Жакшылык жерде калбайт

  • 20.11.2023
  • 4544

Бул икая 19-кылымдын аягында реалдуу жашоодо болуп өткөн окуялардын негизинде жаралыптыр. Ал окуя көп жерлерде айтылып, ар кандай чыгармаларга да кирген. Бирок ушул күнгө чейин  адамдарды жакшылык кылууга шыктандырып, аппак сезимдерди ойготуп келе жатат.

Шотландиялык фермер токойдо келе жаткан. Бир кезде ал бирөөнүн жардамга чакырып жаткан алсыз үнүн угат. Ал тыңшай калып, үн чыккан жакка шашылды.

Алдынан чоң саз көрдү. Сазга бир бала чөгүп бараткан экен. Сормо саз баланы уламдан улам тереңдетип соро берди. Ал чыгууга аракет кылып жанталашып кыймылдаган сайын ого бетер чөгө баштады.

Фермер айланасын карап, дарактын узун, сынып кетпегендей жоон бутагынан сындырып балага сунду. Бала бутакка жармашып, фермер аны сууруп чыкты.

- Мен жакын эле жерде жашайм, - деди ал балага, - Жүрү, мени менен барып, кийимиңди которуп, жылынып ал.

- Жок, менин атамдын ачуусу жаман, ал мени күтүп жатат, - бала фермерге ыракмат айтып жүгүрүп кетти.

Эртеси эртең менен фермердин үйүнө кымбат баалуу карета келип токтоду. Каретада кымбат баалуу кийим кийген көрүнүктүү адам олтурган.

- Кечээ күнү уулумду сактап калган сизби?

- Ооба, мен жардам бергем, - деди фермер.

- Мен сизге ыраазычылыгымды билдирейин деп келдим. Каалаган суммаңызды айтыңыз.

- Мырза, сиз мени таарынтып койдуңуз, - дейт фермер. – Мен жөн гана ар бир акыл-эстүү адам жасай турган нерсени гана жасадым, ким болсо да менин ордумда ошондой кылмак.

- Балким мен сизге белек сатып берсем кандай болот? Менин сизге кандай ыраазы болуп турганымды сиз элестете да албайсыз.

- Негизгиси, балаңыз аман калды. Суранам, акча тууралуу сөз кылбай эле коюңуз, - фермер коштошуп үйүнө кирүүгө камданды.

Ошол кезде үйдөн бала чуркап чыкты.

- Бул сиздин уулуңузбу? – деди бай конок.

- Ооба, менин уулум Александр.

- Анда уулуңузду мени менен жибериңиз, мен аны Лондондогу эң мыкты мектептен окутуп, жатакана менен камсыз кылайын. Эгерде уулуңуз өзүңүздү тартса, жаман адам болбойт, менин сунушума макул болсоңуз эч качан өкүнбөйсүз.

Фермер баласын Лондонго жиберет.

Мектептен кийин Александр медициналык университетти бүтүрөт. Бул 1928-жылы пенициллинди ачкан британиялык дарыгер жана бактериолог Александр Флеминг эле.

А бай мырза лорд Рэндольф Генри Спенсер, фермер сактап калган баланын, атактуу Уинстон Черчиллдин атасы болчу.

Ушуну менен эле окуя бүтпөйт.

Уинстон Черчилль бир жолу эң оор формадагы өпкө оорусу менен ооруканага келип түшөт. Анын өмүрүн пенициллин сактап калган.

Кылган жакшылык жерде калбайт. Черчилль бул  сөздү дайыма айтып жүрчү экен.

Жакшылыкты көп жасагыла. Ал бумеранг сыяктуу балким сиз таптакыр күтпөгөн тараптан жана сиз күтпөгөн убакытта сөзсүз кайрылып келет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз