Абдиламит Матисаков: Далдалчынын уулу

  • 19.02.2021
  • 3615

АҢГЕМЕ

Сөлпүк уулун жанына алып, Өсөр чал мал базары кызыган ченде келет. Эл сыңары жетелеген малы болсо бир жөн. Куру кол келип, куру кол кайтат. Базарга жете албай жатып, мал жетелегендерге оропара бак-бак унчукмай чалдын адаты.

- Токтуну нечеге алдың? Базар жөндүүбү? — Тааныбаган ооз учунан бирдеме демиш болуп өтөт. Чалды базар-учарда көрүп жүргөн жолун тосуп, жандыгын дагы бир көз соодадан өткөрмөккө туура тартат.

- Өсөр ака, базар көргөн адамсыз. Чамаңызда токтунун баасын канча дейсиз? — Чалдын жообу удаа чыгат.

- Эки жүз он. Ашык-кеми жок.

- Баракелде, баа үстүнөн чыкты! Пулун таап гана айттыңыз.

Өсөр чал суроосун жаңыртат.

- Андан көрө, базар жөндүүбү?

- Базарга мал шыкалып чыкты. Жандык жаныбар — пул. Күздө той көбөйөт эмеспи. Мүйүздүү мал да серап түштү. Бу сааркы соодадан кечигипсиз го?..

Өсөр чалга эки ооз сөз жетет. Арымын кере-кере шилтейт. «Базарды өткөзүп ийген экенбиз ээ». Кейиштүү башын чайкайт. Катарында аскелдек аткан сөлпүк уулу бар.

Соңунан күбүр-шыбыр сөз калат...

- Мусурман ээ-э, баласын бирдей ала жүрөт.

- Далдалчылык өзүнөн ашпагыр десе, аны да үйрөткүсү бар го...

- Өзү бармактайынан мал базарда чоңойгон имиш. Малды бир караш менен нак баасын бычып, салмак, илдетинен өйдө айтат. Канына сиңген кумардуу ишке айланса даба жок да...

- Далдалчылыкпы?

- Ии...

- Бекер сөз. Өсөр чал далдалчылыкты эрмек көрөт. Өз оозунан эшиткендер бар экен.

...Жетелеген малы жок, ээрчишкен ата-бала базарга шашат.

Кээде аны далдалчы деп чакырышат. Өөн көрбөйт. Кайра ага курсант. «Эрмек иш экен. Эки адамдын көңүлүн табыш чекене ишпи?...» — деп жарпы жазылып, эки ооз сөзүн айта жүрөт. Базарга каттабаган аны билеби. Кыйгачтап, ары тоотпогон таризде: «Адам ээй, беш, он сары чака үчүн саардан-кечке жаман-жакшы айтышып, сакалдуу башын кичик кылып не кылат. Тиричилиги өтпөй калса да ошо ишин койбойбу десең...» Өсөр чал ага окшогондордун чекесине чыйкан кылып минтип коёт. «Мынабу бокмурунду далдалчылык кылып, ширинкенеге[1] баккам».

Аттокуру терикпейт. Теригип эмне... Атасынын өнөрүн базар сайын көрөт. Катарлаша соода бычкан учурлары азбы... Томураңдап базар аралай жүрсө сурап калышчу. «Эй кимдин уулусуң? Атасынан адашып калган го». Аттокур ийменишти билбейт. «Өсөр чалдын» дечү. Кайра сурашат. «Кайсы чалдын?» Эми баланын сөзү түз. Эл айтканды айтат. «Өсөр далдалчынын!» Дароо таанышат. Баланын камээк жообуна, кирсиз дүйнөсүнө күлүп калышат. Мал базар Аттокурдун кызыгына айланды. Буркан-шаркан түшүп, атасы мал соодаласа анын тымызын кумары козголот. Балалык ышкысы өзүнөн-өзү күүгө келет. Мал ээси менен кардар көңүлү кайчы кеткенде нечен түйшөлүүдөн өтөт. Эки ниетти эбиз-жабыз келтирүү Аттокурдун оюнда барып турган тозок иш. Кез-кезде соода учу таптырбай буту талып, байымы түгөнгөндө атасынан четтей берет.

Базар күүлдөйт. Өсөр чал элди жирейт. Жаңы кардар, жаңы соода табыла берет.

- Бар береке, бар береке! — Өсөр чал мал ээсинин колун силкет.

- Жок, жок. — Мал ээси макул эмес. Кардар баа кошот.

- Бар береке. Чал экөөнүн ашташкан колун силкет. Калыс баа табылсачы. Кардар баа жаңыртат. Мал ээси баш чайкайт. Өсөр чал баа кошот.

- Бар береке! — Мал кармагандын чыдамы чарт жарылат.

- Береке тап! Бердим, бердим колумду коё бериңизчи, Өсөр аке! Бердим дебедимби.

Эки тарап далдалчыга акча санатат. Бул илгертен салт.

- Напма-нак. Кол алышып койгула! — дейт Өсөр чал. Кардар эми кежир мүнөз, жанынан тойгузуп ийе жаздаган мал ээсинин колун сыга кармайт.

- Бар береке! — Жаны ачыган тиги:

- Жакшы бак,— дейт оозу учунан. Чал күтпөйт. «Базардын барында үлгүрүп калайын» деп шашат. «Өсөр аке, каякка кетти. Куюн эле тоббо кылдым. Ширинкенесин албайбы...» Өсөр жаңы кардарды жанына алып мал көздөйт.

* * *

Аттокур базар аянтындагы дөңсөдөн атасын издейт. «Бир көр, эки көр, үч көр... он көр... Көрдүм!» Өсөр чал куйругу кучак келген айча бел кочкорду тооруп калган. Оң кашынан өйдө бармак басым калы бар адам элден кызганабы, кочкорун далдаалайт. Базар аралаган көпчүлүккө табылбай калды. Улам бири келип, алса-албаса да кочкордун белин басып, куйругун салмактап, тишин байкайт. Кочкордун бели ийилсе өзүнүн бели ийилгендей жилкини куруйт. Өсөр чалдын кочкорду тооруп калганында кеп бар эле. Мал көзгө тааныш. Ушул базардан көргөн. Качан?

Шеги күчөдү. «Эсиң менен куруп калгыр. Аа, эстедим, эстедим. Бу кочкорду ак-чабуулук бала сатпады беле. Соодасын өзүм бычкам. Көрбөйсүңбү, кайра базарга жетелептир...» Элдин көзүнчө кочкор ээсин беттен алды.

- Бу, Кадыр баатыр, сенин да алып сатарлык пейлиң бар беле!? Бул кочкорду үч базар мурда, «союшка жарайт, алып бериңиз» деп жабышканыңда соодалап бербедим беле. Эми изин суутпай базарга, садагасы кетейин, көпчүлүк алдына алып чыкканың кандай? Оо, бейнысап десе. Тарт нары...

Кадыр жеме сөзгө шашып калды. Кочкоруна эңкейимиш болуп, чулдур тилинде бирдеме демиш болот. Жалтаң карап, уяты бетин дуулдатат.

«Киши эмес го бу. Айтышсаң абийриң калабы... Бирөөнүн малы менен иши эмне экен. Тынч ширинкенесин чогулта бербейби, кысталак, дагы мал сүрүштүрүп коёт». — Баятан чоң соода күтүнгөн топ четинен жайыла берди. «Алып сатар, нысапсыз болсо, малынын мазеси болобу...» Далдалчыдан апси жеп ылажысы куруган Кадыр кочкорун жетеледи. Дарбазага жеткизбей базарком жолун тосту. Ызага муунган неме кепке такаат кылгысы жок.

- Соодасы болгон жок. Сатылбады деп атам!..

Базарком буга болгон жок. Кочкордун жибине асылып, бура бастырбады.

- Саттыңбы, алдыңбы ишибиз жок. Мал базар аянтында турду. Теңгесин таштай чык. —Колтугуна балдак кыскан, энделек баш базарком чек кыркканга уста. Базардын туш-тушунан мал кирет. Бут коёрго жер калбай барат. Базардын билгенге өз күүсү бар...

- Өсөр аке! Өсөр акем каякта жүрөт. Ким көрдү? Эй бала, түш бери дөбөдөн. Атаң каякта жүрөт. Бас, таап кел! — Карала май, чеке зымы чыгып, тегерек айваны эптемей болгон тор калпакчан неме Аттокурду атасын каратканы жиберди. Өзү козу ээрчиткен койду оромоттой калды.

- Чакырып атат. — Бала атасын жеңден тартат. Чал тумшугун улам чүйрүп, куйругу чымын-чиркей жазгаган өгүздү көз соодадан өткөрүп турган. Уулунан «ким» деп сурабайт. Үндөбөй соңунан басат. Жигит утурлап алды.

- Ака, келиниңиз козулуу кой алсак дегенде эки көзү төрт. Бүгүн да какшап калган. Өзүм көр соода, базардын өйдө-ылдыйы менен ишим жок нерсемин. Көңүлүңүзгө туура келсе, шу койду козусу менен содалап бериңиз.

Козулуу кой деп ак эткенден так этсе, зайбы тукумуна кызыгып, менчикке кошолу деген ою бар экен. Өсөр чал оюн улап, сөз козгоду.

- Сага жайдары койдон артыгы жок, үкөм. Бу койдун козусу далил экен. Күзгө жетпей энесине теңелет. Ала бер. Келин баладан кеп укпайсың. — Кой чалдын айтканынча бар эле. Баяраакта бул койду алыстан көрүп, өзүнчө чоттоп койгон. Жарашыгына карабай сары көйнөгүнө балык жоон кызыл, жылтырак галстук байланган, пекене бой жигит койдун жибин колуна орой, бир сөзүмдө турам дегенчелик келип-кеткендерге салкын тигилет. Зарыккандан улам базарга мал алып түшкөнү байкалат.

- Ашына, козулуу койго канча берелик. Ак сүйлөчү.

Чалдын жумшак мамилеси жигиттин көөнүн ачты. Дилинде нечен ирет кайталаган бааны айтканда далдалчы анын базарга камээктигин дароо биле койду.

- Эки жүз элүү де... — Өсөр чал сөздү кайталап алды да чакчасын сууруп алаканына насывай төктү. — Козулуу коюңду эки жүз сексен сомго алабыз.

Жигит энесин тегеренген козуну кармай калды.

- Пулуна чак мал экен. Кана, кардар турба, пулуңу сазда. — Тор калпакчан сөздү эки кылбайт. Кой жаңы ээсине ык албай турду. Адилет сооданын ызаатын кылып, эки тарап сөлкөбай сунду. Чал жок дебеди. Адыраңдап кой жетелеген жигитке акыл айтат.

- Козулуу кой береке, үкөм. Жакшы баксаң, корооңду толтурат. Дилинде болсо «бешенеси ачыктын соодасы да шыр жүрөт»,— деп койду.

*   *   *

Аттокур базарда атасынын бир да сөзүн жаза кетирбейт. Көргөнүн көңүлгө, укканын көкүрөккө түйүп калат. Мына, Өсөр чал колун жалап, сүзгүлөгөн кочкорду имерет. Азыр «кай жердин малы» деп сурайт. «Кара-Таш жайлоосунда жүргөн» деди мал ээси. Өсөр чал токтогон жерде көпчүлүк да токтойт. Далдалчынын сөзү — алардын сөзү.

- Кочкорго канча сурайсың? — Өсөрдүн суроосуна тегерек кулак түрөт.

- Үч...

- Үч жүз де! — Далдалчы мал ээсинин сөзүн тууралайт.

- Мал алчуулар барбы?! — Көпчүлүк жайыла берди. Сүкүт салып бир ууч адам калды.

- Акыры, мал алганы келгенсиңерби? Же тамашагабы? — Сөздү бүтүрбөй эски солдат көйнөгүнүн сыртынан ничке жип байлаган адам топтон суурулду.

- Союшка мал көздөсөм түзүгүрөөгү көрүнбөйт. Шу кочкор жарайбы деп өзүм да кылчаңдап тургам. Өсөр аке, көздүү адам элеңиз...

- Тайсалдаба,— деди Өсөр чал,— союшка куп жарайт.

- Эки жүз алтымышка болсо ынадым... — Ал айтаарын айтып, кочкордун ээсин демите карады. Топ далдалчынын оозун тиктейт. Далдалчы сөз жиреди.

- Эки жүз жетимиш беш! Бар де! Бар береке! — Малдын ээси тоң моюн. «Береке тапка» көнбөйт. Бири баага ыраазы, бири нааразы. Өсөр чалдын кулагына базар күү чалат. Төбөдөн күн сызгырат. Төбөдөн буу көтөрүлөт. Чалдын үнү шаңкып чыгат. Далай сооданын ажаатын ачып, жолдуу чыккан далдалчы түк шашпайт. Баа үстүнө баа кошот.

- Бу соода имне болуп калыптыр. Кана бар де! Эки жүз сексен беш. Бар де! Кочкордун пулу ошончо болор, куп де! - Тажик топусу желкесине түшкөн кодогой бой неме ушул сөздү күткөндөй ашташкан колдорду «бар береке!» деп силкти да, кочкордун жибин чечти. Жанатан бери суу уртап алгандай лам деп ооз ачпаган неменин сөзүн көрүп ал. Жаагы тынбайт. «Нанды канча берсең жей берет. Жемге сугалак. Канааты жок». «Үркөт окшойт?» «Кезүүгө кошулбай, өзүнчө багылган мал ошол да». Кочкор суктангыдай бар эле. Бели түз. Баскан сайын куйругун чайпайт.

- Пулду эсептеп бериңиз. — Далдалчы беш бармагын тилине жанып, акча санайт.

- Толук. Өзүңөр да тактап алгыла. Мындай иште этият болгон жакшы. — Кодогой неме акчаны төш чөнтөгүнө салып, измелик[2] менен төөнөп койду. Анан улам ойкуштап, кетенчиктеген кочкорду куйругунан түрттү. «Бар жаныбар, керегине жарап бер. Бар жаныбар...» Далдалчы күтмөк беле. Бая эле базарга суңгуган...

*   *   *

Аттокур дагы эле базардагы дөңсөөдө отурат. Чарчаса ушул жерге келет. Базар күүлдөйт. Эл кымгуут. Алма ыргытсаң жерге түшпөйт. Бери четте ак чач кемпир токол эчкисинен көз албай наймаңдап нан чайнайт. Көңүлү келсе нандан сындырып эчкиге тутат. Улагы оюн салып, саал алыстады «чү-чүлөп» жизибайраны чыгат. Тумшугун обого созуп мөкүргөн бука сатылды окшойт. Жоон топ кошо сүрүлдү.

Чалдын шашке болгону менен иши барбы. «Өсөр аке, козу керек», «мага бычмал...» «жөндүүрөөк соолук болсо, караштырып бериңиз». Жолун тооруп, кошо жүргөндөрдүн биринин да көңүлүн калтырбайт. Айтканы айткан жерде табылса, эл төбөсүнө көтөрбөгөндө ким көтөрөт. Эл арасы суюла баштаганда Аттокуру эсине түшөт. Күндөн көзүн калкалай дөбөдөгү уулуна кол булгайт. Бала тызылдап келет.

- Кетебизби!?. Курсагым ачты. Элдин баары кетишти го...

- Кызыгың тез эле тарадыбы? — Чал баланын чачынан жыттап койду. Ал эртеден берки чарчоосун кандыргандай болду. — Аттокур, бери карачы, мынабу бөкчөңдөгөн чалды көрдүңбү. Ии, кой жетелеген. Бу бечара келерки базарда келип убара чекпесин. Малын сатышып берелик. — Коюн жетелеп, базардын тиги четине бир, бул четине бир чыккан бүкүрү чалды Аттокур эрте менен көргөн. Ага бирөө-жарым көңүл бурсачы. Баары эле айланып өтөт. Малыңды көрмөмүшкө салса, мукураганың ошо да. Ысык аптапта адебин жеген чал араң ыргалат. Кой катуу булкунса эле дарманы качкан колдон зуу суурулгудай.

- Садагасы кетейин, элди кут басып, мал көбөйгөн маал. Мал алса, тандап алат. Чалдын кою түзүк эле. Аңдашпаса бекер да. — Ата-бала чалга жакын келди. — Бу койду дурус баккан эмессиз го?.. — Өсөр адатынча калпагын желке тушка жылдыра берип үн катты. Чал үндөгөн жок. Кулагы катуу экен. Кою өзүнө окшоп, жоош тынч турду. Чалдын кулагына: — Келген баасына сатып жиберели! — деп кыйкыра сүйлөдү. Укту окшойт, жүзүнө кызыл жүгүрдү. Доошу каргылдана эртеден бери биринчи сүйлөгөнү ушу окшойт.

- Малды көздөгөн бирөө-жарым болбосо ушул экен. Кемпир экөөбүз өзүбүз менен өзүбүз. Мал караш кайда? Армиядагы баланын келер маалы. Союш камдап турбасак деп, кемпир түшкүр, тынч жаткызбайт. Бу кара жолтойду сатып, кийинки базар семиз козу карасамбы дегем. Соода сааты кетенчиктеп... — Бели эңкейиңки, үлдүрөп сүйлөгөн чал Аттокурга жомоктон чыга калгандай сезилди.

- Коюн сатып берчи. — Бала атасын жеңден тартат.

- Шүк тур, сатабыз. — Кокустан эле Өсөр далдалчы заңкылдап кирди. — Оо, калайык, жайдары кой алчууңар барбы?! — Анын үнү базардагы толкуган калың элдин көңүлүн бурду. Койду ортого жетелеп чыкты.

- Бу кой союшка да жарайт. Менчикке кошуп, жылда төлүн алам дечүлөр болсо андан саз. — Бүкүрү чал сөздү эшитип турду. Эмне демек эле «бул туура айтат» дегенчелик көпчүлүккө баш ийкейт. «Сатам деп жетеледим да. Базарга мал көп түшөрүн кайдан билдим. Сатам деп жетелегемин да...» Анын кургак эриндери бир сөздү улам кайталайт.

- Коюн сатып берчи... — Бала атасын жеңден булкат.

- Шүк тур дейм. Бала деген баладай эле болсо...— Өсөр чал көпчүлүктүн оюн окуйт. «Далдалчы чалдын коюна мынча эмне имерчиктеп калган?..» Далдалчы сөздү кайра алды.

- Багуусунан аз-маз өксүтүп койгон. Көздүү адамдын колуна тийсе барбы, төөдөй кылып бакмак, не дейсиңер? — Анын кеби «араңарда алчуулар барбы?» деген сөздү камтый чыккан. Тургандар үндөшпөйт. Чалдын ыраңындагы кызыл аз-аздан жоголуп баратканын зирек бала байкады. Ушул кез ал көп акча кармагысы келди. Адам жүзүнөн жарашыктуу, жакшылык жышаанын өчүргүсү келбеди. Айла жок. Кыялга салып, байбача болгонуң бекер да...

- Өсөр ака, бакса болгудайбы, илдети бардай көрүнөт да. — Эңкейе койдун чатына кол созгон адам өйдө болду. — Желини да билинбейт.

- Тоо малы илдеттен сырткары. Багуусу жарашса мал деген семирет. Ала турган болсоң ыргылжың болбо, ашына. Адашпайсың, кана, колуңду берчи. Далдалчы кардардын күрөктөй шадылуу колуна чалдын арык, сөлү качкан колун кошту.

- Соода бир сөз менен бүткүдөй болсун, мамаданичиликти жактырбайм,— деди аларман. Чалдын көзү балбылдай түштү. Ал далдалчыга сөз оодарды.

- Базар башы Өсөр не десе ошо. Айтканын эки кылбайм. Экөөбүзгө тең калыс адам. — Кардар ынагандай. Жандыктын баасын бир караш менен бычкан неме ойлонот беле. Болгонун-болгондой айтты.

- Жүз алтымыш. Азайткан да, көбөйткөн да жокмун. Бар дегиле, береке тапкыла! — Сооданын ажааты бир сөз менен бүттү. Аттокур чалдан бешбетер сүйүнүнүчүн жашыра албай ордунда тегеренет. Тигилер акча санап жатканда чал коюнан көз албады. Моюнундагы жибин чечти да белине ороп алды. Жамажайына кол салып, шилекейин колтугуна сүрттү. Күбүрөнүп, бата кылды. Чалдын сунганын Өсөр алган жок. Анын ордуна:

- Базарга келип туруңуз. Бул жерде күчүңүзгө-күч кошулат,— деди. Жооп ордуна тиги Аттокурга баш ийкеди.

- Уулуңбу? Базарга ээрчип көнгөн го. Жакшы кыласың. Эл көрсүн...— деди. Чал балага жылдыздуу көрүндү.

*   *   *

- Зериктиңби уулум? — Өсөр базардан кайткан жолдо боорукер сурап коёт. — Суусадыңбы? Азыр дарбыз жейбиз. Баягыдай... — Аттокур «баягыдайды» билет. Чоң дарбызды экиге бөлүп «кесе» кылып жешет. Салкын чайканада суусун кандырып, анан базар аралашат. Сооданы ата-бала китеп дүкөндөн баштайт. Дүкөнгө баш бакканда Өсөр чал өзүн мал базарда жүргөндөй сезет. Сатуучу кыздарга доош кылат.

- Жакшыбы, кыздарым, жаңы китеп түштүбү? Өткөн базар алган китебиңерди окуп түгөттүк. Кана, уулум, карап чыкчы. — Аттокур кыргыз китептер бурчу тарапка шуңгуйт.

Кыздар чалга узакка күлүп жүрүштү. Такай кирип жүргөнгө кийин көнүп кетишти. Эми дүкөндүн сыйлуу адамы. Ызааттап тосуп, узатышат.

- Сиздерге китеп түтпөйт окшойт,— деди дайыма китеп окуп отурчу кыз,— келип-кеткениңерден бир апта өтө элек. Экөөлөп окуйт окшойсуңар. — Чал карс-карс күлөт.

- Кайдан, кызым биз тамга тааныгандан кеч калбадыкпы. Бала окуйт, мен угам. Экөөбүзгө тең кызык. Китептин да кумары болот турбайбы. Ылаажы жок... — Сатуучу «жаңы китептер бар» дегиче колтугуна китеп кыскан Аттокур чыгат. Өсөр чал чыйбаркыт шымынан капчык сууруйт.

- Санагылачы канча болот экен. «Курманбектен! (эпосту айтып жатат) дарек жокпу?.. — Чот каккан кыз баш чайкайт...

*   *   *

Аттокур китеп көрсө, кыя өтпөйт. Мектепте да намыскөй. Үйдө болсо, сабагын бышыктамайын колуна китеп албайт. Өзү шар окуйт. Кыраатына салып, үнүн артисттердикине да окшоштура кетет. Мунусу Өсөр чалга майдай жагат.

- Муну, муну кара, бок мурундун кыйынсынганын. Көөнү тутса түзүк эле... — дегенде Аттокур кыраатынан мүдүрүлөт.

- Жөн уксаңыз, ата. Антсеңиз ичимден окуйм,— деп кыңырылат.

- Ой-ой палваным, мактап койсо мардайып коркутканын... Ботобайдын сары кызы сенден шар окуйт деп угам. — Бирөө оозун тырмагансып Өсөр чал ушул сөздү айтып ийет. Аттокур лык дей түшөт. Эр болсоң таарынычын жазып ал. Ботобайдын кызы Зыйнат баланын атаандашы. Сабакта бири жооп берсе, экинчиси кол көтөрөт. Бири «беш» алса, экинчиси да... Төртүнчү класста мектептин Ардак тактасында экөөнүн тең сүрөтү илинди. Аттокурдун сүрөтү бир сөөм ылдый. Жыл башында анын сүрөтү өйдөдө эле. Балалык намыскөйлүктү кара. Зыйнат үйүнө ыйлап келет. «Аттокурдан эмнем кем, сүрөтүмдү ылдыйга илишиптир. Анын колу калтырак. Сүрөт сабагынан «үчү» бар»... Ботобай мектепке бастырып келип, кызынын сүрөтүн өйдөгө илдирип кеткенин укканда Өсөр чал санын чаап ыкшый күлгөн.

- Ой, мусурман ой, жаш баладан бетер иш кылганын. Балдардын кимиси кыйын, кимиси чабал окуткандары билет да. Тактайга илинди, анын өйдө-ылдыйы болот бекен, пендебиз да... — деп Аттокурун далыга таптаган. — Мактаган кызды тойдон көрөбүз. Дайыма эле кызына өйдөдөн орун берип турмак беле.

Ал окуянын эстен чыкканы качан...

*   *   *

Ата эрте ойгонот. Баласынын кулагына аста шыбырайт:

- Китеп базарга барасыңбы?

Баланын көзү умачтай ачылат.

- Азыр турам.

Турат. Термостогу чайдан бир чыны ичип, сындырым нанды кармап, атасынын соңунан түшөт. Таң жаңыдан сөгүлүп келаткан болот.

Өсөр чал бул жолу да базарда чабалекейдей кайкып жүрдү. Кармаган соодасын шыр бүтүрөт. Өзүнөн-өзү көңүлү ачылат. Жүз таанышына кол берип, жүзү менен сурашып кобур-собур. Бейбазар күндөрү да ага малдын жаңы түшкөн корголу жыттана берет.

Көпчүлүктү жиреген чал серке кармаган Ботобайдын дал маңдайынан чыкты. Салам айтты. Шыр өтө бербей ак көңүлүн карматып, азил таштады.

- Серке кармаган неме көзүмө эле жылуу учурайт. Ким десем, Ботобай сен белең. Эчки жетелеп зарыл келдиби?.. — Жанындагы чыбык кармаган кызын көрүп, сөзүн көбөйтпөдү. Ботобай укмаксан. Ага кырын салат. Өсөр деле сүзүп өтө бермек. Серкенин кардары чыга калбаспы... Булардын мышык-чычкан мамилеси менен иши барбы...

- Өсөр ака, серке баасын бычып бериңиз,— деп сөз оодарды.

Кардар көңүлүнөн өтө албаган далдалчы буйдалды.

- Серкени саталык, Ботобай. Кардар көңүлү жарашса ушуга бер. — Мелтиреп кыйгачтаган неме корс.

- Сатпаганда имне, көрккө кармап турат дейсиңби. Бу бок жыттанган базарыңда мүнөт дагы тургум жок. — Какшыкчыл Ботобай Өсөргө сөз тийгизди. Ал бу жолу да кардар көңүлүн сыйлап, кычык сөз чубаганды туура көрбөдү. Чатак учун аттатып сөз салды. Ботобай чорт тийди.

- Жүз сексен. Сурай берсин...

Баа кымбат эле. Кардар аны кайдан билсин. Жаш. Чөнтөгүнө кол салды. Баага кайыл. Бер дегенди бергидей. Ушундай да көр соода болорбу. Базар көргөнбү. Тоорушпайбы?..

- Шашпа, уулум! — Өсөр акча сууруган жигиттин көкшүнүн суутту. — Баа кымбат. Серке картаң. Гөшү катык. Адыр чөбүндө жүргөн мал да. Жүзгө берсе алабыз. Андан бир тыйын ашты, ашыкча.

Ботобай түтөп кетти. Кардар колун суутканы аз келгенсип, малына акаарат келтирип жатса түтөбөгөндө... Чыңырып ийди.

- Эй бекерпоз, оозуңа карап сүйлө. Биринчи малды багып көр, түйшүгүн тартып көр. Анан базарда туруп баа бычкын. «Башы оорубагандын кудай менен ини жок» болуп... Гөшү катык дейт имиш. Муну кара!— Түнөргөн Ботобай тек койсо жакалашууга даяр. Далдалчы токтоо. Басса басып деле кетмек. Анткен жок.

- Сен көп эле алкына бербе. Серкеңди көргөндөр бааласын. Базардын көзүн көр дейсиңби. Көрүп-билип турат. Баага ынай бер. — Серкени алам деп күүлөнгөн кардар ортодогу кептен тайсалдай түштү. Серкенин мүйүзүнөн кармаламыш болот. Малдын асылын неден билерине башы маң. Малга аралашып өспөгөндүн кылаары ошол да.

- Өсөр ака айткан баага берсеңиз серкени жетелеп кетем,— дегенинен далдалчы Ботобайды колдон алган.

- Бар береке!

Тиги колун силкти:

- Турчу нары бакшы болбой. Сенсиз соодам жүрбөсө жүрбөй калсын. Баятан бери айтпаганды айтып, ак мокотуп бүттүң. Базарга ээлик кылгандан уялып да өлбөйт, кысталак. Ким алат, ким коёт анын насиби билет. Бар, ишиңди кыл. — Далдалчы терисине батпай кетти. Демейде мындай кеп укпаса. Алынып барып токтоду.

- Асылбай сүйлө, шалдаакы.[3] Имне, атыңды айры, изиңди ийри дедимби. Кардар үчүн гана калыс кебимди айттым. Кеп мал жөнүндө болуп атат. Начарды начар, жакшыны жакшы дейт. Мындан кийин базарга жарашкан мал жетелеп жүр. Жакшы айтканды билбеген кем акыл десе... — Өсөр чал бурула берип көзүнүн кыйыгын салып тарынычтуу тиктеген Зейнепти көрдү.

- Ата, кетели, жүрчү... Аттокур ушул жерде экен.

*   *   *

Зейнеп менен Аттокурдун эрегиши күчөдү. Бир күнү ал табарсыктай «тарс» жарылды. Чырдын башы жаратылыш үйрөнүү сабагынан чыкты. Ага Жалал агай себепчи деп айтуу кыйын. Ал үй жаныбарлары жөнүндө түшүнүк берип, окуучулардан суроо күтүп калган. Сөздү Зейнеп алды.

- Агай, митис кой базарда канча турат? — Мугалим күтпөгөн суроого анча маани бербей айылдыктарча корс жооп берген.

- Аны Аттокурдан сурагыла. Мал базарды жакшы билет. — Аттокурдун жүзү тамылжый түштү. Балдар-кыздар ага туш-туштан сөз ата башташты.

- Агай, ал мектепти бүтсө эле далдалчылык кылып, базарга кеткидей... — Зейнептин үнү чыңкылдайт. Өткөн жолку мал базардагы жаңжал көкүрөгүндө жүргөн окшойт, ага табылбай калды. Класс дуу күлөт.

- Аттокур козу-улактын соодасын ышкыртат экен...

- Атасына кардар издеп жүрүп үйрөнгөн да... Шакаба балдарга табылбай калды. Дуулдап кээси ата-энесинен укканын айтып, жарышат.

- Атасы «накта ширенканага баккан уулум» деп эркелетип жүрбөйбү... — Зейнептин күлкүсү Аттокурдун дене-боюна чалкан болуп чабылат. Кыжыбасы кайнап чыкты. IIIарт туруп:

- Калп! Ким айтат!— деп классты башына кийип, бакырып-бакырып ийди.

Аттокур мектеп менен айылды кошкон көпүрөдө турду. «Өтөрсүң, безери, катыгыңды бербесем элеби. Атамдан айланасыңбы, чыбыр бет». Зейнептин сепкил баскан жүзүнө итиркейи келет.

Кыздарды көпүрөгө чыгарбай тосо чыкты. Алар жайыла басып өтө берди. Аттокур өтчүсүн өткөрүп, Зейнепке маңдайлаш келди. Кулак түбүнө:

- Ким, ким!.. Мени далдалчылык кылып ким баккан. Дагы кайталачы, тилиңди сууруйм саргалдай азыткы. Сары чака чогултканыбызды качан көрдүң! — деп кыйкырды. Көз ирмебей чакчая караган Зейнепке колу көтөрүлбөдү. Сөздү кыз чымын чакканчалык көрбөдү. Шашпай туруп:

- Аны атаңдан барып сура. Намыскөй болуп калдыңбы? Базар-учарга чоппочоң туруп барып жүргөнүңдү баары эле көрүп жүрөт. Жолумдан чык, кыздар кетип калышты, - деди.

Нес болгон Аттокур көпүрө үстүндө селейди. Көөнүнө көк таштай тийген «далдалчынын уулу», «...атаңдан барып сура», «ширенкана» деген сөздөр дене боюна тикенектей сайылат. «Чын, атам элден ширенкана алат. Уялбайт. Эмне үчүн башкалар албайт. Ал аз келгенсип мени ширенканага баккам деп айтыштан да уялбайт. Атама баары бир. Далдалчы деген атка көнүп калган. Базарсыз тура албайт. Сунганды кайтарбайт. Менчи. Көрүнгөндүн баары шылдыңдайт. «Барбаңызчы, мал базарга. Балаңызды мыскылдап атышат» дейм. Уккусу келбесе «Мектепке өзүңүз барыңыз» деп кесе айтам».

Аттокур үйгө кантип жеткенин билбейт. Астана аттаганда атасы эчки пастекте маасысынын жамагы менен алышып отурган. Уулунун түнөргөн кабагы менен иши жок. «Мударис келдиңби?» деп эркелете көнгөн сөзүн айтты.

- Мени далдалчынын уулу дешет. Ширинкенеге баккан дешет. Уялып өлдүм. Мал базарга барбаңыз. Мазакташып атат. Ата, базарга экинчи барбаңызчы. Эмнебиз жетишпей атат... - Аттокур турган жеринде оозондоп коё берди. Чалдын ачык кабагы бейубак кабарга түнөрдү. Сууда жибиген кайышка шашпай шибеге саят. Баш көтөрбөй, дагы сөз күтөт. Өпкө-өпкөсүнө батпай солкулдаган уулуна корс бир тийди.

– Босогого отурбайт ээ, бырылдаган... Тур кийин. Жашабай жатып, баамыңар ошого жетип калдыбы... — Сагызга үлөгөн жипти илмек байлап учунан кайчы жедирди. Манжаларында майда калтырак пайда болду. Аттокур ый аралаш унчугат.

- Элдин балдарындай жүргүм келет. Сиз ар кимден ширинкене алганды коюңуз. Пенсия аласыз. Чөнтөгүңүз да куру эмес. Элге уят экен...

Чал жубалдызды жаза сайды. Бармак учунда мөлтүрөп кыпкызыл кан турду. Көңүл кыжаалатын билгизбей токтоо сүйлөдү.

_- Кой, эсиң менен бол, уулум. Көзүңдү жаштай бербе. Бир кем акыл айтса айтып койгондур да. Андан бир жериң кемип калдыбы. Ырас, атаң далдалчы. Эч кимге залалы жок. Сени ширинкенеге баккам деп тамаша кылам. Айтпасам, айтпай койдум да...

«Барбасам, барбай койдум да» — деди ички туйгусу да. Далдалчылык баланын шагын сындырат деп ойлогон эмес. Маасынын жамагын бүтпөй сыртка чыкты. Баланын ыйы көңүлүн эзип ийген. «Барбасам барбай койдум да...» Өзүнө-өзү убада кылды.

Өсөр чал базарга каттаганды кан буугандай токтотту. Жума намазында тааныштары учурайт. «Базарда көрүнбөй калдың да, Өсөр? Табың айнып жүрөбү?» - дешет. Жалган айтат беле. «Табым түзүк. Балдар чоңоюп калды.Намыз көрүп, далдалчылыкты жактырбай жүрүшөт. Анын үстүнө карып да калдык» — деп карс-карс күлөт...

Бүшүркөй караган карыялар Аттокурду көп токтотот.

- Кимдин уулусуң?

- Өсөрдүн, - дейт бала. Карыялар эстей албай кайра сурашат.

- Өсөр чалдын,— дейт кайра бала.

- Аа, Өсөр далдалчынын дебейсиңби бая эле,— деп жол улашат алар. Аттокурдун жүрөгү «зырп» деп алат...

А Өсөр чалдын түшүнө күн сайын мал базар кирет.

[1] Ширинкене – соода жүргүзгөндүгү үчүн берилүүчү акы.

[2] Измелик — төөнөгүч.

[3] Шалдаакы — сөзүнүн баш-аягын билбеген неме.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз