Садырбек Турдубек уулунун жаңы ырларынан

  • 18.01.2021
  • 2994

*     *     *

Бул заманда.
Техниканын доорунда.
Тамырларым электр зымдарына туташып,
тарс-турс этип согот жүрөк кубаттуу.

Чегирткедей секиремин.
Бекинемин ийнеге —
көрбөсүн деп көр адамдар,
сезимимдин өлгөнүн.

Мен жазган ыр, ыр эмес — ой!
Мына менин оюм чачылган,
баарысы бар ичинде, сүйүү жок бир гана.
Демек, сүйүү жок болгон соң ичинде,
башкасы да жок экени турган кеп.

Эр болсоңор чачык ойду жыйнагыла! Чачылбай...
18.05.2020

МАЕК

- Шаар кандай?
- Ар кандай...
Чаңы чыккан, түйдөктөшкөн аркандай.

- Элет кандай?
- Сен айткандай.
Шаарыңдын шарданы келе аткандай.
01.06.2020

БИРИНЧИ КҮН

Эх! Кандай жакшы!!!
Биринчи күн – ыңаалаган биринчи.
Биринчи күн – апаң алган сүйүнчү.
Биринчи күн – кадамдаган эң алгач.
Биринчи күн – биринчи сөз билинчү.

Биринчи күн – мектеп көздөй жүгүргөн.
Биринчи күн – студент атка илинген.
Биринчи күн – кирген жакшы жумушка.
Биринчи күн – сүйүп, кайра сүйүлгөн.

Биринчи күн – турмуш куруп жупталган.
Биринчи күн – бала жыты жытталган.
Биринчи күн – балаң болуп балалуу.
Биринчи күн – чөбөрөңө суктанган.

Биринчи түн – эң жакшы күн болсунчу!!!
03.07.2020

ИЗДӨӨ

Тармал жолдор тааныш из кеткен,
Тагдыр мага кимди издеткен?
Сызып жүрөм таппай жашоодон,
Сызып салбай сыйлуу тизмектен.

Башкалардын түрлүү өңү бүт,
Баш айлантты сендей көрүнуп.
Карааныңды көрсөт бир жолу,
Калгычакты жерге көмүлүп.

Жакын адам мага жок андай...
Жанга жаккан таттуу ой арбай.
Бар-жогунан үмүт кыламын,
Бар-жогуңа кайыл боло албай.
17.06.2020

ЭКИ САП

Жазам деп бир укмуш ыр эч кимде жок,
Жашадым ой табылбай көп жыл короп.
Кайрылгыс кезеңдерим актай барак,
Келечек күндөр кыял, тек бир жомок.

Жазылып мазарларга,
сатылып базарларда, дүкөндөрдө.
Жайылып аскаларга, түзөңдөргө,
Калса экен эки сөзүм жок дегенде,

Эм болуп сүйүүсүз түгөйлөргө.
21.05.2020

*     *     *

Тоскум келип түндөрдү жарык менен,
Толгон ойдун астында калып келем.
Космоско да барармын жыргал эңсеп,
Конок сыйын көрөрмүн Парижде мен.
Артык бирок, чет жерде бак тапкандан,
Айылымда - жоголгон мал издеген.
Айыл мага түбөлүк бакыт кени,
Ал анткени ал жакта наристе элем.
20.07.2020

ЖАЙЛОО

Жайлоо. Жайлоо керек шашылбай,
жайлат менин өмүрүмдү жашыл жай.
Техниканын заманынан кыйналдым,
тез өтүүдө мезгил токтон бачымдай.

Айың жакын сыныгындай аяктын,
бийиктемин. Кереги жок канаттын,
Катып калган карагайлар зыңгырайт,
казаттагы черүүсүндөй Манастын.

Кер-сур тарткан баатыр зоолор сыр бербейт,
керемет, оо, сырын чечет ким бейлеп.
Чүрөк кыздын маңдайындай жаркырап —
чүчкүртчүдөй чубак жаткан күнгөй бет.

Кой-эчкилер чубайт сууга ак сайга,
койчу болсо куш уйкуда капталда.
Кара, ана! Бир короо кой окшошту,
каптагы арпа чууруп түшүп жатканга.

Бөрү кууса, токтой калып кар жиреп,
"Сүйөт экен бу кыргыздар малды" –деп
Кой, эчкинин көптүгүнө көз артып,
Кайберендер төштү тиктээр кайгы жеп.

Окоптогу аскерлердей даана, сак,
Чөндөлөйлөр чар-тарапты карашат.
Чиркин, жайлоом! Жан дүйнөсү Кудайдын,
Демек, баардык ода сага жарашат.

Бийим токтоп, катыганда кадемим,
Бир гүлүңө сугат болсун карегим.
Ага чейин суктанайын көз тоюп.
Аман болгун эң акыркы дарегим.
06.06.2020

МАҢДАЙ ТЕР

Максаттарды көтөрүнсө зор киши,
Маалы келсе даңгыр болор ой-түзү.
Мара көздөй жакындатат, кубантат,
Маңдай тери, таман изи, кол күчү.

Табиятка төнгөн жакшы сырт калбай,
Таймаш!  Күрөш!  Турмуш тажаал сырттандай.
Чыгыш керек тер жыттанып,  бийикке,
Чылым-пылым, арак-шарап жыттанбай.

Адал иштеп, ашып түйшүк чокусун,
Адам искеп, сиңирсе эмгек от ышын.
Ар бир бала рахат алар көөн тоюп,
Ах! деп жыттап атасынын топусун.
25.07.2020

ЖЕР ЖӨНҮНДӨ

Адамзаты билбей кесир, убалды,
ааламды бүт талкалачу куралбы?
Көчүп келип калгандайбыз Жерге биз,
көгүн жарып, таш талкандап бир алды —
Сатурн, Марс,  Плутон, Нептун, Юпитер,
Меркурийди, Венераны, Уранды.

Тоо тегиздеп, чуңкур кылган түз жерди.
Тогуз дүйнө кечирсе экен биздейди.
Өздөштүрбөй койсок эмне? Аттигиң!
Көккө учуп, суу астында сүзгөндү.
Жерди дагы мойсоп тына электе,
оо, адамдар жаш планета издейли...

*     *     *

Жер деген — "Мен" планетанын биримин,
жеке басар эркесимин Күнүмүн.
Башка шарлар бабаларым сыяктуу —
эчак өлгөн. Жалгыз гана тирүүмүн.

Жашагым бар, жашатууга камыгам,
жашыл өңүм өчүп калса, АК урам...
Метеорит тешкен сымал озонду,
менин дагы тешилбесин аурам.
10.05.2020

*     *     *

Алдан тайсам жаштык тыш калып,
Алдыдагы күндөр кыскарып.
Арман кылбайм баткан Күнүмө,
Ай толгонун карап суктанып.

Уңгу-үлгү жыйнап катар, жык,
Улутумду улуу атантып.
Узак жашап, эмгек кылсам дейм,
Уктай турган түндү азайтып.

Көз ирмемдей убак чектелүү,
Көйгөй эмес өмүр өтмөгү.
Ойлондурбайт эрте кетмегим,
Ойлондурат эске кеч келүү.

Кереги жок ишке баш уруп,
Кесепеттүү жолго машыгып.
Кетпесе экен өмүр, күч-кубат,
Кепедеги кыктай чачылып.
06.08.2020

*     *     *

Күнөөлөрдүн батып эчен түрүнө,
Кызыктардын жетпестирсиң түбүнө.
Камалбастан жашайм дейсиң кеңейип,
Кыстагандан кыстап жатса дүнүйө.

Кээ бирөөнү кыйнап жатса жокчулук,
Кеңмин дебе, жалгыз өзүң ток туруп.
Бүкүл жашооң күкүмдөлүп калганда,
Бүт мүлкүңдү бекер бергин сооп кылып.

Дал ошондо озуйпаңды өтөйсүң,
Дал ошондо адам болуп өтөрсүң!

АКБААРЫ ЛИРИКАЛЫК ТҮРМӨККӨ

Мен сени тапкан күнү,
Өзүмдү жоготконмун.
Кез келдим чөйрөсүнө,
Керемет жомоктордун.
Күттүрүп келгенден соң,
Кетпеген конок болгун.

Тоолордон ашып түшүп,
Ташыды таалай-бактым.
Көркөмүң оазистей,
Көп издеп араң таптым.
Жараткан жараткан го-о,
Жаңысын аял заттын.

Махабат шамы күйсүн,
Мейли күн,  түн болобу.
Жаркытып бул дүйнөнү,
Жашоодо бир бололу.
Сен мага бийик сепил,
А менден ким жогору?

Карашып туралычы,
Каректер талыганча.
Жыргалды тартуулаган,
Жылдар бар дагы канча.
Эң сонун күндөр өтсүн,
Экөөбүз карыганча.
30.07.2020

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз