Бактыгүл Чыныбаева: Термос

  • 22.01.2021
  • 5522

АҢГЕМЕ

Жай кап ортолоп калган. Суусамырдын кыртыштуу чөбүн тойо жеп, бээлер бир элидей казы байлап, кулундары чирене оюн салып турган кез. Өскөн адатынча жайлоонун аркы башын көздөй оттоп кеткен айгыр өз үйүрүн таңкы саанга үйүрүп келгенден кийин, желеге туйлаган кулундарды байлап коюп, кемпири менен небере келинине саан үйүрдү таштады да, экөөнүн күрмөлүп бээ саап жүргөнүн бир сааттай карап отурду.

Чоң жолго барып, кечинде түгөнүп калган май чырактын керосинин алып келгени атына кайра минди. Ылдыйды көздөй бир эт бышымдай бастырыш керек. Өскөн таң азандан туруп, уйкусу чала болуп калгандыктан, ат үстүндө ары-бери ооп, кемпири сүткө чылап, сары май сапырып берген таңкы нанүштөгө ныксырап, куш уйку салып бастырып баратты.

Уйку соонун ортосунда Москвада жүргөн уул небереси кылт эте эсине түштү. Кеткенине үч жылдай болуп калды. Караан туткан эки кызынын кичүүсү ортончу уулун “атам карыганда жалгыз калбасын, очогунан түтүн булап турсун” деп алты айлык кезинде эле Өскөнгө алып келип берген. Көзүнүн карегиндей карап, “уулум” деп эркелеткен небереси өтө эрке өсүп, акыры айылга да батпай, өмүр бою жылкы артынан түшкөн таятасынын жолун жолдогусу келбей, иш издеп Москвага бет алган. Эрке болгону менен тетик өстү, бөтөн жердин ыгын тез эле таап, бир чоң ишканада орустардын өзүн башкарган кызматка отуруптур.

Бир жыл мурда айылга эс алганы келген уул небересин Өскөн ой-боюна койбой жакын досунун тың чыкты кызына үйлөнтүп койгон. Бирок небереси негедир жаш келинчегин Москвага алып кетүүгө ашыкпай “силерге келин керек беле, алып кала бергиле” дегенсип, таятасына түртө салып, тойдон бир апта өтпөй Москвасына учуп кеткен. Ошентип небере келин Өскөн менен анын кемпиринин колунда калды. “Жаш неме күйөөсүн сагынганын деле билдирбейт, капырай” деп ойлоп койду карыя.

Учу кыйырсыз ойго чөмүлгөн Өскөндүн кулагы кыңылдаган ыйды уккандай болду. Алгач түш көрдүмбү деп чочуп кетти. Бирок тору аты кашаттан ылдый сереңдеп түшкөн сайын баланын ыйы улам катуулап угулду. Өскөн бул ээн жайлоодо кимдин баласы адашып калды деп үн чыккан жакты көздөй бет алды. Суусамырды каптаган кара тикенектүү бадалдын арасынан кичинекей кыздын уңулдап ыйлаганы эми ага даана угулду. Аттан түшүп, бадалды аралап киргенинде – чачы аркасына бир тутам байлануу, үстүндө сары жука көйнөк, кызыл желим шалпетме кийип, бети туурулган тестиер кыз бүжүрөп ыйлап олтуруптур. Жанында кызыл гүлдүү термос жана бир көмөч нан жатат. Өскөн кызга акырын жакындап:

- Ай кыз, сага эмне болду? Адашып кеттиңби? – деди чочулай.

- Жок, адашкан жокмун, таекеме түшкү чайын алып бараткам, колуман термос түшүп... сынып калды, жеңем өлтүрөт мени... - деп шолоктоду кыз.

- Сынса эмне экен, балам, – деди калбааттуу кары. – Кел, үйүңө жеткирип койоюн, кимдин кызысың?

- Нурландын.

- Кайсы Нурлан? Биздин айылдагы Нурландын сендей кызы жок эле го?

- Жок, менин атам Нурлан Москвада, апам да Россияда, мен Жаныбек таекемдикине келгем, - деп бышактады кыз.

Өскөн кызды карагандан жетелеп чыгып, ары жакта агып жаткан арыкка бетин жууп, көмөч нанын колуна карматты. Сынган термосту да канжыгага байлап койду.

Бул тестиер жашаган үйдү жакшы билет. Атына минип, кызды аркасына учкаштырды. Кыздын ыйы тыйылбай, өрөпкүп, өпкө-өпкөсүнө батпай, калчылдап барат. Өскөн баарын түшүндү. Эми Жаныбектин толмоч аялы кызды кандай жазаларын да элестетти.

Ал акырын кызга бурулуп:

- Болду, – деди, - ыйлаба. Таекеңе азык жеткиргенге жарасаң, кыйын кыз турбайсыңбы. Чоңойгондо ким болосуң?

- Менби... чоңойгондо чач тарач болом.

- Оо, ананайын десе, а эмнеге чач тарач болосуң?

- Апам таежеңеме айтканын уккам, Рассияда чач тарач болсоң көп акча табат экенсиң…

Өскөн үндөбөдү. Учкашкан экөө айылдын коюн баккан Жаныбектин конушуна жете келишти. Таежеңеси эшик алдында чоң казанга сүт ысытып жаткан экен. Өскөн кыздын колундагы ички айнеги сынып, сырты калган кызыл термосту акырын колуна алды. Кыз коркконунан ыйлаганын да, титирегенин да токтотуп, демин ичине катты. Эткээл келин Өскөндүн артындагы кызды байкаган жок, анын колундагы термосту таанып:

- Ай жашабаган Арууке, бир жакка таштап салып, оюн салып кеткен окшобойбу. Акемди да убара кылыптыр, - деп сүйлөнө, Өскөн менен учурашты.

- Балам, ме термосту алчы, - деген Өскөн келиндин колу колуна тиерде аны шарт эте жерге түшүрүп жиберди. Келин катуу чочуду. Аксакалды уруша алмак беле…

- Эч нерсе болбойт аке, түшүңүз чай ичиңиз… - дегенге жарады.

Бул маалда Арууке акырын аттан түшүп, ылдыйдагы чатырды көздөй сары көйнөгүн булактата чуркап кеткен эле…

20.02.2020

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз