Роза Отунбаева: Алп жазуучунун ополтоо эрдиги

Көзү тирүүсүндө эле таанылган классик жазуучу, академик, республиканын маданий турмушуна активдүү аралашкан улуу жазуучуну кызыктырган нерселер көп эле. Ал баарына сүрөткер катары карап, кызыгып, турмуштун күрдөөлдүү агымынан артта калбай, коомдук турмуштун маанилүү маселелерине тартынбай үн кошуп турчу.

Өзү ишенген, турмушунда бекем тутунган көз карашын, ишенимин, адамдык позициясын аянбай коргочу. Баарынан да ал кишинин кыргыз тилинин абалына чындап күйүп-бышып, элибиздин өткөн тарыхын терең изилдеп, “Манас” эпосун жарыялоо, жалпыга жайылтуу иштерине кошкон салымы атайын кеп кылууга арзыйт.

Анын бул турмуштагы арзуусу, албетте, көркөм сөз, жазуучулук өнөр болчу, убакты-саатынын көбүн ушул ишке жумшачу. Жазылган тексттеринин көлөмү, көркөмдүгү жагынан ага теңтайлашчу сүрөткер кыргыз совет адабиятында жокко эсе дээрлик. Кыргыз романчылык өнөрүн баштап, саны жагынан бараандуу биртоп чыгармаларды жараткан.

Мен үчүн ал кыргыздын тоодой бийик, тарых менен тагдырдын канча шамалы, бороону каптаса да былк этпеген аскары, эли үчүн баарына кайыл болуп туруп берчү баатыры болчу. Кыйла эле татаал жазуучулук жолунда, кырчылдашкан саясий талаш-тирештерде тизе бүкпөй, бийликке жагалданып кошомат кылбай, өзү жашаган доорду сүрөттөөнүн ыктуу жолу катары элеттик карапайым адамдардын кулк-мүнөз, күндөлүк турмуштагы жайдары юморун алдыга алып чыгып, ошонусу менен сенек болуп катып калган адабий калып, эреже-тартиптерден өзүн сактап, чыгармачылыгын улантыптыр.

Мен ал киши менен ХХ кылымдын 70-жылдарынын башында бир топ көрүштүм, кызыктуу кеп-кеңештерин угуп калдым. Антишке улуу жазуучунун жалгыз кызы Динаранын жакын курбусу катары үйүнө көп барышым себеп болду окшойт. Ал кезде жаш экенбиз, көп нерсени аңдай элек алаңгазар чагыбыз экен. Динара бойлуу, көздөрү бакырайган, чачтары коюу, чачын өрүп аркасына таштап жүрчү, апасына окшош сулуу кыз болчу. Каникулда Москвадан үйгө келерим менен жолукканга шашчумун. Түгөлбай Сыдыкбековдун үйү шаардын чок ортосундагы Дзержин булварына катарлаш, жол боюнда жыш отургузулган бак-дарактардын көлөкөсүнө чөмүлгөн тынч көчөдөгү чоң эки кабат имарат болчу. Ал үйдү атасы “Биздин замандын кишилери” романына ыйгарылган Cталиндик сыйлыктын акчасына салганын Динарадан уккам.

Анын атасы тууралуу айткандарын кызыгып угуп отура берчүмүн. Кантип төрөлгөнү, Улуу Үркүндө Кытайга барып азап-тозокторду аябай тартып кайтып келгендери, анан кара курсактын айынан байларга жалданып иштеп, чоңоюп калганда билим алууга кызыгып, кийин Пишпекке келип айыл чарба техникумуна киргени, оорунун азабын көп тартканы, деги койчу, кызыктуу окуяларга жыш аңгемелерди айтып берчү. Азыр ойлосом ал өзү жаштык учурумдын бактылуу күндөрү экен. Атасынын боз үйдө төрөлгөнүн, он жети бир туугандын аман калганын, туулган күнүн кантип аныкташканын айтып берсе мага жомоктогудай сезилген. Төрөт үйү жок, фельдшердик жардамга жетпей боз үйдө кантип төрөлдү экен деп таң калганмын.

Кийинчерээк, белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова согуштан кийин аяк-башынан шамал жойлогон үстү брезент “Виллис” деген машинеге жетишип, анысы чаң жолдо эчен ирет тыгылып, бузулуп азап жешкенин, ага чейин айылдарды, чарбаларды атчан кыдырышканын, ал кезде чарчоо дегенди билбегендиктерин айтып берсе ишенип-ишенбей кала бергем. Т.Сыдыкбеков ошол замандын тарыхый окуяларга бай каршылыктуу процессин жазбадыбы.

Баарынан кызыгы, Т. Сыдыкбековдун төрөлгөн  күнүн аныктоо болгон экен. Аны Динара сонун кылып айтчу.  Энесинин “сен кой төлдөп жатканда төрөлгөн элең” деген сөзүн эстеп калган атасы кой төлү көктөмдө башталат, апрелдин жарымынан майдын ортосуна чейинки убакыт деп болжойт. Ошол отуз күндү кагазга жазып аралаштырып кызына тарттырышса 12-май чыгат. Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнү ошентип аныкталат. Андан тышкары улуу жазуучунун үйүнө келген адамдар, ал жерде сүйлөнгөн кандай асыл кеп-сөздөр  залкарлардын өздөрү менен кошо кетти.

Азыр улуу жазуучунун кыйла өмүрү өткөн ошол  куттуу үйүн туш-тушунан куушуруп, биринен экинчиси бийик асман тиреген айнек  үйлөр түштү. Эшик алды бакка чөмүлгөн тарыхый-маданий таберик үй жаңы кошуналардын далдасында көрүнбөй да калды. Шаарды тең жарып өткөн мурдагы Дзержин булвары, азыркы Эркиндик сейил багынын айланасында кыргыздын туу тутар эчен азаматтарынын үйлөрү, жашаган жерлери сатылып, ордуна бийик айнек үйлөр түшүп кетти. Мындай залкар адамдардын үйлөрү башка өлкөлөрдө сакталып мемориалдык музейге айланат, кыргыз элим деп канчаларга жаман көрүнүп, каруусун казык кылган Түгөлбай Сыдыкбековго карата урпактарынын мамилесин карап туруп кейийсиң. Түптүн Кең-Суу айылында жазуучу жарыкка келген жайдын кайда экени белгисиз, кийин салган үйү, өз үй коломтосу жок экени белгилүү, эми борбор шаарда өмүр бою жашаган үйүн сактап, мемориалдык музейге айлантуу – бул биздин муундун парзы деп ойлойм. Кыргызстанда бир берекелүү Адабият музейи жогун баарыбыз  жоктойбуз, руханий өсүшкө мындай факт канчалык өксүк болоруна көзүбүз жетип эле туру. Эркиндик гүлбагын аралап, кыргыздын атактуу адабият, искусство ишмерлери шашпай басып, сейилдеп, айтылуу байыркы Грек өлкөсүндөгү перипатетиктердей  аңгемелешип жүргөн көчөсү экени жөнүндө канча эскерүүлөр жазылган! Менин терең ишеничим ал жерде бир топ жазуучу-акындарыбызга мурун коюлган айкелдерге кошуп Түгөлбай Сыдыкбековго борбор орун берип, бүткүл элдик данкына татыктуу эстелиги турушу керек эле.

Мен билген Динара курбумдукуна барган кездеги үйдүн аурасы бийик болчу, Даркан жазуучу менен сүйлөшкөнү, акыл, кеп-кеңешин укканы канча кишилер келчү, алардын баарына бул берекелүү үйдүн эшиги дайым ачык турчу. Түгөлбай Сыдыкбековду баары эле Түкө дешчү. Ал кезде шаар кичине, баш калаада жашаган кыргыздар аз. Саратан жайда профсоюздун арзан жолдомосун алып шаардыктар Ысык-Көлдүн эс алуу жайларына толуп калышчу. Сыдыкбековдор Долоноту айылынын тушундагы Илимдер академиясынын пансионатынын бир чоң үйүн ээлеп, жайы менен ошол жерде турушчу. Ал жерде белгилүү жазуучу-акындар, окумуштуулар бири-биринин үйүнө үзбөй барып турушчу. Дасторкон үстүндө кыйла кызыктуу сөздөр айтылчу, кээде кеч киргенин байкабай меймандос үйдө түнөп да калчубуз.

Жаш экенбиз, улуулардын сөзүнө анча маани бербей, өзүбүзчө жүрө берген экенбиз. Мага Т. Сыдыкбековдун телегейи тегиз, жашоо-турмушу кайгы-касиретсиз, баш оорутчу маселелери жок бейгам өтүп жаткандай сезилчү. Бирок дал ошол 70-жылдардын башында көз карашынан тайбай, тутунган позициясын бербеген көк жал жазуучунун тизгинин тартып коюу аракетине  республикалык бийлик катуу киришип калган кези экен. Баамдаганым, кыргыз тили менен тарыхынын олуттуу маселелерин жаап-жашырбай ачык козгоп, ал тургай борборубуз Фрунзе шаарынын архитектуралык долбоору Чыгыш өлкөлөрүнүн колорити жыттанган архитектуралык ансамбль болуп курулбаганына кейип, ЦК жетекчилерине расмий түрдө кат жолдогонунун өзү эле канжыгага башын байлап койгондогу кайраты эмес бекен? Ушунун өзү анын улуттук сезимге от жандырган эрдиги экенин ошол замандын саясий өңүтүнөн алып караганда: канчалык тобокелдүү да, канчалык кооптуу?! Ушул маселени кабыргасынан койгондун өзү улутчул деген жарлыкка шылтоо болуп берер саясий ор экенин көк жал жазуучубуз түшүнбөй коюптурбу? Албетте, сонун түшүнгөн, тек гана чындыкка тике караган касиети бар болгон үчүн гана унчукпай коё албаса керек, кайран залкар. Мындай өңүттөгү маселени көтөрүүгө ал убакта Союздук өлкөдөгү опол тоодой салмагы бар саналуу инсандар гана оозанууга батынган.

Арийне, Түгөлбай Сыдыкбеков биртоп жыл бийликтин басым-кысымына туш келип, улутчул катары бийликтин жаманаттысына кабылган чакта кимдир-бирөөлөргө арыз-арманын айтып, жок жерден ыдык көрүп жатканын билдирбей, мурдагы калыбынан жазбай, өмүрдүн өлчөлүү убакты-саатын көркөм чыгармачылыкка, элибиздин өткөн тарыхын изилдөөгө арнап жүргөн кези экен. Дал ошол убакта “Көк асаба” романын бүтүргөн маал болуп чыгып жатпайбы.

Ошондогу жолугушуулардан эсимде калганы; улуу жазуучунун борбордогу кыргыз интеллигенттеринин балдарынын эне тилин билбей калышы, ата-энеси менен кыргызча сүйлөй албай калышканына нааразы болгону.

Бул жөнүндө Сыдыкбеков “Жабыкта жаткан төрт катында”  кеңири токтолгон. “Эгерде мен козгогон маселелер негизсиз болсо, анда сиздерге гана жиберилген кат негедир Жазуучулар союзунун президиумунда талкууланганда, аны сынга алган биздин партуюмдун катчысы, эл акыны А. Токтомушев:

- Мен балдарым менен эне тилимде сүйлөшө албаймын... Эмине, ал үчүн орустар айыптуубу? – деп каңырыгы түтөшү кандай?

Абдан туура. Буга орустар айыптуу эмес. Жанагы мен сиздерге эскерткен бир беткейлик, өзүбүздүн тайкылыгыбыз, наадандыгыбыз, көшөкөрлүгүбүз, эне тилге өзүбүздүн баа бербестигибиз айыптуу?!

Орустун улуу жазуучусу И.С.Тургенев француз тилинде тың сүйлөп, эне тилин билбеген орус кызына жаны кейип ыйлаган экен. Орус акыны Жуковский тилдин жоюлушу – элдин жоюлушу деген экен. Биз өз чыгармаларыбызды өз балдарыбыз окуй албаганына кубангандай болобуз! Жок, бул чын кубаныч эмес. Эки жүздүүлүктүн жалган кубанчысы”.

Борбор шаардагы кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн балдары орус тилиндеги мектептерде окушса, бала бакчадан тарта жогорку окуу жайга “коммунизм тилинде” билим алышса жагдай башкача болушу мүмкүн эмес го. Мына андан бери канча жылдар колдон суурулду, манасчылар айткандай, “кечээки көргөн бүгүн жок”, коом алмашып заман өзгөрүп, кылым турса былк этип койбочудай бекем турган коммунисттик империя урап түштү, өлкөбүз эгемендикке жетишти. Мындан жарым кылым илгери эле Түгөлбай Сыдыкбеков коммунисттик төбөлдөрдөн коркпой-үркпөй козгогон маселелери өз алдынча мамлекеттик шартта чечилип, кыргыз тилинин коомдук турмуштагы кызматы тууралуу маселе чыкпашы керек эле. А бирок турмуш көрсөткөндөй, ошол эле маселелер кайрадан калкып чыгып атпайбы.

Жазуучунун күйүп-бышып мындан жарым кылым илгери партиялык жетекчилерге жазган катындагы маселелер ушу кезге чейин чечилбей, аталарынын эне тилинде жазгандарын балдары окуй албай, башкалаада жагдай мурдагысындай эле калганына кимди айыптайбыз?! Башта компартия, өкүмзор-буйрукчул бийлик системасы күнөөлүү дечүбүз, эми күнөөнү кимге оодарабыз?! Т.Сыдыкбеков улутту улут катары кармап турчу мына ушул уңгулуу маселелерди бийлик опузасынан коркпой козгоп жүрүп кете берди. Маңдайында турган адамга мээримин төгүп, бирөөгө үнүн көтөрүп катуу айтпаган мына ушул узун бойлуу, албеттүү, ак чач адамдын кыйын кезеңде тартынбай күрөшкө чыккан эрдигине ыраазы болбой койбойсуң. Мынчалык чыдамкайлыкты, көктүктү, калбаат сынынан жазбаган бекемдикти кайдан алды экен деп ойлойсуң.

Түгөлбай Сыдыкбековдун улам-улам кыргыз тилинин маселелерин козгошу, кыргыз тарыхы 1917-жылдан башталбагандыгы, тамыры тереңге кетери сыяктуу олуттуу маселелерди улам-улам көтөргөнү партия жетекчилеринин кыжырын кайнаткан. Социализм заманында жашап, анын биртоп сыйургалдарына жетишкен республика эмес жалпы союзга таанымал ири сүрөткердин чылгый ийгиликтерге ыраазы болуп отурган республика жетекчилерине кемчилик катары башкалар айта албаганды ачык жазып, кат менен кайрылып жатса андай ишти билмексенге салып жаап коюуга болбойт эле. Борбор шаардагы кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн балдары эне тилинде сүйлөй албаганын баары эле билишчү, бирок аны демине нан бышкан Кыргызстан компартиясынын жетекчилери алдында эч ким айта алчу эмес. Т. Сыдыкбеков айткан экен. Расмий бийликтин каршылашына айлануу улуттук уңгулуу маселелерди козгоодон чыккан.

Ал кезде кыргыздардын байыркы жазуусу жок, караңгы элдин багына Октябрь революциясы туш келип, социализм заманында жазуу-чийимге ээ болгондугу расмий бийлик тарабынан тынбай  кайталанып турчу. Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз көөнө тарыхынын аз изилденген кезине кайрылып “Көк асаба” тарыхый романын жазган. Ошол кезде эле ал: “Байыркы элдерден экендигибизди, V–IX кылымдарда эле рун жазуубуз болгондугун, соңку кылымдарда араб тамгасында жазуубуз болгонун танабыз. Маданий мурастарыбызды баалабайбыз. Орус тамгасына өткөнүбүздү акташ үчүн эми араб тамгасы жамандала баштады. Бул деле илимге, тарыхка кыйчалыш келген осол көрүнүш” экендигин апачык жазган.  Баарынан да улуу жазуучунун борбор шаарда кыргыздар 20% гана түзүп, эмгектин эң оору делген койчумандыкка жүз пайыз кыргыздардын гана тартылышын адилетсиздик деп, минтип кесип бөлүштүрүү  туура эместигин ошол кезде эле тартынбай ачык айтышын эрдик дебей эмне дейбиз. Азыр бийликке сын айткандар, атылбай турган “дзотко төшүн тоскондор” толтура. Ал кезде бирөө гана болгон.

Улут маселесине байланышкан жазуучунун катын париянын Борбордук комитетинде сегиз ай  кармап жатышып, соңунда Жазуучулар союзуна жөнөтүп, ал жерде калемгерлер эки жаатка бөлүнүп, сүрөткерлердин көбү Түгөлбай Сыдыкбековду жактап, маанилүү маселенин минтип оромпой тебилип жатышына нааразы болгон жазуучу партиялык чоңдорго экинчи ирет кат жазууга мажбур болот. Маселе кыргыз тилинин абалы, орус тилин үйрөнүүгө басым жасалып, пахтачы дыйкан, малчылардын чогулушунда кыргыз жетекчилердин орусча сүйлөп, карапайым адамдардан кыргызча келген каттарга орусча жооп берүү, кыргызча айрым сөздөрдү колдонбоо, андай сөздөрдөн шек саноо, тарыхка илимий мамиле жасалбай, баарын күнүмдүк саясатка ыңгайлаштыруу күчөп баратканына арналган эле. Интеллигенция арасында эки жүздүү, арам сөздүү, керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогон кишилер көбөйүп баратканын белгилеген даркан сүрөткер дагы бир сырын алдыга жайган.

“Чындыкты тике айтычу элем. Мен кандаймын бул күндө деп, өзүмдү өзүм абайласам, тымызын сенек болуп баратыпмын.

Тек байкоо сенек-кеселге эм болор эмес.  Муун-жүнүмдү тоңдура баштаган көк музду эритмейин сенек-кеселден сакайыш кыйын көрүндү.

Киши өзүнүн ким экенин жазбай таанып: өзүн өзү сындап, турмуштун айдарымына тике бет тоскондо өз дүнүйөсүн муздаткан сенектиктен сакаяры, жүзү жарык болору мени ынандырды.

Айдарымга бет тостум да, Кыргызстан КП БКнын бүйрөсүнө кат жөнөткөм. Катта айтылган маселелер жалпы иштин пайдасы үчүн ак дилде эң этиет эскертилсе да, жетекчи жолдоштор аны кыйгач кабыл алышты”,- деп жазган улуу сүрөткер жогоруда белгиленген катында.

 Сыдыкбековду түйшөлткөн улуттук маселелер кийин парттөбөлдөрдүн катышуусундагы жыйында талкууга алынып, биртоп маселелер козголгон экен. Ал кезде Кыргызстан компартиясын башкарып турган Турдакун Усубалиевди ойлонткон көйгөй кыргыздар арасынан орус тилин мыкты билгендер эмнеге аз, араң эле 250 миң киши, муну кантип кобөйтүү керек суроосу болгон окшобойбу. Борбордук комитеттин бюро мүчөлөрү Т. Сыдыкбековдун катында көрсөтүлгөн маселе Борбордук комитеттин  бюросунда талкууланып, кыргыз тили менен адабиятын окутууну жакшыртуу боюнча атайын токтом кабыл алуу чечимине келишкен экен. А бирок ал кыйлага унутта калтырылганына ичи чыкпаган улуу жазуучу минтип жазган: “Кечиримсиз нерсе: “Эне тил жана кыргыз адабиятын окутуунун жолго коюлушу жөнүндө август айында Борбордук Комитет чечим кабыл алмак. Бирок ал жылы да, кийинки августунда да кабыл алынбады”.

Ошол социализм заманында Фрунзе шаарынын чок ортосундагы Дзержин гүлбагын улай отурук алган улут интеллигенция өкүлдөрүнүн уул-кыздары, “алтын жаштар” деген эне тилин билбеген, андай муктаждыгы деле жок өзүнчө бир катмар болор эле. Мына ошолор, андан да тышкары, орус тилинде билим алгандар, кийин алардын бала-чакасы, ушу кезге чейин кыргыз тилинде сүйлөбөгөн, эне тилинен таптакыр тумсак калган муун калыптанбадыбы. Негизи өзү тил деген аябай оор, бийликтин күчү, улуулардын кеп-кенеши менен эле өзгөрүлүп кетчү нерсе эмес экен. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан баштап дайыма эле тилди үйрөтүүнү бала бакчадан башташ керек дегенбиз, бирок да түпкүлүгүндө туура мамиле борбор калаага келгенде эле ташыркап, жүрбөй калып жатпайбы.

Мен өзүм шаарда төрөлүп, бала бакчадан тарта мектеп босогосун аттагандан орус тили, адабияты, маданиятына жакын өсүп, кыргыз адабиятын мектепте окубай, биздин жазуучулардын чыгармалары менен кино, радио, театр аркылуу гана таанышып, биздин муун улуттук маданияттан алысырак  өстү десем жаңылбайм. Кыргызстандын биртоп мектептеринен орусча билим алып, анан Ломоносов атындагы Москва университетинде окуу бактысына туш келдим. Кандай десем, ушу тапта “алтын жаштар” деп атка конгон, борбор шаардагы жогорку кызматтагылардын, белгилүү интеллигенция өкүлдөрүнүн балдары көбүнесе мурунку Союздун ири шаарларында - Москва, Ленинградда окушчу. Ал жерге дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген эңгезер өлкөнүн туш-тарабынан билимге умтулган жаштар келчү. Талап катуу, анткен менен терең билим алууга толук шарты түзүлгөн Москвада окуп жүргөндө көпчүлүк жаштардын улуттук сезими козголуп, өз элинин каада-салты, маданиятынан алыс калганына намысы ойгонуп, өзүнчө бир  рухий өзгөрүүлөр – улуттук ар-намысты сактоо, улуттук жана жарандык аң-сезимди ойготуу, элдин маданий жана рухий баалууктарын  тануу болуп өттү окшойт.

Бул жактан алганда тили-дили жакын канатташ казак жаштарынын бейформал Жас тулпар” уюму сонун мисал болуп берет. 1963-жылдын жайында  концерт жана лекция группасы катары  Москвада окуган студенттерден түзүлгөн, жыл сайын каникул убагында жаштар Казакстандын айыл жерлерине барып “көзү ачылып”, улутташтарынын маданий-тарыхый проблемаларын байкап, козгоп, үйрөнүп, изилдеп, бул жаштар кыймылы казак элинин маданиятынын жана тарыхынын феноменине айланган. Бул бейформал, протест кыймылынын негиздөөчүсү Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов жазгандай, ал убактагы казак жаштар Орусиянын университеттеринен мыкты билим алып, ал билимди өз өлкөсүнүн тарыхын, руханий байлыгын өз алдынча изилдөө, ойгонуу жылышына арнаган.

Мухтар Ауэзов жана Түгөлбай Сыдыкбеков

1987-жылы Фрунзеде өткөн илимий-практикалык конференцияда Ч.Айтматов “ар бир элдин тилинин, сөздөрүнүн өзүнө гана тийиштүү тарых-таржымалы болот, көккө серпилип, жерге боортоктоп калган учурлары болот, кабырганы кайыштырчу оорчулукка, катаал сыноого кабылат – тил деле аны алып жүрүүчүлөрдүн башына түшкөн тарыхый өзгөрүүлөрдү корунда чагылдырып, өзгөрүүгө  учурап турат.  Муну менен эсептешпей коюуга болбойт, муну такай айтып, эстей жүрүү абзел”, - деп агынан жарылган.  Мурат Ауэзов терең маани камтыган ал сөздү  “Учукту улантчу мезгил” деген китебинде мындай деп уланткан: “Тилге сый-урмат мамиле аны алып жүрүүчүлөрдүн жалпы адамзаттык идеалдар менен баалуулуктарды канчалык сактап калышына байланыштуу, ошондо гана башкалар анын тили менен дилине урмат-сый көрсөтөт.  Сырттан келип бирөө да анын өмүрүн узартып, жашоо-турмушка ыңгайлаштырып бербейт. Бул ар бир элдин маданияты менен улуттук аң-сезимине байланышкан  нерсе.  Ар бир тил жок болуп кетпестен коргонуучу опсуз тажрыйбасы бар, андан агып чыкчу акыл кеп мындай тилдин кеңири колдонулушу этностун тарыхый бурулушу, ой-кырындагы турмушуна байланышкан, тарых алдында койгон улуу максат-мүдөөсүнө жетиш үчүн жасап жаткан аракетине байланышкан” .

Мына бул баатыр ойлордон кийин биз азыркыдай баарын кош түс – кара менен акка гана ажыратпай, орус тилинде билим алган, азыр да кыргыз тилин өздөштүрүп жаткан адистерибизди колго чаппай, четтетпей, өлкөбүздүн пайдубалын курууга салымын кошууга мүмкүнчүлүк беришибиз лаазым. “Орус тилдүүлүк – калыптанып бараткан улуттук аң-сезимдин бир куралы”, - дейт Мурат Ауэзов.

Мына ошентип алыскы борбордо азыноолок улуттук сезимибиз ойгоно баштаган чакта Түгөлбай Сыдыкбековдун биздин үйдө турган “Тоо балдары” романын окуй баштадым. Мен аны кыргызча үйрөнүү, улут адабиятыбыздын лөк жазуучусунун биз жакшы билбей калган турмушту кандай сүрөттөгөнү, анан да курбу кызым Динаранын атасы, өзүм көрүп-билип жүргөн Түгөлбай Сыдыкбеков кандай жазуучу экенин билиш үчүн окууга кириштим. Жалгыз “Тоо балдары” романы менен чектелбей, Москвада окуп жүргөндө “Ала-Тоо” журналына жазылып алып анын ар бир санын калтырбай окуп жүрдүм. Кыргыз тилинин ушунчалык бай, пенде баласынын сезим, ой-туюмун так, ынанымдуу сүрөттөөнү  ушул чыгармадан туйдум, элеттик карапайым адамдардын өз ара мамиле-катнашы, жаңылыкка умтулган жаңы муундун аракети көз алдыман өттү.

Бир топ сөздөрүн түшүнө албасам да жазуучунун айтайын дегенин түшүнүп жаттым, Юдахиндин сөздүгү колумда жок, кыргызча мыкты билгендерден көп сөздөрдү сурап, мурда байкабаган бир керемет дүйнөгө кабылдым. Кантсе да ата-энелербиздин мектепте окуп жүргөндө жайкысын айылга жөнөтүшүнүн пайдасын ошондо көрдүм. Кийин Түкөм миң жыл жашаганын жарыя кылганда мен ошол биринчи окуган китебимди, андагы каармандарды, Омор акени эстедим. Эски менен жаңынын кыл келиши кыйын го, канча кылым билимсиз караңгылыкта жашап келген элдин сабатын ачуу, мектеп менен айыл турмушунун өтмө катар байланышы, жаңыны көнүмүш нерсе катары кабыл алган балдар менен андан чочулаган улуу муун өкүлдөрүнүн мамиле-катышы чыгармада жумшак юмор, жайдары маанайда абдан элестүү чагылдырылган.

1998-жылы жазуучунун көзү өткөндөн бир жыл өтпөй Жумабек Медералиев Түгөлбай Сыдыкбековдун адабий мурасынын бир кыйласын чогултуп “Мен миң жыл жашадым” деген үлкөн символикалык маани-мазмуну бар китебин чыгарды.  Эгемендиктин алгачкы жылдары даркан сүрөткерибиз эчен жылдарды камтыган маңыздуу жашоосун - миң жылга созулган бир адам өмүрү деген мааниде баалаптыр.

Түгөлбай Сыдыкбековдун миң жыл жашадым деп атаганынын жөнү ушундай, кыска убакыт ичинде кыргыз эли көчмөндүктүн өтө эле узакка созулган жашоо ыңгайынан ХХ кылымдын карама-каршылыктуу, динамикалуу учуруна туш келбедиби. Бул кылым адамзаттын башына опсуз калайман салган экинчи дүйнөлүк согушту алып келди, ошол эле кезде бул кылым сокодон космостук кораблге чейинки опсуз чоң секирикти да жасабадыбы. Түкөбүз өзү жашаган доордун көркөм сүрөтүн кеңири эпикалык масштабда чагылдырып берди. Анын бул жааттагы эмгегин доорубуздун таланттуу сүрөткери Чыңгыз Айтматов кесиптеш агасына “сиз тоосуз, а тоо эч качан бөксөрбөйт” деп баа берген.

Жайлоодогу боз үйдө жарыкка келген улуу жазуучунун өмүр жолу кыргыз совет адабиятынын жаралуу, өнүгүүсү менен  эриш-аркак байланышкан. Кыргыз совет адабияты деген формасы, мазмуну жагынан таптакыр жаңы түшүнүктөгү көркөм сөз өнөрүнүн азыркы деңгээлге жетишине Түгөлбай Сыдыкбековдун кошкон салымы зор. Кыргыз романистикасынын туу башында туруп, улут адабиятынын телчигип, көркөмдүк деңгээли жогорулашынын белгиси катары чыкчу жанрдын биртоп мыкты үлгүлөрүн жаратты. Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз жазуучуларынын арасынан биринчи болуп сталиндик доордогу өнөр адамдарына берилчү эң абройлуу сыйургалга -  үчүнчү даражадагы Сталиндик сыйлыкка татыктуу болгон.

Жазуучунун ошол “миң жылдык” жашоосу кыргыз турмушунун бир кылым ичиндеги эң оор, карама-каршылыктуу, анан да өзүнчө бир гүлдөө дооруна туура келген. Ал төрт жашка чыкканда 1916-жылкы апаат, орус падышачылыгына каршы чыккан калктын жапырт Кытайга качышы, Совет бийлигинин кыргыз жерине орношу, жалпы чарбага өтүү, саясий куугунтуктар, анан Экинчи дүйнөлүк согуш, чабылып-чачылган эңгезер өлкөнү калыбына келтирүү, саясий аба-ырайдын өзгөрүшү, соңку “дымуу”, “кайра куруулар”, баарынан маанилүүсү, Түкөм кыргыз элинин эгемендикке жетишин, өз алдынчалыктын ойрума-буйурмалуу жолунун башында турду. Көчмөн доордун аягын көрүп калган, жашоо-турмушун боз үйдө өткөргөн кыргыз турмушунун өткөнү менен социализм доорундагы жашоосу даркан жазуучунун эпикалык арымдагы чыгармаларында кенен-кесир баяндалган.

Түгөлбай Сыдыкбеков жана Чыңгыз Айтматов

Ал өзү чыгармачылык кредосу тууралуу минтип жазган: “Жазуучу катары калам тарткан күнүмдөн эмгекти, маданиятты, Совет бийлигинин артыкчылыгын, азаттык үчүн болгон күрөштөрдү, аял, эркектин теңдигин ырдап келатамын. Ошолордун ичинде менин ыйык баалаган темам – элдердин достугу. Бул темага мен көлөмдүү чыгармаларымды арнагам. Азыр да арноодомун. Дал ошол үчүн элдердин достугуна доо кетирер терс көрүнүштөргө мен эч чыдабаймын”.

 Ал кезде доорубуздун айтылуу сөз чебери Чыңгыз Айтматовдун даңкы дүйнөгө тарап, жаңы жазгандары окурмандардын кызыгуусун арттырып, аны жарыялаган адабий журналды издөө башталчу. Москвадагы ошол жаштык демге сугарылган студенттик, андан соң илим изилдөөгө арналган жылдар артта калып, Фрунзеге иштөөгө келдим. Динара экөөбүздүн карым-катнашыбыз күчөдү. Улуу жазуучунун өмүрлүк жары Асылгүл апа бар тарабы келишкен мээримдүү, боорукер жан эле. Өкүнүчтүүсү, үйүнө келген мейманга тамак-ашын жайнатып, мээримин чачкан улуу аял 1984-жылы каза болуп калды.

