Устатын эскерген шакирт

Ар нерсенин маалы чыгат экен.  Бул макаланы 2017-жылы,  сентябрда жазган элем.  “Кел-кел” журналынын кеңсесине келген Абидин Темиров атактуу устаты жөнүндө кеп салып берди.  Анча көп сүйлөбөгөн киши экен,  сүйлөп берип атып мага ишенбей карап коёт.  “Айткандарымы жанагы диктафонго жаздырып албайсызбы?”- дегенине башымы чайкап койдум.  Анткени адамды кунт коюп угуп, сөзүн эле эмес үнүн да тыңшап угуп,  эстеп калгым келет.  Адамдын үнүндөй сыйкыр барбы? Эмоциянын баары үндө жатат...  Ошо бир ооз сүйлөшүп отуруп жазган макалам журналга жарыяланбай калып уялып жүргөм.  Архивимде жаткан, бүгүн кокустан көрүп калдым. Улуу обончунун туулган күнү 12-январь эмеспи...

Рыспай Абдыкадыров: "Ооба! Мен сүйүүнү гана ырдайм! Сүйүүдөн башканы ырдай албайм!"

Сүйүүнү керемет обондору менен даңктаган,  сүйүүнү ырдаган,  сүйүүнү баалаган Рыспай; Кыргыздын элдик обон-күүлөрүн комуз аркылуу угуп,  билип,  чертип чоңоюп,  анан аккордеондо ойноп,  керемет обондорду жараткан Рыспай; атына заты жарашып туулган,  ырыскылуу ырга бай Рыспай; кыргыздын музыка дүйнөсүнө жаңылык киргизип коюп,  жарк этип бир келип кеткен Рыспай; ырдаса ыры арбаган,  обону көктө оболоп,  төгүлүп ырдап,  жан-дүйнөсү жараланса төгүлүп ыйлаган Рыспай...  Залкар музыкант өзү обон чыгарган ырларга жан киргизип,  аккордеонду кыргыздын улуттук аспабына айлантып койгону эмне деген жаратмандык?!

Ар бир кайрыгына нукура кыргыз дүйнөсү сыйган түбөлүктүү обондорду жаратуу,  болгондо да аккордеон деген бөтөн элдин музыкалык аспабын кыргыздын тилине,  дилине,  жан-дүйнөсүнүн ыргагына салып,  мукам кайрыктары менен жуурулуштуруп койгону эмне деген керемет!

Дегеле элдин,  улуттун рухий дүйнөсүнө жаңылык киргизип,  байытып кеткен чыныгы жаратмандык касиет чанда адамда болот.  Ошондой касиет даарыган эл уулуна айланган адамдардын бири Рыспай Абдыкадыров. Рыспайдын керемет обондору кыргыз элинин рухий дүйнөсүн байыткан улуттук баалуулукка айланды.  

Абидин Темировдун эскерүүсүндөгү Рыспай

Төгөрөгү төп келишкен адам

Рыспай Абдыкадыров менен 1983-жылы Оштогу музыкалык окуу жайга тапшырып калганда таанышып калдым.  Рыспайды көрсөм экен деп дегдеп жүргөн элем,  анан ал кишини биринчи жолу көргөндө аябай сүрдөдүм.  Айылдан шаарга жаңы келген арык,  кичине бала элем.  Мендей кичинекей 8-класстын окуучусу ошондой алп обончунун жанында сүрдөбөй коёбу? Ал киши менен жолугушуу жашоомду түп-тамырынан өзгөрттү.  Бул айткан сөзүмүн чындыгы бар.  Анткени ушул жашка келип канчалаган адамдарды көрсөм деле Рыспай акедей адамды  жолуктура элекмин.  Өңү да,  өзү да,  мүнөзү да эч кимге окшобогон өзгөчө адам эле.  

Башка адамдарды көрүп окшоштурайын дейм,  бирок эч кимиси окшобойт.  Жаркын талант,  жарык жүз жакшы адам бир келип,  бир кетиптир.  Рыспай кандай адам эле деген суроого,  "төгөрөгү төп келишкен адам эле" деп айтаар элем.  Ошондой өзгөчө жаралган адамдын шакирти болуп калуу бактысы буюрган экен.   Азыр ойлоп көрсөм,  генийдин жанында жүрүптүрмүн.

Деги Рыспай ким эле? Рыспайды төгөрөгү төп келишкен адам эле деп атпайынбы.  Бул жөн эле сөз эмес.  Рыспай обончу эле эмес, ар тараптуу өскөн: санжырачы,  комузчу,  тарыхчы,  адабиятчы,  куудул,  жамакчы,  төкмө акын,  философ анан сүрөтчү болчу.  Эми ушу айткан сөздөрүм акыйкат экенин залкарды эстегенче ырастап берейин.   Комузчу дегеним,  ал киши алгач аккордеондо эмес,  комузда кол ойнотуп  чертип,  алгачкы кайрыктарын комуздун күүсүнө салып чыгарып жүргөн экен.  Айылда жүргөндө комуз черткенди үйрөнүп,  анан ошондон улам алгачкы обондору комуздун күүсү менен жаралганын өзү айтканы бар.  Анан жамакчы деп атпайынбы,  Рыспай олтурган жеринде жамактап жибермей өнөрү бар болчу.  Куудулдугун айтпай эле коёюн.  Кай жерде болбосун  боорду эзип ардемени айтып,  же дагы бир тамаша-оюндун ичинен чыга коюп,  анан анысынан ырахат алып,  жыргап,  кыраан-каткы күлкү салып жүргөн тамашакөй эле.  

Эл-жерди сүйгөн Рыспай

Эзелкини көп айтчу.  Дегеле тарыхый темада терең ой жүгүртө алган билимдүү адам эле.  Санжыраны кандай саймедиреп билсе,  кыргыздын тарыхын,  дүйнө тарыхын ошондой жакшы билчү.  Кыргыздын эзелкиси жөнүндө сөз болуп калганда өзү бериле сүйлөп,  жанында отурган адамдар анын айткандарына ынап калар элек.  Элибиздин эзелкисин берилип сүйлөп жатып,  анан сөз арасында өзү да ойго батып,  бир топко ойлонуп унчукпай отуруп калчу.  Рыспайдын өзгөчөлүгү ушунда – кыргыздын касиетин,  үрп-адатын өзгөчө сүйүп,  баалайт эле.  Эл-жерди кадырлап-барктаган,  сүйгөн адам Рыспайча болоттур.  Эл-жерди сүйгөнү ушунчалык күчтүү,  терең болгон үчүн кыргыз атмай сүйгөн,  ар бир кайрыгына нукура кыргыз дүйнөсү сыйган түбөлүктүү обондорду жаратып кетти деп ойлойм.

Рыспайдын тарткан сүрөттөрүн көрүп калдым.  Жакшы тартчу.  Бирок эмнегедир анын сүрөттөрү эмгиче эл алдына чыга элек.  Балким жүйөөлүү себептери бардыр,  билбейм.  Обончунун сүрөтчү экенин элдин баары эле биле бербейт,  өзү деле мен сүрөт тартам деп жарыя салып айтчу эмес.  Анан да ал киши поэзияны чексиз сүйгөн романтик болчу.  Өзү ыр жазып калчу.  Мен обон чыгарган "Сен айрылсаң,  мен да сенден айрылдым" деген ыр ошо Рыспайдын калемине таандык.  Бирок ал киши поэзияны өтө кадырлап-сыйлап урматтагандыктан,  билимдүү болгондуктан – ыр жазса да жаздым дечү эмес.  Бул  залкар обончунун  акындардын чыгармачылыгына,  поэзияга карата сый-урматы  эмеспи.   

Жолон Мамытовдой алп акын досунун "Издейм сени" деген ырына  жогору баа берип,  ал ырдын ар бир сабында жашап,  жан-дүйнөсү менен берилип обон чыгарганын айтып калар эле.  Дегеле мени ошол кездеги залкарлардын  бири-биринин талантына болгон терең  сый-урматы суктандырат.  Рыспайдын касиети - чыныгы акындардын ырларына баа берип,  мыкты ырларды тандай алганында,  тандап алган ырынын ар бир сөзүн бапестеп,  аяр мамиле жасаганында болчу! Ыры жагып калган акындын дүйнөсүнө  саптары аркылуу кирип,  анын тагдырына,  ырына,  ыйына,  кубанычына,  сүйүүсү менен күйгөнүнө сүңгүп,  обологон обон жаратмайын ошол акындын ааламында жашап калган касиети бар эле.  Рыспай сөз кадырлаган,  сөз сыйлаган,  сөздү баалаган асыл сапаты бар үчүн өзү жазган ырлары жөнүндө көкүрөк кагып айткан эмес.  Азыр эки сап уйкаштырып жазып алышса "мен ыр жаздым" деп мактанып жатышпайбы...

Жаратман Рыспай

Гастролдордо чогуу жүрүп,  Рыспайдын обондоруна кулак төшөп,  анан мага анын обондорунун баары эле окшош сыяктуу сезилчү.  Көрсө ал кезде эч нерсе билбеген  жаш бала экенмин.  Кийин музыка дүйнөсүнө аралашып,  музыка эмне экенин билип калганымда гана Рыспайга баа берип,  тан берип атпайынбы.  Анткени атактуу обончунун кайрыктарында Шумен,  Бетховен,  Моцарт,  Чайковскийдин  сонаталарындагы  кайрыктарды учуратууга болот.  Рыспай дүйнөлүк классикага айланган европалык улуу композиторлордун чыгармаларын өтө жогору баалап,  ырахат алып угуп,  берилип сүйчү.  Көрсө музыка дүйнөсүнө сүңгүп кирген Рыспай,  бир алкакта чектелип калбаган Рыспай,  дүйнөсү чалкар Рыспай, дүйнөлүк классикалык музыканы кыргыздын  салттуу,  элдик обондору менен синтездештирип,  кыргыздын музыка дүйнөсүнө жаңылык киргизип,  жаңы кайрыктарды жараткан тура!

Рыспайдын ар бир обону соната,  прелюдия,  фуга симфония сыяктуу экенин мен да кийин түшүнбөдүмбү.  Бул айткандарымы композиторлордун ар кайсы формадагы чыгармаларын изилдеген адис музыка изилдөөчүлөр жакшы түшүнөт.  Обончунун  айрым кайрыктары кайсы классиктен алганын,  анан кантип аны кыргыздын салттуу  обондоруна шайкеш айкалыштырып,  жаңы обон жаратканын адис музыка изилдөөчүлөр түшүнөт.  

Кыргыздын музыка дүйнөсүнө жаңылык киргизип,  жаңы кайрыктарды жараткан Рыспай: "Мен али жакшы чыгармамды жарата элекмин", - деп айтканы бар.  Бул сөздөр таланттуу обончунун музыкант катары  канчалык жоопкерчиликтүү экенин,  канчалык күчтүү музыкант экенин,  музыка дүйнөсүнө канчалык терең сүңгүп киргенин,  талыкпай изденгенин айтып жатпайбы.  Түбөлүктүү обондорду жаратып койгон залкардын "мен али жакшы чыгарма жарата элекмин"деген сөзү эмне деген сөз...  Ушул сөзүнөн эле залкардын өзүнө койгон  катуу талабын көрүп тан бересиң.

Музыка дүйнөсү өтө татаал дүйнө.  Көбү маани бербейт.  Музыка дүйнөсү музыканттан тазалыкты,  сулуулукту,  назиктикти,  эмгекчилдикти талап кылат.  Рыспайда ушул сапаттардын баары бар болчу.  Аккордеон  демекчи,  Рыспайдан кийин эле аккордеондо ойноп,  жаңы обондорду жараткан,  кыргыздын музыка дүйнөсүнө Рыспайдай  жаңылык ачкан  залкар обончулар – Калыйбек Тагаев,  Жолдошбек Мамажанов,  Асанкалый Керимбаев,  Түгөлбай Казаковдор чыкпадыбы.  Устатым Рыспай аке мага 1959-жылы "Красный партизан" деген аккордеонун белекке берип,  батасын берген.  Устатымын батасы мен үчүн баалуу.

Рыспайдын ыйы...

Атактуу обончу: “Опера ырчысы болом,  Москвадагы Большой театрдын сахнасында ырдайм", - деп жаштайынан  кыялданчу экен.  Ишке ашпай калган  кыялын эстегенде Рыспай  өксүп ыйлап жиберчү.  Токтоно албай төгүлүп ыйлап алаар эле.  Дегеле ал киши жагымсыз бирдеме болсо чын дилинен кайгырып,  өксүп ыйлаганын көп көрдүм.  Көз жашын жашырчу эмес.  Мүнөзү бат-баттан өзгөрүлүп турчу.  Мындай кишилерди кыргыз кыялы чатак деп коёт.  Куудул киши эле дебедимби,  концерттерге баратканда жолдо азил-тамашага салып,  а киши ардемени айтып берет.  Биз каткырып күлөбүз.  Ошентип шаңдуу баратып эле оюна бирдеме түшө калып,  өзүнчө ойго батып,  дымып  калар эле.  Бир жолу мага айтып  атпайбы: "Ээ,  Абидин,  сен менден коркпойсуңбу? Менин бир атым жинди,  экинчи  атым алкаш,  анан псих да болсом..."дейт.  Мен эмне демек элем? "Жо-ок,  эмнеге коркот элем..." деп сыр алдырбай койчумун.  

А чындыгында жаш кезимде устатымын чарт этип жарылган чагылгандай мүнөзүнөн,  жарк этип кайра булуттан чыккандай ачылып кеткенин көрүп,  ичимен "бу кандай киши,  соо эмес го..." деп чочулап турчумун.   Чыныгы таланттардын,  генийлердин  тубаса мүнөзү  ушундай татаал,  оор болорун кийин түшүндүм.  Рыспайдын дагы бир мүнөзү – кыргызча айтканда, ал киши апенди чалыш болчу.  Ал эми апенди чалыш деп кыргызда акылы курч,  бирок баладай ишенчээк адамдарды айтат эмеспи.  Анан  Рыспай апенди мүнөзүн жаап-жашырып,  жымсалдайын дегенди деле билчү эмес.  Кайра тескерисинче, апендилиги билинип  калса өзүнүн апенди жоругуна кашкайып күлүп,  жаны калбай каткырып калар эле.  Кадимки адамдардыкынан жүрүм-туруму өзгөчө,  башкача болбосо Рыспай кайдан гениалдуу обондорду жаратмак...

Рыспайдын сүйүүсү

Рыспайдын аялзатына болгон мамилеси да башкача эле.  Жарыктык киши  сүйсө аялзатын берилип  сүйчү.  Дегеле жакшынакай аялзатынын баарына сүйүүсүн чын дилинен арнаган,  сулуулукка суктанган,  аялзатынын сулуулугун  өтө баалап,  аярлап,  кастарлаган,  сулуулукту сүйгөн адам эле.  Сулуу,  көрктүү аялзаты жарк деп көзүнө көрүнсө күйүп-жанып сүйүп калып,  сүйүүсүн улам жаңыртып турган башкача киши болчу.  Бирок үй-бүлөдө камкор ата,  жубай болду.  Көзү өткүчө өмүрлүк жарын кадырлап-сыйлаганынан жазган жок.

Залкарды убагында сахнага чыгарбай койгондор да болгон.  Анткени бетке чапма мүнөзүнөн чоңдорго жакпай калат.  Ошто бир жерде бир чоң кекээрлеп: "Сен эмне сүйүүдөн башканы ырдай албайсыңбы?!"- деген кишиге: "Ооба! Мен сүйүүнү гана ырдайм! Сүйүүдөн башканы ырдай албайм!"- деп катуу айтып чыгып кетет.  Мына ошондон кийин Рыспайды сахнага көп чыгарбай коюшат.  Сахнага чыкпай калганына ызаланып канча ыйлап жүрдү кайран киши...

Кыргыз дүйнөсү ар тараптуу бай элбиз.  Советтер Союзунун маалында, 74 жылдын ичинде эле кыргыздан Чыңгыз Айтматов баш болгон генийлер чыкпадыбы.  Ал эми музыка дүйнөсүндө көп таланттардын ичинен  Устатым Рыспай жарк этип чыгып,  аккордеон менен кыргызча керемет обондорду жаратып,  өзүнүн артынан түбөлүктүү обондорун калтырып кетти.

Маектешкен жана даярдаган Рахат АМАНОВА

Сентябрь,  2017-жыл,  Бишкек

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз