Бул жаңы жылды көпчүлүгүбүз кооптонуу менен тосуп алдык – келе жаткан жылда короновирус дагы кандай күтүүсүз жагдайларды жарата деген тынсыздануу жан-дүйнөгө бүлүк салгансыйт. Ошондой кооптонуулардан арылуу үчүн жаңы иштерге, бийик максаттарга кол сермеп алдыга жылуудан артык чара жок. Ал эми төмөндөгү жашоого шык берген акылман ойлорду ошол максаттарга жетүүгө курал катары колдонсо деген аруу тилегибиз бар.
1. Өзүбүздү акылдуу сезе баштаныбызда, дүйнөнү өзгөртүүгө аракет жасайбыз. Ал эми чындап эле акыл киргенде, биз өзүбүздү өзгөртүүгө киришебиз.
2. Кыялыбызда өзүбүздү кандай көрсөк, ага жетүү эч качан кеч да болбойт, эрте да болбойт. Өзүңдү табуу качан болсо да мүмкүн – бул жерде эч кандай эреже жок.
3. Сизди күткөн жаңы жашоо келсин десеңиз, эски жашооңуздан арылып, ага орун бериңиз.
4. Дүйнөнүн жалгыз өзгөрүлгүс мыйзамы: бардык нерсе өзгөрөт. Бүгүнкү кыйналуу менен эртеңки бакытты болгону бир көз ирмем бөлүп турат. Ошондуктан ал кыйынчылыктарды жеңип чыгууга күч табышыбыз зарыл.
5. Бардыгыбызга бул жашоодо укмуштуудай мүмкүнчүлүк берилген – ал өсүү жана жакшы жакка өзгөрүү.
6. Эгерде жаңы мухиттерди багынткыңыз келсе, жээк көрүнбөгөн жактарга барууга кайратыңыз жеткидей болсун.
7. Сиз деле жакын жана тааныш эмес ийгиликке жетишкен адамдардай боло аласыз. Болгону ошолордой болгонго аракет жасаңыз.
8. Кечирим суратпай кечиргенди үйрөнсөңүз жашооңуз бир топ жеңилдейт.
9. Өткөн күндү эч ким артка кайрый алган эмес, бирок ар бир адам эртеңки күнү кандай болорун аныктап алса болот.
10. Кандай болбосун, өзгөрүүлөр болбой койбойт. Анын кандай болору өзүңөргө байланыштуу.
11. Ким өзгөрүлбөсө, ал өспөйт. А өспөгөн адам чыныгы жашоого жетпейт.
12. Биз – өткөндүн жыйынтыгыбыз. Бирок биз анын барымтасында калганга милдеттүү эмеспиз.
13. Бул жашоодон эң акылман адамдын билген нерсесин, эки ооз сөз менен эле айтып берсе болот: жашоо улана берет.
14. Ар бир эле өзгөрүү ийгиликке жана чексиз бакытка жеткизбейт. Бирок бир нерсени жакшы жасаш үчүн, адегенде бир нерсени өзгөртүш керек.
15. Жакшылыкка ишенген жерде жашоо бар. Үмүттөн артык адамга күч-кубат берген нерсе жок.
16. Өнүгүү күрөшсүз болушу мүмкүн эмес.
17. Акылмандыкты баалоонун негизги көргөзгүчү – адамдын өзгөрүү жөндөмдүүлүгү.
18. Мыкты болуу – бул өзүн өзгөртүү. А иделдуу болуу – жакшы болууга тынымсыз умтулуу.
19. Бир нерсени жоготкондо, биз андан жакшы нерсени табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.
20. Улуу өзгөрүштөрдүн алдында бардык убактарда будуң-чаң болгон.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