Түгөлбай Сыдыкбеков турмуштун башка салган оор кайгысын кебелбей көтөрүп, турмуш-тиричилигин өзү өткөрүп, тагдырдын катаал сыноосуна моюн бербеди. Динара белгилүү философ Арон Брудныйга тийип, жашоо-турмушун өзүнчө жөндөп кетти.  Арон Абрамович көптү билген, анан да анысын кызыктуу кылып айтып берген таланттуу окумуштуу эле. Университетте кафедра башчысы болуп иштеп жүргөндө мен ал кишини Илимдер академиясынан студенттерге лекция окууга чакырып, Динара менен биргеликте биртоп иш-чараларды өткөрдүк. Динаранын оорусу бара-бара күчөп, ден соолугу анча жакшы эмес болчу. Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармалары аркылуу кыргыз элинин өткөнү менен бүгүнкү турмушун кыйла терең, ар тараптуу билсем, Динара аркылуу анын сырт көзгө анча байкалбаган, те байыртан келаткан философиясын, улут уңгусун түшүндүм.  Арман дүйнө, өмүрү кыска экен, 2006-жылы Динара жаш эле бу жалганды таштап кетти. Менин университеттеги окутуучулук ишим партиялык кызматка алмашылып, арадан кыйла жыл өткөндөн кийин  Америкага элчи болуп кетип бара жатканымдын алдында Түкөм менен коштошкону 1992-жылдын жайында  барып калдым.

Кыргызстан ал кезде Союздун курамынан чыгып, өз алдынча өлкө болуунун татаал, карама-каршылыктуу, кызыктуу учурун башынан кечирип жаткан. Түкөм менен сүйлөшүп биртоп кеп-кенештерин уктум. Китептери шыпка тирелип тизилген кенен кабинеттеги чоң үстөл, даркан жазуучунун  жазгандарын кагазга шурудай тизчү машинкеси.  Бул  чакан эки кабат үйдүн ээси карылыкка, илешкен ооруга карабай чыгармачылык ишин улантып жатканы үстөл үстүндөгү үйүлгөн кагаздары айгинелеп турду. Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз тарыхы, маданияты, тили, өз алдынча мамлекет болуунун жоопкерчилиги жөнүндо кызыктуу кеп куруп берди. Мен ал кишини унчукпай угуу менен гана отурдум. Асылгүл апанын жоктугу кадимкидей сезилген ошол куттуу үйдөн бир кылымдын жакшы-жаман, чоң-кичине саясий-маданий окуяларына аралашкан, кыйласына күбө болгон акылдуу адамды угуп отуруунун өзү ырахат ко.

 Колунун калтырагы токтобой, улгайган жазуучу ооруп турганы, ден-соолугу анча эмес экени билинип турду. Бирок уулдары Аскар,  Сабыр, келиндери менен чогуу чай ичиштик, короого чыгып сүрөткө түштүк.  Кичүү уулу Сабыр кесиптештери арасында белгилүү архитектор. Сөз арасында Түгөлбай ата эгемен Кыргызстандын борбору Бишкекте кыргыз маданиятынын изи жок экенин өзгөчө бир өкүнүү менен айтты. Социализм заманында эч кандай улуттук өзгөчөлүгү жок коёндой окшош бопбоз үйлөр андагы Фрунзени каптап кеткенин,  башкалаада улуттук архитектуранын белгиси көрүнбөгөнүн ачык айтып, бийликтегилерге жакпай калганын билчүмүн. Улуу жазуучубуз алдуу-күчтүү кезинде эңгезер коммунисттик бийликтин бул жердеги төбөлдөрүнө тартынбай сын айтып, улуттук кызыкчылыкты апачык көтөрүп чыккан маселелеринин дагыле чечилбей жатканына кейип, нааразы экенине дагы бир жолу күбө болдум.

Түкөмүн турмушу күрөш менен өттү, анын оош-кыйыштуу тагдырын иликтесек: коомдук-саясий позициясынын ушунчалык бекемдигине кабылбай койбойбуз. 1970-жылдары Т. Сыдыкбеков көтөргөн маселелерге биз горбачевдук “кайра куруу” заманында кабылдык, тарыхыбызды кайрадан карап, тарых адилеттигин калыбына келтирүү, эне тилибизге мамлекеттик тил макамын берүү зарылдыгын ачык айта баштадык. Түкөм болсо анын баарын коммунисттик катаал учурда, те Оркон-Энесай жазууларынан баштап, байыркы кыргыз державасы, Махмуд Кашгари, Юсуф Баласагуни сындуу орток түрк аалымдарынын эмгектерин кыргызчага оодарып, кыргыздардын Түштүк  Сибирдеги тарыхын изилдеп үйрөнүү маселесин  койгон. Атуулдук эрдик деген ушул.

Мындай баатыр ойду тоодой бийик кишилер гана коё алат. Кылчайып артка жылбай козгогон маселесинин ишке ашышы үчүн аягына чейин туруп берет. Эңгезер маселелерди тоодой адамдар гана койбосо башкалар коюшу кыйын. Элге ополтоо эмгеги бар ушундай кишилер гана коюшу керек.  Жаңы муундарды ушундай адамдардын мисалында өстүрүшүбүз зарыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз