѳбүздүн массалык маалымат каражаттарына байма-бай жарыялашты.

Лирик-акын Ч.Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын областына караштуу Тянь-Шань районунун Жан-Булак айылында туулган. Элеттик мектептен 1977-жылы орто билимге ээ болгон соң, эмгек жолун колхоздо иштѳѳдѳн баштаган. 1978-жылы борбор шаарыбыз Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, ал жакта студент болуп, 1983-жылга чейин окуган. Ошол эле жылы “Кыргызстан” басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген. 1985–1988-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясында аспирантурада окуп, 1988-жылы “Кыргыз прозасында шаар менен кыштактын карым-катнашын чагылдырган чыгармалардагы конфликт жана каарман проблемасы” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ф.и.д., КР УИАнын корреспондент-мүчѳсү А.Садыковдун жетекчилиги менен коргоп, филология илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

1989-жылы 16-мартта КМУнун кыргыз адабияты кафедрасына ишке орношкон. Ал жакта алгач окутуучу, ага окутуучу, декандын окуу иштери боюнча орун басары болуп эмгектенген. Факультетте эмгектенип жүргѳн жылдары акын “Даанышмандын жаңгагы”, “Устатың ким?”, “Кѳркѳм тереңдикти кѳздѳгѳк сын”,  “Азыркы кыргыз поэмасы: абалы жана проблемалары”, “Түрдүүлүктүк түмѳн түйшүгү”, “Мѳмѳлүү дарактай”, “Эртеңки сындын бедели” ж.б. илимий макалаларын, монографиясын гана басмага жарыялабастан, акын катары ѳзүнүн “Жүрѳктѳгү жаңырык” (1985), “Шаарда жоголгон сѳз” (1993) аттуу алгачкы ырлар топтомдорун жарыкка чыгарууга жетишкен.

1993-1994-жылдары Билим берүү министрлигинин Түркиядагы ѳкүлү, 1995-1997-жылдары Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси, “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору, Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы болуп, жооптуу кызматтарды мыкты аткарып, Түркия мамлекети менен алака-катыш түзүүгѳ жетишип, натыйжада, кыска мѳѳнѳттүн аралыгында белгилүү ишкер катары таанылып, 1997-жылдан 2010-жылга чейин “Акун” ЖАКтын башкы директору, “Бишкек ун комбинаты” ААКнын башкы директору, “Кереге” ишканасынын Директорлор кеңешинин тѳрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең тѳрагасы болуп иштеп келген.

2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргѳн. 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, ошол партиянын парламенттик фракциясынын лидери болуп, ѳлкѳдѳгү саясий иштерге активдүү аралашып, коомго, элге кѳп пайдалуу иштери менен ѳзүнүн кѳмѳгүн кѳрсѳтүп келген. 2015-жылы аталган партиянын тизмеси боюнча алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин кѳпчүлүк коалициясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин тѳрагасы болуп эмгектенди.

Коомдо жана элге сиңирген эмгектери ѳз учурунда бааланып, 1999-жылы “Жылдын мыкты бизнесмени” наамы, 2000-жылы Президенттин Жарлыгы боюнча КРнын Ардак грамотасы, 2003-жылы Президенттин Жарлыгы менен экономиканы ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Пицундада ѳткѳн (1989) Жаш акындардын Бүткүл Союздук 14-фестивалынын лауреаты, СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчѳсү, Ч.Айтматов Академиясынын академиги, “Манас” эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу, орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазучусу Нихат Атсыздын “Кѳкжалдардын ѳлүмү” романын жана “Түрк дүйнѳсүнүн адабияты” аттуу эки томдукту кыргыз тилине которгон котормочу катары да таанылып келген.

Туңгуч ыры “Таңкы шаар” деген ат менен “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. Алгачкы ырлар жыйнагы “Жүрѳктѳгү жаңырык” деген ат менен 1985-жылы басмадан жарык кѳргѳн. «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) жыйнактары менен азыркы кыргыз поэзиясынын идеялык-тематикалык жаңылануусуна белсемдүү салымын кошуп келди.

Адамда тубаса таланты – табигый кѳрүнүш. Ошентсе да айрым учурларда чыгармачылыктын башаты кандайдыр бир себепке баш ийбеген кокустуктан эмес, таасирленүүдѳн да улам келип чыгарын танышпайт. Акын Ч.Турсунбековдун адамдын ой жүгүртүүсү, ички сезими менен берилип, анда турмушту образ аркылуу кѳркѳм кѳрсѳтүүнүн бардык белгилери: жыйынтыктоо, жалпылоо, индивидуализациялоо, типтештирүү, ой жорутуу болуп, эл турмушу, эл тагдыры, адам турмушу, адам тагдыры сүрѳттѳлгѳн – лирикалык чыгармаларды жазуусуна, адабий чѳйрѳгѳ аралашып калуусуна, акындык шыгынын, талантынын ойгонушуна эмнелер себеп болду, кимдер түрткү берди жана аны ал кайсы деңгээлде ѳздѳштүрѳ алды деген табигый суроо ѳзүнѳн ѳзү пайда болот.

Бул соболдорго жооп алуу үчүн 2014-жылы жарык кѳргѳн “Жалын тоо” ырлар жыйнагынын бет ачар аземинде сүйлѳгѳн акындын сѳзүнѳ кѳңүл тѳшѳйлү:

“Бала кезимден китепке жакын болуп, китепти кѳп окуган адаммын. Бешинчи класста окуп жүргѳндѳ Каракол педагогикалык институтун бүтүргѳн Шарапат Ибраева аттуу эже биздин айылга келин болуп келип калды. Бизге 5-класска математика сабагынан берип, класс жетекчилик милдетти да аркалап калды. Эже келгенге чейин эле анча-мынча ыр жазып калчумун. Арийне, эсимде калганы акындык ѳнѳр ошондон кийин, Шарапат эженин биздин мектепке мугалим болуп келгендигинен башталган сыяктуу сезилет. Шарапат эженин бою 5-6-класстын окуучуларынын кѳбүнѳн ашса ашат, ашпаса жок. Бирок ой-туюму, чыгармачылык фантазиясы бизди абдан таң калтырчу. Ал киши бизди онду бүткүчѳ жетелеп жүрүп окутуп, анан кийин чыгармачылыкка алыштырды. Ошондуктан биздин класс катардагы класстардай эмес, чыгармачыл класс болуп, мектепте ѳткѳрүлгѳн ар кандай сахналаштырылган кароо-сынактарга активдүү катышып, геометрия сабагында пьесаларды, “Каныбек” романын сахналаштырып, “Кѳгүлтүр от” сыяктуу адабий кечелерди ѳткѳрүп, чыгармачыл класс аталганбыз. Аталган кароо-сынактарда ыр жазып катышып, ошондон – класстын акыны, мектептин акыны, айылдын акыны болдум. Анткени ошол Шарапат эженин бир күнү класска келип, класстык жыйын ѳткѳрүп, келе жаткан жаңы жылга карата кече ѳткѳрѳ турганын маалымдап, Жаңы жыл тууралуу ыр жазып келгиле деген тапшырмасын бергени эсимде. Мен ѳтѳ элпек, берилген тапшырмага жоопкерчилик менен мамиле кылган алдыңкы окуучулардан болгондуктан, үйгѳ барарым менен дароо ыр жазууга кириштим. Эртеси Шарапат эжебиз үй тапшырмасын сурап баштаганда мен ѳзүмдүн жазган ырымды жана Сыдык деген классташым да ѳз ырын окуп берди. Классташым Сыдыктын ыры “Жаңы жыл келди ошондо, аппак кар жаады ошондо, жылгаяк тептик ошондо” – деп, ошондо менен башталып, ошондо менен аяктаган ыр экен. Аны уккан классташтарымдын бардыгы боору эзилгенче күлүп, “кыйрап” эле калышты. Эжебиз да жылмайып койду. Менин ырымды болсо эжебиз жылуу кабыл алып, жактырды. Ошондон кийин ошол класстын, керек болсо мектептин акыны болуп жүрдүм.

Экинчиден, чыгармачылыгыма кандайдыр бир деңгээлде бурулуш жасаган, таасир берген адам Турар Кожомбердиев болду. 9-класста окуп жүргѳндѳ биздин айылга акындын карындашы Чачыкей Кожомбердиева химия сабагынан мугалим болуп иштеп келип калды. Анда мен айылдын кадимки  чоң акыны болуп калгам. Ошол ырлар жыйнагымды калың кара тор дептерге толтуруп, чогултуп жүрчүмүн. Ал дептерди “общий тетрадь” деп койчубуз. Ал киши угуп, ошол кара дептеримди алып, Бишкекке кетти. Кѳрсѳ, агасы Турар Кожомбердиевге бериптир. Ал киши менин дептеримди эринбестен окуп чыгып, анан эки барактан турган ѳзүнүн катын карындашынан берип жибериптир. Акынга терең ыраазычылыгымды билдирет элем. Себеби ырларымды окуп, идиректүүлѳрүнѳ кѳңүл буруп, эң негизгиси – ыр жазуу оңой-олтоң иш эмес экендигин, поэзия жалаң эле уйкаштыктар менен түзүлүп, ыр сѳзсүз эле бири-бирине жанашып калган сѳздѳр менен куралып калбастыгын, ырдын артында бир поэтикалык ѳзгѳчѳ кѳркѳмдүк кырдаал болуш керектигин, ѳзгѳчѳ чукул бурулуштар менен камтылып, ташка тамга баскандай саптар менен шѳкѳттѳлѳрүн жазып жиберген экен. Ошондон кийин мен поэзияга олуттуу мамиле жасоого ашыгып калдым. Акындык жоопкерчиликти кѳңүлүмѳ түйдүм.

Үчүнчү бир менин чыгармачылыгымдагы жакшы бир шык жаңыдан онду бүтүп келип, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине студент болуп калышым. Ал кезде бардык студенттердин турмушу айыл-чарба жумуштарынан башталчу. Филология факультетинин “журналистика” жана “тил адабияты” бѳлүмүнѳ 150 бала окууга ѳткѳнбүз. Окууга ѳткѳндѳрдү ал учурдагы жаш агай Н.Ишекеев жетекчиликке алды. Анда биз ѳзүбүздү акын, жазуучу, журналист сезген адамдарбыз. Күндѳрдүн биринде дубал газета чыгаруу боюнча тапшырма келип түштү.

Шаардагы жападан жалгыз №5 кыргыз мектепте окуп, ырларын “Жаш Ленинчи”, “Кыргызстан пионери” аттуу республикалык адабий журналдарга, газеталарга жарыялап, аны биз кызыгуу менен окуп, аты чыгып калган курсташыбыз – Д.Дүйшеновна биздин ырларыбызды чогултуп, иргеп аталган дубал газетага менин ырларыма ѳзүнүн жылуу пикирин жазып, жарыялап коюптур. Д.Дүйшеновнанын пикири биз үчүн салмактуу болгондуктан, курсташтарымдын катарында чоң акын катары ѳз ордумду таптым. Демек, бул учур менин чыгармачылыгымдын машакаттуу жолундагы, турмушумдагы үчүнчү бурулуш болгон десем чындыктын дал үстүнѳн чыккан болор элем.

Тѳртүнчүсү, 1979-жылы “Ала Тоо жазы” аттуу поэтикалык фестиваль болуп калды. Эки-үч жылда бир жолу ѳткѳрүлүп турган бул фестивалдагы бүгүнкү Жазуучулар Союзунун тѳрагасы Акбар Рыскулов тѳрагалык кылган секцияга туш болдум. Ал фестивалга ыр жазам деген “чымыны” бар кыргыздын кыз-жигиттери чогулуптурбуз. Мен биринчи курстун студенти болгондуктан, чогулгандардын эң кичинеси жана эң эле жашы элем. Акбар агай ошол жагыма да карады болсо керек. Бардыгыбыздын ырларыбызды алып, талдоо жүргүзүп келгенде, ошончо жигит-кыздардын ичинен менин ырларыма кѳбүрѳк жылуу сѳзүн айтып, мактап койду. Секцияда катышып олтургандардын ичинен менин авторитетим кѳтѳрүлѳ түштү. Менин адресиме айтылган жылуу сѳздү, мактоолорду мен “аванс” катары кабыл алгандыктан, Акбар агай тарабынан айтылган пикирди аванс катары кабыл алдым. Ошентсе да айтылган жылуу пикир менин чыгармачылыкка болгон ишенимимди арттырып, дагы бекемдетти. Андан кийинки менин чыгармачылыгымда ѳзүнүн жакшы ролун ойногон агайыбыз бул Абдыганы Эркебаев болду. Ал менин алгачкы ырлар жыйнагымдын кол жазмасын окуп чыгып, ырларым кандай касиеттери менен (тематикалык, стилдик, формалык, мазмундук) айырмалана тургандыгы тууралуу алгачкы адабий анализ жүргүзүп, оң пикирин билдирген”.

Ч.Турсунбеков ѳзү белгилегендей, анын чыгармачылыгынын эң алгачкы булактары катары тѳмѳнкү факторлорду белгилеп ѳтсѳк болот: биринчиси – табият берген тубаса талант шыгы, экинчиси Караколдун педагогикалык институтун бүтүп, айылга математика сабагынан мугалим жана автор окуган 5-класстын окуучуларына класс жетекчи болуп келген Шарапат эжесинин таасири себеп болгон.

Үчүнчүдѳн, элибиздин белгилүү акыны Турар Кожомбердиевдин карындашы Чачыкей Кожомбердиеванын айылга химия сабагынан мугалим болуп барып, болочок акындын ыр жазган калың дептерин Турар Кожомбердиевге алып барып окутуп, анан ал ырлар тууралуу эки барак пикирин жазып, багыт бергендиги.

Кийин 1978-жылы айылдык орто мектепти аяктагандан соң, борбор шаарыбыздагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студент болуп, ал жактан курсташы Д.Дүйшеновнанын алкоосуна арзып дубал газеталарга ырларынын жарыяланышы ѳзгѳчѳ шык тартуулаган.

Бешинчиси, 1979-жылы “Ала Тоо жазы” поэтикалык фестивалына катышып, акын катышкан секцияга тѳрагалык кылган А.Рыскуловдун да жакшы пикирлерине таасирленгендигин баса белгилесек болот. Андан соң, окуу жайда окуп, дубал газеталарга аралашып жүргѳндѳ азыркы коомдук ишмер, адабиятчы А.Эркебаев чыгармачылыкка чындап киришүүгѳ түрткү берип, ырларынын кол жазмасына алгачкы адабий анализ жүргүзгѳн. Кийин ал китеп болуп жарык кѳргѳн. Ошондогу ырларынын биринде айылдагы апасынын шаарда окуп жаткан уулун сагынып жазган каттарынын негизинде “Апам” деген ыр жаралганын автор ѳзү белгилейт:

Карындашым Нуржандан
Кат жаздырат: “Балам” – деп.
“Кандай окуп жүрѳсүң?
Биз жатабыз аман” – деп.

Бѳбѳктѳрүң чоңоюп,
Кол-арага жарады.
А биз карып калсак да
Үйгѳ жатпай калалы.

Тырмалаңдап колхоздун
Ишин кылган болобуз,
Эртели-кеч олтуруп
Силерди ойлоп коёбуз.

Балам, деги курсагың
Ачкан жокпу, токсуңбу?
Тыйын-тыпыр жагынан
Кысталышкан жоксуңбу?

Кѳптѳн бери түшүмѳ
Кирчү болдуң, каралдым,
Барып-келип үйүнѳ
Жүрѳсүңбү агаңдын?

Гүлжандан кат кечикти,
Улуу байке-жеңеңдер
Алып келип балдарын
Учурашып кетишти.

Баса, балам, уюбуз
Түндѳ музоо тууптур.
Атаң чыкса эшикке
Жаңы эмизип туруптур.

Ырас болду, каралдым,
Сүзмѳ куюп беремин...”
А кат кантип бүтѳѳрүн
Болсо жатка билемин.

“Болуптур, - дейт, - кулунум,
Кыштак тегиз жатыптыр.
Атаң менен апаңды
Унутпай кат жазып тур”.

Ортосунан бүктѳлгѳн
Ушул каттар топ барак
Момпо салган апамдын
Кемсели эле жыттанат... (“Апам” – Китепте: Жалын тоо. – 21-бет).

Акын ыр жазуунун формалык жагына да кѳңүл буруп, поэзиянын жаңычылдык тенденцияларында ѳзүн сынап кѳргѳн. Анын “Из” деген ырында атасынын эмгекчилдиги, айылдагы багбанчылык “жаңычылдыгы” башкача айтканда, Нарын аймагында алма, ѳрүк ѳспѳйт деп калыптанып калган стереотиптерди четке кагып, Кѳлдѳн алма менен ѳрүктүн кѳчѳттѳрүн алып келип олтургузуп, анан ошол кѳчѳттѳрдүн акыры мѳмѳ байлап, түшүм бериши бул ата-дыйкандын “жаңылыгы” кѳп жылдык мээнетинин акыбетинин кайтышы болгондугун айтат.

Акын атасынын айылда биринчи болуп капуста, помидор, бадыраң сыяктуу жер-жемиштерин Нарындын климаттык шартында ѳстүрүп, бай түшүм алгандыгын жана айылдаштарына ак пейилден ал жемиштерди бекер берип турганын сыймыктануу менен баяндаган. Ал эми “Тушоо кесүү” деген ырында ошол советтик мезгилде эле теңчиликсиз ѳкүм сүрүп, “алдуулары күлүп, алсыздарды улуп” турган заман болгондугун ѳкүнүч менен сүрѳттѳйт. Акын соңку жылдары жазган  “Умсунай апа бала бакчасы” (же Ленин кѳчѳсү, 52-үй жѳнүндѳ ыр) ырында кичи мекени “Жан-Булактагы” ѳзү учуп чыккан уясы учурунда бүт турпаты менен Хансарайга тең эле, аны апам жаз-күз дебей акилеп, ар дайым тазалык аңкып турчу, кийин онубуз тең уядан учуп кеткенде каалгасы «тарс» жабылып, кароосу жок калган үйгѳ жаны ачып, бир чети апабабыздын рухунун келишин каалап, бир жагынан айыл үчүн, эл үчүн, эски тамды бузуп туруп үлгүлүү бала бакча куруп салгандыгын сыймыктануу менен баяндайт.

“Тосуп чыкса мотурайган жүз бала,
Апам күлүп карагансыйт түз мага.
Биздин уя жылуу болду, кең болду,
Эми накта Хансарайга тең болду”... – деп жыйынтыктайт.

Акындын кыргыз адабиятынан алган орду тууралуу белгилүү адабиятчы-окумуштуулардын адабий анализдерин, акын-жазуучулар менен кесиптештеринин ой-пикирлерин камтыган “Лирик-акын Чыныбай Турсунбековдун кѳркѳм дүйнѳсү” (түзгѳн – Э.А.) атттуу эмгек 2019-жылы жарыяланды. Учурда калемгердин адабий-сынчылык ишмердүүлүгү, котормочулук чеберчилиги тууралуу “Түрк дүйнѳсү жана кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери” (12 б.т.) деген эмгек даярдалып бүттү. Анда Кыргыз эл акыны, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстандын Түрксойдогу ѳкүлү, драматург, котормочу, коомдук ишмер Кожогелди Култегиндин “Алкыштан башка алары жок эмгек” экендигин далилдеген макаласы, калемгердин адабий-сынчылык ишмердүүлүгү тууралуу кеңири сѳз жүрѳт.

Ч.Турсунбековдун чыгармачылыгы соңку кыргыз поэзиясынын ажырагыс кѳркѳм дѳѳлѳтү. Калемгер кыргыз поэзиясынын мыкты салттарын улантып келген, ыр топтомдорунун идеялык-кѳркѳмдүк деңгээли жогорулугу менен айырмаланган, табият кѳрүнүштѳрүн, коомдогу кѳрүнүштѳрдү жүрѳгү аркылуу ѳткѳргѳн – лирик-акын.

Кыргыз адабиятынын айдыңына 80-жылдардан баштап кирип, жаңы формаларда ыр жазууга күч үрѳп, ошону менен катар, кадимки эле традициялуу ыр түзүлүштү да өркүндөтүп, өзүнүн поэтикалык чыгармачылыгын жаңы ойлор, жаңы көз караштар, жаңы көркөмдүк табылгалар менен байытуу багытында максаттуу иштеди.

Ч.Турсунбеков – элибиздин бийик баасына арзыган ѳзүнчѳ чыгармачылык жүзү бар лирик-акын. Калемгердин лирикалык ырларынын негизги өзөгүн махабат, пейзаж, философиялык, граждандык сыяктуу маанилүү темалар түзөт.

Лирик-акын Чыныбай Турсунбековдун соңку кыргыз поэзиясындагы ордун, адабий-сынчылык ишмердүүлүгүн, котормочулук чеберчилигин аныктоо келечектин иши.

Урматым менен иниңиз.

Эмилбек Акунов, КУУнун профессору

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз