Абдиламит Матисаков: Таразачы

  • 07.12.2020
  • 3437

АҢГЕМЕ

Бирин-серин таразачы биздин шаарда да бар. “Жок болсо, калаанын бир жери кемип турмак” деп бирөө-жарым айта беле. Ошо болгонуна шүгүр дейли...

Көпчүлүк менен шаар кыдырып баратсаңыз эски парктын этегинде таразасына боюн теңеп какайган, бүркүт кабак, агала сакал кары жолуңузду торойт. Ошо кыргыйдай адам – мен сиздерге айтайын деген Туйду таразачынын өзү. Кылар ишин өзүңүз билесиз. Балдарга көз ымдайт, о чакырганы. А чоңдорду болсо ээрчий карап: “О таразага түшүп турганды унутпаңыз” дегенчелик, тамагын түзөйт. Көбү көрбөмүш болуп өтөт. А бала деген бала. Үймөлөктөшүп, таразадан бири түшсө, бири чыгат...

Өткөн-кеткендер менен кеп эрмектеп, насвай атып отурган таразачыга көпчүлүк көндү. Сакалы белине түшкөнчө шаарда күн өткөргөнү көпчүлүк элге кызык. Тил кычышат. Батынып сураганга кимдин оозу барат? “Көргөн-билгениң эле мен болуп калдымбы?..” десе осолуң он пул болуп, сураганыңдын артыгы чыгат. Бир жерге токтобойт. Токтосо да бир ай, жарым ай турат да, таразасын жүктөп, калаанын бөлөк тарабына көчөт.

Бул жолу таразачы көк сыр менен майланган күндөн далдалагычын автовокзалдын маңдайына, эл үзүлбөгөн аялдамага түшүрдү. Аялдаманын бир четин суу саткан аял ээлейт экен. Ошол күнү эле “чоңдорунун” бири аркасынан издеп келди, “Дейди аяк болуп кеттиңиз го, бу. Кийинки күндөрү изиңизди таппай калчу болдук. Парктын этеги жакпадыбы сизге? Тандап келип отурган жериңиз ушерби? Бир ооз кеңешип иш кылат адам деген... Өзү баштык дагы эби менен болсун...” дейт.

– О балам, о бери кара! – деди аны сүйлөп бүтсүн деп күтүп турган Туйду. – Дейдилик кылдыңыз дедиң, башың ооган жакка басып кеттиң дедиң. Ушунча болду, пландагы пулду төкпөй калган күнүм болдубу, айтчы. Бу бир деп тур. А жер тандашты, каякка отуруп, каякка коюшту али мага эч ким үйрөтө элек, эки деп тур...

Туйду илгертен эле чоттоп жүргөн бул жерге келишти. Шаарга түшкөн элеттиктерге жолукканга, көкүрөгүн кытыгылаган нерселер туурасында божурашып, чер жазганга кумар эле. “Жаш өйдөлөгөн сайын кеп-сөз дагы курак тандап калат экен. Анын үстүнө, айылда жашап бир сапар таразага түшүп, канча кил чыгарын чемеге албаган кургур жок дейсиңби. Эл болгондон кийин чыгат экен. Калаага келип, салмагын кошо билип кетсе, жаман иш кылабы?..” деген ою нечактан бери эле автовокзалга сүйрөп жүргөн.

Суу саткан аялдын аты Калбү экен. Келген күнү колунан суу ичти. Кашына осмо коюп, үлпүлдөк жоолугун төбөсүнөн түшүрбөй жүргөнгө кыйла жаш көрүнөт. Экинчи күнү эле Туйдуну суу ич деп өзү чакырды. Таразанын туура темирине эрикпей сары чакаларды тизип отурган Туйду жок дейби. Басып келип, төрт-беш кишиден кийин кезекке турду. Калбү жаңы куйган сууну көпчүлүктөн ашырып, коңшусуна узатты.

– Ичип, таразаңа жөнө! – деди баласын баштаган энеге окшоп. Туйдуну кудайдын бир момуну деди окшойт. Анча-мынчага ынап болуптур ал.

– Кезегим менен ичем, күйүп аткан ишим жок. Менден беш бетер чаңкагандар турат алдымда, ошолор ичсин. Сууң түгөнбөйт, – деди шаар тартибине бышкан кары. Туйдунун кезеги жеткенде оозун бирөө тырмагансып, Калбү кеп жаңыртты.

– Тыйыныңды тек кой, коңшу. Бир стакан сууну бекер эле ичип жүр, – деп таразачы сунган тыйынды алган жок.

– Сага берген жокмун, өкмөткө берип атам! – деп кыйкырса болобу таразачы көпчүлүктүн көзүнчө. Сууну ичип кетип калды. Суу саткан аял кайсар мүнөзбү, кызарыштын ордуна, карынын аркасынан тим калбай:

– Тынч отурганымда чекеме чыйкан кылып, бу такмазаны кайсы шамал айдап келди! – деп жиберди.

– О чыйкан деген башка болот! – Таразачы суу саткан коңшусуна карап күлдү. – Кайра сага эрмек болом. Саартан-кечке үзүлүп түшүп, миң адамга суу сунасың. Оозуңа суу толтуруп алгансып, бирине да ымалалуу кебиң жок. Канча адамдын сообун алып атасың, өзүң билесиңби ошону? – Туйдунун сөзү беркинин катый түшкөн көңүлүн жибитти окшойт, чоргонун алдына кыстарган сынык күзгүгө каранып, жоолугун оңдой, кезектеги адамга суу сунду. Маал-маал аялдамадагы элдин арасы суюла түшкөндө Калбү таразага чыккан адамга чагыраак ташын издеп, күйпөлөңдөгөн коңшусун көрүп калат...

Күн ысыганда Калбүнүн ишин көрүп ал, Туйдунун иши эми жолдо калат. Анын таразасына бир жан баспай, кулагын күнгө жедирип мукурап отурса Калбүнүн суусуна кезек узаргандан узарат. Шыпылдап элге суу куйган коңшусун тиктеп, ичинен аяп кетет. Бир оюнда туруп-барып, жок дегенде стакандарын иреттеп турсамбы деп да коёт. Бир жактан чак түштө кол куушуруп, бекерчи болуп отурган өзүнө жини келет. “Эл деген кызык, таразага бирөөсү түшсө болду, аны көрүп бөлөгү келет, дагы бири, анан келе беришет... А баштап бергени болбосо, жакын жолошпойт, эл кызык эле...”

Айласы түгөнгөндө өйдө-ылдый баскандарды кепке чакырып жолунан кайрыйт. Салмагын так билсин дегениби, таразанын пешинен түшүрбөй, жагабы-жакпайбы: “Калың кийинип чыгыпсың. Кийим-кечеңизди кошпогондо, баланча килди нак бастыңыз” деп отурат. Бирөө макул көрөт, бирөө нааразы. Таразасына шек келтиргендер да табылат. Таразада эмне айып? Өткөн жылкы салмагына жетпей калса, күнөө Туйдуда бекен? Мына, салмагы көңүлүнө бап келген жигит кол күчүн өлчөөчү аспапты сурады. Булчуңунда күч чымырап, белинде кубат ташып турбайбы...

Тараза акысы деп бири майда сунат, бири ашык сунат. Ак-карага башынан сак кары акыга келгенде да ашык-кемине так. Кайтарымга кол шилтегендер болсо этектеп, ашык тыйынын колуна карматат. “Сенин майдаң мени байытып ийбейт, ашына, тапкан-ташыганың өзүңө буйрусун” дейт көп жашаган шаардык.

Шаардык десе, Туйдуга жарашат эле. Калаа мекендеп, таразачы атыкканына туура он сегиз жылга кетиптир. Жалгыз уулун ушул шаардан окутту. Онусу окуп жүрүп үйлөндү. Небере көргөндө Туйду түштүктө, өз айылында ат багат эле. Пенсияга чыкканда уулу кайта-кайта барып жүрүп, акыры ынатып, шаарга көчүрүп баса берген. Үйдү саттырган эмес Туйду. Пенсиясынан кырктырып налогун маалынан кечиктирбей почта аркылуу салып турат. Үч-төрт айда бир жолу уулун ээрчип, анан чолосу тийбегенде өзү эртелеп билет алдыртып, тууган-уругу менен учурашканча ээн калган үйүн, алма багын көргөнү келип кетет. Алмасынын күнүн коңшусу көрөт. Түшүмүн калтырбай терип алып, пастан келген алма пуруштарга күүжүм өткөрүп жиберет. Жайы-кышы үй-жайына көз болуп отурса, анан “тийбе” деп айтканга оозу барабы. Күзүндө барып калса, “неберелериңе ала бар” деп торбого өзүнүн алмасынан салып берет. Ошондо бут алдынан жер көчүп, бирөөнүкүн алгансып, карынын күйбөгөн жери күл болот!

Мезгил дегениң жүрө-жүрө  түпкүрдө жүргөн сагынычты утуру козгоп, кусалык сезим билинбей толкуп, дагы бир күнү кырынан аша чайпалып чыгат. Жаныңды тынч койдурбай талпынткан, көздөн учкан тууган жердин касиеттүү кумары ай!.. Туйдуну ошондо калаада кармап калар күч табылбайт! Уул-келини да мындайда чыртылдап калган чалды көпөлөктөй айланып, ички туйгусун көрүп-билип турат. Оозунан сөзү чыга электе “ата, кайсы күнгө билет алып коёюн?” дейт уулу. “Неберелериңиз оңкулдайт ко. Көп кармалбай тарта бериңиз” деп сыр билги келини бир жактан.

Көрөсүң... ал кайсы бир жылы, кайсы бир жолу алма багы гүлдөгөн маалда айылына жөнөп кетет да, ошол бойдон киндик кан тамган жеринде калып калат... Мүмкүн, “неберем мектебин бүтсүн” деп ошону күтүп жүргөндүр, ким билет...

Күн кечтесе да, кардар көп. Кетиришпейт. Таразачы тик турат. Буту какшап, уюп чыкты. Аялдамада эл көп. Басарга жол тийбейт. Автобус күткөндөргө тараза эрмек. Туйдуну эми көргөнсүп, таразаны солкулдатып, биринин аркасынан бири чыгат. “Бу жерде саартан бери турам. Иш күнүм түгөндү, кайтайын. Менин да үйүм бар. Автобус тосом, кана таразаны бошоткула!” дейт беле Туйду. Кайра “каалашынча түшүшсүн” деп шашпайт.

– Быйыл курорт дегениңди кой, бу салмагың менен эки-үч ай оозуңа наар албай койсоң болот, – деп моюну узун, чырайлуу аял таразага чыккан күйөөсүн какшыктайт.

– Саган сынтактырып эле койсо... – деп толук эркек таразага чыкканына өкүнгөндөй басып кетти. Сумкесинен капчык сууруп, сулуу аял күйөөсү үчүн акы төлөдү.

– Таразаңды көргүм жок, толуп кеттим. Былтыркы эле алгандарым чекесинен батпай калды, – деди чоң сумкасын көтөрүп, күшүлдөп өтүп бараткан кара каш адам. Угуп, ичинен күлүп турат таразачы. Мындай сөздүн канчасын эшитти...

Аялдаманын четинде таякчан бир адам турган. Такси токтосо, ал басып баргычаңды бирөөлөр озунуп, отуруп алышат. Таякчан куру калат. Ана, дагы бир такси токтоду. Таякчан киши жеткичеңди башкалар таксинин эшигин ачып, адресин атай койду. Таякчандын дагы жолу болбоду. Туйду таразасына алаксыган менен көз кыры ошол тарапта эле. Мукураган неме көп элден бөлүнүп жалгыз. Келаткан таксинин доошун элден мурдан билип алайын деген сындуу башын саал кыйшайтып турат. Жаңы токтогон таксиге умтулду. Шашкан неме ынтылган бойдон, “дагы бирөө ээлеп кетпесин” дедиби, түз барып, машинанын капотуна чабылды. Таягы өйдө серпилип, аз жерден айнекти пачактап коё жаздады. Чочуган неме айдоочудан тил угам деп кетенчиктеп, коркуп кетти. Туйду ошондо барып анын көзү азиз экенин биле коюп, таразасын кардарларына таштап, таякчанга шашты. Таксиден үмүтүн үзгөн неме каракомок аялдамадан бөлүнүп, тротуар менен өйдө салган. Туйду аны кууп жетип, алдын тороду.

– Каякка бармак элең, уулум?! Жүр, таксиге өзүм сүйлөшүп, салып ийем, – деп аны колтуктан алды. Көз айнекчен жигит унчукпай таразачыны айланып, жолун улагысы бар. Туйду улуу башын кичик кылып:

– Кечирип кой, балам, кеч аңдап калдым! Өзүм аксакал адаммын, ушу жердин таразачысымын. Бирөөгө грамм бир жамандыгым жок. Такси тийбей атканын көргөм, башкага алаксып, түзүк... Жүрө бер, мени менен, машина токтотуп, өзүм салып жүгөрөм! - дегенде көзү азиз жигит таягын колтугуна кыса коюп, карынын колун кош колдоп кысты.

– Ыракмат аба, такси токтотсоңуз өзүм эле сүйлөшүп алам. Өзүм дагы эл иштен чыкканда чыгып, тыгын маалга туш келипмин. – Жигит эми таразачыны колтуктап, жетелеген жагына жүрдү.

– Боло берет, балам. Шаар деп коёт бу жерди. Баарыбыз тең тирлик деп жүгүрүп жүрсөк, сен үйгө камалып, отурат белең...

Туйду такси токтотуп, жигитти көздөгөн жагына салып жиберип келсе, таразасынын тегереги ээн калыптыр. Майда таштары түгөл чыкты. Бир гана кол күчүн өлчөөчү аспаптын жибин үзүп, бир колу туткак өзү менен алып кетиптир.

Ал таразасын көк сыр менен майланган кепесине киргизип, каалгасын чынжыры менен ороп, кулпусун илди да, өзү аялдамадагы бир көбөйүп, бир азайып жаткан көпчүлүккө аралашып кетти...

... Бирин-серин таразачы биздин шаарда да бар. “Жок болсо, калаанын турмушу бир жеринен кемип турмак” деп бирөө-жарым айта беле. Ошо болгонуна шүгүр дейли...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз