Ооз ачырган отоо сөздөр: Өлкөбүз «күлкүмүштүүбү?»

  • 09.02.2021
  • 2724

Мурда ушундай сөз бар беле кыргызда? Алгач бул сөздү “кайра куруу” мезгилинде уккам, мектеп окуучуларынан. Анда анча көңүл бурган эмесмин. Бишкекке көчүп келгенден кийин, эки-үч жыл болду,  көбүрөк уга баштадым.

Шаардыктар кыргыз сөздөрүн бурмалоо жагынан активдүү келет окшойт. “Кайра куруу” маалындагы жаштар чоңойду да... Эми алар да, алардын балдары да “күлкүмүштүү” сөздөрдү  айтып калды. Алсак: “балныйса, шкөла, наски, братан, братишка, апашка, аташка, пахан, доске, менин мужум (күйөөсү), турчук, жатчук, барчук, оа“ ж.б. толгон-токой “ералаш” сөздөр кошулуп жүрөт. Ошол отоо сөздөр эне тилибизди өгөй тилге айландырып жатат. Мамлекеттик тил макамына ээ болгонубузга отуз жылдан ашты. “Улутту улут кылган эне тили” деп какшап эле келатабыз, жыйынтык кана? Кайра артка баратабыз.

Мына, бийлик (дагы) алмашып, жаңы ажо жаңыча иштей баштады. Албетте, тилден башка да жүрөк өйүткөн көйгөйлөр толтура дечи. Эски (экс) ажобуз Акаев башын мыкчып айткандай:  “проблема чачтан көп...”

А мүмкүн өлкөбүз ордунан жылалбай “көтөрүм” болуп жатканы эне  тилибизге болгон мамиледен болуп жүрбөсүн? Үйдөгү баарлашуудан баштап, Жогорку Кеңешке чейин тантык болуудабыз. Балдар эле эмес чалдар да орусча сүйлөшөт азыр. Өзүбүздүн эле “псевдо патриот” аткаминерлердин, окумуштуулардын, жазуучулардын балдары орусча сайрашат. Бир ирет атактуу кыргыз мектеби “номуру бешке” барсам окуучулар өз ара орусча сүйлөшөт экен сыртта жүргөндө, класс ичинде гана кыргызча аракеттенишет окшойт... Орусча билгени эң сонун дечи. Атүгүл, англисче, кытайча, арабча сүйлөсүн кыргыздар. Бирок өз тилин билбесе шермендечилик да!..

СССРдин эрке баласы, Россиядан агарып-көгөргөн атактуу композитор Раймонд Паулс “кайра куруу” башталганда эле  латыш тилин өнүктүрүүгө активдүү киришкен, орус тили коргоого муктаж эместигин айткан. Ооба, дүйнөлүк тилдердин алдыңкы катарына кирген орус тили  эч качан жоголуп кетпейт. А кыргыз тили жоголушу мүмкүн... Демек, тил жоюлса улут катары кыргыз эли да... Кудай сактасын!  Бирок дүйнөдөгү көптөгөн этностордун канчалары жоголду жана жоголууда...

Атуулдук эне тилден башталат, тилин сүйгөн, тилин билген жаран  гана мекен үчүн канын-жанын берүүгө даяр!  Отко-чокко кирет... Коррупциядан жана мамлекеттин казынасына кол салуу деген балаадан алыс болот жана башкаларга да жол бербейт. Мекен үчүн талбай эмгектенет...

Эне тилибизге көңүл кош мамиле кылбайлык!

Авазбек ЖУСУПБЕКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз