Кыргыз эл жомогу: Балта жутар

  • 18.01.2021
  • 4332

Илгери бир заманда Чомотой аттуу саятчы бүт куштардын тилин билчү экен. Бир күнү өз үйүнүн жанында дөңдө олтурса, бир көк жору учуп келди да, Чомотой саятчыга салам берди. Андан соң саятчыга катуу таарыныч айтты.

– Мен болсом бардык куштун чоңу, зору, төрөсү болом, анын үстүнө сакалдуумун, жүндөрүм да буудайыктыкындай чаар. Таз жорудай тарп аңдып, сасыган эт жебеймин, тишиме, тамагыма жумшак деп сөөк гана жеймин. Бир гана адамзатка таарынычым, мени жада калса бүркүткө да теңебей, жору деп коюшат экен, өз атымдан эле айтпайбы? Кумайыктын энеси буудайык десе болбойбу! – дептир.

Чомотой карыя боору эзилгенче күлүп:

– Мына, муну жутуп жиберчи, мен бир жакшы ат берейин! – деп колундагы ак балтаны сунду.

Көк жору ап эткизе сугунуп жибериптир. Ошондо саятчы:

– Анык балта жутар экенсиң! – дептир.

Көк жору ошондон баштап балта жутар аталыптыр жана саятчынын койгон атына ушул күнгө чейин ыраазы экен.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз