Талант талантты жаратат, талантты талант  коргойт

  • 22.02.2021
  • 3921

Самсак Станалиевдин “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” китебиндеги “Тамчы жаш” бөлүмүндөгү асыл ойлордон

*     *     *

Адам баласы бул жер үстү дүйнөнүн кызыксыздыгына жеткен кезде жер алды дүйнөгө кеткиси келет өңдөнөт.

*     *     *

Чыгарма жазылбайт, ал адам жанынын өзгөчө абалга келишинен жаралган Жараткан берер касиет. Акын менен жазуучу катардагы адам болгону менен алардын колдоочулары, башкалардын тагдырына буйрулбаган кудурет-күчү болот, ошол үчүн алар жазып жатканда өздөрүн да, бүт дүйнөнү да унутуп коюшат.

*     *     *

Каалаган чакта каргалар да бийик уча алат, а бирок эч убакта, эч качан бүркүттөрдөй тоо жаңырта бир буулугуп шаңшып, көктүн көзү болуп бийиктикке жетип, анан асмандан жерге атылган ок болуп аскаларга бой ура албайт.

*     *     *

Бул дүйнөдө суроолор адамдардан узак жашайт.

*     *     *

Тарых деген тарых, андай тарых сырын белгилүү топ гана түзөт.

*     *     *

Адамдын тагдырын адам жасайт.

*     *     *

Таланттарды арак менен аял гана жок кылат.

*     *     *

Элдин атасы элдин өзү.

*     *     *

Сүйүү деген эки жандын бир жанга, эки жүрөктүн бир жүрөккө айланышы.

*     *     *

Сүйүүнү сүйүү өлтүргөнү менен сүйүүнү сүйүү жаратат.

*     *     *

Адам табияттын бир бөлүгү, андагы кубулуштар адамда да болот, адамдагы өзгөрүүлөрдү, тагдыр-турмушундагы жамандык менен жакшылыкты, кайгы-муң менен жалгыздыкты жаратылыш да өз башынан кечирет. Бул адам менен ааламдын жаратылыш аркылуу байланышы. Ансыз жашоо жок.

*     *     *

Чындык издеген, акыйкаттан жаралган суроолор эч качан дартка чалдыкпайт, ошол үчүн алар издеген жоопторун табам деп жүрүп адамдардан узак жашайт.

*     *     *

Дайынсыз күлгөнгө караганда сүйүнгөндөн ыйлаган пайдалуу.

*     *     *

Жакшы адамдар жакшы нерсени жаратат, бирөөнүн жакшы ишин көрөт. Ага да Кудай берет. Кудай дегенди Кудай куру калтырбайт.

*     *     *

Чыгармачылык ишке атайлап, жасалма мамиле жасабаш керек, ал өзүн өзү жаратат.

*     *     *

Чыгармаңды башкага котортсоң, каныңдан жаралган өз балаңды бирөөгө бактыргандай, керек болсо берип салгандай болот. Биз чыгарманын жанын эмес, чыгарманын сөзүн которуп жүрөбүз. Кыйын болсоң жанын кыргызчалап көр. Ал оңой менен которулбайт.

*     *     *

Чыгармачылыкта андай жаз, мындай жаз деген устаттан башка да көзү эбак өтүп кеткен устаттар болот. Алар чыгармалары менен устат болушат. Өздөрүнүн тагдыр-турмушу да, чыгармалары да сага түздөн-түз таасир берет, шыктантат, кумарлантат, жакшы жазууга, изденүүгө дем берет.

*     *     *

Жакшы чыгарма жаратсаң сен өлгөн менен ал сени өлтүрбөйт, бир эмес, эки өлсөң да жашай бересиң.

*     *     *

Адам психологиясы, жашоо-турмушу тагдырынын эркиндик үчүн күрөшкөн карама-каршылыгынан жаралат тура.

*     *     *

Адам деген бул дүйнөгө өмүр сүрүш үчүн, улуу күн өлүм үчүн келет экен. Өлүм сага келгенден кийин сен дагы түбөлүктүүлүккө айланасың.

*     *     *

Адам тагдырын адам сыйлайт экен, тагдырдан жаралган күнөөнү эл көтөрөт экен.

*     *     *

Жакшы чыгарма адамды кайра жаратат, көңүлүңдү көтөрөт.

*     *     *

Багы тайган адамга жаман сөз айтылбайт. Жарадар баатырга кол салган менен барабар.

*     *     *

Жакшылык менен жамандык адамга дос да, бир тууган да, анан сөзсүз түрдө душман да таап берет.

*     *     *

Жараткандын жарыгы өчпөйт, өлбөгөн жандын үмүтү өчпөйт жана эмгек өлбөйт.

*     *     *

Чыгармачылык менен илимде бир жакшы, чындап жаңылык алып келген эмгек жаратсаң душманың өзүнөн өзү эле жаралат. А эгер сен ортозаар нерселерди жаратып жүрө берсең, анда бүт баардыгы: досуң да дос, тууганың да дос, душманың да дос болуп жүрө берет. Анткени сен эч кимге тоскоолдук кылбайсың, зыяның да жок, атак-даңк, сыйлык-наам, кызмат-даража талашпайсың. Кайра сен тигилерге ошондой кездерде пайдаң тиет, тагыраагы пайдаланат.

*     *     *

Поэзия жүрөктөн жазылат, аны таштап коюуга болбойт.

*     *     *

Жер үстүндө, бул жашоодо сүйүүдөн башка Кудай жок.

*     *     *

Турмуштагы ар кандай жаңы нерселердин жаралышы күтүүсүздүктөн жаралат.

*     *     *

Таланттар гана таланттарды таба алат, өзү кор болуп, трагедиялуу тагдырда турса да колдойт. Талант талантты жаратат, талантты талант  коргойт.

*     *     *

Өзү бир дем менен жазылган чыгарманы кайра оңдогондо, алымча-кошумчаларды  киргизгенде  анын жаралыш мезгилиндеги  табияты, эстетикалык касиети бузулат. Өзүнөн өзү жаралган текстке атайын зордоп киргизилген, атайын жасалып жазылган тексттерди кошкондо  сүт да эмес, сууда эмес, кымыран болуп калары чындык.

*     *     *

Жакшы жазуучу Жазуучулар союзунда эмес, жакшы чыгарма жазып иштеш керек, ал эми Жазуучулар союзу деген дал ошол жакшы чыгарма жараткан жакшы жазуучулар менен сыймыктанып жашайт.

*     *     *

Адабият адамды тарбиялайт.

*     *     *

Өлбөстүк үчүн, түбөлүктүүлүк үчүн жан берип, анан бүтүндөй бир элдин, бүтүндөй жарык дүйнөнүн ыйык сөзүнө айланып, эскерүүсүндө жашап калган адамдарды өлдү дешке болобу?!

*     *     *

Адам төрөлгөндө адамдын улуулугу жаралбайт, улуулук менен өлбөстүктү, адамдын адам болушун адам өзү тагдыры менен турмушунан жаратат.

*     *     *

Сүйүүнүн күнүн сүйө билген жан билет.

*     *     *

Генийди гений гана сактап калат.

*     *     *

Күндөр кайрылбай кетсе да, өткөндөр менен кеткендер  эс-акылга жан берип, эскерүүдө жашай берет.

*     *     *

Күн менен айдын алдында карагай жалгыз, андан кийин жер жалгыз жаралган экен го.  Бул үчөөнүн жалгыз экенин билген адам да жалгыз. Ошондуктан өз маалында өлгөндөр гана бактылуу, ошолор гана армансыз.

*     *     *

Сүйүү дегендин өзү өмүр байкушка кызылдай эле зыян, ал адамды акыры түбү өлтүрүп тынат. Ошол үчүн сүйүү деген ар дайыма  мен сага бакыт тартуулайм деп айтат, а бирок ал сени канчалык ошентип ишендирсе, адамдарды ошончолук көп жок кыла берет.

*     *     *

Бирөөнүн сүйүүсүнө кул болгон адам эч качан, эч убакта бактылуу болбойт.

*     *     *

Адам деген тирүү турганда өзүн өзү унута алмак беле.

*     *     *

Өлүмдүн улуктугу болгону  менен бир алсыздыгы сөзгө колу жете албайт. Өлүмдөн кийин өлүм жок экени ырас болсо, анда сөздөн кийин сөз да бар. Сөз адамды, адамга Кудайдын өзүн жараткан.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз